Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Тынчтыкбек Бугучиев, режиссёр: «ҮЙЛӨНӨМ ДЕГЕН АКЧАМА КИНО ТАРТТЫМ»

№645 13-март-19-март, 2015-ж

Кинотеатрлар сыртында түрдүү тасмалардын афишасы илинип турат. Улам бир жаӊы кино тартылып, ал өз күйөрмандарын табууда. «Соолуган гүлдөр-2» тасмасынын режиссёру Тынчтыкбек Бугучиев аталган кинону көргөн көрүүчү турмуштун анык чындыгын көрөт деген оюн ортого салды.

Режиссёру – Тынчтыкбек Бугучиев
Сценаристи – Тынчтыкбек Бугучиев
Жанры – Мистика
Оператору – Нурбек Мамбетисаев
Башкы ролдордо – Айнура Акылбекова, Канат Абдрахманов, Медер Жанбейишов, Ажара Рахманова, Ален Турдубаев, Айдар Жээнкулов.
Тасманын узактыгы – 1саат 26 мүнөт

– Бул фильмди эмне үчүн «Соолуган гүлдөр-2» деп атадыӊыз?
– Мындан 8 жыл мурун, экинчи курста окуп жүргөнүмдө досум Азат Жакыпов экөөбүз «Соолуган гүлдөр» тасмасын тартканбыз. Ал кезде кино тармагына сүӊгүп кире элек кезибиз. Бул тасмада айтайын деген негизги ой – адамды коом тарбиялабаса, бир адам тарбиялай албайт. Адамды адамдар басынтат, адамдар тарбиялайт деген ойду берейин дегенбиз. Тасма өз убагында көптөгөн күйөрмандарды топтой алды. Прокатка чыкканда көрүүчүлөрдүн аягы 3 айга чейин суюлган жок. Алардан «экинчисин улантып тартсаӊар жакшы болот эле» деген сунуштар түштү. Ошондуктан экинчи бөлүмүн тартууга белсендик.
– Бул тасмаӊызды элдин сунушун эске алып эле тарттыӊызбы же кинодон акча жакшы түшөт деп каражат табууга басым жасадыӊызбы?
– Азыр акчадан качкандар болбосо керек (күлүп). Бирок биздин биринчи максат – «Соолуган гүлдөр» тасмасынын кү­йөрмандарынын өтүнүчүн атка­руу болду. 2-бөлүгүн жөн гана тартып койбостон, азыркы учурда актуалдуу болгон маселени көтөрдүк. Жаш өспүрүмдөргө болгон зордук-зомбулукту токтотуу, коррупцияга каршы күрөш сыяктуу көйгөйлөрдү чагылдырдык. Коомубуздагы чектен чыккан адамдардын образын тасма аркылуу көрсөтүп, коомго андай адамдар керекпи деген суроону көрүүчүлөргө узаттык.
– Актёрлорду тандоодо эмнесине көӊүл бөлдүӊүз?
– Бул тасманын жанры өз­гөчө болгондугуна байланыштуу, кылдаттык менен тандоого туура келди. Тасма тартууда дасыккан актёрлорду тартууга басым кылып, актёрдук билими барлар менен иштедим. Себеби алар менен иштөө ар дайым ырахат тартуулайт.
– Кино тартылып бүттү. Тартардын алдында койгон максатыӊызга жеттиӊизби?
– Кудайга шүгүр, элге көр­гөзүлө баштады. Атамдын колукту алып берем деген акчасын киного жумшап койдум эле (күлүп). Эӊ негизгиси эми атамдан «сөгүш» укпашым керек. Кинодон көрөрмандар ырахат алып, тарбия алышса максатыма жеткен болом.
– Көрөрмандардан кандай сын-пикирлерди уктуӊуз?
– Сын укканга караганда ыраазычылык айтып, «жакшы» деген сөздөрдү көп угуп жатам. Телефон аркылуу да алкыш айткандар жок эмес. «Дешёвый кино экен» деп орусчалап урушкандары да жок эмес. Мен аларга, «демек, биздин жашоо дешёвый, биз болгону жашоого күзгү тосуп, кайра тасма аркылуу көргөзүп бердик» деп жооп бердим.
– Тасмаӊызды башка кинолордон эмнеси менен айырмаланат деп айта аласыз?
– Башка тасмадагыдай бул тас­мада сүйүү жок, турмуш чын­дыгы чагылдырылган. Кө­рүү­чүлөрдүн 70 пайызы ыйлап чыгып жатышат. Себеби тасмада жү­рөккө жете турган турмуш чын­дыгында­гы көрүнүштөр бар. «Кыргыз ки­носун көрүп ыйлайм деп ой­логон эмесмин» деп бет аарчысы менен көзүн аарчып чыккан көрүүчүлөрдү көрүп, «тасма жаман эмес тура» деп ичимден кудуӊдап калам.
– Кеп соӊунда сизге эки ооз эркин сөз...
– «Соолуган гүлдөр-2» тасма­сы бардык муунга ыла­йык­таш­тырылып тартылган. Эӊ кы­зыгы, кинону көрүп жатканда аялзаты эле эмес, эркектер да ыйлашат. «Мен такыр ыйлабайм» деген досум келип, көзүнө жаш алганын көрдүм. Демек, тасма таасирдүү чыккан. Андыктан келип «Соолуган гүлдөр-2» тасмасын көрүп кетиӊиздер.

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
16.03.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тынчтыкбек азамат сага ийгилик каалайм. Аыйлдаш эжен.
16.03.2015. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик каалаймын Агай!!!Мыкты кинолорду жаратып журо бериниз.Кинодон тушкон каражатка уйлонунуз эми,аныда "Соолуган гулдор 3"-ко иштетип салбаныз.
21.03.2015. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кинодон көрөрмандар ырахат алып, тарбия алышса максатыма жеткен болом"...

Жанры мистика экен, а мистикадан рахат алса болобу...
20.11.2015. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азат Жакыпов жонундо да жазгылачы
20.11.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
naryn94, ал ким?
15.10.2019. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азат Жакыпов жонундо качан жазасынар
15.10.2019. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
EEsennnn, саламатсызбы! Сунушуңузга рахмат, тиешелүү бөлүмгө жеткирилди.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо