№645 13-март-19-март, 2015-ж
«Style Mix» триосунун мүчөлөрү Адилет менен Илиманын ортосунда эмне бар? Бул суроо акыркы учурда чыгармачыл жаштардын арасында дуу этти көрүнөт. Анын үстүнө Илима да «Эӊ мыктысы меники, эч кимге бербейм!» деп Адилет экөөнүн сүрөттөрүн WhatsApp`ка илип койгон. Көпчүлүк кечелерде жетелешип жүрүшкөн жаштардын өздөрүнөн тактоо максатында Илимага байланышсак, трубканы Адилет алып төмөнкүдөй жооп узатты:
– Бул нерсени кимдер ойлоп табышканын билбейм, бирок биз бир туугандай эле болуп жүрөбүз да. Мен анын табитиндеги жигит болбосом керек. Илиманы кээде мен, кээде Талас деле жетелеп калат, бирок бул сүйлөшөт дегенди билдирбейт да. А тиги статусту ойноп эле жазып койгон го, тамашалайын деп.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Ырлары:
http://www.super.kg/media/?search_term=издөө...&search_author=1059&media_search=1&x=9&y=9