Гүлжигит Калыков, ырчы: «БӨТӨЛКӨ, КОРОБКА ЧОГУЛТУП «ОШ БАЗАРДА» ДА ИШТЕДИМ»

№646 20-март-26-март, 2015-ж

Гүлжигит Калыков продюсеринен кеткенден бери айрым ырчыларга окшоп «уктап калбай», тынымсыз эмгектенүүдө. Евразия жылдызы келечектеги пландары, жеке жашоосу, шоу-бизнестин оош-кыйыштары тууралуу кеп салып берди.

– Куш келипсиӊ, Гүлжигит! Чыгармачылыкта эмне жаӊылыктар?
– Саламатсыздарбы? Бүгүн «Эр жигит» деп аталган жаӊы ырыма клип тартып баштадык. Чыгарманы үч адам аткарат. Баястан рэп окуйт, Рыспай Исаков агабыз манас айтат, мен ырдайм. Ал эми клипте белгилүү бийчи Жан Воинов бийлейт. Аталган ыр көпчүлүк үчүн жаӊылык болот деген ойдомун. Жан жакынкы аралыкта Америкага кетет экен, ошого чейин тартып калалы деп шашып жүрөм.
– Продюсериӊден кеткениӊе бир жылдан ашып калды, жалгыз иштегендин түйшүгү оор болот бекен?
– Чынын айтайын, башында ишти эмнеден баштаарымды билбей кыйналгам. Азыр Кудайга шүгүр, баарын өздөштүргөнгө жетишип калдым. Канат байке (ред.Култаев) менен эки жакка барып, көрүп-билип жүрүп бир топ эле такшалып калыптырмын. Экөөбүз жыл сайын концерт берүүнү салтка айланткан элек. Былтыр эки жакка урунуп жүрүп концерт бергенге жетишпей калдым. Быйыл ошол салтты улантып, май айында филармонияда жандуу үн менен концерт бергени жатам. Азыр уюштуруу жагынан бир аз кыйналуудамын, анткени мурун команда менен иштеп көп нерселер билинбептир да.
– Табышкер адамдардын катарын толуктайсыӊбы?
– Табышкер адамдардын катарын толуктайм го. Тапканымдын көпчүлүк бөлүгүн чыгармачылыкка жумшайм. Каржы маселесине келгенде мурунку продюсерим Канат байке экөөбүз окшошпуз. Ал дагы акыркы акчасы калбай калгыча тапканын чыгармачылыкка жумшайт, мен да ошондоймун. Экөөбүздүн талаш-тартышыбыз бир гана чыгармачылыкка байланыштуу болчу. Акча колдун кири да, кээде бар болот, кээде жок болот. Концертимди деле пайда табууну көздөп коюп жаткан жокмун.
Ал эми жеке жашоодо ата-энеме жаӊы үй салууга жардамдаштым, атама ушул жылдын башында Порше Кайен үлгүсүндөгү жеӊил унаа сатып бердим.
– Жалгыз иштеп калганда кээ бир сахналаш кесиптештериӊдин сага болгон мамилеси өзгөрдүбү?
– Продюсерим бар кезде жакшы мамиле кылып, андан кеткенден кийин мамилеси өзгөрүп калган кесиптештер болду. Мен «сабырдын түбү сары алтын» деген макалды бекем карманам. Андайларга көӊүл бөлбөгөнгө аракет кылам. Чынын айтсам, аларды деле түшүнөм. Шоу-бизнес – бул чоӊ саясат, анда партиясы, Жогорку Кеӊеши, оппозициясы бар. Мен эч нерсеге «духумду» түшүрбөй иштей берүүнү туура көрдүм.
– Чыгармачылыкта чабылдыӊ, урулуп-согулдуӊ дегендей, ой-чабытыӊ, мүнөзүӊ өзгөрдүбү?
– Эмгекчилдикке, аракет кылганга, өзүмдүн принциптерим менен кадам таштаганга көндүм. Мендеги темирдей бекем сабырдуулуктун сакталып калышына сиз айткандай, урулуп-согулушум себеп болду окшойт. Анткени бир гана сабырдуулук менен баарын жеӊеримди түшүндүм. Мен атактуулукка умтулбайм, мага анын кереги жок, жөн гана ата-энем, элим сыймыктанган уул болсом дейм.
– Азыр ырчылардын заманы, тойго барып 1-2 ырын фонограмма менен ырдап акча таап жатышканы маалым. Сен деле тойдо фонограмма менен ырдайсыӊбы?
– Негизи, тойдо жандуу үн менен ырдаш керек. Фонограмма менен гана эмес, минусовкасы жок деле ырдаса болот. Мен тойдо болобу же концерттеби, дайыма жандуу ырдайм, фонограмма менен ырдагандан уялам. Кээде съёмкаларда эле фонограмма менен ырдап калабыз. Баары бир аны залда отурган 100 адамдын 80-90у сезет. Азыр элди деле фонограмма менен алдаш кыйын болуп калды.
– Таттуу балалыгыӊды эстегенде эмнелер эске түшөт?
– Өзүм турмуштун ысык-суугуна бышып өскөн баламын. Окуучулук күндөрүмдүн он жылдайы «Ош базарында» өттү. Ат-Башыдан үй-бүлөм менен төрт жашымда Бишкекке көчүп келгенбиз. Жашоо-турмуш ар кандай болот эмеспи, атамдын 3-4 жумушта иштеген учурлары болгон. Апам түшкө чейин мектепте мугалим, андан соӊ базарда максым, бозо сатчу.
Мен 2-класстан тарта апамдын канистрлерин көтөрүшүп жанында жүрдүм. Бөтөлкө, коробка чогулткан күндөрүм да болгон. Ошол жакта соода кылган байкелердин товарларын түшүрүшүп, жүктөшүп тыйын чогултчумун. Ал жакта мени менен чоӊойгон балдардын көбү чөнтөкчү болуп кетишти, арасында соттолуп  кеткендери да бар.
Мен туура жолду тандап, ошолордой болуп калбаганыма сүйүнөм. Атам чоӊ-чоӊ канистрлерди автобуска салса, элдер «бутумду кир кылдыӊ, алчы ары» деп жинденишчү. Апамдын муздак сууга колун салып бөтөлкөлөрдү жууганын эстесем көзүмө жаш тегеренет. Менин бул дүйнөдөгү эӊ башкы максатым – ата-энемдин ыраазычылыгын алуу.
– Бул күнгө оӊой эле келип калбаптырсыӊ да, эми апаӊды качан келиндүү кылганы турасыӊ?
– Буга чейин мен жөнүндө «жашыруун үйлөнүп алыптыр», анан «баласы бар экен», андан соӊ «кайнатасы унаа белек кылыптыр» деп айтышты. Маӊдай терим менен эле тапкан акчама унаа сатып алып айдап жүрөм. Бирок ата-энем акыркы учурда үйлөнүү тууралуу теманы көп козгоп калышты, сыягы, аз калды окшойт (күлүп).
– Сүйлөшкөн кызыӊ барбы?
– Жок деп айта албайм. Байкаштырып жүргөн кыздар бар. Бирөөсүнө токтоло элекмин.
– Маегиӊе чоӊ рахмат!

«Ата-энем акыркы убакта үйлөн деп көп айтып калышты».

«Мага эс алуунун бардык түрү жагат, жайында минтип велосипед тээп паркта сейилдеп көп жүрөм».

Лунара Бекиева
Андрей Шестаков
star@super.kg


"Жашыруун үйлөнүп алыпсың дегенди ата-энем укпай эле койсун" дейт Гүлжигит Калыков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(49)
23.03.2015. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сонун маек болуптур! ийгилик сага Гулжигит баары сендей жигит болгондо мекенибиз башкача болмок ! сенден дагы жагымдуу ырларды кутобуз! ырларындын килиптериндин да озгочо маани бар! мынданда сыйлуу ырчы болуп журо бер! албеттте биринчи ден-соолук каалайм!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
23.03.2015. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн сонун маек болуптур,чыгармачылыкын оркундой берсин
23.03.2015. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamat, iygilik!
23.03.2015. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эл адамын деп эл деп журо берсен оз жашоон жок болуп калатго.
Оз жашоону да жашашын керекда. Азыр элдин созун уксан коп нерсе кылбоо керек оз жашооно ээ да боло албайсын.
Андан коро оз жашоону 1 орунга кой.
Бул жашоого бир келесин. Ошол жышоодо озунун жашоону да жашашын керек.
Жеке жашоону элге чыгарбаганын онго.
Чыгармачылыгына ийгилик!!
23.03.2015. 17:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан сонун маек болуптур. Азаматсын Гулжигит!!! Сага чыгармачылык ийгилик!
SUPER.KG видео
23.03.2015. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурунку мнтервьюларына Караганда айырма бар. Ийгилик
23.03.2015. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гүлжигит чынында абдан талантту экенин "Евразия жылдыз"болгодо баарыбыз баалаганбыз. Башка өлкөдө мындай жылдызды абдан көтөрмөлөмөк.Анан да ата-энеси,жалпы кыргыз эли сыймыктана турган таланттуу,келишимдүү жана адамгерчиликтүү жигит. Ийгилик сага иним,бар бол. Баса "Евразия жылдызы" эмне болуп өткөрүлбөй калды? Гүлжигиттин жеңишинен кийин,бизде өтүш керек эле да,тымтырс го!
23.03.2015. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм,ото жонокой,ачык айтып ак суйлогону корунуп турат
23.03.2015. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
"Евразия жылдызына" чейин ушул бала эч жакчу эмес,уну деле жок болуш керек деп ойлочумун.Ошол конкурска катышкандан кийин таланттуу жигит экен деп калдым.Озу да конкурстун эртеси жылдыз болуп ойгонду окшойт.
23.03.2015. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул маегинен кийин таланттуу,жылдыздуу да эмес акылдуу да экенин билдим.
23.03.2015. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын жашоодо урулуп согулуп кагылмайынча жашоо эмне экенин билиш кыйынго!бейиш эненин таманында дейт сыйласан сый коросун кудайым ишинди илгери багынды берсин бактылуу бол
23.03.2015. 22:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын досум
23.03.2015. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ыймандуу, тарбиялуу, мээнеткеч, аракетчил бала экенсин, азаматсын аа-эненди сыйлаганын олло жакты, очуп кетпей ар дайым чыгармачылыкта болуп жур сенден копту кутобуз. Келбетине чырайына соз жок, Ариеттин ролун да мыкты аткарыпсын жакты мага. Турмуштагы тугоюнду туура тандап, бактылуу блол!
24.03.2015. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ата-энеси жакшы адамдар экени корунуп турат. Азаматсын, ийгилик сага!
24.03.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдан акылдуу,адамга жагымдуу бала экен.Ата энесин сыйлаганы абдан жакты.Турмушунда кудайым жакшы адамдар менен канатташ болсун.Дагы чон чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын!!!!
24.03.2015. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик! Адал акчадан куралган байлык жугумдуу болот .Бактынды туура танда .
24.03.2015. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Комментарийдин тексти
Жылдыздуу, таланттуу, жонокой ырчы. Ата-энесине куйумдуу экен. Иштерине ийгилик!
25.03.2015. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага муруун жагат эле Гулжигит чачы узунунда Гу Чжун Пе кезинде, анан чачын алдыргандан кийин анча болуп калдыго, бирок дагы деле жагасыз, ийгилик сизге...!!!
25.03.2015. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurzat1, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
25.03.2015. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул ырчыны мен атын коп укчумун озун бир жылдан бери кордум
баракелде мыкты ырчы талантын ташкындай берсин
25.03.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy korom ushul baikeniiii(((jonokoi suluu kelishimduu...
25.03.2015. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иий аябай жакшы окшойт ) мурда бой которгон эле бироо го дечимун
SUPER.KG видео
25.03.2015. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу десен сулуу, уну деле сонун, бирок ырларды жеткире ырдаса гана!
25.03.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжигит келечек сапарын байсалдуу болсун!
26.03.2015. 04:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гулжигит деп атын эле айтып турат.ийгилик каалайм.келбетине кошуп акылдуулукту берген жараткан,ата эненин омуру узун болсун,сенден дагы коп жакшылыктарды корсун.ийгилик каалайм.
27.03.2015. 01:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Kandai juroktu orutat :"Атам чоӊ-чоӊ канистрлерди автобуска салса, элдер «бутумду кир кылдыӊ, алчы ары» деп жинденишчү. Апамдын муздак сууга колун салып бөтөлкөлөрдү жууганын эстесем көзүмө жаш тегеренет", altyn dese , bala kezdin kaigyluu uchkundary barynda ele bar bolso kerek,chygarmachylygyna iygilik, baktyluu bol!!! ))
28.03.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын, онорун оркундой берсин, алдыга алдыга алдыга алга.
28.03.2015. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат ачык маек куруп бериптир. Ийгилик сага!
29.03.2015. 20:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат!!! Сага тилегим озуно окшош ыймандуу жубайлуу бол!!!
Медиа-портал
29.06.2015. 02:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Прическа ззззынк ;)
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо