Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СПОРТ ОРДОСУНДАГЫ «ТҮНКҮ НОКАУТТАР»

№646 20-март-26-март, 2015-ж

15-март күнү борбор калаабыздагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда эрежесиз эр уруштун «Эр таймаш ММА» версиясы боюнча эл аралык ири мелдеш болуп өттү. Анда биздин өлкөнүн мушкерлеринен сырткары Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Орусия жана Грузия өлкөлөрүнөн келген 26 спортчунун катышуусунда 13 беттеш орун алды.
Бул беттештер бардыгын камтыды: айыгышкан салгылашуулар жана бири-биринен кем калбаган атаандаштар, фавориттердин жеӊилиши, күтүлбөгөн жыйынтыктар, Спорт Ордосуна батпай калган күйөрмандар жана анын ичиндеги «бомба»...

КҮНДҮН БЕТТЕШИ БОЛБОЙ КАЛДЫ
Дүйнөлүк Эр таймаш федерациясы (World Ertaymash Federation) тарабынан экинчи жолу өткөрүлүп жаткан «Эр таймаш ММА» беттештери «Түнкү нокауттар» аталышта болорун айтып өттү аталган федерациянын президенти Руслан Кыдырмышев.
– WEF боюнча алгачкы мелдешти өткөргөн соӊ бул беттешке катышам дегендер көп болуп жатат. Ошондуктан катышуучулардын көптүгүнөн тандалма беттештерди да өткөрүүгө туура келди. «Түнкү нокауттар» аталышындагы бул мелдештин алкагында жалпы 13 беттештин сегизи рейтингдик болсо, калган беши олуттуу мүнөздөгү супербеттештер десек болот. Ал эми күндүн беттеши деп айтылып жаткан Бакыт Бекбоев менен грузиялык Нодар Кудукашвилинин ортосундагы кармаш грузиялык спортчунун жаракатына байланыштуу өткөрүлбөй калды.

«БОМБАНЫН» АЙЫНАН МЕЛДЕШ КИЙИНКИ КҮНГӨ ЖЫЛДЫРЫЛДЫ
Беттештер болот деген 14-март күнү Спорт Ордосу күйөрмандарга жык толуп, спортчулар акыркы даярдыктарын көрүп бүтүшкөн кез эле. Дал ушул маалда «имараттын ичине жарылуучу зат катылган» деген маалымат түшүп, андагы элдер эвакуацияланды. Спорт Ордосу укук коргоо кызматкерлери тарабынан текшерилип, бактыга жараша эч кандай жарылуучу зат табылган жок. Бир адамдын жосунсуз жоругунун айынан убара тарткан күйөрмандар нааразы болушту. Мелдештин уюштуруучуларынын бири Эмил Токтогонов спорт күйөрмандарын кийинки күнгө чакырганга аргасыз болду.

МИРЛАН УТУЛУП, ТИЛЕК ЖЕӉДИ
Эртеси күнү Эр таймаштар алгач рейтингдик беттештерден башталды. Күйөрмандар тынымсыз кол чаап, жергиликтүү мушкерлер ийгиликтүү ыкма колдонгондо залда кыйкырык жаӊырган бул мелдеште кыргыз спортчуларынан утканы да, утулганы да болду. Аталган мелдештин «көпөлөктөрү» 66 килограмм салмактагы Тилек Батыров менен тажикстандык Сухроб Айдарбековдун таймашы чеберчиликке бай беттеш болду. Жыйынтыгында Тилек ийгиликтүү ыкма колдонуу менен жеӊишке жетишти.
Күндүн эӊ күтүүсүз жеӊилүүлөрүнүн бири – 70 килограмм салмактагы мушкер Мирлан Асековдун утулганы болду. Көп убакыттан бери мындай ири мелдештерде көрүнбөй келген спортчу грузиялык атаандашына жеӊилип калды. Грузиялыктын узакка созулган чабуулунан кийин калыс беттешти токтотуп, Мирлан беттешти андан ары уланта алган жок.
Бардык беттештер чогулган элдин купулуна толду десек жарашчудай. Өзгөчө мекендешибиз Рамазан Никарамазановдун орусиялык атаандашын алгач муунтуу ыкмасы менен жыгып, кошумча сокку узатуу менен эсин оодарды.

ДӨӨЛӨР КАГЫШКАНДА
Мелдештин супербеттештери аталгандардын биринде 77 килограмм салмагында Эр таймаштын чеберлери айтылуу Актилек Жумабек уулу менен Данияр Бабакулов кезикти. Бул беттешти спорт сүйүүчүлөрүнүн көпчүлүгү күтүп келген. Себеби эки мушкер теӊ жеткиликтүү деӊгээлде абройго ээ.
Көптөн күткөн беттеш 3 раунд бою мушкерлердин бири эр, бири шер экенин дагы бир ирет тастыктады. Жыйынтыгында калыстар кошумча раунд бербестен теӊ чыгууну жар салышты.
Ал эми 84 килограмм салмакта мекендешибиз Бакыт Бекбоев менен өзбек спортчусу Хусан Баратовдун сегиз бурчтуктагы беттеши жай ыргакта башталып, атаандаштар бири-биринин катасын күтүп жаткандай сезилди. 1-раунддун соӊку мүнөттөрүндө Бакыт Бекбоев каршылашынын бутун кайрып, беттешти мөөнөтүнөн мурун өз пайдасына чече алды.

Жеӊүүчүлөр тизмеси:

66 килограмм салмакта
Тилек Батыров (Кыргызстан)
70 килограмм салмакта
Руслан Эмилбек уулу (Кыргызстан)
Рауль Татараули (Грузия)
77 килограмм салмакта
Муборокшо Муборокшоев (Тажикстан)
Алексей Бадюков (Казакстан)
Нурсултан Разибоев (Өзбекстан)
Алтынбек Мамашев (Кыргызстан)
Жаныбек Аматов (Кыргызстан)
Рамазан Никарамазанов (Кыргызстан)
Актилек Жумабек уулу (Кыргызстан) – Данияр Бабакулов (Кыргызстан) – теӊ чыгуу
84 килограмм салмакта
Ринат Фахретдинов (Орусия)
Бакыт Бекбоев (Кыргызстан)
93 килограмм салмакта
Нурбек Исмаилов (Кыргызстан)

Рамазан Никармазанов кийип чыккан футболкасы менен өзгөчөлөнө алды.

Айтылуу Мирлан Асеков жеӊилүү ызасын тартып калды.

Спортчулар кымбат унаалар менен келишип, расмий салмак өлчөө аземине катышышты.

Бактыга жараша Спорт Ордосунда эч кандай жарылуучу зат табылган жок.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
23.03.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу отуптур аттин мекенде болгондо бармакмын.Видиосун кайдан корсок болот экен?
23.03.2015. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
argen.kg4, саламатсызбы!
Төмөнкү видеолор бар:
http://www.super.kg/media/?search_term=Эр+таймаш&search_author=0&media_search=1&x=0&y=0
23.03.2015. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iygilik baaryna!
24.03.2015. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Данияр Бабакулов Тилек Батыров Жаныбек Аматовдун бойлору жакты
27.03.2015. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарынан О Саакашвилинин иниси окуруп кыйкырык салганы такыр жакпады ! Кыргыз жигиттери даагы келечекте кучтуу машыгып Саакашвилинин жеринде Кыргыз желегин желбиретишине тилектешмин! Кыйкырыксалбаса да!
28.03.2015. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматтар алга Кыргызстан!!!
30.03.2015. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чамда кыргыз дуйно титиресин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо