КЕЛДИБЕКОВДУН ИШИН КЫСКАРТУУ ЧЕТКЕ КАГЫЛДЫ

№646 20-март-26-март, 2015-ж

Чубактын чуусундай уланып келе жаткан Жогорку Кеӊештин экс-спикери, депутат Ахматбек Келдибековдун сот ишине байланыштуу 77 депутат суракка алына турган болду. Коомдук жактоочу болуп келе жаткан Азимбек Бекназаровдун депутаттарды суракка алуу өтүнүчүн Биринчи Май райондук сотунун судьясы Абдразак Боромбаев канааттандырды. Депутаттын жактоочулары кылмыштын эскирүү мөөнөтү аяктаганына байланыштуу (Келдибеков социалдык фонддун жетекчиси болуп тургандагы материалдар боюнча) депутатка тагылган айыптардын айрым эпизоддору боюнча кылмыштык иликтөөнү токтотуу жөнүндө өтүнүчүн келтиришип, бирок ал судья тарабынан четке кагылды.
Бул өтүнүч тууралуу Башкы прокуратура эгер кылмыштын эскирүү мөөнөтү өттү деп кылмыш иши токтотулса, анда ошол кылмышка шектелип жаткан адам күнөөсүн моюнга алды деп эсептелерин белгиледи.
Эске салсак, Ахматбек Келдибеков «коррупция» жана «кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренелери боюнча айыпталып, 2013-жылдын күз мезгилинде камакка алынган эле. ө
Былтыр август айында ден соолугуна байланыштуу чет өлкөгө дарыланууга кетип, 10-февралда Бишкекке кайтып келген. 17-мартта өткөн соттук отурумда күбөлөр көрсөтмө бергендиги маалым болду.

Эльвира Караева,
Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
23.03.2015. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан эмне болду?
23.03.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ozu kelip otursa da,dagy ele chechim chyga elek,kandai tushunsok bolot?! je eldi ushuncha durbolongo salyp alyp,kunoosu jok dep koio bergenge namysynar jol berbei jataby?!
24.03.2015. 07:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жарым жыл, жылын узартып журуптур да.
24.03.2015. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
камалыш керек жедиби убакыт оттубу отподубу жазасын алыш керек.Чехияда ССР убагындагы КГБнын агентин 2013жылы камап салдыго чыкынчы болгонсун деп. эмне эл акысын жеген эл душманы катары эсептелбейби камаш керек
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-24 16:05:02
24.03.2015. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurlan10000kg, Жегендин баарын камаса ак уйдо эч ким калбай калатда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо