10 МҮНӨТ КОЛ ЧАПТЫРГАН «ДЕМдин» ЖИГИТТЕРИ

№645 13-март-19-март, 2015-ж

Аталышы – «Айымдардын майрамына карата»
Өткөн күндөрү – 7-8-9-март (8-март күнү)
Өткөн жери – Кыргыз улуттук академиялык драма театры
Башталышы – 19:00
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы (туруп көргөндөр да болду)
Билет баасы500 сом

Афишада жазылгандай концерт 19:00дө башталды. Бул театр­дын филармонияныкындай ички тартибинен улам болсо керек деп ишенбей жаттым. Себеби маданият чөйрөсүндөгү ырчы-чоорчуларыбыз концерттерин сөзсүз кечигип баштап бизди көндүрүп коюшкан. Сахнанын жасалгасын жупуну деп айтар элем. Картондон кесилип илинген «Дем» деген жазуу менен картон эшиктер качан түшүп кетет экен деп коркуп отурдум. Жигиттердин талантына болсо кеп жок.
«Дем» театры башкалардан айырмаланып, пантомима менен көбүрөөк көрүүчүлөрдү тартат эмеспи. Бул ирет да мындай стилден көрүүчүлөр куру калышкан жок. Айтмакчы, театр­дын ачылганына быйыл 10 жыл толуп, концертин юбилейлик деп тартуулап жатышкан экен. Эски номерлерин кайталап койгондугун алып баруучу «күйөрмандарыбыз концерт болордо телефон чалып, эски номерлериӊерди коёсуӊарбы деп сурашат. Ошон­дуктан дайым кайталап келебиз» деп түшүндүрдү. Кон­цертти коштогон ырчылар Курал Чокоев, Кайрат Примбердиев, «Музаман» тобу болду. Жигиттердин баары жандуу үн менен ырдашты.
Эми кеп кезегин биздин залдагы көрүүчүлөргө бурсам. Деги качан концертте өзү­бүз­дү маданияттуу алып отурганды үй­рөнөбүз билбейм. Алпаруучу менен кошо жарышып көрүнгөн кепти сүйлөп, кыйкырып сын айтып жаткандар болду. Алпаруучу Кайрат Примбердиевди жарыялап кирип кетери менен «фонограмма менен ырдаба-а» деп бирөө кыйкырып да калды. Катарлардын ортолорунан темселеп ары-бери басып жүргөндөрү мындан көп. Кирип-чыга турган жумушу болсо концертке эмне келди дейм да. Айтор, залда элди карабайын дегеним менен, ушундай мүчүлүштүктөр көзүмө илине берип, 3 сааттык оюн-зоок кантип өткөнүн да билбей калдым. Ошентип майрамда көӊүл ачалы деп келген эл аягында туруп алып кол чаап, театрдын жигиттери 2 хорду катары менен ырдап бүткөнчө кетпей турушту.

Толик Сынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
16.03.2015. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Азаматсынар Камчыга уй болгон аябай жарашат экен.
16.03.2015. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eliza5566,
ээ уй дейсиз да,бука дебейсизби?:-)
17.03.2015. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Vegetrianka,суротту карасан розовый болуп эмчеги турат го.
16.03.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камчы сут акы да,таалантынаарга таазим байкелер,бар болунуздар
16.03.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Cонун жигиттер даааааа.
19.03.2015. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
камчыга уй болгон тынарга бука болгон жарашат
22.03.2015. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик ! АЗАМАТТАР
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо