3 АЙЛЫК КЫЗЫН 20 МИӉ СОМГО САТКАН ЭНЕ КАРМАЛДЫ

№645 13-март-19-март, 2015-ж

Үстүбүздөгү жылдын февраль айынын аягында Бишкек шаарынын Биринчи Май РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 20-25 жаштардагы келин өзүнүн жаӊы төрөлгөн ымыркайын 20 миӊ сомго сатканы жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул маалымат боюнча ыкчам иликтөө иштери жүрүп, жыйынтыгында бала саткан кылмышка шектелип ымыркайдын апасы жана 2 дарыгер кармалган. Ымыркайдын апасынын жанынан далил катары 100 доллар жана 3500 сом табылган.

«АСЕЛ КЫЗЫН САТАМ ДЕП ӨЗҮ ЧАЛГАН»
Кылмышка шектүү деп кармалган «Тез жардам» кызматынын кызматкерлеринин бири Айжан (белгилүү себептерден улам каармандардын ысымдары өзгөртүлдү) окуя тууралуу төмөнкүдөй көрсөтмө берген:
– Мен 1965-жылы Бишкек шаарында туулгам. Учурда Кара-Балта шаарында жашайм, күйөөм менен ажырашып кеткем. Бишкек шаардык «Тез жардам» кызматында врач-педиатр болуп иштейм. 27-февраль күнү Асел мага телефон чалып, «эже, менин 2 кичинекей кызым бар, аларды бага албай жатам. Кичүү кызымды берем, бирок мага 15 миӊ сом керек. 10 миӊ сому паспорт жасатканга, 5 миӊ сому Орусияга кетүүгө жол киреге» деди. Мен өзүм менен иштешкен Айсалкын аттуу медайымга телефон чалып, бул тууралуу айтсам, ал «тааныштарымдан сураштырып көрөйүн» деди. Ошол күнү Асел кайра-кайра телефон чалып «акча качан болот, эртелетеличи» деп жатты. Кечинде Айсалкын телефон чалып кардар тапканын билдирди. Экөөбүз наристени алчулар менен ЦУМдун жанынан жолуктук. Ал жерден Айсалкын тигилер менен 20 миӊ сомго сүйлөшкөнүн, 15 миӊ сомду кыздын апасына берерибизди, 5 миӊ сомду экөөбүз бөлүп аларыбызды айтты. "Азыр тиги келинде болгону 10 миӊ сому бар экен, калганын 2 күндөн кийин берет" дегенинен мен макул болдум. Анан биз Аселге эски автобекеттин жанынан жолугуп чогуу Кара-Балтага бардык. Ал кызын курбусунун үйүнө таштаптыр, аны алып чыгып «сатып алам» деген келинге бердик. Акчасын Айсалкынга карматты, андан мен алып санап, ымыркайдын апасына бердим. Бишкекке кайтып, Асел Фучик көчөсү тараптан түшүп калган. Айсалкын экөөбүздү милиция кызматкерлери Манас менен Чүй проспектилеринин кесилишиндеги аялдамадан кармап кетишти.

«ВРАЧ-ПЕДИАТР ЭКӨӨБҮЗ 5 МИӉ СОМДУ БӨЛҮП АЛМАКПЫЗ»
Дагы бир кылмышка шектүү Айсалкын болсо кылган ишин мындайча түшүндүргөн:
– Мен 1975-жылы Ош облусуна караштуу Ноокат районунда туулгам, учурда Бишкек шаарында жашайм. Бишкектеги «Тез жардам» кызматында медайым болуп иштеп келгем. 27-февраль күнү мага Айжан эже телефон чалып, «17 жаштагы кыз алданып калып, ата-энесине билдирбей төрөптүр. Балага муктаж тааныштарыӊ болсо айт» деп абалды түшүндүрдү. Мен макул болуп Гүлжан деген таанышыма айткам. Ошол күнү кечинде бир бейтааныш келин «Мен Гүлжан аркылуу чалып жатам, сиздерде ымыркай бар турбайбы, ошону биз алсак болобу, сиӊдиме керек эле?» деди. Мен Айжан эжеге чалып, кызды алчуларга, кызын сатчу келинге Бишкектен жолуктук. Анан Кара-Балта шаарына барып ымыркайды алып, кайра Бишкекке келгенде бизди укук коргоочулар кармап кетишти.

«МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРЛЕРИНЕ КАБАРЛАДЫК»
Ал эми кызды сатып алмакчы болгон Гүлниза окуя тууралуу буларды билдирген:
– 27-февраль күнү жумуштан үйгө келсем кызым «мага сиӊди багып бериӊизчи, кошуналар айтып жатышат, бир келин өзүнүн кызын таштап кетет экен» деди. Сиӊдимдин кызы жок эле, ага бул тууралуу айтсам макул болду. Анан кошунама барсам «Айсалкын деген таанышым айтып жаткан, өзүӊ сүйлөшүп көр» деп анын телефон номерин берди. Ага чалсам «кызды бекер бербейбиз, 20 миӊ сомго сатабыз» деди. Эртеси жумушка келип акча сураштырып, чогуу иштеген Самат деген балага бул тууралуу толук айтып бердим. Ал милиция кызматкерлерине билдирели дегенинен макул болдум.

ЫМЫРКАЙДЫН АПАСЫ ТЕРГӨӨДӨ АЛГАЧ ЖАЛГАН МААЛЫМАТ БЕРГЕН
Ал эми ымыркайдын апасы алгачкы суракта мындай көрсөтмө берген:
– Атым Асел. Талас облусунун Кара-Буура районунда 1990-жылы төрөлгөм. Учурда Кара-Балта шаарында бир тууган иним, 2 жарым жаштагы жана 3 айлык кыздарым менен батирде убактылуу жашайм. Ата-энем мен кичинекей чагымда ажырашып кетип, апамдын колунда калгам. Апам 2003-жылы төрөттөн каза болуп калган. Атам да өлгөн. 4-класска чейин Талас шаарындагы мектеп-интернатта, андан соӊ Кара-Балта шаарындагы №1-орто мектепте окудум. 2010-жылдан тарта Асек аттуу жигит менен жарандык никеде жашап жүрүп, экинчи кызым боюмда бар кезде ажырашып кеттик.
2015-жылдын 27-февралында кызыма буламык алуу үчүн Айжан аттуу тааныш эжеге телефон чалып, карызга 500 сом сурадым. Ал «2 кызыӊ менен иниӊди кантип багасыӊ? Менин бир тааныш эжемдин 2 уулу бар, кызы жок. Жакшы турушат, кичүү кызыӊды ошого бербейсиӊби, багып алсын» деди. Мен ойлонуп, акыры макул болдум. Ошол эле күнү кечки саат 19:00 чамасында Айжан эжелер телефон чалганынан Кара-Балта шаарынан Бишкекке келип, эски автобекеттин жанынан ага жолуктум. Анын жанында Айсалкын аттуу бейтааныш эже, анан кызымды алчу Гүлниза аттуу дагы бирөө бар экен. Биз такси менен кайра 22:00 чамасында Кара-Балтага барып, мен үйдөн кызымды кийинтип алып чыгып Бишкекке жөнөдүк. Кара-Балтадан чыга бергенде Гүлниза эже «дааратканага барам» деп машинаны токтотуп, ал жерден «бул ооз басырык, ыраазычылыгым. Сыртка чыкпай тур» деп чөнтөгүмө акча салды. Мен эч жаман оюм жок эле акчаны алгам. Анан Бишкекке жеткенде кызымды ага берип, өзүм машинадан түшүп калганда милиция кызматкерлери мени кармашты. Мен ал эжеден кызым үчүн эч кандай акча сураган эмесмин, кызымды сатайын дегем оюм жок болчу, бага албагандыгыма байланыштуу ушундай чечимге келгем. Мага жардам бере турчу туугандарым жок.
Кийин гана ымыркайын сатууга шектелип кармалган келиндин көрсөтмөлөрү жалган экендиги, аты-жөнү башка, ата-энеси тирүү экендиги аныкталып, көп маалыматтарды жашырып койгондугун моюнуна алган.

«КЫЗЫМДЫН ТӨРӨГӨНҮН БИЛБЕПТИРМИН»
Ал эми Асел делген кылмышка шектүүнүн апасы Динара да күбө катары суралып, кызы жана окуя тууралуу буларга токтолгон:
– Өзүм Аламүдүн районундагы ГЭС-2 конушунда 2 уулум, кызым жана жарандык никедеги жолдошум менен жашайм. Биринчи күйөөм менен 2003-жылы ажырашып кеткем. Кызымдын аты Асел эмес, Арина. Ал 1994-жылы Кара-Балта шаарында төрөлгөн. Мектепте жакшы окучу, мугалимдеринен ал тууралуу жаман кеп уккан жокмун. 2011-жылы 11-классты аяктаган соӊ жогорку окуу жайга тапшыра албай калып, ар кайсы кафелерде официант болуп иштеп жүрдү. 2012-жылы кара-балталык Асек деген бала менен сүйлөшүп жүрүп, 2013-жылы 6-июнда кыз төрөгөн. Азыр ал кызын мен багам. Арина биз менен чогуу жашачу, бирок экинчи кызы боюнда бар экенин билген эмесмин. Бир жолу 2014-жылдын декабрь айында «ооруп калдым» деп Бишкек шаарына барып ооруканага жатып келген. Көрсө, ошондо төрөптүр да.
25-февралда Аринага бирөө телефон чалып экөө сүйлөшүштү. Анан мага «мени менен чогуу иштеген Тина деген эже кызын бала багуучуга бактырат. Ал бала багуучусуна 500 сом алып барып берип койчу деп суранып жатат» деп үйдөн чыгып кеткен. Жарым сааттан кийин мага телефон чалып «бала багуучусу кызды жакшы карабай жатыптыр, үйгө алып бара берейинби?» деди. Макул болдум. Арина аз өтпөй такси менен кызды алып келди, болжол менен 3-4 айлык кыз эле. Кайра кечинде «жумушка кеттим» деп кетти. Ошентип ал жумушка барып-келип жүргөндө кызды мен багып жаткам. 28-февраль күнү Арина бир аял менен келип, «Бул эже Тина эженин туугандары болот, кызды алып кетет» деди. Тиги аял кызды алып такси менен кетти. Ошол эле күнү кечке жуук Арина телефондон бирөөлөр менен «Аламүдүн» базары тарапка келгиле» деп сүйлөшүп жаткан. Анан өзү үйдөн чыгып кетип, ошол бойдон келген жок.
Бишкек ШИИББинин маалымат кызматы бул кылмыш боюнча учурда иликтөө жүрүп жаткандыгын, ымыркай эмчекте болгондугуна байланыштуу апасында калганын билдирди. Ал эми «Тез жардам» борборунун жетекчиси Жаркынбек Касымбековдун айтымында, кылмышка шектелип кармалган «Тез жардам» кызматкерлери тергөө аяктаганча убактылуу кызматтарынан четтетилген.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(42)
16.03.2015. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы бизнес таап алыптыр ХХХ кыз. Эркек менен бир болууну эле ойлобой торй турганын да ойлоп койбойбу ХХХ. Ушундайлардын жолу болот анан бироолор кызга жетпей кудайдан тиленип суранып отурушат,а мындайлар болсо байкуш кызды сатып буйум сыйктуу ойношот.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-16 10:44:03
16.03.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
edu.kg., этика нормаларын сактаңыз!
16.03.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тооба ушундай кантип болсун? мен да багып алат элемго,кыйналып аткандар дагы болсо мага кайрылгыла жардам берип турам,,,
16.03.2015. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Кыргыздын кыздарына кайрылуу: Акылынарды топтогулачы, сураныч. Уят кылып буттунор го баарын. Турция, Кипр, Дубай, Россияда, анысы аз келгенсип Америкага да жетип келипсинер. Бул баарына айтылган соз эмес. Бирок кимге тиешелуу болсо, бул создор оз ээсин табат. Ошончо кыздын баарын эркектер зордоп салбаса керек. Уйлонгондон деле коркуп калдык. "заднеприводный" кыздар да чыгып алыптыр эми. Мал деле озунун баласын коргоп, чонойгончо карайт го. Малдан да денгээлибиз тушуп кетти беле?!
16.03.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жаза берип,какшай берип анан да журогум ооруй турган болдуго бала деп,куну туну балам болсо деп кыялданып,торогум келип ыйлап сыктап журобуз.
Бул кызчы,оз кызын сатып.Бул кандай акмакчылык,апасы билбесе кызы тороп жургонун.Тарбия кана бул жерде.Бага албасана балеесине торойбу деймда.Уфф ушундай кыздардын айынан баардык кыздарга соз тийип олтурат.Сага окшого тарбия албаган кыздарга мин наалат!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-16 11:16:17
16.03.2015. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Feijipiao,ушундай экен да .... акыр заман жакындап баратат го
16.03.2015. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызык кантип кызынын торогонун билбейт.Семья толук кандуу эмеско.Апасыда айтканына караганда экинчиси менен жашаса кызы кайда барат эле.Апасын коруп кызын ал деген.
16.03.2015. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Апасы деле бир шумдук неме го, кызы торундо журуп торогонун билбеген, озу жарандык никеде жашап, кызына да уйротуптур да...
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-16 11:52:16
16.03.2015. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо, апасы кандай неме?!!!! Тан калып жатам...кеткен эле, келген эле анан билбейм деп жат немедей суйлойтко!!!! Алла сактасын
16.03.2015. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ кудай деле жон койбойт го мындай ХХХ!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-16 12:44:53
16.03.2015. 12:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Leili, этика нормаларын сактаңыз!
16.03.2015. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
burger айткан созунорго калет жок туура, бирок эркектерде да куноо толтура. Жоопкерчиликти билишпейт. Канча кыздарды алдашып убалына калып, кылган иштерине жооп беришпейт. Мына ушундайлардын азабынан канчалаган кыздар кор болуп журушот. Бул окуяда деле наристенин атасы отказ кылып койгон да.
16.03.2015. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
sadolin, Ошол эркекти деле ошол кыздар тарбиялап жатпайбы. Алманын дарагы алма берет да, орук бермек беле?! Анын устуно сенин колунда алма бар дейли. Ал алманы мен сурасам, кааласан бересин, каалабасан бербейсин. Куч менен тартып алсам анда уже кылмышка тартыш керек. Азыркыларды алып барып сойкуканаларг, же тажиктин же турктун койнуна Кыргыз эркектери байлап келген жок да.
16.03.2015. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
burger, кыргыздын эркектери баары дебейин кобунчосу жоопкерчиликсиз. Менин эле уй буломду айтайын. Баарыбыз эле окшош тарбия алганбыз. Иним аялдан аялды кетирип дагы деле эсине келе элек. Биринчи аялынан баласы бар андан кабар албайт. Экинчиси торобойт экен. Учунчусу алты айлык боюнда кетип кайра келсе жашабайм экинчимди суйом деп атат имиш. Куйгузот да адамды. Кыздар болсо кудайга шугур орду менен журобуз. Атам акыркы буудайды аракка алмашып коюп ачка калчыбыз. Иним андан айырмасы жок.
16.03.2015. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне кылаарын, баласын кантип багарын билбей ушуга барды да.Дагы такыр таштап салбаганы жакшы болуптур.Бирого кор,Бироого зар дуйно деген ушу.Карасан жарыбаган акча экен,мындай окуялар коп эле болот.Бир окуя эсимде 2 баласы бар эже учунчусун тороордо куйоосу менен ажырашып кетет. Айласы жок уйдо отуруп же берки балдарын бага албай бала 4-5 ай болгондо баласын башка бироого берген.Кварт акчасын бериш керек.Ал алган кишилер балдарына кийим,аялдын озуно кийим эт,ун продукты анан акча беришкен.
16.03.2015. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апа болуп туруп оз баласн сатуууга журогу кандай чыдады болду экен. 9ай 9кун толготуп кыйналып тапкан баласын бироого берууго эч бир эненин журогу кыйбаса керпек эле кудай ал келинди туура жолго салсын журогуно мээрим берсин
16.03.2015. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздардан ыйман кетти го
16.03.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
буга эми ким куноолуу?
16.03.2015. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тиги кызды сындагым келген жок. Бирок бизде баласын сатканы учун жоопко тартылат деген статья барбы? кай жерде жазылган? Озу кыйналып журсо байкуш кесилип кетиши мумкунбу?Акча табуунун жолу деле эмес го 20000 сом азыр болбогон акча.
16.03.2015. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Камаш керек мындайларды же конуп алышат нормальный бизнес турбайбы деп
17.03.2015. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhykyo,ушундай бизнес бар деп угуп журом.
16.03.2015. 21:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20-мин уят
16.03.2015. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыркы заманда адамдарда ынсап кеткен, кандай гана коркунучтуу заман болуп жатат. Кыздарыбыз аягын ойлобой жаман жолдорго тушуп баратышат, мындайларга каттуураак чара колдонуу керек деп ойлойм.
16.03.2015. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жагынан бага албагандан кийин баланы бергени жакшы эле болгон чем кордоп же олтуруп ,сууга таштагандан коро. Андайларды угуп эле келе жатабыз.
Бирок жалко э байкуш балага,кандай ойлонбогон адамдар э,тобо кылдым кудайга!
16.03.2015. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jask,туура айтасын бир жагынан бергени да дурустур себеби бага албай олтуруп де оорутуп кыйнаса айтмакпызда берип салса болбойбу бага турганга деп, чон кызы экоону бакканы шарт жаратайын дегендир Россияга барып иштеп
16.03.2015. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aisanat мен сизге 100процент кошулам. Андайлар азыркы убакта коп эле кездешет.
16.03.2015. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Burger сиз кепти алыстан баштапсыз го. Акча учун сойкуканаларда иштешкен кыздардын оз убалы озуно. Кеп жон жерден алданып,кордолуп калган,куйоо соройлору таштап кеткен кыз-келиндердин талабын талашып жатам.
17.03.2015. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илгеери ата бабаларыбыз чон энелерибиз ачарчылык убакта деле 10 бала торотуп тороп кем кылбай багышкан экен.азыр болсо бироону эптей албайм дегендер коп.канча коп бала болсо да кудайым ар бирин оз ырыскысы менен жаратарын унутпайлы!
17.03.2015. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен бул окуяны чын деп эсептебейм! Качан гана бул окуядаг каармандардын суроттору корсотулондо, ошондо чын деп билем. Жон эле жазып койгон создорго ишенич болбойт.
17.03.2015. 20:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jashoo
17.03.2015. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп жамандай бербегилечи андан коро тооба дегилечи! Кызык миллиция кызмат керлери кантип билип алды,кимдир бироо кабарладыбы? Супер админ .
18.03.2015. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын дилинен багып алгысы келсе милицияга чалбай эле эч кимге айтпай эле багып албайбы тил кат жаздырып туруп ошо кызды багып алам деген аялдын багып алгысы жок экен да менимче... жалко кичинекей наристеге мага айтса эч кимге айтпай эле багып алмакмын кыргызстанга реклама кылбай эле
30.03.2015. 05:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
medetbek,туура айтасын закондун ченеминде удочирит этип .Анан неофициально акчасын да берсе болот эле.Энеге эми соз жок бирок кыздында бактысына балта чабышты эки тарап тен.
18.03.2015. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FSB, саламатсызбы!
Сүрөттүн булагы көрсөтүлдү.
19.03.2015. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FSB, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
20.03.2015. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар кайда бара жатабыз.Ыйман кетиго бизден
21.03.2015. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эшектин этин жеп алышкан окшойт.
22.03.2015. 13:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ айырмасы жок акмак десе
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-23 12:50:42
23.03.2015. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sirgak_92, этика нормаларын сактаңыз!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо