Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КЫЗЫМДЫ ӨЛТҮРДҮӉ, ЖОК ДЕГЕНДЕ АДАМЧА КЕЧИРИМ СУРАП КЕТ»

№646 20-март-26-март, 2015-ж

«Болор иш болду деп канчалык өзүмдү алдасам да, жүрөгүм тынчыбайт. 12 жаштагы тун кызымды 2014-жылдын 15-майында Токмок шаарынан белгисиз айдоочу машинасы менен сүзүп, качып кеткен. Кызымдын жанын алып качып кеткен айдоочу мусулмандык жол менен кайрылып келип кечирим сураса, көӊүлүм тынчыйт эле»,- деген атанын арманы назарыӊыздарда.

«СҮЗҮП ЭЛЕ КЕТПЕЙ, 45 МЕТРДЕЙ ЖЕРГЕ ЧЕЙИН СҮЙРӨПТҮР»
– Биз Токмокто жашайбыз. Кызым Шаангүл күнүгө бөбөктөрүнүн курсагын тойгузуп, татынакай кийинип алып сабагына жөнөчү. Ошол күнү да «ата, кечирип коюӊузчу, сизге даамдуу тамак жасаганга жетишпей калдым» деп ысык чайын берип коюп, түшкү саат 12:30дарда сабагына кеткен эле. Көп убакыт өтпөй аны машина сүзүп кеткенин уктум. Сүзүп эле кетпей, 45 метрдей жерге чейин канжалатып сүйрөптүр. Жерге жатып алып жолго жайылган канын кочуштап жыйнап алгым келди. Эрмегим, ишеничим, тумарым менин, куурчактын колу жулунуп калса «мунун да жаны ооруйт» дечүсүӊ. Сени ким куурчактай да аяп койбой талкалап кетти? Сени кайсы зөөкүр канга боёп жаныӊды алды? Чоӊойгондо дарыгер болуп, бизди оорутпай карамак эмес белеӊ?! Кериле бийлеген бийчи болмок эмес белеӊ, кызым?! Сени бул кыялдарыӊдан, максаттарыӊдан ким айрыды? Сендей акылдуу, мээримдүү кызыбыздан бизди ким ажыратты? Өзүмө өзүм суроо берип оор үшкүрүнө берем. Өзүбүздү алдап, шарият жолу менен жакшы нерселерди ойлоп сөөгүн жерге бердик.

«УНААНЫ ТАБЫШКАН, АЙДООЧУСУНАН КАБАР ЖОК»
– Кызмат, акча үчүн адамдык улуулукту унутуп калыптырбыз. Канга, арманга, алдамчылыкка көмүлүп калган бул дүйнөгө миӊ ирет наалат айтып кетем. Окуяга күбө болгондор ак түстөгү 1074ВС номурлуу унаа экенин айтышты. Кийин унааны жол-кайгуул кызматкерлери табышты, ал эми айдоочусу жөнүндө мага айтпай жатышат. Бишкек шаардык мэриясына тийиштүү унаа экенин айтышууда. Ал унааны тапкан Нурбек аттуу Жол-кайгуул кызматкерин да жумуштан айдап жиберишиптир. Азыр Кара-Балтада жумушка кириптир деп угуп жатам. Мен карапайым адаммын, биздин турмушубузда пайда болгон жараат, кызымдын өмүрү кээ бир адамдарга арам акчачалык баркталбады. Кантип унааны таап, анын ээсин таппай калышсын? Ар бир адамдын башына мындай окуя келмейинче жоготуу, сыздоо дегенди түшүнбөйт окшойбуз.

«МЕН СЕНИ МАШИНАГА СҮЗДҮРБӨЙМ»
– Шаангүлүмдү сагынам, боорума кыскым келет. Эстеп жаш балача ыйлап алам. Сүзүп кеткен айдоочу бир күнү келип ал-абалымдан кабар алып, кечирим сурап, караанын көрсөтүп кетет бекен деп күтө берем.
Ушул күнгө чейин келбедиӊ, эми мен сенин абалыӊды сурайынчы. Зөөкүр айдоочу десем капаланба, сен менин чырагымды өчүрүп коюп кантип тынч уктап жатасыӊ? Кантип тамак жеп, балдарыӊ болсо башынан сылап, эркелетип жатасыӊ? Бирөөнү өлтүрүп из жашырдыӊ. Кудайдан жашына албаарыӊды билесиӊби? Бул жашоодо кылган күнөөӊдү бизге келип кечирим сурап, бөксөртүп алышыӊды унуткан жоктурсуӊ? Коркоктук кылып адамдык сапатыӊдан кечпе! Кел биздин астыбызга. Мен сага көп болсо ачуум менен бир муш берермин. Бирок машинага сүздүрүп, 45 метр жерге чейин сүйрөбөйм. Урматтуу элим, кандай жашоодо жашап жатканыбызды билесиӊерби? «Кызымды өлтүрдүӊ, келип жок дегенде кечирим сурап кетчи» деп кылмышкерге жалынган жашоодо жашап калыптырбыз.

Паяз Ильязов
Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(24)
23.03.2015. 09:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх журогум....сабыр кылыныздар.....Айдоочу табылганча курошунуз,маалымат каражаттарына таркатыныз...
23.03.2015. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ММКларга жарыяланыз, Президенте, акыйкатчыга жазыныз, коомчулукка копчулукко билдириниз, мэрияда иштесе кудайдын козун коруптурбу, тооба кылдым го, бирок ошол акмак айдоочу жообун берээр бир куну.Кайгынызды тен болушом.
23.03.2015. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх журогум ооруп кетти.Жайы жаннатта болсун кызыныздын.
23.03.2015. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайдан коркпогондор канча?
23.03.2015. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Бир адам бир адамга зулумдук кылса,ал башына келмейинче өлбөйт"(хадис)Аллах Таала сизге сабыр берсин.Сабыр кылыныз.Аллах баарын көруучу,жазасында берүүчү.
23.03.2015. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энесине кудайым озу сабыр берсин кунолу айдочу табылышын калайм.
23.03.2015. 12:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам сымал айбандар кобойду
23.03.2015. 15:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллах сизге сабр берсин! Айдоочу болсо бул дуйнодо болбосода аркы дуйнодо жооп берет!
23.03.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сабырдуу,акылман адам экенсиз,ушуну окуп калса келип кечирим сурайттыр адам болсо
23.03.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ehh...Jurogum tilinip tilinip ketti...Allahtyn aldynda baarybyz birdeibiz!Jok degende konul aityp kechirim suraganga da jarabadynby?!Bir kunu kudaiym kantip urgandy da bilbei kalasyn,akmak!
23.03.2015. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кан койбербейт-деген кеп бар. Ал баары бир оз жазасын алат.
24.03.2015. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла жазаласын!
24.03.2015. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окуп алып ыйладым(((( Ушундай зоокур адамдар жер устундо кантип басып журушот???Баары бир кан койо бербейт.
24.03.2015. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эххх кандай гана адамдар. Кантип тынч уктайт экен.
24.03.2015. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Аллахым" сизге сабр берсин! Бийлике келе турган болсок азыркы бийлик отоо эле алсыз
24.03.2015. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул емне деген шумдук неге табылбайт айдоочу ушунча да алсыз мамлекет болобу чиновниктерге же закон такыр еле иштебейби муну мындай калтырбай аягына чыккыла ИИМ дегилер ешек такалап журушобу.
24.03.2015. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кечирим сураарына ишенбейм,анткени адамдык сапаты болсо,ошол жерден токтоп жардам бермек.Бир жылга жакындап калыптыр.Сиз только ойдодо айткандай президентке чейин кайрылышыныз керек.
25.03.2015. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эй ушу адамдар мерияда иштесе эле карапайым адамдарды сүзүп кете берсе жакшыбы. Сабыр кылыңыз бир күн болбосо дагы бир күн АЛЛАХЫМ ошол адамдын жазасын берет. Кантип тынч уктап жатат экен канкор акмак!!!
25.03.2015. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
((((((((((ne degen aibanchylyk!!!
25.03.2015. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне деген заманда жашап жатабыз. Кудайым дем куч берсин. Кылмыш кылган качан болсо да жазасын алат. Кудай алдында жооп беруучу кун да келет.
26.03.2015. 01:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Yilap atam...((
27.03.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахга салып коюн...
27.03.2015. 21:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козумон жаш куюлуп, журогум кысылып чыкты окуп жатып. Жараткан Аллахым оз жазасын берсин.
29.03.2015. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jazasyn alat inwalLah
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо