КОРРУПЦИЯ МЕНЕН КҮРӨШКӨН АДАМ САЛЯНОВА ЭМЕС, АТАМБАЕВ ЭКЕНИ АНЫК БИЛИНДИ

№644 6-март-12-март, 2015-ж

Бул апта башкы прокурорлуктан күйөөсүнүн иштеринен улам кетүүгө аргасыз болуп, чоӊ саясатка аттанган Аида Салянованын президент Алмазбек Атамбаевге тиш кайроосу менен уланды.

КООМЧУЛУК АЧЫК ЖООП АЛЫШЫ КЕРЕК
27-февраль күнү УКМК «Тазалык» ишканасына байланыштуу козголгон кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жаткан күбөлөр экс-башкы прокурор Аида Салянованын жолдошу Бакыт Абдыкапаровго кылмыш ишин жаптыруу үчүн 50 миӊ доллар беришкенин тастыкташты» деп билдирүү таратты. Абдыкапаровго карата «алдамчылык» беренеси боюнча айып тагылып, ал Кыргызстандын аймагынан чыгып кетпөө жөнүндө тил кат жазып берген. «Күчтүү Кыргызстан» партиясынын төрагалыгын Саляновага өткөрүп берген Расул Умбеталиев: «Салянованын жолдошу Абдыкапаровго карата козголгон кылмыш иши – бул саясий буйрутма, куугунтукка алуу. Салянованын башкы прокурорлуктан отставкага кетүүсүнө анын күйөөсү себепчи болгон эмес. Башкы себеп анын президенттин чөйрөсүндөгү адамдарга жана азыркы саясатчыларга карата кылмыш иштерин козгоо боюнча бир катар документтерди даярдоосу болгон»,- деп 27-февраль күнү маалымат жыйын берди.
Президент Алмазбек Атамбаевдин кеӊешчиси Фарид Ниязов мамлекет башчы өз чөйрөсүндөгү адамдарга карата Башкы прокуратурада чын эле кылмыш иштерин козгоо боюнча иш-аракеттер жүрдү беле, чын болсо эмнеге тийиштүү процедуралар жүргүзүлгөн эместигин териштирүүнү талап кылганын айтты. «Алмазбек Шаршенович бул тапшырманы башкы прокурор Индира Жолдубаевага берди. Президент Расул Умбеталиев айткан маалымат боюнча Башкы прокуратурада документтер барбы, эгерде бар болсо эмне үчүн алар тиешелүү текшерүү жана кылмыш иштери катары ишке ашкан жок деген суроого коомчулук жооп алышы керектигин баса белгиледи»,- деп Ниязов мамлекет башчынын бул маселе боюнча позициясын билдирди.

УМБЕТАЛИЕВ ӨЗ СӨЗҮН БУРМАЛАЙ БАШТАДЫ
Конкреттүү президенттин айланасындагы кайсы адамдар боюнча кеп кылгандыгын Умбеталиев Башкы прокуратурага айтып бере албады. Тайсалдата «мен Президенттик администрациянын өкүлдөрүн эмес, башкача мааниде айтканмын. Министр, вице-премьер өӊдүүлөрдүн кызматка дайындалышы боюнча жарлыкка президент кол коёт эмеспи. Демек, чиновниктер президенттин айланасындагы адамдар болуп саналат» деп алгач маалымат жыйынында бар деген документтерди көрсөтүүнүн ордуна өз сөзүн бурмалай баштады.
Бул окуя бир нерсени дагы бекемдеп койду. Алгач Аида Салянова өзүн республикада коррупция менен күрөшкөн, анын айынан коррупционерлердин курмандыгы болуп калган адам катары көрсөтүүгө аракет кылды. Кайсы бир деӊгээлде ал максатына жетти. Бирок журналисттерге берген маалымат жыйындагы сөзүндө коррупция менен күрөш президенттин эрки, колдоосу менен жүрүп келгенин өзү кайра далилдеп койду.
Эми минтип паракорлор менен күрөшүүчү имиджин бекемдөө аракети теӊирден тескери жагына кетти.

Эльвира Караева,
Автандил Добулбеков
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -3 
Комментарийлер(39)
09.03.2015. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман болунуздарчы айланайын алтындарым)))
09.03.2015. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аттин, бийлик, качан элдин койгойун биринчи орунга коюп ойлонот экен?
09.03.2015. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх бийликтегилер качан адам болосунар!
09.03.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Корупция менен курошкондорун коруп эле атабыз,результат на лице болуп атат. Алкыш айтышыбыз керек чиновниктерге кылган иштерине аябай сонун иштеп жатышат тим эле кой устундо торгой жумурткалап атат.
09.03.2015. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул ажообуз айланасына аялдарды топтоп алды, дагы коро турган куну алдыда. пракурорлука аял киши жарабайт да эркек куруп калгансып эле аял шайлайт
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-09 12:38:12
09.03.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркеке караганда аялдар хамилион болгонду билишпейт. Аял деген биринчи очеред эне. Ал эми эне болгон сон мээрими бар экинчиден эненин алдына бир да жинди бут тозо албайт. Кыргыздын Эркектерден аял кыйын жана чечкимдуу экенин Курман жан Датка жана башка ушул сыяктуу адамдар далилдеп откон. Аял кишиде фикир кучтуу болот. Аял киши 7 нерсени ойлонуп ошонун баарын аткарат. Эркек 40 нерсени ойлонуп алардын бирин эле аткарат.
10.03.2015. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Xabibbullo, кайсы 7нерсе кайсы 40нерсе айтып бересизби? Мен тушунбодум
09.03.2015. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А.АШаршенович, А.Саляновалар биринен отуп бири актанбасын. А.А.Шаршеновичтин жанындагы адамдарга кылмыш иши козголгон кундо дагы ал жон гана ошол бойдон кала берет себеби ХХХ ХХХ ХХХ анын жанындагылар билет, анан кантип ошолорго кылмыш ишин козгой алат. Бул жон гана элди алдоочулук.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-09 15:04:57
09.03.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shukurbek, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
09.03.2015. 15:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shukurbek, Сизге 100% кошулам.... Эч качан арты таза эмес адам корупция менен курошо албайт. Болгону элди алдоо элдин ойун башка жакка буруу менен алек болуп жатышат. ХХХХ ХХХХ ХХХХ ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-09 15:24:31
09.03.2015. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коррупсиянын башында отурган адам анчалык эмне актанды.эл билет кимдин-ким экенин.элдин жашоосу азыр ото эле томондоп баратат.ал бетте байлар мындай нерсе менен башы да оорубайт.ооруткусу да келбейт.
09.03.2015. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ruslan1969, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
10 күн БАН!
09.03.2015. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
edu.kg, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.

Эскертүү сызыгыңыз толгонуна байланыштуу, түбөлүк БАН!

Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-09 15:26:32
09.03.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруп атабыз Коррупция менен аябай курошуп атканын укмуш! Болорун!эми коробуз!го
09.03.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
элди ойлогон эч ким жок, эхх,кандай гана окунучтуу, арандан зорго тиргилигин откоруп аткан элге ким конул бурат,булар эмне деп обещаниелерди берди эле, анын бироосу да жок ,тескерисинче артка кетип атабыз, элдин абалы оорлогондон оорлоп баратат, жашоо абдан кыйын болуп калды
09.03.2015. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ачык эле корунуп турбайбы,АШАнын приказы менен,б.а.элдин адамдарын коррупцияга шылтап чекеден жоготуу.
10.03.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arlekino, сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Эскертүү!
10.03.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХХ, Бул эмнени тушундурот? Ушунчалык корккудай эле, мен жаны катталганыма тушунбодум ХХХХХка.
11.03.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aman7,Эгер туура эмес же табиятка туура келбеген сын пикирлерди жассан,Админ жазган сын пикирини очуруп,ошондой XXXXXти жазып,сага эскертуу берет же БАН.
14.03.2015. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shamdagai2013 рахмат сага тушундум эми
10.03.2015. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул биз кыргыздар эмнеге эки жуздуу калкпыз Аида Салянова иштеп жаткан кезинде тим эле аябай жакшы иштеп атат деп гезиттердин бетинде жайнап кеткен эле.Эми минтип жумушунан кеткен кезде ар ким ар кандай создорду айтышып жатат.Бир гана Салянованы эмес чиновниктердин кимиси жумушунан алынса болду ошол адамды сынтактап жатып калабыз.Эээ кыргыз элим.
10.03.2015. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bagysh,саясый иштердин арты менен жалпы Кыргыз элин эки жуздуу корсотуп коюу туура эмес. Ал эми эки жуздуу адамдар белгилуу жалпы калкка алар бийлик окулдору М:кечээ эле президенттикке татыктуу аял деп ырдап чыккан, Ал эми бугун башка пикир менен каралоо жолунда дегендей.
10.03.2015. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аа эми Атамбаев коррупция менен курошуп жатат дегенинерби.....Ким ишенет бул созунорго.Шайлоого жакын калдыда ээ.Алдын алып арыгын чаап суудай тунук корсотолу дегениго чамасы.Экоонун ортосунан кандай кара мышык отту экен.Президенттикке татыктуу аял деп айтпады беле Атамбаев.Тообо он козун сол козуно душман азыркы учурда.
12.03.2015. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baba., 100 % мен ишенбейм
10.03.2015. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shukurbek, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
10.03.2015. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы учурда кимге ишенүүгө болот? Бийликке жулкунган саясатчыларгабы же элге ар кандай маалымат тараткан, жалданма журналисттергеби? Кандай ойлойсуңар?
10.03.2015. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taranchy,аллахка жана озуно ишен болду жакын тууганынада ишенбе буларга ишенгендердин кобу жок азыр
12.03.2015. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taranchy, бир гана аллахга
10.03.2015. 16:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ээ дагы ушуларбы башкы прокурорлука 11 класстын жакшы окуган окуучусун эле койуп албапсынар адашыпсынарда
10.03.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тазалык ишканасында иштеген адамдардан 50000 $ эмес,50000 сом чыкпайт го дейм.
10.03.2015. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iwtewet bular jakwy iwtewet toktogul raionuna eki ai murun asfalt towowkon azyr oiulup bolboi kalgan lu4we tim ele koiuwsa bolmok eken
11.03.2015. 02:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кыргызмын бирок кыргызстандын депутат мент сот прокуратура Айыл окмот Кароче ишин тушкон иштегилерден ушунчалык конум калды Больницага барсан акчан болсо жок болсон олуп кетесин не мынчалык мага мага деп турушат кыргызым бузулдубу же заманбы билбейм айтор ыйман кеттиби президентен президент алмашат жанакы эле кебете качан бир тузук болобу экен козум эмес ойумда жетпей баратат онолоруна Эх кайран кыргызым кор болдун шор болдун и, и, и, и, ииииййййййййй,,,аман болгулачы
11.03.2015. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ден соолукта болгула
12.03.2015. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иииииииииийййййй тим эле баарын кыйынсынар..................... КЫРГЫЗЫМ булар байлык менен бийликти гана талашып жатышат......... Бирине да ишенбегиле!!!!!!!!!!!!
12.03.2015. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан коз жаштарга ишенбейт.Аракеттерге ишенет.Атамбаев эмнени озгорттуп жиберди деги.Кыргызстан артка кетсе кетип жатат алдыга карай аракет жок.Кун сайын зордуктоо,ур токмокко алуу,уурулук.Же бир буларга каршы катуу мыйзам чыгара албайт.Адилеттуу иштеп жаткан эч ким жок.Атамбаев кеткенден кийин дал ушул Саляновага жабылган жалаа агада жабылат.
14.03.2015. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушулкунго чейин онукмок ! элдин тапканын баарын жеп жыргатып койушкансып олтурушат кана Атамбаев эмне жумуш кылды эмнени кыйратты онуктуробузонуккон мамлекет деп тее жогоруда туруп суйлой беришет! ачкалыктан элдер кыйналганын билседа жеп олтура беришет! акыретте озуножооп бере алар экенби ошол саясатчылар! элге жооп берген киши боло беришет ! качан саясатчыларга акыл кирет!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!11
15.03.2015. 12:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар А.Салянованы келе жаткан шайлоого кандидатурасын коёт деп алдын ала каралашууда
16.03.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
afer93, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. Эскертүү!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо