Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Асылбек Өзүбеков, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиӊирген артисти: «АЯЛЫМ ӨЛҮП КЕТ ДЕП БАСЫП КЕТСЕ КИМ БОЛМОКМУН БИЛБЕЙМ»

№646 20-март-26-март, 2015-ж

Актёр, ырчы, обончу, тамада кер мурут Асылбек Өзүбековду кимдер билбейт. Биз сүйгөн, биз сыйлаган актёр быйыл 57-жазын тосуп жаткан кези. Анын ушул кезге чейинки басып өткөн жолуна кайрылып көрүүнү туура көрдүк.

Туулган жылы, күнү – 1958-жыл, 1-март
Туулган жери – Ысык-Көл облусу, Тору-Айгыр айылы
Жалпысынан 40ка жакын обон жараткан. «Мен өрттөнүп барам», «Таппай жүрөм», «Кош жылдыз», «Эски достор» жана башкалар.
Жалпысынан 15 тасмага тартылган. «Боз салкын», «Белгисиз маршрут», «Апамдын махабаты» жана башкалар.
Театрда жараткан ролдору: «Мен күндү көрүп турам», «Күттүргөн жаз да келер», «Биздин үйдүн Карлсону» жана башкалар.
Учурда 4 баланын атасы, 5 неберенин чоӊ ата, таятасы.

«ӨЗБЕКТЕРДИН ПАХТАСЫН ДА ТЕРДИК»
- Мени 4-классымда апам Фрунзеге Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатка алып келген. Мени ырдатып, үнүмдү текшерип, талантымды байкап «комуз бөлүмүнө алабыз» дешти. Мен аккордеон бөлүмүнө окуюн десем, ал жак толуп калыптыр. «Кларнет деген сонун музыкалык аспап бар, окуйсуӊбу?» дешкенинен аты өзгөчө угулду окшойт, дароо «окуйм» дедим. Көрсө, ал үйлөмө аспап экен.
Интернатка көнбөй кыйналдым. 2 айдан кийин апам менен таенем мени көргөнү келишиптир. Качып апамдар менен кошо айылга кетким келди. Аны байкаган апам «жакшы оку» деп айтты да, бурулуп басып кетти. Көзүмдүн жашын он талаа кылып ыйлаган боюнча кала бердим. Азыр ойлосом, апам акылдуулук кылып менин келечегиме жол салып берген экен. Аталган мектептен музыка эмне экенин, нота дегенди түшүндүм. 4 жыл окуп, 8-классты бүтүп айылга барсам, ал жакта жыргал жашоо. Каникул бүткөндө шаарга барбай, айылдагы мурдагы классыма кирип окуп алдым. Борбордогу мугалимдерим өкүнүштү, анткени кларнет менен оркестрде ойноп калган элем да. «Туура эмес кылдыӊ, сенден жакшы музыкант чыкмак» деген бойдон калышты.
Айылдан 10-классты бүтүп жатканда Ташкенттеги театралдык окуу жайга кабыл алуу болуп калды. Жеӊишгүл (ред.Өзүбекова) эжем баш болуп түртмөлөшүп жатып актёр жана кино факультетине өтүп кеттим. Ошентип Ташкентте окуп калдым. Кыргыздар ал жактан да жөн жүрбөйбүз да. Кыргыз тайпасы аябай тентек болчубуз. Жок жерден бир нерсе ойлоп таап курсак тойгузар элек. 30 мүнөттүк танаписте староста журнал менен калем сап алып, аны биз коштоп ар бир тайпадан акча чогултабыз. Кабакты бүркөп алып «Вьетнамга жардам бериш керек, согуштан кийин алар кыйналып жатышат, ким канча бере алат?» деп ар бир аудиторияга кирип чыкчубуз. Анан алар «майли, ака» дешип чөнтөктөрүнөн акча чыгарышат. Биз зерикпей аларды ишендириш үчүн журналга фамилияларын, канча акча бергенин жазып, кол койдуруп алабыз.
Сабак бүткөндөн кийин чайканага барып лагман жеп, сыра ичип курсакты кампайтар элек. Студент кезде өзбектердин пахтасын өкүртө тердик го, чиркин. Колдорубуз чор болуп кетчү. Кыргыздар жалкоолонуп анын да жолун табар элек. Түндө баары уктап жатканда даяр терилген пахталарды талаага алып барып катабыз. Эртеӊ менен бизди мугалимдер талаага алып барышат, биз иштебей, катып койгон пахтабыздын үстүнө уктайбыз. Кечинде уурдаган пахтаны план деп өткөрүп койчубуз.

«ЭРКЕЛЕП ИЧИП КЕТКЕН КЕЗИМ БОЛГОН»
- Ташкенттен окууну бүтүп келип, 1975-жылдан баштап Кыргыз драма театрында иштеп калдым. Келгенде эле эӊ мыкты режиссёрго туш болдум, Мелис Шаршенбаев сахнадагы тушоомду кести. Андан кийин «Мен күндү көрүп турам», «Күттүргөн жаз да келер» деген спектаклдерде роль жаратып, театр дүйнөсүнө бат эле аралашып кеттим. Залкар инсандар менен иштештим десем болот.
1990-жылдан баштап Жамал эженин (ред.Сейдакматова) этегин кармап «Туӊгуч» театрын түзүп, ошол жерде иштеп калдык. «Запкы», «Аян» деген көркөм тасмаларды тарттык. Спектакль, концерт коюп Германияга, Мисирге, Колумбияга чейин бардык. Фестивалдарга катышып, «Туӊгуч» дүӊ деп эле жатып калды. «Келгилечи, күлөлү», «8-шар», «Күлкүлятор» өӊдүү телевизиондук долбоорлорду жасадык. 1995-жылдан бери «Ак кула» ат майданында өтүп келе жаткан көк бөрү оюнунун баяндоочусу болуп келем. Кыскасы, чыгармачылык изденүү менен күнү-түнү иштеп көп иштерди жасадык. Бирок баарын кыйратып салдым дебейм. Мен деле пендемин, жаӊылган мезгилим да болгон. Эркелеп 100 грамм ичип кеткен учурлар болду.
Бир жолу «Туӊгуч» театры менен өзүмдүн айылыма концерт коюп барып калдык. Концерт кечинде башталат, биз күндүз бошпуз. Анан жайлоого баргым келди. Коллектив, айылдагы агалар болуп жайлоого чыгып кеттик. Ал жактан ат минип, балык кармап, суу кечип жүргөн кезимди эстеп, жыргап иче берип мас болуп калыптырмын. Кечинде концертте бир ырды араӊ ырдадым да, элге кайрылдым. «Калп эле кылтыӊдаганым болбойт, мен азыр кызуумун, сиздерден кечирим сурайм. Балалыкта жүргөн кездерди көрүп алып эстеп кичине ичип алдым эле» десем элдин баары дүркүрөтө кол чаап ийди. «Аске, түшүнөбүз» дегендей эле болду. «Мындан аркысын «Туӊгуч» улап, сиздерди эч зериктирбейт» деп элге ачык эле айткам.
Апам менин эл адамы болуп жүргөнүмдү көрүп сүйүнүп ыраазы болчу. Бир гана ичкенимди укканда кейип калар эле, «ай, балам, сен байкап жүрчү, кээде машинаны да кызуу бойдон айдайт экенсиӊ. Мындай болбойт, абайласаӊ боло» деп көп айтчу. Ата-энем биз кичине кезибизде эле ажырашып кетишкен. Апам жалгыз төртөөбүздү тарбиялап өстүрдү, «атаӊарга баргыла» деп айта берчү. Экөө бир айылдан болчу. Өзүм ата болгондо атанын кадырын түшүнүп, келинчегим экөөбүз барып катышып калдык. Ал башка аялы менен жашачу, бирок балдары жок эле. «Биринчи балаӊарды берсеӊер мен багып алайын» дегенинен макул болдум, бирок ага жетпей 51 жашында каза болуп калды. Атам мага картаӊ чалдай сезилчү, өзүм 51ге чыкканда ал кишинин толуп турган кезинде каза болгонун түшүндүм. Апам болсо былтыр 78 жаш кезинде өтүп кетти. «Апамдын махабаты» тасмасынын апамдын жашоосуна тиешеси бар десем болот.

«АЛА ЖИП ЭМЕС, КЫЗЫЛ, САРЫ, ЖАШЫЛ БАРДЫК ЖИПТИ АТТАГАМ»
-Театрда иштеп жүргөндө аскер комиссариатына чакырып калышты. «Аскерге барасыӊ» дегенинен «менин бир балам бар» дедим. «Бир бала эч нерсе болбойт, экөө болсо калмаксыӊ» деп айтышты. «Аялымдын боюнда бар» десем, «аялыӊды алып келчи» дешкенинен жетелешип барып калдык. Келинчегимдин 5-6 айлык боюнда бар эле. «Мейли, үч, төрт айдан кийин төрөйт экен» деп мени аскерден калтырышты. Келинчегим ошондон кийин «аскерден сени мен алып калгам» деп тамашалап жүрдү.
Театрда иштеп жүргөндө «планды толтургула» деп артисттерди облустарга бөлүп салчу. Жазда кетип, чөптөр саргайып калганда келчүбүз. Үй-бүлөбүз эмне болуп жатканынан кабарыбыз жок, ал кезде уюлдук телефон деген жок, кабарлашчу деле эмеспиз. Күнү-түнү телевидение, кино, спектакль, гастроль деп жүрүп балдарымдын кандай чоӊойгонун деле билбей калдым, муну моюнума алам. Бир айга командировкага кетип жатсам, жубайым бир айлык кийимимди эсептеп баарын тыкчыйтып сумкама салып берет. Бир айдан кийин тоголоктоп, кир кылып, ошол сумканы көтөрүп келем.
Чыгармачылыкта жүрүп ала жипти эле эмес, кызыл, сары, жашыл жиптин баарын аттадым. Жубайым мени түшүндү, баарын көтөрдү, менин тентектигиме, эркелигиме, өйдө-төмөн кеткендигиме, жиндилигиме чыдаганы үчүн чогуу жашап келе жатабыз. Эгерде «өлүп кетсин, талаада калсын» деп басып кетсе мен ким болуп кетмекмин, аны бир Кудай билет. Азыр кыз берип келин алдым, 5 неберелүү болдум. Үйгө неберелер келгенде бапырап эле жыргап калабыз. Мурда той-топурга барганда 60, 70теги кишилер «неберелериме алып барам» деп чөнтөктөрүнө момпосуйларды салып алса, эми ушунун эмне кереги бар деп жактырчу эмесмин. Азыр өзүм неберелериме берейин деп момпосуй жыйнап калдым.

Жамал Сейдакматова, Кыргыз Республикасынын Эл артисти: «АЗЫР ДА КЫЗ СҮЙӨ ТУРГАН ЗЫӉКЫЙГАН ЖИГИТ»
– Асылбекти менчелик эч ким билбесе керек. Театрга жаӊы келгенде эле таланттуу бала экен деп көзүм түшкөн. Кыргыз драма театрынан бөлүнүп «Туӊгуч» театрын ачканыбызда да чогуу болдук. Обон чыгарган өнөрүн да өтө баалайм. Тамашакөй, шайыр, таланттуу десем болот. Баары Асылбек баламды шок, тентек деп айтышат. Мен эне катары ошол тентек балдардан жакшы инсан чыгат деп айтар элем. Кер мурут, көзү жайнап турган зыӊкыйган жигитке ашык болгон айымдар толтура. Кайсы кыз болбосун азыр да сүйүп кала турган келбети бар. Бирок ошончо аялзатына азгырылып кетпей, үй-бүлөсүн сактап калганы – бул Асылбектин жеӊиши деп ойлойм. Мына, эрке балам чоӊ ата, таята болду. Дайыма машинасына неберелерин салып алып, андан өткөн бактылуу киши жоктой жүрөт.

Жолдош Исраилов, классташы: «АСЫКЕМ ДАГЫ ДЕЛЕ ТОКТОЛО ЭЛЕК»
– Мен Асылбектин классташы гана эмес, бирге өскөн кошунасымын десем болот. Аккордеон ойногонду жакшы көрчү. Айылдын балдарын чогултуп алып концерт уюштурчубуз. Жубайы Сүйүн да классташыбыз, аны алып баруучу кылып коёр элек. Бир велосипеди бар болчу, аны кооздоп эле убара боло берчү.
Жаш кезинде өрт болчу, кыздарга тийишип ыйлатып эле басып жүрөр эле. Энергиясы ашып-ташкан бөтөнчө жан десем болот. Асылбек баарыбыздан эрте үйлөнүп, эрте балалуу болду. Азыркыга чейин үй-бүлөбүз менен катышабыз. Асыкем жок отуруштун көркү ачылбайт. Отурушта да баарына тийишип, бир сыйра чычалатат, кыскасы, дагы деле токтоло элек.

Сүйүн Жунусова, жубайы: «СҮЙГӨНҮМДӨН УЛАМ АНЫН БАРДЫК КЫЛЫГЫНА ЧЫДАДЫМ»
– Асылбек экөөбүз бир класста окуганбыз. Мага тийишип жүрүп 9-класста сүйдүрүп алды. Ошентип мектепти бүтөрүбүз менен баш кошуп жашап келе жатканыбызга быйыл 40 жыл болот. Чыгармачыл адамдын жубайы болуу өтө кыйын. Алардын жан дүйнөсү назик, жалаӊ ыр, чыгармачылык деп жүрүп үй-бүлө экинчи орунга калып калат. Асылбекти сүйгөнүмдөн улам анын бардык кылык-жоругуна чыдадым болуш керек. Жан дүйнөсү ыр эӊсеп калганда «бар, бирөөнү сүй, элжире, ырахат ал, анан сонун чыгарма жаралат» деп кыздарга өзүм жөнөтчүмүн.
Чыгармачыл адамга жолтоо болбой эркиндик берсеӊ эргүү келип, элдин жүрөгүнө жете турган чыгармалар жаралат. Күндөп-түндөп чыгармачылык деп жүрүп үйдүн бетин көрбөй калчу. Үйдөгү кем-карчы менен анын башын оорутпай, өзүм баарын жайгарчумун. Эстрада биздин жашоого жаӊы кире баштаганда мен базарга чыктым. Базарда нан, жумуртка, эт, бозо саткан күндөрүм болгон. Ошентип жүрүп бир ыр жаздырам дегенде «ме, эки ыр жаздыр» деп 300 сомдон 600 сом чогултуп берчүмүн. Ал кезде 600 сом аябай чоӊ акча болчу.

Роза Шакирова, шакирти: «МЕНИ РОЗА ШАКИРОВА КЫЛГАН АСЫЛБЕК АГАЙ»
– Асылбек агайды мен мыкты обончу, тажрыйбалуу актёр, устатым деп билем. «Туӊгучта» иштеп жүргөндө темирдей бекем тартипте кармачу. Такыр фонограмма менен ырдатчу эмес. Фонограмма менен ырдаганыӊды көрүп калса айып салчу. Мен кыздардан бир аз толугураак болчумун. Ошондуктан мени көп бийлетер эле. Окуучуларына «бир эле жерде мелтейип туруп ырдай бербей бийлегиле, күлгүлө» деп сахнада өзүн алып жүрүүнү да үйрөттү. Роза Шакирова деген аттын калыптанышына агайдын эмгеги чоӊ. Агайдын ырларын ырдап менин атым чыккан. Асылбек Өзүбековдун ырлары ак жолтой ырлар.

"5 жыл «Азаттык» радиосунда кабарчы болуп иштегем. Төлөгөн Касымбековдон интервью алып жаткан учурум".

"Мени эл мурутум менен тааныйт. Өзгөрөйүн деп сакал өстүрүп, чачты алып салдым. Бул стиль «Белгисиз маршрут» тасмасына тартылуу үчүн жасалган".

"Мукаш Абдраев атындагы мектепте окуп жүргөн кезим. 7-класста түшкөм".

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(25)
23.03.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мына мин кырлуу талант деп Асылбек байкени айт.Актерлугу, обончу-аткаруучулугу, алып баруучулугу кайсынысын аткарса да машына келтире аткарат. Азыркыларчы компютерге унун жасатып эптеп бир ыр жаздырат деле чойкойуп озун жылдыз санап калышат, эми озумду кинодо сынап коройун деп жатам десе орттонуп эле кетесин.А билими болсо мектепти олбо жаным менен буткон немелер.Ошол чойокелер ушул Асылбек байкенин эмгек жолун карап таалим алышса озлоруно чоон пайда кылган болоор эле.Бар болунуз Асылбек байке.
23.03.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун ырчы,обончу,аткаруучу,артст,деп ушуну айт
23.03.2015. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Akylay_96,ооба таланттуу адам.Куноосун катып эки жуздуулонбой ачык айтып мойнуна алыптыр,чыныгы эркек!Бирок мен аялы болсом эч качан ала жипти аттабайт болчу,мен гана музасы болуп дем берип турмакмын,бирок болоору болуптур,бактылуу болуп бирге узак омур сурушсун!Дайыма бар болунуздар!
26.03.2015. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
istina, ааа синдим сен али жашсында,эрдин нанын жеш учун темирден тиш керек дейт,турмуш сен ойлогондой женил эмес,муза болгонунду турмуш курганда коросун,жылдар отуп жолдошуна бироонун аялы муза корунуп баштайт.
23.03.2015. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Асакем молодец онорлуу киши да,Кыргыз ону Асылбек Озубековдун онундой.Анан да ар кандай разноцветный жиптин турлорун аттаганын ачык айтканы жакты.Ала жип аттабаган эркек эркек эмес да.
23.03.2015. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
danyshman, чыныгы эркек ала жипти аттабаш керек. Эркектин сапаттуусу уй булом деп жашайт, корунгон койноктун аркасынан чуркабай, а так аялына рахмат баарына чыдаган. Асылбек байкени сыйлайм чыгармачылык ийгилик каалайм!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-23 16:27:02
23.03.2015. 14:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага ырлары жагат озгочо "мен ортоннуп барам" деген ырын келтире ырдайт да.
23.03.2015. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун,баардык ырлары жагат,
23.03.2015. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жубайына баа бердим
23.03.2015. 18:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кайгы мундун рыцары деп бекеринен айтышпаса керек,мен Асылбек агайдын шандуу ырларынан да, мундуу ырларынан коп угам.айрыкча Кош жылдызды укканда мунканып ырдайт го чиркин!Бир интервью Берген эле,ошол кезде президент Акаев менен чогуу бир Дасторкондо отуруп,Аскар байке деп кайрылса президент Асылбек агайдын Жонокойлугуно тан калыптыр
23.03.2015. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фаридам деген ыры кимге арналды болду экен ? жакшы чыгарма ийгилик Асылбек агай.
23.03.2015. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iii super info chon rahmat! Asylbek baikenin maegin kopton beri kutup jurgom.
24.03.2015. 00:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жубайыныз эн мыкты аял заты экен ушундай аял заты коп болсо ээ. бут эркектер чыгармачылыкы берилип кетсе керек эле
24.03.2015. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ден соолук жана чыгармачылык ийгилик!
24.03.2015. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Хаха акча жыйнаганы жакты ошондоле шустрий долгое экен, чыгармачылык ийгилик, уй,булолук бакыт каалайм, оригиналдуу маэк болуптур
24.03.2015. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фаридам деген ыр озунуку эмес. Анын автору Тынарбек Аманов.
24.03.2015. 05:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Fekus, жумурткадан кыр издебей эле, жакшы соз жазып койсонуз бир жериниз кемип калабы?
24.03.2015. 10:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
azamat., менин жеке оюма киришкенге акыныз жок деп ойлойм андыктан оз билдируунузду жакшы создорунузду калтыра бериниз каршылык жок!Ал эми мен жаман пикир калтырган жокмун жакшы соз айтуу же айтпоо ал менин эрким.
24.03.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары эле ушундай ачык айтышса жакшы болот ичкенинда жашырбаптыр, башкалардын жашоо турмушун сураса эле сыр бойдон калсын дей беришет. чыгармачыл болгондон кийин элге жашоо тупмушу да кызык болот да
24.03.2015. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жубайы азамат экен. мындай жар болуу кыйын.колдоп, тушунуп.Асылбек аке, сизди сыйлайбыз,талантынызга таазим. жиптердин турун аттаганы кызык экен)))
25.03.2015. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
istina укмушсуз го,балким сиз агайдын аялы болгонунузда агай азыр эч ким болмок эмес. мен жубайына баа бердим ушул денгээлге жетишине Суйун эженин салымы аябай чон экен
27.03.2015. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menda Suiun ejege baa berdim, azamatsyz eje, baktyluu bolunuz!!)
29.03.2015. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу Инсан чыныгы.Аябай ачык жакшы маек болуптур.Келинчеги акылдуу аялзаты экен.
02.04.2015. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Ar bir iigiliktuu erkektin artynda andan da iigiliktuu a9l turat" degendei jubaiynyz mykty a9l-zaty eken. Owonun baaryn tuwungondon kiiin,Emi myndan ary ejeni taaryntpai, kolunuzda kotorup jurosuz dep iwenebiz. Aman bolunuz ui buloonuz menen.
19.04.2015. 02:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
цветной-цветной жиптерди аттаптыр да)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо