БЕГЕМОТ МЕНЕН КАЧЫР

№645 13-март-19-март, 2015-ж

Бегемот менен качыр мектепте бир партада отурушчу. Бегемот дайыма качырдын чоӊ кулагына суктана карап, «менин да кулагым ушундай болсо, ээ» деп самачу. Өзүнүн кичине кулагын жактырчу эмес. Анын качырдыкындай кулактуу болушун самап жүргөнүн алдыӊкы партада отурган чычкан билчү. Бир күнү аны шылдыӊдамакчы болуп мындай деди:
– Беке, качырдын бир кулач кулагын ойлоп отурасыӊбы? Андан көрө менин куйругумду ал. Сенде куйрук дегенден да эчтеме жок эмеспи.
– Куйруктун мага кереги жок,- деп бегемот күӊк этти.
– Анда ичигимди берейин,- деди чыдабай кеткен чычкан чыйылдай.
– Кереги жок!
– Деги сага эмне керек?
– Качырдын кулагы сыяктуу батпирек.
– Болот,- деп кесе айтты кичинекей чычкан.Бирок сен мен айтканды аткар. Маймыл үй тапшырмасын сураганда анткорлонуп "билбейм" деп кой. Ошондо ал чыдабай кулагыӊдан чоёт. Себеби кулакты чойгон сайын чоӊоёт. Маймыл чойгон кулактын чоӊойбой койгонун өмүрүмдө көрө элекмин,- деп чычкан бегемотту ишендирип жатты.
Эртеси бегемот чычкандын айтканын аткарды. Апталап сабакка жооп бербей күндөлүгүн «2» деген баага толтурду. Сабакта отурса дагы ою үйүндө. Күн сайын кулагын күзгүдөн карайт. «Качан чоӊоёт, кызарган шишиги качан тарайт?» деп убара. Бир күнү кызарган шишиги тарап, кулагы кайра чүрүшүп мурдагысынан да кичине көрүндү. Ачуусу келип чычканга жинденди. Күндүр-түндүр суктанып жетпей жүргөн кулактан негедир өзүнүкүн артык көрдү. Эртеси адатынча мектепке жөнөдү. Жолдо бара жатып маймылдын качырга минип алганын көрдү. Таӊдана карап турду да, «мени да качырга мингендей минип албасын. Мен андай кордукка чыдабайм. Андан көрө качып кетейин» деп бегемот сууну карай чуркап кетти. Качырдыкындай кулактуу болууну эӊсеген бегемот ошондон тарта көп өмүрүн сууда өткөрүп калыптыр.

Жапарали Осмонкулов
Султан Төрөбеков
balakai@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо