КАЙНЕНЕГЕ КАНТИП ЖАГУУ КЕРЕК?

№646 20-март-26-март, 2015-ж

Түгөйлөрдүн ажырашууларынын себептери катары жакырчылык, жаштардын жеӊил ойлуулугу, турмушка чыдамынын жоктугу сыяктуу мисалдарды санап келебиз. Ал эми кайсы бир деӊгээлде үй-бүлөнүн бузулушуна кайнене менен келиндин ортосундагы тирешүү да себепкер дегендер бар. Мына ушул кайнене менен келиндин ортосундагы түшүнбөстүк, ага эмнелер себеп жана бул кырдаалдан кантип чыгуу керек экендигин белгилүү инсандар кеп кылып, кеӊеш беришмекчи.

Гүлсүн Мамашева, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «КАЙНЕНЕДЕН КӨП ЭЛЕ КОРДУК КӨРГӨМ»
– Кыргызда кайнене менен келиндин канга сиӊген тиреши бар. Бул көндүм нерсени жокко чыгаруу ар бир адамдын өзүнөн. Мисалы, мен катаал кайненеге туш болуп, учурунда кордукту болушунча эле көргөн келинмин. Бирок ошол нерсени сөзсүз эле колуӊа келген келинден чыгарып алуу милдет эмес да. «Келиндин келгендегиси эч эсинен кетпейт» дейт. Уулдарым шаардык кыздарды алып, анча-мынча кыргызчылыкка маани бербеген келиндерге туш болдум. Кайненемден көргөн катаал мамиле көкөйдөн кете элек болгондуктанбы, келиндеримди «ары тур, бери тур» деп тескеген деле жокмун. Бирок жакшынакай, кезеги келген жерде жоолуктарын башынан түшүрбөгөн кыргыз кыздары, кыргыз келиндери кылып тарбиялап алдым десем болот. Жаӊы келген келинге сенин жаныӊдай көргөн уулуӊ аманат. Анын курсагын тойгузуп, кийимин жууп, наристе жытына бөлөй турган да ошол келин экенин мурдараак ойлонуш керек.

Гүлзат Байзакова, ырчы: «КАЙНЕНЕМЕ КАРАГАНДА АПАМДЫН ТАРБИЯСЫ КАТУУ ЭКЕН»
– Кыз бала байкуш бир үй-бүлөдөн таптакыр башка мыйзамдар менен жашаган экинчи үй-бүлөгө барып бүлө болот экен. Менин бактыма жараша, кайненем жумшак, мүнөзү жакшы адам болуп чыкты. Ар бир эле эне турмушка узап жаткан кызды «сөөгүӊ ошол үйдөн чыксын, эки жакты кагыштырып, көз жашыӊды көлдөтүп ыйлап келбе» деп кетирет. Анын сыӊары, кайненемдин каарына караганда өз апам катуураак экен деп салыштырып да жүрдүм. Анткени апам бизди укмуштай катуу кармап, турмушка бышырып тарбиялаган. Анын бул тарбиясы менин кайын журтума бат сиӊишип, ошол жактын кишиси болуп кетүүмө түрткү болду. Келин болгонго чейин кыз өз үйүнөн туура тарбия алып узаса эле маселе жаралбайт дегенди айтар элем.
Кудайга шүгүр, кайнененин каарына кабылган келин деп өзүмдү эсептебейм. Апабыз биздин колдо, азыр деле ысык чайымды берип келиндик милдетимди аткарып жаткан учурум. Анан казан-аягы такыр эле кагышкан эмеспи деп да ойлошпосун, эгер ич ара таарынышуу болуп калса, андай жерлерден кулагымды жапырып, унчукпай кутулган күндөрүм деле болгон. Мен дагы жумшак болсом керек дей берем. Себеби келин келген жерине окшоп калат дешет. Мындан улам "кайнененин камырынан" деген сөздүн кынтыксыз чындыгы бар.


Мээрим Карыпова, ырчы: «КАЙНЕНЕНИН БААРЫ ЭЛЕ КАРЫГАН БОЛОТ ГО ДЕП ОЙЛОЧУМУН»
– Турмушка чыкканыма 12 жылдын жүзү болду. Мен келин болуп келгенде жолдошумдун апасы жапжаш аял экен. Башыма жоолук салып, бетимен өөп жатса эле «качан карыган апа келип ырымын кылып кетет болду экен?» дей бериптирмин. Оюмда кайнененин баарын эле карып калган чоӊ апа болот деп элестете берчү экенмин. Келин болуп келген жаш кыздарга айтар кеӊешим, кандай гана кырдаал болбосун унчукпай жеӊгенге аракет кылышы керек.
«Унчукпаган адам тоодой балээден кутулуптур» дегендей, жаӊы келген келин үй-бүлөнүн ички шарттарына көнгүчө өзүм билемдик кылып ашыкча сүйлөп, тастаӊдап кайненеси менен айтышканы туура эмес. Кыргызда жакшы кеп бар «тилиӊди жутуп ал» деген. Дээрлик 5 жыл унчукпай чыдап кой. Ал арада Кудай туяк берсе бала-бакыралуу болуп, үлгүлүү жүрүм-турум менен кайын журт ичинде кадыр-баркка ээ болосуӊ. Баарын зымга тизгендей жасап, кынтыксыз иш кылып жатсаӊ, кантип эле кайненеӊ кылдан кыйкым издей берсин? Эгер кемчилик издегенине туш болсоӊ, жөн гана унчукпай кутулган адам жеӊишке жетишет демекчимин.

Психологдун кеӊеши
Психолог Нурзада Маямерова кайнене-келин маселеси боюнча кеӊеш берет:
«КАЙНЕНЕ – КЕЛИНДИН, КЕЛИН – КАЙНЕНЕНИН КҮЗГҮСҮ»
– Бир эле кайнене менен келиндин ортосундагы эмес, адам менен адамдын ортосундагы тил табышуунун өзү оор кубулуш. Эгер кайнене келининен оркойгон кемчиликтерди көрүп жатса, анда алгач ушул кемчиликтер өзүндө жокпу, ошону анализдеп алышы керек. Ушундан улам кайнене келиндин, келин кайнененин күзгүсү деген бүтүмгө келсек болот.
Келин-кайнене мамилесине мисал катары көпчүлүк арасында айтылып жүргөн накыл сөздү айта кетсем. Бир келин кайненесинен кутулуу максатында чөп дары жасаган акылманга келет да, андан уу чөп берүүсүн суранат. Анда акылман: «Мейли, мен сага уу жасап берейин. Ар бир берген тамагыӊа кошуп кайненеӊе ичире бер. Бирок кайненеӊдин ууланып өлгөнүн эл сенден шек санабасы үчүн колуӊдан келишинче жакшы мамиле жасап, айтканын аткарып, аны менен болгон мамилеӊди жөнгө сал» деп жиберет. Келин акылмандын айтканын аткарып, тамагына уу чөптү кошуп бере берет. Убакыттын өтүшү менен келин кайненеси жакшы адам экенине ынанып, аны жакшы көрүп калат. Эми берип жүргөн уу чөбүнө сарсанаа болуп, ууну кайтара турган дары сурап баягы акылманга кайра барат. Акылман ошондо «күнөө кимден кетип жатканын жакшы түшүндүӊ болуш керек. Ал уу эмес, дары чөп болчу. Мен аны менен сенин жүрөгүӊдөгү ууну чыгарып салдым» деп жооп берет.
Ушундан улам кайда болбосун адамды адам кылып кармап турган сапат – сылык мамиле экенин түшүндүӊүздөр болуш керек.

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg


Кайненеге кантип жагуу керек?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  13 
Комментарийлер(57)
24.03.2015. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Менин оюм боюнча бир уйдон экинчи уйго барган келинге кайын эне, кайын журт бир аз оюна коюп турса, анткени бир мамлекеттен экинчисине барганда мыйзамдары башка сыяктуу, уй булоодо деле ошондой да, кыз маалындагы уйундун озунун мыйзамдары бар, болгону адаптация(конуп кеткенге чейин)болуп кеткенге чейин келинди колдоп коюу гана керек. Анан кааласа каалашбаса деле ошол уйдун законун аткарат келин деген.
24.03.2015. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулсун мамшова Алтынай нарбаевага окшошпу? Жакшы макала болуптур
24.03.2015. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечиресинер Мамашова
24.03.2015. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кайненем алтын адам мына быйыл беш жылдын жузу болду бир да жаман жакшы айтышпадык. Мени кызындай корот...анткени экообуздун окшош жактарыбыз абдан коп
24.03.2015. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
"Келин жаман эмес, келиндин келген жери жаман" деген сөз бар кыргызда. Андыктан ар бир үй-бүлө келин келгенде өз кызындай кабыл алып, өз мыйзамдарына акырындык менен көндүрүү керек, жыла-жыла сүйлөп. Ошондо баары ойдогудай болот. Көп эле байкайм, айрым кайненелер кыздары менен ушакташып отурушат, келин байкуш өзү жалгыз ашканада жүрөт баласы этегине жабышып. Мындай учурда кайнене кыздарына тургула жардам бергиле, анан чогуу отуралы деп келинди да өз үйүрүнө кошушу керек.
24.03.2015. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
deva, menin kainenem dele jakshy, birok ushundai uchur kop bolot :stol dayardap baary oturgandan kiyin bashtalat da daarylarymy alyp berip koichu,muzdak suu berip koichu,dagy chai koiup koichu,i.t.d. Anan chetten ichip butkon idishterin jyimai. Salgan tamagyn da muzdap appetit da olot. El turup ketkenden kiyin ichkin da kelbei kalat.
25.03.2015. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
seed, Кызык адамсыз го))) Ошолорду айттырбай кылсаңыз эмне болот? Тамака чейин өзүңүз билип даярдап коюңуз, ошону да проблема кылып албай))
30.03.2015. 05:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
lazygirl, сиз турмушка чыга элек окшойсуз, биринчи турмушка чыгып тороп баланызга туура тарбия берип, куйоонузго жылуу мамиле кылып, анын да конулун баардык жактан алып, уй оокатына да жетишип, анан алардан башка кайнене, кайнеже, кайнысинди, кайын инилеринизге да кызматынызды жакшы алып барсаныз, созунуз туура, бирок башыныздан отпосо айтуу кыйын да. Сиз бул жерде жаштык менен билбей айтып жатсаныз керек деп ойлойм
27.03.2015. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
seed,кыргыздардын тушунугу боюнча келин - бесплатная прислуга :( малайындай гана жумшашат го чиркин... коооооп келиндерге боорум ооруйт да...
30.09.2015. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
deva,туура айтасын копчулук кайненелер кыздары келгенде келинди чекеге койуп оздорунчо болуп калышат
24.03.2015. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бала кезден бери тилеп келгенмин Кудайга шугур жакшы кайненеге туш болдум. баласы бир аз кызганчаак, тарынышып калсак коп насаат созун айтып тез эле элдештирип коет
24.03.2015. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Комментарийдин тексти унчукпасан тилин жутуп.. алганбы жооп бербей дейт:)).жооп берсен акаарат айтасын дейт, кыскасы эмне кылсан да жибибей турган кайненелер бар...
18.06.2015. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
zirek.kyz,хахаха Эн туура негизгиси ынсап берсин ар бир адамга,бул ото туура соз ар кандай кайнэне болот мунозуну карап туруп ошого жараша мамиле кыла бериш керек,канткенде ага жагасын канткенде ага жакпайсын билип каласында баарыбир,сылык мамиле кылгандан адам олбойт,ага андай мамиле жакпаса, аш койгон жерде аш таш койгон жерде таш койуп койо бериш керек,Кээ бир кайнэнеге стервалар жагат унчукпай калат!
25.03.2015. 08:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nenin jigitimda jalgyz uul,jakynda turmuw kurabyz dep jatabyz.Anan menda kainene kaiyn sindi kaineje degenderden korkup jatam.1 karyndawy 2 ejesi bar
Медиа-портал
25.03.2015. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ылайым баарыбызга жакшы кайын журт насип кылсын Кудайым
25.03.2015. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайын эненин камырынан деген жакшы соз барго.Кайын эне кандай болсо кийин келини деле ошондой кайын эне болот.Кудайым баардык кыздарга жакшы кайын эне туш кылсын.
26.03.2015. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurizka..,мен буга макул эмесмин,Анткени менин мамамдын кайненеси вампир болчу, а мамам оз келинине андайдын бирин да корсотуп коргон эмес.Кудайга шугур келинибиз мамамдай жакшы адам.
25.03.2015. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен тарбиянын кобун салт санааны кайненемден уйрондум десем болот. Башында коп еле тушунбостуктор жаралышы мумкун бирок чыдап койсо баары ордуна келет. Мен да коп учурда унчукпай кутулган кундопум болгон азыр кудайга шугур баары жакшы. бир тоок сойсо да чакырат келип кет деп
26.03.2015. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кайненеме жаккым да келбейт
26.03.2015. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кайын энем жакшы адам суйуном ушундай кайын энеге туш болгонума ))
26.03.2015. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lazygirl.tuura jazyptyrsyn.kyrgyzda kelme kezek degen bar.kainenenerge kandai mamile kylsanar owonu kelininerden korosunor
26.03.2015. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайненелер ар кандай болот. Жакшы адам болсо не кылба баары жагат. А начар адам болсоо асмандагы жылдызды алып берсен да жактыра бербейт. Мен тытынып жакшы же жаман коруном деп убара болгум келбейт.Мага кандай мамиле кылса мен да ошондой мамиле кылам. Баарынан да куйон озуу тушунукту жана таразачыл болушу керек.
26.03.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламатсынар тан калсанар керек мен келин емесмин куйоомун. Биз аялым екобуз жашаганыбызга 3 жыл болду 2 кызыбыз бар бирок апам менен келинчегим еч еле келише албай койуштуу.Мен уйдо жалгыз уулмун болунуп башка жака чыгып кете албайм емне кылышым керек.
26.03.2015. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
munar_85,Сизге айтаарым, 3жыл мурун жолуккан адамыныз учун, 9ай толготуп, омурткасын сыздатып, сиздин амандыгынызды тилеп келген апанызды эч качан таштабаныз, аялынызды ыйманга чакырыныз жана экоонун мамилеси жакшы болушун кудайдан сураныз
26.03.2015. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
munar_85, тан калбайбыз. Демейде жалгыз уул болуу кыйын ага дубай болуу андан да кыйын. Мен эненди же келипчегинди танда дей албайм. Экооно тен бирдей бол калыс бол. Апан сени 49 мууру сыздап тороп не бир уму менен чонойткон. Ал эми келинчегип болсо сенин келечегин болгон балдардын энеси.... демек, жалгыз уулга кыйып болот дегени ушу деп коет.
28.03.2015. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
munar_85,Сиз уйдогу болуп жаткан пикир келишпестиктин себебин,жообун билууго аракет кылыныз.Бул жерде бир жактуу кароонун кереги жок.Анан жагдайга карап туура жол тандайсыз деген жакшы тилегим бар.Бактылуу болунуздар!!!
SUPER.KG видео
26.03.2015. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин өзумдун апамдай кайненем болгондо жакшыле деп өкунөм, менин кайненемдин тили эки карыш...
26.03.2015. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен кайненен келинин оз кызындай коро алат дегенден алысмын,мага кошулгандар барбы?7жылдан бери ушуга козум жетип келатат.меники ото катуу жана ото эле сурдуу.а мен ото жоошмун,унчукпай эле женип келатам.
27.03.2015. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Unchukpai kutulgula deyin desen kelinder bar kaiyn enesin urmattabagan jana kaiyn eneler bar kelinin jaman korgon. Bilbeim keede joow kaiyn enege tilduu, tilduu kaiyn enege joow kelin uchurait degenge kowulup ketsembi deimda sebebi kop ele kordum )))
27.03.2015. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин дагы кайненем тузук эле адам ,башында жаштык кылып озумон кетчи экенда.
28.03.2015. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кайненеге мамиле кылуу,келиндин озунун жеке туюмуна жараша болот деген ойдомун.Чыдоо керек деген бул жон гана айтылган соз.Кээ бир кайненелер унчукпай койгондо башына ого бетер чыгып алгандар да кездешпей койбойт.Бул соз мн мен сыйлабайм..айтышам деген ойду айткым келген жок.Мен сыйлап оз келиндик милдетимди ашыгы мн аткарууга дайым аракетимди жумшап келем.Ошондо да келишпестиктер жаралса...унчукпай эмес..унчуккан учурлар жардам берген учурлар да кездешет.Келин да бироонун эрке кызы.
29.03.2015. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайнененем кандай десем. ортоо десем жанылышпаймын коп нерселерди туура эмес суйлоп журогумду ооруткан. Бирок жаман айткан эмесмин кулуп кутулам. Ошого дагы куйоом аябай сыйлайт
29.03.2015. 18:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайнэне эч качан оз апа болуп бербейт, келин эч качан кызындай болбойт дене илгерки кепти унутпагыла демекчимин.
01.11.2015. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin kaiinenem kuioomdun kozuncho jakshy suilop , koshunalaryna abylsyndaryna jamandai berchi
02.12.2015. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кыз кезимде кудайдан тидейт элем бешенеме жумшак кайнене туш болсо экен деп-тилегим орундадды кайненем экообуз тим эле эне баладайбыз анын устуно уй-будодо чон келинмин быйыд бизди болгону жатышат кичине кайним уйдонот а менин бодунгум кедбейт анткени ал уй менин куттуу уйум ошод уйго барып бакыт табып куйоом экообуз 2уулдуу болдук кыскасы менин кайненем эн жакшы
19.12.2016. 15:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин кайненем алтын адам,келин болуп келгени бетиме же элдин козунчо "косяктарымды"айтып каарын токкон жок!(токпой эле койсун мындан аары да)бироону мисал кылып акырын акыл -насаатын айтат.Баардык нерсени кенешем,надо будет ушакташып отура беребиз
19.04.2018. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоодо канча адам бо бири бирине пейилдери окшобойт мен кайненемди жамандагым келбейт .кайнене мн жашаганыма10 жылдын жузу болду эч тил табыша албадым мени жумшаганда ар дайым муну кылбадынбы кочодо калган тигини кылбадынбы бети жок мал деп суйлогондон тажабайт ата энем жоош туура конулдогу адамдар мен ушундай жаман создордон тажадым 3 балам бар эмне кылсам болот акыр аягы сабырым тугоду туну эч уктаялбай кыйналам кулагыма создору жаныра берет жадагалса "ж"деп да айтат куйоом бо эч
19.04.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дуйнодо канча адам болсо характери да ошончо турдуу болот экен мен кайненем менен жашаганыма 10жылдын жузу болду эч боор тартып суйлоштун ордуна муну кылбадынбы бети жок тигини кылбадынбы кочодо калган "ж" деп тилдейт ары бассам былтык бери бассам тылтык корооодогу мал деп суйлойт акыры сабырым да тугоду чыдмым кетти кечинде эч уктаялбайм басырыкбасып кулагыма создору жаныра берет куйоом болсо канырыгы ичинде тутойт унчукпайт элге окшоп агорот карап мал карабайбыз ишибиз деле аз
19.04.2018. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы болуу аста ата
19.04.2018. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайненем кудайга шугур жакшы адам. 10 жыл болуп калды турмушка чыкканыма. Бир да жолу урушкан эмес.кабагында буркогон эмес.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо