Кумар Асанов: «ОӉОЙ МЕНЕН КЫЗ ЖАКТЫРБАЙ КАЛДЫМ»

№644 6-март-12-март, 2015-ж

Кезинде бул жигиттин «Кыргызстан ыйык мекен, Кыргызстан койнуӊ кенен» деген саптары бар «Кыргызстан» деген ыры пикет-митингдерди көркүнө чыгарып келген. Кеп ырчы жигит Кумар Асанов тууралуу болуп жатканын баамдаган чыгарсыз. Чыгармачылыктан оолактап, сахнадан карааны көрүнбөй калган ырчы жигит учурда чет өлкөдө жүргөнүнө байланыштуу ага скайп аркылуу байланышып, кайда, эмне менен алектенип жүрөсүӊ деген суроолорду узаттык.

Толук аты-жөнү – Асанов Кумар Акимжанович
Туулган жылы – 15-декабрь, 1988-жыл
Туулган жери – Жалал-Абад облусу, Ноокен району, Сакалды айылы
Бою – 184 см
Салмагы – 76 кг
Тамшана жеген тамагы – Кытай ашканасынын даамдары
Хоббиси – Сууда сүзүү
Билими – Мураталы Күрөӊкеев атындагы музыкалык окуу жайынын бүтүрүүчүсү

– Кумар, салам! Акыркы жылдары такыр эле дайыныӊ билинбей кетти. Эмне кылып жүрөсүӊ?
– Саламатсыздарбы? Кыргызстан тынчпы? Мекенимди аябай сагындым. Ооба, чыгармачылыктан бир аз оолактап, тыныгуу жасадым. Жан дүйнө күрөшү жүрүп, жасаган иштеримди анализдеп, өзүмдү башка тармакта сынап көргүм келди. Тагыраагы, мен чыгармачылык кризиске кабылдым окшойм. Биз искусство адамдары сезимтал келип, баарын жүрөк аркылуу кабыл алат эмеспизби, андыктан жан дүйнө кризиси көп эле чыгармачыл адамдарда кезиксе керек.
– Башка тармакта өзүӊдү кантип сынадыӊ?
– Миллиондогон кыргыздар сыяктуу эле Орусияга иштегени келгем. Жашоо-турмуш кандай экенин жон терим менен сезгим келди. Бул жакка келип иштегенде гана Кыргызстанда жашоо жыргал экенин түшүндүм. «Москва көз жашка ишенбейт» деген сөз туура айтылган экен. Башында кыйналдым, мекендештерим эмгектенген жумуштардын баарында иштеп чыктым. Карызга акча сурап, ачка-ток калган күндөр болду. «Резина батир» дегенди угуп калган чыгарсыз? Бир бөлмөдө 10-15тен адам жашаган батирде көчүп-конуп жашадым. Булардын баары мага турмуштук сабак болду. Азыр баары жакшы, бутума туруп иштеп жатам.
– Ошондо чыгармачылыкты таштадыӊбы?
– Жок, чыгармачылыкты таштаган жокмун. Бул нерсе оюмда да жок. Жөн гана изденип жүрдүм. Азыркы иштеп жүргөн жумушум да чыгармачылыкка байланыштуу. Түнкү клубда ди-джей болуп иштейм. Музыкант тааныш досторум бар, чогуу караокеде ырдайбыз. Эгер мүмкүнчүлүгүм болсо бул жактан чыгармачылыгымды улантканга аракет кылам. Негизи чыгармачылык жол оӊой эмес. Айрыкча акыркы жылдары көп кыйналдым. Тааныш-билишиӊ жок болсо сахнага чыгуу, радиолорго ырларды берүү кыйын экен. Ошондой моралдык кысымда ырчылыкты жыйыштырсамбы деп ойлогом. Бирок таштагым келбеди. Жакында эле бул жакта иштөөгө уруксат кагазын алуу үчүн чуркап жүргөм. Анда башка өлкөнүн чек арасына чыгып, кайра Орусиянын аймагына киришим керек болчу. Эки метро менен чек арага чейин барып, кайра кайтканда кеч кирип кетти. Эмне кылам деп турсам, мекендештерим мени таанып, шаарга чейин жеткирип коюшту. Анан да мени менен батирде чогуу турган байке ырларымды угат экен. Ичимден өзүмчө «жакшы эле ырдайт окшойм» деп сүйүнүп койдум. Негизи мен өзүмө сынды абдан катуу коём. Ошон үчүн да сахнага кайткым келбей жүрдү окшойт. Элдин мени көчөдөн таануусу, «ырларыӊды жакшы көрөбүз» деген сөздөрү мага чоӊ стимул болгондуктан ырчылыкты таштабайм.
– Сени биз «Кыргызстан» деген ырыӊ аркылуу жакшы тааныйбыз. Кийин ушул сыяктуу хит чыгарманы репертуарыӊдан негедир уга албадык?
– Ооба, бул ыр менин визиттик карточкам десем жаӊылышпайм. Чыгармачылыктын чыйыр жолуна ушул чыгарма менен аттанып, элге таанылдым. Азыр деле таанып калгандар «ушул ырды аткарган сенби?» деп кайырмасын ырдап сурап калышат. Буюрса, алдыдагы репертуарым хит ырлар менен толукталарына ишенем. Мындан башка деле «Мекен жер», «Зар жүрөк», «Аксаамай» деген бир топ эле ырларым бар. Ушул ырларга клип тартпаганыма өкүнөм.
– Учурда Москвада үй-бүлөӊ менен турасыӊбы же жалгызбы?
– Жок, Москвада иним Руфат экөөбүз жашайбыз. Апам милициянын подполковниги, учурда пенсияда. Эӊ кичүү иним экөө Кыргызстанда турушат. Биз болсо апамдын кем-каржысына жардам берип, колдоо көрсөтүп жатабыз. Өзүм 2 жылдан бери мекениме бара элек болчумун. Жакында эле апам 2 айга Москвага келип, жашообузду көрүп, көӊүлү тынып кетти. Апамды шаар кыдыртып, кызыктуу жерлерди көрсөттүк.
– Сендеги музыкага болгон кызыгуу качан пайда болгон?
– Апамдын айтымында, мен 2 жашымда, бала бакчада тарбияланып жүргөндө эле бийлеп, ырдачу экенмин. Анан апамдын дос-тааныштары «аскер кызматкеринин баласы кантип ырчы болсун?» деп таӊ калышыптыр. Ырчылык өнөр мага атам тараптан өтсө керек. Ыраматылык атам комуздан башка аккордеондо, гитарада, саксофондо, айтор, бүт аспапта ойночу экен. Атам кичине кезимде эле каза болуп калыптыр. Чоӊ энем да жакшы ырдаарын угуп калгам. Мектепте окуп жүргөндө бий ийримдерине, музыкалык кароо-сынактарга катышчумун. Мен кичинекей кезде артисттерди анча баалашчу эмес. Ошондой тар түшүнүктөн улам апам атама турмушка чыкканда «артистке турмушка чыкты» деп көпкө чейин сөз кылышкан экен.
– Кеп нугун жеке жашооӊо бурсак. Бизге берген маектериӊде «отуз жашка чыкканча үйлөнөм» деген экенсиӊ. Апаӊды качан келиндүү кыласыӊ?
– Жеке фронтто абал тынч, сүйлөшкөн кызым жок. Азыр өзүмдү толугу менен жумушка багыттап алгангабы, кыз жандаганга убакыт жок. Бирок апамдын колун узартып ыймандуу келиндүү кылсамбы деген максаттарым бар. Отузга чыга элекмин го, дагы 3-4 жыл бар да, табылып калар (күлүп).
– Кандай кыздар жагат?
– 27ге чыгып оӊой менен кыз жактырбай калган кезим. Кыздарга аӊчылык кылып, бирөөнүн артынан чуркап жүрсөм бул суроого жакшыраак жооп бермекмин. Азыр айта албайм.
– Адамдын тагдырын анын мүнөзү чечет дешет, катуу жиниӊ келгенде эмне кыласыӊ?
– Мындан 5-6 жыл мурун жиним келсе уктап алчумун. Бара-бара уйку деле соорото албай калат экен. Негизи жини бат келгендердин катарына кошулбайм, бирок чегинен ашып бараткандарга өзүнө жараша жооп бергенди үйрөнүп калдым. Менин жан-дүйнөм назик, аябай ишенчээкмин, орой адамдардан коркчумун, бара-бара бул нерсеге да көнүп калдым. Эгер адамдын тагдырын мүнөзү чечсе, анда менин тагдырым жумшак эле болот экен.
– Кичинекей кезиӊде «Кусалык» деген ырыӊдын клибинде Айпери Кубик кызы экөөӊөр чогуу тартылган экенсиӊер...
– Ооба, клип мен 9-классты аяктаган кезде тартылган. Айперинин апасы Динара эже мен төрөлгөн Сакалды айылынан болот. Кичинесинде Айпери таенесиникине көп келчү, ошондо биз 5-6 жаштарда болсок керек эле. Айылда чогуу ойноп, чогуу басып жакшы тааныш болчубуз. Клипке да ошол тааныштыгыбыздан улам тартылып калганбыз.
– Сахналаш кесиптештериӊ менен байланышып турасыӊбы?
– Өзүм түнкүсүн иштеп, күндүзү уктайм. Алар менен байланышканга убакыт жок. Мураталы Күрөӊкеев атындагы окуу жайда «Чоро» тобундагы Нурболот Теӊизбек, «Non-Stop» тобундагы Максат Садырбеков, Бек Исраиловдор менен чогуу окугам. Алар менен достук мамилем жакшы.
– Маегиӊе рахмат. Чыгармачылык ийгилик!

Бир кездеги узун бойлуу, арыкчырай Кумар учурда бир аз толуп, келишимдүү мырзага айланганын сүрөтүнөн байкасак болот.

"Өз атым Руслан, Кумар сахнадагы ысымым. Ошондуктан көпчүлүк досторум мени Руслан деп чакырышат"

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(30)
09.03.2015. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин мектепте окуучу эле!!Бирок жакшы ырлары чыкпай калды
09.03.2015. 13:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Н. Исанов атындагы мектепте окучу аябай жакшы ырдайт эле. Биздин классташыбыз. Иштерине ийгилик.
09.03.2015. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушу Кыргызстан деген ыры аябай жагат
09.03.2015. 22:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы ырдайт, талантын сыйлайм...
10.03.2015. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
jakwy yrdayt talanttuu jigit
10.03.2015. 00:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тааныбайт экенмин бул ырчыны.
10.03.2015. 01:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
2008 жылдары ырлары хит болчу жагат ырлары.
10.03.2015. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кайсы жылы эсимде жок,биздин мектепке концерт коюп келишкен эле,анда 4-5кл болсок кк,кичинекей болуп алып филипп киркоровдун дивара дивасын олло катыра эмоция мн ырдаган да,кийин билсем боломдун классташы экен,бир партада отурган.кызык муноз бала дегени эсимде.
10.03.2015. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Прическа Дагестанскийго...тамаша Москвада коптогон Дагестан балдар ушундай журушотго...ийгилик ишине кудай буйруса дагы кичине иштесен ыр жазып клип тартырасын и акчан болсо азыр телевидения радио баарында сенин ырларын ырдап калат
10.03.2015. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Р.Абдыкадыровдун "Алмашым" деген ырын сонун ырдаган, клиби да бар...
15.03.2015. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мэри,Иий туура айтасын "Алмашымды" ырдаганын коруп ыраазы болгом эски ырга жаны куч бериптир деп.
10.03.2015. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайбыз!!!
10.03.2015. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таланттуу жигит, ырлары соонун, ишинизге ийгилик, дагы да коп чыгарма кутобуз сизден....
10.03.2015. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кочодон корсом таанымак эмесмин,аябай озгоруп кетиптир.Чын эле ХХХ окшоп калыптыр.Иштерине ийгилик ,таланттуу жан!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-10 12:17:42
10.03.2015. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baian, жаргон сөздөргө тыюу салынган! Билдирүүңүз түзөтүлдү.
10.03.2015. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Жактырып уга турчу деле ырлары жок экен го
10.03.2015. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы чачы озуно жакшы жарашат экен,мурункусуна караганда.
10.03.2015. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Обаа чындыгында учурда анын ырлары коюлбай келет учурунда ырларын клиби менен суйуп угуп, корчу элек. "Ойлогон ойду кыстаган турмуш женет"- "Жашында берсин мээнетти" дагын деп калчу беле. Иштеп ал анан баардык нерсен ордуна тушкондо чыгармачылыгына кайтаарсын. Кумар биз сизден дагын да хит ырларды кутуп калабыз
11.03.2015. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай озгоруп кетиптир го. Жакшынакай болуп
11.03.2015. 05:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул баланы 8-классымда атын уккан элем. Биз тарапка да концерт коюп барышкан экен. Кыздар Кумар деп бир канча убакытка чейин эле бул жигит менен "ооруп" жүрүшкөн. Ошондогу популярдуулугуна кайтса сонун болмок.
11.03.2015. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнегедир Кыргызга окшошпойт го)
13.03.2015. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунду да оной менен кыздар ХХХ ХХХ ХХХ.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-16 11:12:26
16.03.2015. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chanel11, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болууну сунуштайм! Эскертүү!
13.03.2015. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
'Кыргызстан'-деген ырды аябай жакшы ырдаган.
13.03.2015. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун ырдайт жалалабадта концертине киргенбиз витастын ырын да олло окшоткон
15.03.2015. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чачын саксайып жудоо болуп калыпсын стилисттер менен иштешсен зынкыйтып коюшат.
18.03.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы упузун чачын кесиптир саксайбай
20.03.2015. 03:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа концерт коюп келгенде баарыбыз суйуп калганбыз.ото красавчик.жылдыздуу эле кичинесиндн
24.03.2015. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озун ХХХ ХХХ ХХХ кантип кыз жактырмак элен.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-25 10:26:32
25.03.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2014_samat_DJ, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган! 2 күн БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо