КӨП ТАПКАН ЭМЕС, ҮНӨМДӨГӨН БАЙ БОЛОТ

№645 13-март-19-март, 2015-ж

Бир ай бою тер агыза иштеп, айрымдарыбыз айлык акыны бир аптага жетпей эле коротуп коюп, кайра карыз сурап баштайбыз. Акчаны канткенде үнөмдүү колдонсо болот? Үнөмдөп эле тим болбостон, киреше алып келчү булагын да табууга мүмкүнбү? Бул жааттагы жөнөкөй кеӊештерди маркетолог, экономист Азиз Турдиев баяндайт.


ЧЫГАШАӉЫЗ КИРЕШЕӉИЗДЕН КӨП БОЛСО БАЙЫЙ АЛБАЙСЫЗ!
Байыгыӊ келсе, эптеп бири-бирине улаш үчүн иштебей, тескерисинче, капиталды көбөйтүү үчүн иштөө зарыл.
Баюу үчүн ар дайым аракетте болуп, эч тынбаӊыз. Ушул себептүү байлар күнүгө 12-14 сааттан иштешет. Минтип иштебесеӊ байлык топтомок турсун, бар байлыгыӊды сактай да албайсыӊ.
Чыгашаӊыз кирешеңизден көп болсо байый албайсыз. Андыктан чыгашанын санын кыскартуу керек. Кантип дейсизби? Мисалы, достор менен чогулганда марттыгыӊызды көрсөтүп, «мен эле төлөп коём» дегенден алыс болуӊуз. Көл тамчыдан куралат!
Келечектеги каржылык абалыӊыз канча иштеп тапканыӊыздан сырткары акчаны туура сарптаганыӊызга, үнөмдөгөнүӊүзгө, көбөйтө алганыӊызга жараша болот. Андыктан бойдоктор да, үй-бүлөлүүлөр да тапканын кагазга жазып, туура бөлүштүрүп, кирешесин тактап туруулары кажет.

ҮНӨМДӨСӨ БОЙДОКТОРДО ДА АКЧА ЧОГУЛАТ
Мисалы, бойдок адам айына 16 миӊ сом алса, анын 9 миӊин тамак-ашка, кийим-кечеге, ал эми 3 миӊин жол кире жана майда-чүйдөгө бөлсө туура болот. Калган 4 миӊ сомун чогултуп, анын үстүнө ай сайын 4 миӊ сомдон кошуп турса, бир жылда 48 миӊ, 3 жылда 144 000 миӊ сом болот .
Бойдоктор чыгынса, үйлөнүү-үлпөт тоюна алдын ала акча топтой да алышат. Алсак, банктан жылдык 12,5 пайыздуу депозит ачып, ай сайын 5 миӊден салып турса, жыл аягында 69 222 сомго ээ болушат.
Негизи, акча чогултуп жатканда алдыга чоӊ максат коюу кажет. Мисалы, мынча жылдан кийин жер тилкесин алам, чакан бизнес баштайм же үйлөнүү тойго жумшайм деп. Андан кийин, албетте, максатка жетүү үчүн болгон аракетти жумшаш керек.

ҮЙ-БҮЛӨЛҮК КОРДУ КАНТИП ТҮЗҮҮГӨ БОЛОТ?
Үйдө акчаны кармап, аны акыл-эстүүлүк менен туура бөлүштүрүү милдети көбүнчө аялдарга ылайыктуу. Себеби алар үйгө жана кимге эмне зарыл экендигин билип турушат.
Эркектерге киреше булагын таап, акчаны көбөйтүү милдети таандык. Кытайлар «жубайлардын бири мамлекеттик кызматта иштесе, экинчиси бизнес жасоосу тийиш. Болбосо байый алышпайт» дешет. Муну да эске алган түзүк. Бизнести түгөйлөрдүн кимиси шыктуу болсо, ошонусу жасаганы туура.
Бир үй-бүлөдө 3 чөнтөк телефон колдонулса, анда алардын бирин гана активдүү иштетип, калганын СМС үчүн гана колдонуу кажет.
Үйдө машина болсо, аны үй-бүлө мүчөлөрү шашылышта, оор нерселерди ташууда пайдаланып, калган учурда маршруттук таксиге түшсө эч нерсе болбойт. Мындан бензин үчүн акча үнөмдөлөт. Көп колдонуудан улам машинаны да бат-баттан оӊдотпойсуӊ.

КУРУ НАМЫС ДЕП ТОЙ-АШКА КӨП АКЧА КОРОТПОӉУЗ!
Сыртта иштеп жүргөн үй-бүлөнүн мүчөсү үйгө акча салганда баарын алып албай, банктан эсеп ачып, акчанын жок дегенде 10 пайызын сактатып коюу акылдуулук. Муну акча келген сайын жасоо оӊ. Билинбей бир топ акча топтолоруна ишене бериӊиз.
Үй-бүлөнүн ар бир мүчөсү акчаны үнөмдөөнү үйрөнүүлөрү керек. Мисалы, көӊүл ачуу үчүн кафе, клуб, концертке барбай деле койсо болот. Бул учурда акча үй-бүлө корунда калат. Ошондой эле эртеӊ менен үйдөн тамактанып кетсе, кофе, самсы дегендерге акча коротушпайт.
Ата-энелерге чоӊ балдары да жардам берип, акча табууга аракет кылуусу талапка ылайык. Мисалы, каникулда иштеп, ЖОЖдогу окуусунун акчасын өзү төлөсө жаманбы?
Ата-эне өздөрү да, балдары да бир нерсе сатып аларда анын баасына көӊүл буруулары керек. Мисалы, ири дүкөндөрдө кумшекердин килограммы 50 сом болсо, ошондой эле сапаттагы кумшекер дүкөндө же базарда 5 сом арзан болушу мүмкүн. Кайсынысын алуу пайдалуу?
Анан дагы буюм сатып аларда «бул мага сөзсүз керекпи?» деген суроону ар ким алдына коё билсе жакшы. Минтпесе зарылчылыгы жок буюмду сатып алат да, анысы анда-санда эле колдонулганы болбосо жөн эле жатат. Айтып койчу нерсе, аялдар дүкөндөрдө арзандатуу жүрүп жаткан маалда «арзаныраак экен» деп дал ошондой анча керексиз буюмдарды сатып ала беришет. Байыйм десеӊиз, «арзан» жарнамаларга көз жумуӊуз.

БАШКАЛАРДАН ҮЛГҮ ЖАНА КЕӊЕШ АЛЫӉЫЗ!
Акчаны өтө зарыл болбосо карызга алууга болбойт! Андай акча бекердей туюлуп, орду жок бат короп кетет. А төлөгөнгө келгенде кыйын болот.
Эгер үйдө акча бат корой берсе, андай үйгө чоӊ акча келбей калат деген ырымды эске тутуӊуз.
Акчаны үнөмдөп, кээ бир буюмду колго эле жасап алууга көнүү оӊ. Мисалы, чайнектин алдына койгучту, ийне сайгычты калыӊ кездемеден тигип алса болот. Эркектер балта, күрөк сап дегенди сатып албай, өзү жасап ала койсо кандай жакшы! Башкысы, акчага үнөм.
Бойдоктордун да, үй-бүлөлүүлөрдүн да каржы боюнча мыкты билген жакшы кеӊешчиси болуусу талапка ылайык.
Интернет, гезиттерден миллионерлер, миллиардерлер кантип байыганын окуп, керектүүлөрүн өзүӊүзгө алыӊыз. Кыскасы, каржылык билимди үзгүлтүксүз улантып жүрүп отуруӊуз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(49)
17.03.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушулардын баарын кыла койсок кана??? Тем более той аштардын кантип жыйыштырышат кыргыздар, уйундо наны жок калса да тойго барышат да.
17.03.2015. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кенеш кыргыздар учун эмес, наоборот атаандашат бири-бири менен Мисалы жонокоой элее уйлонуу тойду алсак тигинин тойуна Лексустар лимузиндер чыкты меникине Гелендвагендер чыксын дейт да...Тууравы? Озбектер бир кой мененле чон той откоруп койушат, Мне ошо бир кой жеттиби деп сурасан ийе жетип ашып калганын сатып ийдим дейт...Созсуз бир саны ашыш керек!
17.03.2015. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тура.айтат.молодец
17.03.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун кенеш экен мага жакты сразу жазып кашелегума салып койдум. Рахмат супер инфого!
17.03.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менде да бар Манас деген дос балабыз ото ичи таар,1 сомун да эсептейт. Мен ошондой адамдарды жаман кором. Бирок ошончо чыгынып да бир кун ото копко тушуп калат.
17.03.2015. 18:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой мен так эле ушинтип экономдоп тырышып деле кордум байып деле кеткен жокмун машынаны токтотуп койуп жоо журсон ой эмне жоо дешет
19.03.2015. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nasyrkg, чет мамлекеттерде ушинтип уномдоп журуп ушундай даражага жеткем деп тв дан суйлогондор коп го,биз да баары бир болбойт экен деп эле сабырсыздык кылбай аракет кылсак болсо керек,мисалы немис депутаттары жумушка велосипед менен бараткен,биз озубузда чондорубузда ушундай ыкма менен жашоого эмнеге болбосун?
17.03.2015. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туура кенеш. ойлон,ойгон деген китепти окуп чыгыныздар.
19.03.2015. 09:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurislambek, бул китепти кайдан тапса болот?
17.03.2015. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырыскыны,байлыкты бир гана Аллах берет пенденин колунан эч нерсе келбейт. Круглый сутка иштеп бир да чыгым кылбай топтосон да насип кылбаса заматта айрыласын баарынан.Андыктан Алла жолундагы амалдарды аткаралы.
18.03.2015. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай ашыкча уномдогон адамдарды жаман кором барбы иштет нары кысынбай.бирок менин кээ бир досторум ушундай...бул макаланы окуп жакты сенда окуп корсон эакшы кенештер экен дейт...
19.03.2015. 09:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Geran, акча бар деп эле туш келди жака чача бербеш керек,эгер акчан коп болсо сооп болчу иштерге жумшаган жакшы,пайдасыз эле сарптай берсен буга да акыретте жооп бересин.
18.03.2015. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чонтогундо акчасы коп адам эмес, жан дуйносу таза адам бай болуп саналат менин оюмда, акчасы жок адамда намысы кучтуу болуп акчалууга караганда той топурда кобуроок кошот, ал эми акчасы жок адам тойго чакырса кайтара албайт деп аз акча кошкондор да бар,канча уномдоп жашасак да, чачып жашасак да акчалуу эмес руханий жактан бай бололу кыргыз элим.
18.03.2015. 01:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Экономдосон,экономдобосон деле ошол эле акча кетет. Биз окууда кунуно орто эсеп менен 200 250 сом коротобуз жолго, обедге,бир кызыбыз такыр тамак жебейт, ашып кетсе чай ичет. Ошонун акчасын экономдоп байыганын корбодум. Болсо ич,же, кий жок болсо и так эле эч нерсе жок болот. Дагы тан калганым укмуш 16 мин айлык деп жазыптырсынар да,кулкуну келтирип орто айлык аран гана 5 мин болуп атса. Мугалим 4500 сом, врач 5000, пенсия 6000миндин тегереги болуп атса. Минимальный сумманы алсанар эмнеге
19.03.2015. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
asembu, туп туура, каяктагы 16 минди жазышыптыр, орточо айлык деле 10 минге жетпейт го.
Модератор tagokg түзөттү 2015-03-19 10:46:42
18.03.2015. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жетерин коробуз. Коммуналдык тейлоо бир айга кыш мезгилинде 2 минге жакын келет, азык тулук бир айга орто эсеп менен 4мин,жол кире 2 адамга 1200 сом, уйдо жаш бала болсо чыгымдар дагы кобойот памперс 400 сом×2=800,балдардын тамагы 600сом×2=1200, кокус ооруп калсан кошумча орточо мин сомго чейин дары дармек. Орточо эсеп менен айына жашоо учун 10 минче керек. Ал озундун уйундо жашасан, ал эми батирде жашасан + батирдин акчасы 15 20 мин:-((
18.03.2015. 03:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кудайым берекесин бериш кк экен тапкан акчандын.мин экономдосок деле кетсе кете берет.болбогон нерсеге акча толоп каласын ар кандай кырдаалдарда.оорудан анан милициядан сакта
18.03.2015. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Отот омур откоргонго жараша демекчи кудай берекесин берсин тырышып ичпей жебей жургондорду кордум байыган жок тырышып журуп отуп кетти кимге пайда кимге зыян ким канча коротсо кудай аны толуктап берет кенен ичип жеп жашагыла
18.03.2015. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бойдоктордун айлыгы 5000-6000 мин болсо кантип уномдойбузз
18.03.2015. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарийдин тексти
Сонун кенештер.
19.03.2015. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колун ачык болсо кудай берет.жоктун тубу жок
19.03.2015. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен 300 доллар коротом айына,эмне болуп короп жатканын билбейм деле
19.03.2015. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп тапканга эле не жетсин
19.03.2015. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча тапсанда кудайга шугур кылыш керек.анан уномдойбуз деп катташты токтотуп,конок кутпой калабызбы.кой мага мындай кенеш жага бербейт.кудай берээрин унутпасын.
19.03.2015. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биз акчаны уномдоп иш кылсак ошондо бийиктикке жетебиз
Модератор asan_sulaymanov түзөттү 2015-03-19 22:53:23
20.03.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен студентмин. Уйдогулорду аяп, кийим деле албай, тамак-аштан да аянып атып о0руп калгам. О0ругандан кийин эки эсе акча кетти. Ошол-ошол болду тамак-ашыма жакшы карай турган болуп калдым
21.03.2015. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгаша чыкмайын киреше кирбейт
21.03.2015. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле чыгаша чыкпаса киреше кирбейт.
22.03.2015. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кароче жымот болгула ошондо байыйсын дегени экен да. Хе хе. Жымот болсон олгондо сени комгонго кишилерда келбейт. Пейилди кенен койгула акчаны топтоп алып канча жашайсын ким билет ошондуктан пейилди кенен кой десе ар кайсы жака чачпай жакшылыка корот акчаны арамга коротпой. Акча колдун кири акча табылат адамгерчилик табылбайт мусулман болгула. Канча акчаны соопчулука берсен кирешеси ошончо коп болот и берекеси Аллахтан болот.
22.03.2015. 17:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчаны ажоолор президент баш болуп уномдогуло бюджеттин акчасын коротпой. Мына мен Крымдын и Россиянын коптогон чиновник ажоолору оздорун зарплаталарын оздору кесип жатат кээ бирлери зарплат албайм деп иштеп жатат ушундай болсонор меники ааз деп кайра кол салбай акчага.
22.03.2015. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men da bitin sykkan byshyk adamdy itti jaman korom airykcha erkekter
al kaira berekeni ketiret.ashykcha ele tyryshyp emne?baaribir ishtetilet oshol akcha
28.03.2015. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз кыргыздар, пулду экономдоп эле жатабыз, тиги чондорубуздун туура эмес саясатынан акчаларыбыз германия, литва, корея, япония, кытайга чыгып кетип атат, ал жактан мусор келет (машина ж.б). 5мин $га алган машинабызды 1-2 жылдан кийин ит албайт. Анан кантип байыйбыз. Андан коро сыртка озубуздон чыккан продукцияларды мумкун болушунча саталы. Мисалы сууну бутылкага куйуп, литрин 10сомдон сатсак да, кырг.н учун ото чон пайда болот эле. Алтыныбызды Канадалык шылуундарга бергиче.
28.03.2015. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтын демекчи, алтынын саткан олко жарыбайт. 1млрд долларга алтын дагы 1млрд долларга товар алып койгула, 50 жылдан кийин жанагы алтынозун жуз эсе актайт, ал эми товар мусор болуп калат. Кыргыз окмоту тарыхта "Кайгылуу доор" деген трагедиялуу фильм тартылат. Главный ролдордо: Султан Аскер паша, Марием ханум, Хюррменбек Султан, шехзаде Максим, Алмаз ага, Розы хатун, Аклы Жефароглы, Малабей Кашыллык, Оторбейоглы, Аиде хатун, Индира ханум ж.б.
23.04.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчаны уномдоодо маянанын аз же коп экени маанилуу эмес, чонтогунуздогу акчанын максатуу сарпталышында. Мисалы: 1-2 саат аралыгында уйунузго жетууго чаманыз жетчудой бирок, жолдун боюндагы даамду татымдардан таткыныз келет. Ал учун жок дегенде 50-60 сом коротосуз.Мунун ордуна уйунузго керектуу(даарат кагазы, шеренке, калем, лампа, шам ж.б.)майда бирок маанилуу нерселерди ала кетсениз уй-булонун камкор мучосу экенинизди тастыктайсыз.

1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо