АБДУМАЛИК КОНЦЕРТИНДЕ ЧЕРИН ЖАЗЫП АЛДЫ

№645 13-март-19-март, 2015-ж

Аталышы – «Арналат сага асылзат»
Өткөн күндөрү – 7-8-март (7-март күнү)
Өткөн жери – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Башталышы – 19:00 (билетте 18:00)
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Билет баасы 400-600 сом

Концерт 1 саат кечигип башталды. Абдумалик Шерматов ушунчалык сахнаны сагынган экен, ырдап бүтүп сахнадан кетип калбай, ар бир ырдаган ырчыны коштоп жанында бийлеп жатты. Ал эле эмес көрүүчүлөрдү да бийлетип жиберди. Абдумалик мырза учурдагы жеӊебиз менен сүйүү ырларын дуэт ырдады. Афишада жазылган Саламат Садыкова, Каныкей Эралиева, Гүлмира Рыспаева, Малика Шерматовалардын (Малика Дина) өзүн эмес, көлөкөсүн да көрө алган жокпуз. Алардын ордуна Абдумалик мырзанын бел­гилүү да, белгисиз да окуучулары ырдай баштады. Бир убакта көзүм илинип кетиптир. «Биз» тобу менен Бактияр Токторов «Буй-буй», «Адина» деген ырларын катыра ырдап уйкумду умачтай ачып жиберди. Ырчынын 50 жылдык юбилейин куттуктап Өзгөн жергесинен өкүлдөр чыгып ырчыга «Өзгөндүн ардактуу атуулу» деген наам беришти. Ырчынын устаты Нуркан Турсунбаев шакиртине арнаган ырын окуп берсе, депутат Жылдыз Жолдошева чыгып куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Айтор, куттук айткандардын баары эле «шок элеӊ, эми токтол, жок болуп кеттиӊ эле, эми бар бол» дешти. Байыш Момунов, Ильяз Абдыразаков, Данияр Эрматов, Ильяз Агыбай уулу чыгып таланттарын тартуулады. Айкөл Аликжанова эки ыр ырдап, үч тилде созду.
Чындыгында Абдумалик мырзаны 50 жашка чыкты деп эч ким айтпайт, дагы деле чуркап бийлеп, энергиясы ашып-ташканы көрүнүп турду. Кичинекей Бегимай менен «Балалыкты» ырдаганда кадимкидей 90-жылдарга барып келгендей толкунданып кеттим. Анан да «Кош жылдызды» ырдап, Динара менен популярдуу болуп турган кезди эске салды. Залдан «азыркы аялына караганда Динара жакшы ырдачу эле, ошол кош жылдыз бөлүнбөй сакталып калса сонун болмок» деген күбүр-шыбырларды кулагым чалып калды.
Билеттер аркылуу ойнотулган оюнда 6 уюлдук телефон, 1 айфон утушка коюлду. Концертти баштан-аяк «Абдумалик Шер» эстрадалык тобу коштоду. Эгерде Абдумалик мырза өлкөбүздө эмгектенсе ийгиликтерди жаратмак деген ой менен үйгө сапар алдым.

Толик Сынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(52)
16.03.2015. 11:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен perichteге кошулам жеке жашоосун талкуулабай, чыгармачылыгына баа беруу керек. Бул деген турмуш да..........
16.03.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Концертке коноктордун ырын укканы эмес,концерт койгон кишинин ырларын укканы барабыз да. Конок коп келсе анда да айтмакпыз "Ашар концерт"болду деп...
16.03.2015. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Динара айтыго Малика келбейт деп!Малика барып койсо болмок негизи атасы болбосо кайдан жаралмак эле озунун деле айткан созу барго маликанын атам болбосо мен кайдан деп!жаман да болсо атасы да!
16.03.2015. 13:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец Абдумалик аке Малика экообуздун тагдырыбыз окшоп кетет.мен да атам бизди бакпаганы учун куноолоп жургом.атам 2жыл мурун каза болду.азыр окуном.жашоо 5кундук.сый урматта журолучу пенделер.
16.03.2015. 15:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
А.Шерматов күчтүү уюштуруучу, таланттуу адам эле, бирок ал өзүндөгү ошол мүмкүнчүлүктөрүн, потенциалын туура пайдалана албай калды деп ойлойм. Болбосо мындан сонун ийгиликтерге, мындан сонун бийиктиктерге, атактуулукка жетмек болуш керек.Балким, жашоо шарты ошондой болуп калдыбы, же үй-бүлөлүк шарты себеп болдубу, бул адам талант катары өзүн толук ача албай калды окшойт...
17.03.2015. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ajar., Бул адамдын айланасында начар адамдар болуп калган убагында и ата эне бир тууган да коп роль ойнойт бул жерде ошол мезгилде айтып деген адам болгондо мынтип адашмак эмес болким.....
16.03.2015. 17:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ajar.Сиздин созунузго кошулам.Чынында ото таланттуу эле,Динара эже менен чогуу жургондо коп ийгиликтерге жетишкен.Бешенеси экен талантын анча туура пайдалана албады.Баары бир ийгилик каалайбыз!
16.03.2015. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ийгиликтерди жарата бериниз.
16.03.2015. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
90 % эл барганы кызык.Азыр тынбай ыр жаздырып иштеп жургондор деле 90 % аудиторияны аран чогултса керек.
17.03.2015. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
tokitok,ата журт тага журт каин журт 50 жаш тойго келсе керек да 30%болгондо 90%ке жеткендир да или каин журт 70%келсе керек
17.03.2015. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tokitok,ооба да, ошол 90% эл келбей калган ырчылар учун келген болуш керек. Динара Акулова келбеди бекен?
16.03.2015. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Малика атанды сыйлап барып койсон болмок,кандай болгон кундо да ал сенин Атан!Башка бироо сага эч качан ата болуп бере албайт,Динара туура эмес иш кылыптыр..."Айдай жузунду иттей кыялын бузуптур" дегендей.
16.03.2015. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Baktyar Toktorovdun biylegeni adamdy tiruloi olturat, oiunda ukmuw biylep jatam dese kerek brrrr
17.03.2015. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lolo, аябай зажигательно бийлейт го. мага бийлегени, аудиторияны озуно бура алгандыгы жагат
16.03.2015. 23:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосун корсок болобуу?! Супер инфо
17.03.2015. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Маликананын келиш келбеши Динара эжеге коз каранды ал апасынын айтканын кылса керек. Кыздын кандай тарбия алганы энеге байланышту.Динара эже туура эмес кылыптыр. Угушума караганда Динараныда сагнага алып чыккан Абдумалик экен
18.03.2015. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mama.i.synochka, Малика атам менен катташам деп интервью берген!ал азыр Малика Нью-Йорк то, балким бишкекте болсо катышмактыр. Бул жерде Динара эженин куноологонун кереги жок)Малика чонойгон эми кылышты озу билет
17.03.2015. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата жаман болсо да ата,бирок Абдумалик жаман адам эмес,Динара озу жылдыз болуп кеткен. ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-17 10:36:17
17.03.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
makwell, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болууну сунуштайм! Эскертүү!
17.03.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lolo, beka1207, саламатсызбы!
Жеке билдирүүлөрдү купуя менен жазыңыздар!
17.03.2015. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Малика Америкада го.Жакында эле кеткен.
17.03.2015. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдумалик Шерматовду корсом эле жиним келе берет мага жамандыгы деле жок го бирок баари бир жиним келе берет озунчо эле шуудундай берет
17.03.2015. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдымаликти Динара аркылуу тааныдык окшойт. Андан кетти анан жок болду да.
17.03.2015. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Өлө сөгөт элем эреже жол бербейтда. ХХХХ ХХХХ ХХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-17 14:21:43
17.03.2015. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kara_kulzha, далили жок кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
17.03.2015. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Толик сынчы,концерт корбой эле тегерегинердеги кубур шыбыр создорду андый берет окшойсуздар.
17.03.2015. 21:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Ушул Толик сынчыны коргонго эки козум торт, ушшунчалык коргонго куштармын.... :)
18.03.2015. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Толикти да сындап коюш керек экен.Концерт кызуу журуп жатса да,Толик сынчы газетага макала жаза тургансып,жанында турган кыз келиндерди элен элен карап алып бир нерселерди жазып жаткандай болду.Антрак болсо да Толик ордунан бир кыймылдап да койбоду.
18.03.2015. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Daanyshman Толиктин ордуна сизди шайлап коет окшойбуз,ха ха жазыпсыз го оло кулдум окуп алып.Ар ким колунан келишинче аракет кылат да.Шерматовдун таланты болгон учун ошончо эл чогулду,Динаранын голосу жакпайт,Малика акылдуу кыз экен оздорунун жашоосун оздору билет да жеке жашоосуна кийлигишпей эле коелу дегеним.
20.03.2015. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчы,бекеринен аты Толубай эместир)))
20.03.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчы деген Адам жок жон гана атап койгон билбейсинерби ушуну башкалар эле барат эко учо анан толик сынчы деп шылтап койот
20.03.2015. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Канча аялы бар болчу, азыр канчанчы ким билет ЫЯ?
20.03.2015. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
keno,сен да чыныгы кыргыз окшойсун,чукуганды жакшы коргон... Канча алса ошончо алсын, мандайга жазганын корот да, же эмне аялынды жоготуп таппай журосунбу.....???????????
21.03.2015. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче, Динара эженин Динара болушуна Абдумалик байкенин да салымы бар. Эжеде үн бар, ал турган кеп. Динара эженин чыгармачылыгынын гүлдөгөн доору ушул инсан менен жашап жүргөн мезгилге туш келет го деп ойлойм, концерттер, биринин артынан бири...
21.03.2015. 01:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен булардын өзбектердин кадимки "Ялла" тобу менен биргеликте койгон концертине баргам. Ошол топту деле Кыргызстанга Абдумалик байке алып келди да, азыр эсимде жок, андан бери "Ялла" Кыргызстанга келдиби, келген жокпу. Булардын арты менен "Ялланы" көрүп алыптырмын да... Андан сырткары Жаныш, Байыш Момуновдор өзүнчө тема...
21.03.2015. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондуктан эмгекти баалай деле жүргөн жакшы го деп ойлойм. Абдумалик байкенин дагы бир өнөрү бар, андан мыкты актёр чыкмак. Кайсы фильмдер экенин эстей албай жатам, тасмаларга да тартылган, анда жаш, супсулуу эле...
Эми деле кеч эмес го, анткени эр ортону 50 жаш да... Кутман курагыңыз кут болсун!
21.03.2015. 10:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдумалик Шерматов кучтуу тарбиячы экенин моюнга алсак болот. Бирок Беш жылдыз, Кош жылдыз тобу м.н гастролдоп жургондо кечирилгис иш кылышкан. Айтып жамандагым келген жок бирок Шерматов байке тагдыр жолуктурса сак койбойбуз сизди.
23.03.2015. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
merinargiz, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. 20 күн БАН!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо