Рахат Божокоева, актриса: «МАГА АШЫНГАН БАЙ ЭМЕС, ЧЫНЫГЫ ЭРКЕК КЕРЕК»

№646 20-март-26-март, 2015-ж

«Мен күчтүү адам экенимди далилдедим» деген жаш актриса Рахат Божокоева бүгүн биздин маек төрүбүздө. Ар түрдүү образды жараткан актрисанын жан дүйнөсү кандай болду экен? Бул тууралуу биз да билгенге аракет кылдык.

МЕН ТУУРАЛУУ...

Аты-жөнү – Божокоева Рахат Нургалиевна
Туулган жылы, күнү – 1994-жыл, 1-август
Туулган жери – Бишкек шаары
Билими – Кыргыз улуттук университетиндеги финансы жана кредит факультетинин 3-курсунун студенти
Тартылган тасмалары – «Сүйөм дечи», «Кекеч», «Көк салкын-2»

  • Дайыма үйдөн чыгып баратып бут кийимди алгач оӊ бутума, анан сол бутума кием.
  • Кийимди көбүнчө апам белекке бергендиктен, кээде «бул көйнөгүӊдү кайсы жерден алдыӊ?» деп сурашса, эмне дешти билбей туруп калам.
  • Китеп окуганды жакшы көрөм. Эгер эч ким тийишпей, кыларга ишим жок болсо, 2 күндө бир китепти окуп бүтүп коём.
  • Күзгүнүн алдында ашып кетсе 20 мүнөт кармалам.
  • Уктаарга жакын сөзсүз кайнак суу же сүткө бал кошуп ичем.

– Салам, Рахат! Экөөбүз акыркы жолу маек кургандан бери бир топ убакыт өтүптүр. Бул убакыт аралыгында эмне менен алектендиӊ?
– Салам! Ооба, жыл ичинде «Кекеч», «Сагын» аттуу тасмаларга тартылдым. Азырынча жашоом киного тартылуу жана окуу менен чектелип жаткандыктан мактанарлык өзгөрүүлөр ушул эле.
– Чыгармачылык менен алек болуп окууда чайналып калган жоксуӊбу?
– Окууга тапшырарда элчи же финансист болууну каалагам. Анан байкемдин кеӊеши менен финансы факультетинде окууну чечкен элем. Кийинчерээк тасмага тартылып баштадым. Чыгармачылыктын эсеп-кысапка жакындыгы жок эмеспи. Бирок мага эки тарап теӊ жакын. Өзүмдүн жан дүйнөмө жаккан чөйрө болгондуктан ортодо чайналып, бир жумушум бүтпөй, экинчисине чуркаган учур мага тескерисинче «кайф» тартуулайт.
– Кино жаатына кантип келгениӊ эсиӊдеби?
– Аны кантип унутайын? «Сүйөм дечи» тасмасынын тандоосунан өттүӊүз» деп мага коӊгуроо кылышты. Кантсе да чыгармачылыкка аралашып жатам да, агам Ринат бир аз кооптонду. Анан «мени менен барып режиссёрлор менен таанышып келиӊиз» дегем. Ошентип ал тасма талаасындагылар менен таанышып, мени өз колу менен режиссёрго тапшырып келген. Агам мага сынын же мактоосун ачык айтпайт, бирок мен катышкан тасма жарык көргөндө ичинен сыймыктанса керек деп ойлоп коём.
– Байкем деп калдыӊ, үй-бүлөӊ тууралуу кененирээк айта кетсеӊ...
– Үй-бүлөдө 2 бир туугандын кичүүсүмүн. Экөөбүздү апам жалгыз тарбиялап өстүрдү. Атам 7 жашымда каза болуп калган. Андан бери канча жыл өтсө да, апам башка турмуш куруу тууралуу такыр ойлонгон жок. Балдарымды татыктуу адам кылсам деп эле турат. Агам экөөбүз «жакшы адамга турмушка чыгыӊыз» деп көп эле жолу айттык, бирок көнгөн жок. Ага кандай белек бербейли, канча ирет ыраазычылыгына татыбайлы, эч качан ак сүтүн актай албайбыз. Себеби ал бизге бардык өмүрүн арнап койду.
– Апаӊ экөөӊөр өзгөчө жакын болсоӊор керек?
– Өтө жакынбыз. Досторумдун баары апамды аябай жакшы көрүшөт. Менин электрондук дарегиме тасманын сценарийи келгенден тартып мени менен кошо окуп чыгат, тасмага даярдайт, образга кирет. «Жакшы аткар, сага ушунча адам ишенип тапшырып жатат, алардын ишеничин акта» дей берет. Кээде жан дүйнөм тарып, баарынан тажап турганымда башымдан сылап, «Кызым, азыр 20 жаштагы кыздардын эч нерсеге жетишпей жүргөндөрү канча? Сендей болуп тасмага тартылуу алардын тилеги. А сенде мунун баары бар. Жакындарыӊ аман-эсен, эч качан маанайыӊды түшүрбө» деп койсо кадимкидей канат байлап калам.
– Апаӊ менен жигиттер тууралуу сүйлөшөсүӊөрбү?
– Менин жашоомдо жигит менен мамиле куруу деген жок экенин жакындарым билишет. Ар бир кыз кыялкеч келет эмеспи. Жомоктогу ханзааданы арзуу кылып күтөт. Бирок мага ак боз ат минген жигиттин кереги жок, ашынган бай адамды деле күтпөйм. Болгону эркек деген аты эле эмес, ошол атка жооп берчү тарбиясы, жүрүм-туруму, сөзгө бекемдиги болсо мага ошол эле жетиштүү. Эжелерим «жашооӊ сүйүү жаатында тынч болуп турганы жакшылыкка» деп айтып калышат. Себеби көпкө күткөн адам мыктысына учурайт деп айтышат. Азыр мен бактылуумун деп айта алам. Каалагандай билим алып жатам, жан дүйнөмө жакын чыгармачылык менен алектенем. Болгону жүрөгүмдүн ээсин табуу калды өӊдөнөт.
– Буга чейин сүйүү сезими болду беле?
– Мектепте жактыруу сезими болгон. Бирок жан дүйнөм менен берилип, «ушул жигит менен келечегим бир болсо экен» дегендей болгон эмес. Эгерде сүйүүгө учурасам, дароо апама айтсам керек.
– Сүйүүдө же жашоодо адамдардан көӊүл калуу деген болду беле?
– Бул менин жүрөгүмдү ооруткан суроо. Жаш болгонума карабай көӊүл калуулар көп болду. Кыйын күндө колдоп, ыйласа кошо ыйлап, жардамымды аябай мамиле жасаган кээ бир адамдар эшеги ылайдан өткөн соӊ тескери карап басып кетишкен. Ал адамдарга экинчи жолукпаганга аракеттенем, бирок кокустан кезигип калсак саламдашып, саламын алик алып коём. Кээ бир адамдар «бул жумуш сенин колуӊдан келбейт» деп шагымды сындырууга аракеттенишкен. Бирок көпчүлүккө күчтүү адам экенимди далилдедим.
– Күчтүү кыздын дагы кандай сапаттары бар?
– Жашоого дайыма реалдуу көз карашта карайм. Көк бет, кекчил эмесмин. Аябай эмгекчилмин. Кыялданып «алма быш, оозума түш» деп отурбай, дайыма максаттарыма умтулуп жетүүгө аракеттенем. Курбуларымдын арасында «психолог» деген атка конгом. Дайыма угуп, жардам берип, жакшы сөз менен жоошутууга даярмын. Жаман сапатым – адамдарга бат эле байланып калам. Көӊүлүмдү оорутуп кетсе аябай кыйналам.
– Кино сенин жашооӊдо башкы орунду ээлейт көрүнөт. Тасма тартуу учурунда кызыктуу окуялар көп эле болсо керек.
– «Кекеч» тасмасы тартылып жаткан кез болчу. «Эртеӊ туулган күнүм эле, коё бергилечи» десем, «алдын ала айтып коюш керек болчу» деп жумуштан бошотпой коюшту. Ыйлагым келип «20 жашка толуп жатсам» деп ичимден ызалангам. Анын үстүнө апам да сыркоолоп, аны да катуу ойлоп жүрдүм эле. Туулган күнүм күнү тапшырган анализдеринин жыйынтыгы чыкмак, ал күнү жанында болгум келген да. Үйгө барып туулган күндү да унуттум, эртеӊ эрте туруш керек деп уктап калгам. Түнкү саат 12де курбуларым сюрприз жасап туулган күнүм менен куттуктап келишиптир. Толкунданып «ии, жакшы башталды го» деп койгом. Эртеси тартуучу жайга барсам ал жерде да сюрприз даярдашыптыр, үйгө келсем апамдын анализдери да жакшы чыгыптыр. Орусиядагы бөлөм көптөн бери уул күтүп жүргөн, ал чалып «уулдуу болдум» деп жатпайбы. Айтор, ошол күнү кубанычтар көп болду. Бул тасма талаасында болбосо да, тасма тартуу учурундагы сонун окуя болгон.
– Карьераӊдын эӊ сонун жыйынтыгы сен үчүн кандай болушу керек?
– Мен тарыхый тасмада роль жаратууну тилек кылам. Андан ашыгына умтулбайм. Себеби аялзатынын негизги милдети – бактылуу үй-бүлө куруу деп билем.
– Демек, турмуш курган соӊ актрисалыкты таштайсыӊбы?
– Талантымды бекитип жерге көмбөйм. Бирок турмушумдун кандай болору али белгисиз да. Буюрганы болор деп айтам. Эгер жолдошум менден чыгармачылыктан алыстоону талап кылса, балким, алыстайм.
– Маегиӊе рахмат! Кыялдарыӊдын орундалышын каалайм.

"Кекеч" тасмасында аябай токтоо, аз сүйлөгөн, өзүмө такыр окшобогон кыздын образын жараттым".

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Ачык эпизодго түшпөйм, тартылгысы келгендер тартыла беришсин" дейт Рахат Божокоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(49)
Медиа-портал
22.03.2015. 01:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
билим алып профессионал актеры болушунар керек да анан жолдон тутуп келип тартса эле жылдыз сезбей озунорду суйом дечи кино деле эмес ото томон бул кыз Максатка жагып калганбы кайра кайра эле интервью алат го коз карашынан
Медиа-портал
23.03.2015. 19:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jaz3,эч кандай жылдыз сезбей эле жөпжөнөкөй эле болуп турбайбы,жөн эле кылдан кыйкым сезе берген кишинин өзүнүн көп тес жактары болот, буга ишенип кой.Максатка жагып калса,жагып калгандыр. Жакшынакай, ачык,жөнөкөй кыз экен, эң негизгиси апасы менен бир тууганын аябай сыйлайт экен,өзү айткандай Рахат жакшы жар,жакшы келин болот деп ишендим
Медиа-портал
25.03.2015. 23:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypar.i,койчу
Медиа-портал
31.03.2015. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypar.i, тасма талаасынан бактысын таап жакшы келин болсун апасынын бут жашоосу ушул кыз окшойт кокус куйоого тийсе апакеси коп киришип албайбы дейм да.
SUPER.KG видео
22.03.2015. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соонун кыз эээ
SUPER.KG видео
22.03.2015. 04:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Стерванын ролун мыкты аткарсан керек. Максат экоон баш кошуп чогуу баланарды эркелеткиле.
SUPER.KG видео
22.03.2015. 06:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Intervyiy alyp jatkan bala eesi oop kaldy.
Emi yilonom dep kokotoidyn ashy kylbasa boldu apasy menen atasyna!!
A kyz jonyndo aitsam estyy kyz eken, birok ancha dele suluu emes jyldyzduu dep koichu mele
SUPER.KG видео
22.03.2015. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн сонун актриса.ушу бир жеринен кынтык таап эле турасынар да..ийгиликтерди каалайм..
Медиа-портал
22.03.2015. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын эле аркасындагы эки жаш көзгө жаман көрүнөт экен.Башында байкабапмын,комменттерди окуп,кайра көрүп байкадым
SUPER.KG видео
22.03.2015. 17:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
)))) козу ачыктык жайыбызда барбы
Медиа-портал
22.03.2015. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик дейли талантын бир аз болсо да тартуулап козго корунуп калбадыбы.аччык какылдаган кыз окшойт бирок бир аз жасалмаланып озун токтоо коргозгонго аракет кылыптыр.Жаш болсо да ар бир созду орду м.н суйлогону кыз экен.Айтып кетерим кандай гана кинодо роль жаратпа озубуздун тилибизде гана суйлошунду каалайт элем.Себеби акыркы учурларда кинолордо тил жаатынан аксап жатабыз,эки тилди аралаштырбай нукура кыргызча тартылса озубуздун тилибизди озубуздун динибизди жоготпой.
Медиа-портал
23.03.2015. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erika8982,башкаларга караганда кыргызча таптаза сүйлөп жатпайбы, бизде ушундай да: акырын басса -аксак,катуу басса таскак дей бермей, какылдагандагандарды көрбөй жүргөнсүң го,жакшынакай эле сүйлөп атпайбы
Медиа-портал
22.03.2015. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай соонун кыз экен,татынакай,апасын,байкесин сыйлаган,суйлогону дагы орду менен суйлойт экен.Ушунунан жазба,бактыпуу бол.
23.03.2015. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Актриса деп ушул кызды айтса болот.Ото энергичный,алдыга умтулган кыз.Бирок бул кыз менен чанда гана эркек жашап кетет.Себеби эркек муноз.
23.03.2015. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун аткарган "Суйом дечи" де.Эгер жашоодо да ошондой мунозго ээ болсо анда озу да жолдошу эн бактылуулардын катарын толукташат.Мага жолугуп,кинодогудай мамиле кылса суйуп калмакмын))))
23.03.2015. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты актер - роль тандабайт!
23.03.2015. 13:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик каалайм периште.
Медиа-портал
23.03.2015. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жагат ушул кыз.Тасмаларда ойногон аткаруусу да мыкты!
23.03.2015. 15:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ожор кыз оклойт. Азамат!
23.03.2015. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
бул кыздан откондо эле маек алдынар элего бир акеси бар деп ошондо эле билгем мунусу анча жанылык деле болбоптур бирок жашнакай кыз тартынбаган, аракетчил
23.03.2015. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо алдыда
23.03.2015. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик! Мага бул кыздын уну жагат аябай жагымдуу кыз озу да
24.03.2015. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бетиме кымыз коем дейби
24.03.2015. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:)
24.03.2015. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ийгилик! ар дайым таланттын ташкындасын.
24.03.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмне учун менин экинчи комментарийим жок
24.03.2015. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nusichka, саламатсызбы!
Сиз бул макалага комментарий жазган эмессиз.
24.03.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарийдин тексти
Озунун жашынан чон корунот го. Иштерине ийгилик!
24.03.2015. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунун рольун кыйын аткарат мыкты актриса сулууда дагыда мыкты образды жаратып элдин суйгон кызы бол.
25.03.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен ойлопмун 90,92 жылкы кыз эмки кезитке чыксаныз мага салам айтып коюнузчу мен суйунуп калайын
25.03.2015. 14:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы жонокой кыз экен. Ийгилик!!!
25.03.2015. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да уйдон чыгаарда он бутумду кием анан солду Рахат экообуз окшош экенбиз
25.03.2015. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баракелде Рахат! Жараткан сизге эки дуйно бактылуулукту берсин! Ыйймандуу жонокой кыз экен! Мага аябай жакты! Сизге бир гана ийгиликтерди каалайбыз!!!
SUPER.KG видео
27.03.2015. 03:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Такылдабай, интервью бергенди бир аз уйрон! Максатка соз жок, оз ишин мыкты билет.
29.03.2015. 19:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интерию алып жаткан бала чын эле жактырып калган окшойтко. иийгилик бирок кичине токтооп жайыраак суйлосо жакшы болмок ото эле шашып суйлойт экен.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо