Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ЭШЕКТИН ЭТИН ЖЕГЕНГЕ ПАЙГАМБАР ТЫЮУ САЛГАН»

№644 6-март-12-март, 2015-ж

ЭШЕК ЭТИ МУСУЛМАНДАРДА НЕГЕ ЖЕЛБЕЙТ?
Чубак Жалилов, диний аалым:
– Эшектин этинин желбей турганы боюнча хадистерде айтылат. Мусулмандар Мединанын түндүгүндөгү Хайбар (азыр Сауд Арабиясындагы оазис) кыштагындагы жөөттөр (иудейлер) менен согушууда (628-жыл) ачка калат. Ал күн жана түн хадисте Хайбар күнү, Хайбар түнү деп айтылат. Ачка калган мусулмандар эшектерди союшат. Эт кайнаган учурда пайгамбардын жарчысы келип: «Казандарды көмкөрүп төккүлө. Анткени пайгамбар эшек этин жегенге тыюу салып, жылкы этин жегенге уруксат берди» дейт. Мусулмандарда эшек этин жебөө ошондон калган.
Качан гана мусулмандар чөлдө, тоо-ташта тамак-ашсыз калып, эшектин этин жеп жан сактоо зарылчылыгы жаралса гана жегенге болот. Бирок эшектин эти адамдын денесинен 40 күндө араӊ чыгып тазаланат. Эшек этин билбей жеп алуу кечиримдүү.

ӨӉҮ КАРАЛЖЫН, ТАРАМЫШТУУ, КАҢЫРСЫГАН ЖЫТЫ БАР
Мусулмандар эшек этин жебегени менен аны кытайлар, корейлер, комилер (Орусиядагы Коми Республикасынын жашоочулары) жана Африка менен Американын айрым жерлериндеги түпкү элдер, ошондой эле Бельгия, Францияда тамак-ашка колдонору тууралуу маалыматтар бар.
Маалыматтарда эшектин эти тарамыштуу келип, каралжын өӊдө жана каңырсыган жытка ээ. Бирок холестерин көп. Катуураак бышырып койгондо резинкадай катуу болуп калат. Кытай, корейлер каңырсыган жытын кетирүү үчүн көбүнчө уксус, шарап, татымалдарды кошуп маринаддашат. Сууга бышырарда бир нече ирет чайкап туруп, 3-3,5 саат жай отто лавр жалбырагын же башка татымалдарды салып бышырышат. Ошондо эти жумшак жана таттуу болуп чыга келет. Эшек оору түрлөрү менен көп оорубагандыктан, ага антибиотик сайылбайт. Эти ошон үчүн да бааланат. Испанияда иши адал, өзү арам бул жандыктын этинен чоризо, ал эми италиянын Верона аймагында салями колбасасын даярдашат. Веронада эти сатылчу базарлар да бар деп жазылат.
Эшектин сүтүн дарылыкка (өзгөчө көк жөтөлгө) Орто Азияда да колдонору илгертен маалым. Эти желбейт делген мусулман өлкөлөрдө да, мисалы, Азербайжанда, Өзбекстанда этин сатып кармалгандар болгон.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(22)
09.03.2015. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
рекламабы кантип жесе жакшы болот дегени.Чубак ажы айтканы жетишет болчу.
09.03.2015. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эшектин этин сатышы сатып ,эми бышырганды да жазып коюшуптур да .
09.03.2015. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бышырып жей башташат эми ужас
09.03.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Желбейт дегенден кийин болду да.Кантип даамдуу бышырыштын рецебинин не кереги бар эле.Фуу да иши кылса.
09.03.2015. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жегендей эле жазыпсынарго чиркин десе.
09.03.2015. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
)))))
09.03.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бляяк эт жеген сайын элестетип олдумго
09.03.2015. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калбасада колдоно албай калат окшойбуз эми,кайсы калбасага колдонорунда жазып койуптургоо, эт жегим да келбей калды.))
09.03.2015. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
)))))
09.03.2015. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Пайгамбарды айтпаганда деле, исламды айтпаганда деле кыргыздын өзүнүн тарыхына, жашоо образына, каада-салтына, нарк-насилине кайрылып көрсөңөр түшүнмөксүңөр да, мунун жообу айдан ачык көрүнүп турат. Кыргыз ачкадан өлүп баратканда да эшек этин жеген эмес, жебейт дагы!Бул боюнча дин аалымдарына, ж.б. кайрылуунун зарылчылыгы жок, антпесе деле кыргызга түшүнүктүү бул нерсе, кыргыз жебейт, жеген да эмес, жебеш да керек!
09.03.2015. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул супер инфонун рекламасы жакты
10.03.2015. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшек эти качан унтулат? Журокту айлантып тамак иче албай калдык. Жумуштан жалан ушул себептен обедде бир булочка и кофе ичмей.
10.03.2015. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башка эшек жеген олкодо кандай жасалаарын айтышыптыр. Ага анча эмне дурболон салдынар. Эти кандай болоорун айтканы базардан этти айырмалап ал дегени.
Санжырада айтылат эшек сууга сийип ийип кудайдын каарына калган деп
10.03.2015. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эшек сойуп саткандарга акыл эс ыйман ынсап берсин.жазаланышсын мыйзам чегинде...Эшектин этинен тамак кылып коюш опоной экенин далилдеп жазыптыр.рахмат...
10.03.2015. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эшектин этин ХХХ гана сатат
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-10 16:01:21
10.03.2015. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nursultan.m.n, мазактоодон алыс болуңуз.
11.03.2015. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эшектин эти сыяктуу эле чочконун да эти арам. чочконун этинен неге жийиркенбейбиз.
12.03.2015. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эшек ууржап кытайга сатып 110$ таап атышат бул чала була адал болсо керек?
12.03.2015. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундун темасына айландыго , тамакка олтурганда жанылыктар башталат чу дегенде эле эшектен башташат .Тамагым тушуп тамак да иче албай калдым
12.03.2015. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен деле каршымын. Бирок эмне себептен ушундай тушунук коомчулукта калыптанып калганы кызыктырат. Сырттан караганда башка жандыктардан эмне айырмасы бар? Ошолор жеген чоп отту ал деле жейт. Ушундай тушунуктун калыптаныш тарыхын да изилдесенер жакшы болмок Супер инфо
16.03.2015. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшектердин устунон караган атка минерлер, тигилердин ооздорун эшектерден тушкон каражат м-н жапканго? Дайын оту м-н, тынчып кетишти!!!.
01.05.2015. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо жараткан, тантыратпай акыл бере кор,заарлантпай ыйман бере кор,каапырлантпай таза дил бере кор жана кайрымдуулук бере кор элиме дейт элем.Башка соз жок.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо