МЫРЗАЛАРДАН АЙЫМДАРГА МАЙРАМДЫК ДААМ

№644 6-март-12-март, 2015-ж

Назиктикти, аруулукту, сулуулукту даӊазалаган жаз мезгили менен кошо 8-Март – Аялдардын эл аралык майрамы да кирип келди. "Аял-эне, аял-жар, аял-жашоо" деген сөздөргө татыктуу аялзатынын майрамы менен куттуктап, ырчылар Замир Арыкбаев жана Эрнест Бөрүбаевден майрамдык даамдардын рецепттери назарыӊыздарда.

Замир Арыкбаевден «АК ОРДО» салаты

Керектүү азыктар (1 порция үчүн):
Уйдун тили
– 100 грамм
Картошка – 100 грамм
Жумуртка – 1 даана
Сыр (голландия сорту) – 50 грамм
Помидор – 1 даана (кичинекей)
Болгар калемпири – 1 кесим
Зайтун мөмөсү – 4 даана
Сарымсак – 1 тишче
Майонез – 1 аш кашык
Соя соусу – 1,5 чай кашык
Петрушка – 3-4 тал
Салат жалбырагы – 3-4 даана
Туз татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

  1. Уйдун тилин, картошканы, жумуртканы сууга бышырып алабыз.
  2. Бышкан тилди таякча түрүндө узун-узун туурап, ага 1 тиш сарымсактын жарымын майда туурап кошобуз. Үстүнө соя соусун, туз кошуп, баарын аралаштырып, даамдары бири-бирине сиӊиши үчүн бетин жаап коёбуз.
  3. Эми сууга бышкан картошканы да таякча түрүндө туурап, майонезди кошуп аралаштырып, өзүнчө идишке салабыз.
  4. Помидорду жана бышкан жумуртканы узатасынан 4кө бөлүп кесебиз.
  5. Сырды сүргүчтөн өткөзүп, өзүнчө идишке сала туруӊуз.
  6. Эми тарелкага салып, үстүн кооздоого кезек келди.

Тарелкага салат жалбырактарын төшөп, бетине тууралган тилди тегиз кылып салабыз. Үстүнө картошканы тегиздеп жайгаштырып, андан кийин сүргүчтөн өткөзүлгөн сырды себелейбиз. Ичке таякчаларга алгач зайтун мөмөлөрүн, андан соӊ кесилген жумурткаларды сайып, салаттын 4 бурчуна жайгаштырабыз. Тилимдерге бөлүнгөн помидорлор идиштин бурчтарынан орун алат. Салаттын ортосуна болгар калемпирин коюп, петрушка менен кооздоп коёбуз. Салат даяр!

«ЭТ ТАНДОО КЫЙЫН ЭМЕС»
Замир Арыкбаевди салат даярдатып эле жөн койбой, маекке да тарттык:
– Замир, салатты шыпылдап, бат эле даярдап койгонуӊузга караганда үйдө да тамак-аш жасай коёт окшойсуз?
– Кээде келинчегиме кол-кабыш кыла коюп жүрүп үйрөнөт экенсиӊ. Мисалы, үйгө чакырылгандардан көп адам келип калса же айттырбай конок келсе, албетте, жардамдашасыӊ да.
– Кандай тамак түрлөрүн билесиз?
– Чынын айтсам, мага тамактан мурун салат даярдоо оӊой. Анткени бышып даяр тургандарды туурап, аралаштырып, кооздоп коюш анчалык кыйын эмес. Кой союлганда «Жүрөк менен бадыраӊ» салатын жасай салуу опоӊой. Жүрөктү бышырып, ага бадыраӊ, пияз, жумуртка, майонезди аралаштырып, үстүн ашкөк менен кооздоп саласыӊ. Даамдуу да болот. Негизи эт кошулган салаттар тоюмдуу келет.
– Эт жөнүндө сөз болуп калды. Аны тандаган жактан мыктысызбы?
– Эт тандоо негизи кыйын деле эмес. Жаӊы эт алуу үчүн базарга баруу кажет. Анткени дүкөндөгүлөргө көпкө сакталсын үчүн химиялык каражаттарды кошот деп уккам. Жаӊы союлган эттен кызыл түстөгү маӊыз чыгып турат. Манжа менен басып көргөндө пайда болгон чуӊкурча бат эле түзөлөт. Ал эми бузулуп бара жаткан эттен жагымсыз жыт чыгып, өӊү кочкул кызыл болуп калары көпчүлүккө маалым. Карыган малдын этинин майы саргыч тартып турат. Эти кеч бышат, катуу да болот.

Эрнест Бөрүбаевден «БӨЙРӨКТӨН ШЫЙРАК» тамагы

Керектүү азыктар:
Уйдун же койдун эти
– 1 килограмм
Пияз – 2 даана
Нан – 2 даана
Өсүмдүк майы – 200 грамм
Ашкөк – 1 боо
Ысык суу – 150 грамм
Туз татымына жараша

Даярдоо ыкмасы:

  1. Этти, пиязды төрт чарчы кылып туурайбыз (жаӊы союлган уй же койдун боор, бөйрөк, жүрөк эттерин да кошсо болот). Нандарды көлөмүнө карап 4 же 6 бөлүккө бөлүп алабыз.
  2. Казанга майды куюп, кызыгандан соӊ эт менен пиязды салып кууруйбуз. 8-10 мүнөт кууругандан кийин татымына жараша туз салып аралаштырабыз. Казандын капкагын жаап, 10 мүнөттөй дымдап коёбуз. Бирок түбүнө тартып кетпеши үчүн капкагын ачып, улам аралаштырып туруу керек.
  3. Пияз менен эттин суусу чыкканда үстүнө 100-150 граммдай ысык суу куюп, дагы 3 мүнөттөй дымдайбыз.
  4. Андан соӊ кесилген нандарды бышайын деп калган эт менен пияздын кошулмасынын үстүнө катар тизип чыгабыз.
  5. Нан эттин даамдуу ширесин өзүнө сиӊирип алышы үчүн казандын капкагын жаап, жай отто 10-15 мүнөткө демдеп коёбуз.
  6. Даяр болгон соӊ казандагы нандын кесимдерин алып чыгып, чоӊ тарелкага тизебиз. Этти нандын үстүнө салып, шакекче тууралган пиязды коюп чыгабыз. Майда тууралган ашкөктү сээп койсоӊуз, жыты буркурап табитиӊизди ачып жиберет.

«Бөйрөктөн шыйрак» даяр болду. Тамагыӊыздар таттуу болсун!

"ГАСТРОЛДОП КАЙДА БАРБАЙЛЫ АЛ ЖЕРДИН АШКАНАСЫН ӨТКӨРҮП АЛАБЫЗ"
– Эрнест мырза, 8-Март айымдардын майрамында кимдерди куттуктайын деп жатасыз?
– Бул күнү апалардын, эже-карындаштардын, жеӊелердин маанайы мыкты деӊгээлде болуусу үчүн биз, мырзалар, болгон күчүбүздү жумшайт эмеспизби. Мен да бул күндү апамды,
карындашымды даамдуу тамагым менен кубантайын деп, «Бөйрөктөн шыйрак» тамагын даярдап жатам.
– Эмне үчүн «Бөйрөктөн шыйрак» деп атап койдуӊуз?
– Куудулдардын жүргөн жери күлкү эмеспи. Биз гастролго чыкканда кайсы жерге барбайлы ошол жердин ашканасын өзүбүз ээлеп алабыз. Бирөөсү тамак жасайт, башкасы идиш жууйт. Түштүк жергесинде концерт коюп жүрүп жаӊы союлган койдун боор, бөйрөк, жүрөгүнөн тамак жасап, аны «Бөйрөктөн шыйрак» деп атап койгонбуз. 2-3 жылдан кийин барсак биздин тамагыбыз алардын менюсунан өз ордун таап калыптыр.
– Эркектин казан-аякка аралашпай эле койгону жакшы дешет...
– Чындыгында эркектер аялдарга караганда даамдуу жасайбыз. Бирок биз тамак жасасак аялдар «сен аябай даамдуу жасайсыӊ» деп ашкананы бизге өткөрүп салышат. Ошондуктан майрам күндөрү гана тамак жасаганга аракет кылабыз.

Канымжан Усупбекова,
Турсунай Алымкулова
kenesh@super.kg


Атактуулардан айымдарга майрамдык тамак

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(12)
Медиа-портал
07.03.2015. 07:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эрнест байке жааган бойроктон шыйрак аябай жакты ммммммм)))
Медиа-портал
07.03.2015. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрнест Бөрүбаев аябай тыкан иштептир го. Тамагы аябай сонун экен. Оңой жана да даамдуу болуш керек. Ильяздын салаты да укмуш.
Медиа-портал
07.03.2015. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрнис таза,тыкан кыймылдаптыр.
Медиа-портал
07.03.2015. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ильяздын да фруктовый салаты апититный корунот.
SUPER.KG видео
08.03.2015. 05:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бойроктон шыйрак сонун экен,мен да жасап кором эртен.
Медиа-портал
08.03.2015. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрнест байке тамагыныз сонун экен шелекейим куйуулуп кетти, кайсыл жерден сатып алса болот мындай тамакты?
Медиа-портал
08.03.2015. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эрнист ака жаш корунгонунуздун сыры эмнеде ошого да токтоло кетсениз
SUPER.KG видео
09.03.2015. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эрнест брат тамагыныз жакты
09.03.2015. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы кафе экен, тимеле таптаза го, казандарынан бери! Мен Эрнесттин тамагын жасадым, аябай даамдуу болот экен. Наныңда өзгөчө даамдуу болуп калат экен!
14.03.2015. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ракмат !
15.03.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайсы кафе???
15.03.2015. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эрнист брат тамагын аябай тату экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо