Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАРЫЗ ТӨЛӨӨ ҮЧҮН АЯЛ ӨЗҮНҮН ЖАНА КАЙЫН СИӉДИСИНИН КЫЗЫН УУРДАГАН

№646 20-март-26-март, 2015-ж

11-март күнү Ысык-Көл облусунда ары кейиштүү, ары күлкүлүү окуя катталды. Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынын 35 жаштагы тургуну Айзат Рыскулова 8 жаштагы кызы Фариданы жана кайын сиӊдисинин 7 жаштагы Асема аттуу кызын кошо уурдап, туугандарынан акча талап кылууну көздөгөн.

«АКЧА АЛУУ МАКСАТЫНДА ТУУГАНЫНЫН КЫЛМЫШЫН БИЛДИРБӨӨ ҮЧҮН ӨЗҮНҮН КЫЗЫН УУРДАГАН»
Бул окуя тууралуу ИИМдин маалымат кызматынын кызматкери Эрнис Осмонбаев төмөнкүлөрдү билдирди:
– 11-март күнү Каракол шаарынын тургуну Ысык-Көл ОИИБине арыз менен кайрылып, кызы жоголгондугу тууралуу билдирген. Ага улай эле аны менен кошо дагы бир кыз жоголгондугу тууралуу арыз түшкөн. Көптөгөн табышмактуу жагдайлар бар болгондуктан кызын жоготкондордун бири Айзат Рыскуловага карата шектенүү пайда болот. Туугандары да «өзүнүн машинасы бар, бирок биздин машинаны сурап айдап кеткен» деп айтышкан. Келин намаз окуйт экен, астына Куран китебин коюп, «ушуну кармап чындыкты айтчы» дешсе да айтпай коюптур. Эртеси гана күнөөсүн моюнуна алып отурат. Көрсө, карызын төлөө үчүн кылмышка барыптыр. Жасалма мурут чаптап, көз айнек тагынып, эркекче кийинип машинасынын айнектерин кездеме менен жапкан. Андан соӊ тууганынын кызын уурдап, башкаларга ишеничтүү болуусу үчүн ага өзүнүн кызын кошо жашырып койгон. Кыздарды Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы бир эски кашарга алып барып, колдору менен ооздорун скотчтоп, муздак бөлмөгө камап кетип калган. Бир суткадан кийин кыздар эптеп бошонуп чыгып жолдон бир малчыга жолугуп калышыптыр. Ал кыздарды үйүнө алып барган экен, кыздар ата-эне, туугандарына берилди.
Кылмышка шектелип кармалган Айзат Рыскулованын үстүнөн 123-берене (адам уурдоо) жана 329-берене (атайылап жалган билдирүү жасоо) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Айыпталуучу Каракол шаарындагы СИЗОго киргизилди.
Мындай окуя биринчи жолу катталган жок. 2013-жылы да Ысык-Көл облусунун бир тургуну өзүнүн кызын тааныштарынын үйүнө алып барып коюп, «кызымды уурдап кетип 5 миӊ доллар талап кылып жатышат» деген арыз жазып, кызматкерлерибизди 3 күн убара кылган эле.

«ЖЕӉЕМ ИШЕНИЧТҮҮ БОЛЧУ»
Барымтага алынган кыздардын бири Асеманын атасы Бактыяр Амазалиев «жеӊемдин мындай жолго барганына дале ишенбейм» дейт:
– 11-март күнү 17:30дар чамасында кошуна эже келип, «Кызыӊды бирөөлөр машинага отур деген экен, отурбай качып келе жатыптыр. Угуп алып аны үйүӊдүн жанына чейин жетелеп келгем. Ошол убакта бир машина келип токтоп, ичинен тууганыӊардын кызы чакырды окшойт, кызыӊ «тигил жакта мамам бар экен» деп чуркап барып, машинага отуруп кетип калды» деп айтты. Ошол замат милицияга кабарладык. Алар бат эле келип кошуналарды суракка ала башташты. Кечки саат 8ге жакын кайнагамдын аялы келип, «Силердин кызыӊарга кошуп менин кызым Фариданы да уурдап кетишиптир. Орус улутундагы адамдар экен. «10 миӊ доллар жана 300 миӊ сом таппасаӊар кыздарыӊарды өлтүрөбүз» дешти. Мени өздөрү менен кошо алып жүрүштү. Зордуктап да салышты» деген сыяктуу толтура окуяларды айтып берген. Бирок аягында кыздарды уурдаган жеӊебиз өзү болуп чыкты. Ишене албай да кетем, ал эӊ эле жакын, ишеничтүү кишилерибиздин бири болчу.

«КАЙНАГАМДЫН ЖАНА 3 КЫЗЫНЫН УРМАТЫ ҮЧҮН ТОСМО АРЫЗ ЖАЗДЫК»
– Буга чейин ал киши менен сый мамиледе болчубуз. Кыздарыбызды анын үйүнө калтырып койгон учурлар да болгон. Өзү мунун баарын «карыздарым көбөйүп кеткенинен кылдым» деп жатат. Буга чейин карызы бар экенин уккам. «Орусияда иштеген иним кымбат машинаны сүзүп алыптыр. Ошого 100 миӊ сомдун тегерегинде карыз алдым, бирок аны иним өзү төлөйт» деген. Ошончолук эле акча керек болуп жатса кыздарды уурдабай эле ачык айтса, жеӊебизге жардам бермекпиз да. Эми ал кишини эч качан кечире албайм. Кайнагам 8 ай мурун каза болуп калган. Артында 3 кызы калды. Кайнагамдын жана үч кызынын урматы үчүн укук коргоо органдарына тосмо арыз жаздык. Эгерде мыйзам жол берсе актап, боштондукка чыгарышса жакшы болмок.
Азыр кыздардын абалы жакшы. Кашарга камаганда кыздарга уктатуучу дары берген экен, менин кызым ичпей коюптур. «Курсагыбыз ачты, үшүдүк. Ажатканага баргыбыз келди» деп айтып беришти. Жеӊебиз канчалык жүзүн жашырса да, кызы аны үнүнөн тааныптыр. «Үнү апамдын үнүнө окшош экен. «Как вас зовут?» десем, «какая тебе разница?» деп айтпай койду» дейт. Анын кыздары да биздин колубузда болчу. Кечээ таенеси келип алып кетти. Алар бул окуяны оюн катары көрүп жатышат окшойт, көп деле маани беришкен жок.

«КЫЗЫМ ЭЧ НЕРСЕ АЙТЧУ ЭМЕС»
Кылмышка шектүү Айзат Рыскулованын апасы Айгүл айымга байланышып, төмөнкүлөрдү уктук:
– Айзат менин үйүмдө жашап жаткан. Кыйналып жатканы туурасында мага эч нерсе айтчу эмес. Күйөө балам каза болгондон кийин деле кайын журту кийим-кечелерине каралашып жардам берип турушчу. Эмне болуп кеткенин деле билбейм.
Туугандарынын айтымында, кылмышка шектелип кармалган айым оор турмушта жашаган эмес. Анын өз унаасы жана башка мүлктөрү болгон экен. Кыздарды суук үйгө ачка камап, арам жол менен акча тапкысы келип уят болгончо, мүлктөрүн сатып карызын жаппайт беле деген ой пайда болбой койбойт. Анын мындай жолго барганы туугандарына да түшүнүксүз.

Кашардагы ээн калган үйгө кыздарды мына ушундай кылып байлап отургузуп койгон.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(32)
23.03.2015. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч нерсе айталбайт экенсин!
Жин кирип кеткенго ичине,болбосо адам мындай нерсени жасай албайт.
23.03.2015. 10:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тулку,жолбун иттер жеп кетсе не болмок эле?
23.03.2015. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оронуп алганын,Курандан айланып кет....Шайтандын тилине кирген го.
23.03.2015. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурут чаптап алганына кантесин ))
23.03.2015. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарийдин тексти
"Аят3"киносунда фатимага бироосу тийишели десен, экинчиси ал оронгон кыз экен десе. дагы бироосу азыр кыздар мода кылып алышкан дейт экен. чын эле намаз дегенди оюнчук коруп алышты азыр кээ бироолор.
23.03.2015. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо комедия го ))))))))))))
23.03.2015. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кинолорду коп коруп койгон окшойт эжебиз
24.03.2015. 01:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
realbek89,фантастика кинолорду дегин э хе-хе
26.03.2015. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
realbek89, боорум эзилип калды:-))
23.03.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Концерт эле болуптур "какая разница" деп койгонун карап кой
26.03.2015. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
modem4999, ой боорум "какая разница" кулуп атып ичим ооруп калды
23.03.2015. 21:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kozu toybogon neme okshoyt
23.03.2015. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир жинин келсе,бир кулкун келет экен,тообо кылдым.
23.03.2015. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир аз психикасына доо кеткен окшойт...
24.03.2015. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасыыыын уят го
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-24 11:08:41
24.03.2015. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зордуктап кеткенден журогу энсеп кыялданат окшойт эжекебиз
24.03.2015. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ислам таза дин, оронгону, Куран китебин машинасына салып алганы, Ислам динине тиешеси жок.
24.03.2015. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эээ тобаа соз жок экен !
24.03.2015. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарийдин тексти
Анча жетишпейт го озунун кызын да уурдап байлап коёбу
24.03.2015. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинодогудай кылыптырда, жашоонун баары кинодгудай болсо кана,уят олумдон катуу дейт ушул ишти кылгыча андан коро карыз болуп эле жургону жакшыраакго.
25.03.2015. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушу кантип болсун деги адамдар емне болуп баратабыз?
25.03.2015. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарийсиз!
26.03.2015. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АстагфирАллах!!!Динди жаман коргозгон ушундай адамдардан Кудай сакта!
27.03.2015. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айылда 3 бала менен жалгыз бой иштебеген адамга 100 мин кредит коп. байкуш жардам жоо кыйналганынан кылды да жашы туугандары тушунуптур
27.03.2015. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарийдин тексти
Бул келиндин писихикалык
оруу болушу мумкун.
Болбосо озунун чырактай
кызына кыянаттык жазап
ээн талаага таштамак эмес.
28.03.2015. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кыргыздар эмне болуп баратабыз окугунда келбейтко бул окуяны ушунчалык озгордукпу биз кыргыздар
28.03.2015. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балким ал эженин карызы жоктур,ким билет...?
29.03.2015. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ эле болуптур.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-30 12:29:00
30.03.2015. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aruudani, этика нормаларын сактаңыз!
29.03.2015. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото жаман окуя болуптур, башта айтылгандай оорулууго
29.03.2015. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
машинасын сатпайбы антпей еле
14.08.2015. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эже ипарда иштеп товар алып карыз болуп ушул ишке барган.бирок астында машина уйу бар болчу.кылмыш кылгыча машинасын сатса болмокда.шайтан азгыргангооо ото аянычтууу....
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо