Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«АЙЫМДАРДЫН ТАЙСОНУ» – РОНДА РОУЗИ

№645 13-март-19-март, 2015-ж

Көпчүлүк бул спортчуну дүйнөнүн азыркы таптагы эӊ сулуу жана күчтүү айымы деп белгилешет. Ал айым ММА (эрежесиз эр уруш ассоциациясы) чебери, учурдагы UFCнын (абсолюттук эр уруш чемпиондугу) жеӊилбес чемпиону, «айымдардын Тайсону» каймана атына ээ болгон Ронда Роузи.

РОНДА ТУУРАЛУУ

Аты-жөнү – Ронда Жин Роузи
Каймана аты – «Чуулгандуу», «Айымдардын Тайсону»
Туулган жылы – 1987-жыл, 1-февраль
Туулган жери – АКШ, Калифорния штаты
Бою – 170 сантиметр
Салмагы – 57 килограмм
Жетишкендиктери – Дзюдо боюнча жаштар арасында Дүйнө чемпиону, Пекин-2008 Олимпиадасынын коло медалчысы. Учурда жеӊил салмакта ММА чемпиону, UFC чемпиону. Айымдар арасында 3 жолу «Дүйнөнүн мыкты уруш чебери» деп табылган (2012, 2013, 2014).
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок

"МЭЙВЕЗЕРДИ САБАП КОЁМ" ДЕЙТ

  • 2013-жылы Сильвестр Сталлоненин «Ээ-жаа бербегендер-3» тасмасында роль жараткан. Ошондой эле ал быйылкы жылы көрсөтүлө турган «Форсаж-7» тасмасына да тартылган.
  • Ронданын «Бокс боюнча Дүйнө чемпиону Флойд Мэйвезер менен көчөдө урушсам, аны бат эле сабап коймокмун»,- деп айтканы бар. Буга жооп катары Флойд: «Роузи деген ким өзү?»- деген жооп кайтарган.
  • Сегиз бурчтукта өткөргөн 11 беттеш үчүн 25 мүнөт 21 секунда короткон. Орточо алганда Ронда ар бир беттешти 2 мүнөт 29 секундда жеӊиши менен аяктаган.
  • Чемпион кыз сүрөт тартканды жакшы көрөт. Айрыкча дельфинди көп тартат.

АТАСЫЗ ӨСКӨН
Ронда Роузинин балалыгы АКШнын Калифорния штатында өткөн. Атасынын өз жанын өзү кыйгандыгы оор залакасын тийгизип, Ронда турмуштун ачуу даамын жаштайынан эле сезип чоӊойгон. Дзюдо боюнча АКШдан чыккан алгачкы Дүйнө чемпиону (1984-жыл) болгон апасы Анна Мариянын тарбиясын көрүп чоӊойгон Ронда кичинесинен тарта дзюдо менен машыгып баштаган. Өзүнөн кийинки сиӊдиси Мария Бернс да спорттон алыс эмес, ал спорт журналисти.

СПОРТКО КЕЛИШИ
Ронда жаштайынан эле дүйнөгө таанымал спортчу болгусу келген. Ошондуктан бош убактысы машыгуу залында өтчү. Ал кыздарга тиешелүү эмес делген олуттуу уруш спортторуна кызыкчу. 17 жашында дзюдо боюнча жаштар арасында Олимпиадага катышып, алтын медалга ээ болгон. Ошондой эле дзюдо боюнча Дүйнө чемпиондуктарында коло жана күмүш байгенин ээси. Өжөр спортчу Пекин-2008 Олимпиадасында да коло медалды багындырган.

ТАТАМИДЕН СЕГИЗ БУРЧТУККА
Сулуу спортчу ММАга 2010-жылы келип, ушул убакытта 11 беттеш өткөргөн. Татамиден октагонго (эрежесиз уруш ринги – сегиз бурчтук) өткөн спортчу анын бардыгында жеӊишке жетишкен. Чемпиондук үчүн финалдык беттешке чейин атаандаштарынын баарын 1-раундда эле жеӊип алат. Мындан улам аны «айымдар Тайсону» деп да атап калышкан. Буга чейин болуп көрбөгөндөй көрүүчүлөр чогулган финалдык беттеште Ронда Мишель Тейтти жеӊип, жеӊил салмак боюнча UFC чемпиону аталат.

ЭМИ ЭРКЕКТЕР МЕНЕН СЕГИЗ БУРЧТУККА ЧЫГАБЫ?
Ушул жылдын 1-мартында Ронда Роузи кезектеги чемпиондук наамын коргоо үчүн Кэт Зингано менен беттеш өткөздү. Беттеш 17 миӊ көрүүчүнү чогултса, билет сатуудан түшкөн каражат 2,7 миллион АКШ долларын чапчыды.
Аталган беттеш 1 мүнөткө жетпей аяктады. Ронда Кэт Зинганого каршы 14 секунданын ичинде жеӊиштүү ыкмасын жасай алды. Бул UFCнын жаӊы рекорду. «Октагондо атаандаштарына чыныгы коркунуч туудурган Рондага айымдар арасында теӊ тайлашкан эч ким жок калды. Эми ал эркектер менен беттешке чыкса болчудай». Бул беттештен соӊ UFCда мындай сөздөр байма-бай айтылууда. Мындай сөздөргө өзү: «Мен өзүмө эч кандай чек койбойм. Ким менен беттешпейин, аны утууга бардык мүмкүнчүлүгүм жетет»,- деп тим болгон.

ЖЕКЕ ЖАШООСУ
Ронда жеке жашоосун дайым жашырып келет. Ал "ММА чебери менен эч качан мамиле түзбөйм" деген принципти карманат. Ошондой эле акыркы убактарда белгилүү тасмаларда да өзүн сынап келүүдө."Тасма айдыӊы мага жакты. Келечекте бул жаатка өзүмдү толугу менен арнайм",- деп айтат.

"Ээ-жаа бербегендер-3" жана "Форсаж-7" тасмасында роль жараткан Ронда тасма айдыӊындагы жолун ийгиликтүү түптөдү.

Өзүнөн олбурлуу эркекти да көтөрө чапчудай алы бар.
Кезектеги атаандашын "чыканак рычагына" салууда.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(19)
16.03.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Байкабай тийишип алсан эээ.
16.03.2015. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кызды аябай жакшы кором
16.03.2015. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кыз балага туура келбеген спорт
16.03.2015. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин Валентина Шевченкого салыш керек экен
17.03.2015. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин Айсулуу буну чабат
17.03.2015. 08:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эркектин бир муштуму, аяалдардын он муштуму.
17.03.2015. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Айсулуу менен уруштуруп коруш керек экен.
18.03.2015. 02:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХХ ХХХХ ХХХХ Дагы Накаут деген кинодо башкы каармандын ролун ойногон.Чынында кыйын мушташат.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-18 10:42:12
18.03.2015. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Amantur., chyngyz-KG, саламатсыздарбы?
Маалымат такталган. Ката кеткен эмес. Рахмат!
19.03.2015. 05:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айсулууну бир уруп тушуруп коетко дейм
19.03.2015. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунор ойлосонор Айсулууну Кыргызстанда эле таанышса керек.А бул дуйно чемпиону болуп атпайбы ага тен келчу эч ким жок деп.Анан келип келип Айсулуудан женилгенин элестеткиле.
20.03.2015. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айсулуу муну бир уруп жыгытса, дароо Дүйнө чемпиону аталмак! Кана ошондой болсо...
20.03.2015. 10:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
стоянщик эже урууп-уруп, анан тескери карп суйлонуп кетип калат
20.03.2015. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Айсулуу ким озу???
20.03.2015. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуу деген ким ?
21.03.2015. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айсулуунун ким экенин билбейсинерби? Айсулуу Тыныбекова деген борчик кыз. Эл аралык таймаштарда кыргыздын намысын коргоп келатат. Ошону билбесенер.
21.03.2015. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
вааау эркек балдарды которуп чабатго чиркин. Ушундай охранан болсо барбы
21.03.2015. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сайкалган окшоп кетет экен.
22.03.2015. 05:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаа :D
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо