Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖАЛГАН СҮЙҮҮМ ҮЧҮН КЕЧИР!

№645 13-март-19-март, 2015-ж

«Кел, экөөбүз отуруп сүйлөшөбүз. Сага айтчу сөзүм бар эле». Бул сөздөр баарына тааныш болсо керек. А мен эртеӊ сени менен болчу маегимди кантип баштаарымды дале билбей турам. Эсимде, сен мага «Эртеӊ жолуга аласыӊбы?» дегенде дене боюм титиреп башкача абалда болгом. «Эмне сөзүӊ бар эле?» деп сурабай макул боло койгом. Ал жолугушуудан бери туура 3 жыл өттү. Экөөбүз эгиз козудай ээрчишкен түгөйлөргө айландык. Башыбыздан кандай гана керемет күндөр өттү. Досторубуз менен тоого эс алганы барганда:
– Ишенесиӊби, мен сага сезимимди канча жыл айта албай жүрдүм. Аябай мүнөзү катаал адамдай туюлар элеӊ. Сага сүйлөгөндөн коркчумун.
– Койчу, калп эле ушинте бересиӊ. Чачы узун сүйлөшкөн кызыӊ бар эмес беле?
– Алар өттү да, кетти. Азыр сени сүйөм, сени менен өмүрүмдүн акырына чейин чогуу таӊ тосуп, күндү батыргым келет,- дедиӊ.
Бул сөздөр түбөлүк эсимде калган. Сенин жүзүӊ мага миллион жигиттердин арасынан эӊ сүйкүмдүүдөй туюлган.
Сен «Тамактандыӊбы? Жылуу кийиндиӊби? Ооруп каласыӊ» дей берчүсүӊ. Чын айтам, мындай камкордугуӊ мага аябай жакчу. Жарым саат акыбалымды сурабай койсоӊ асманым кулап, кызганып кетчүмүн. Мен сени катуу сүйдүм, кабагым кашым дебей ата-энемдин каршылыгына карабай сени менен турмуш курууга шаштым. Кыздар куру кыялдар менен эле болбогон жомокту өздөрү ойлоп таап алышат окшойт. Убакыт мени өзгөртүп салдыбы же менин жашоого болгон талаптарым өзгөрдүбү, билбейм. Бирок сенин коӊгурооӊ мени мурдагыдай бакытка бөлөп, ууртумда жылмаюу пайда кылбай калды. Сага азыр деле ойлонбой туруп «Жан, мен сени сүйөм, а сенчи?» дегениӊде, мен дагы «сени аябай сүйөм» деп жооп бере берем. А бирок көөдөнүм муздак бойдон. Бир кездеги алоолонгон сүйүү эмнеге өчүп калды? Дале түшүнбөйм. Бирок мен мурункудай күйүп-жанбай калдым. Бирок сени эмнегедир кыя албай койдум. Канча ирет сени менен коштошууга камынып, «экөөбүз эми чогуу боло албайбыз» деген сөздөрдү айта албай кала бердим. Жардам керек болсо дароо сага чалам, акча керек болсо, аны да сенден сурайм. А сен баштагыдай айланып-кагылып айтканымдын баарын аткара бересиӊ. Кээде сени жөн гана колдонуп жатканымды билип, боорум ооруп кетет. Эх, ушул менин ачыгын, туурасын бетке айта албаган мүнөзүм.
Мына азыр сенин номуруӊду терип жатып жүрөгүм баштагыдай дүкүлдөп, эмнегедир сени жоготуп алуудан чочулап турам. Жо-ок, чындыгына келгенде сени эмес, сенин камкордугуӊдан айрылуудан корктум. А балким, эртеӊ экөөбүздүн тагдырыбыз эки башка жолго түшөт. Жаным, мени кечиресиӊ, аны билем. Сен кек сактачу адамдардан эмессиӊ. Мени кечир!

Жазель
Нуркыз Курманбек кызы
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(14)
16.03.2015. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх кыздар. Ушундайсынар да анан
16.03.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акчасы көптүкү экпнсиң да
16.03.2015. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүйүү убакыттын өтүшү менен өчүп калышы мүмкүнбү..?
Сиз аны сүйбөсөңүз деле керек...
16.03.2015. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жон гана конуп калсаныз керекда ал адамга,негизи аны суйбойсуз, эх кандай бактылуусуз сизди суйгон ушундай адам бар экен неге баркына жетпейс э!?
16.03.2015. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Женил ойлуу, келечегин ойлобогон кыз го. Жигитин убактылуу пайдаланып.Ушундайлардын азабынан ажырашуу коп болууда.
17.03.2015. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир аз алыстап,мамиде кылбай корсон чын суйорунду же суйбосунду билесин.Мен эркек болсом да башымдан откон.
18.03.2015. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aslan_akjol89, айтып атпайбы озунду эмес колдоонду
жоготуудан корком деп,бул пери андан да капчыктуусуна жолугуп калса кете бергидей.
бизге эле кыйын негизи аял кишинин оюна карабай
коп адашабыз. (озумо да боорум ооруп кеттим).
17.03.2015. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо, сиздерге ушул сыяктуу нерселерди кантип жонотсо болот?
18.03.2015. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Venerochka, саламатсызбы!
lira@super.kg электрондук дарегине жөнөтсөңүз болот.
02.04.2015. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, кире албай жатам Супер!кантип кирем?
02.04.2015. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nargizka.kg, саламатсызбы!
Сиз биздин порталга кирип жатасыз ))
24.03.2015. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйуу деген андай болбойт. Бул сезим суйууго такыр окшош эмес.
02.04.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койгулачы балдар беш кол тен эмес да.
06.01.2016. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх суйуу суйуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо