Замир Арыкбаев, ырчы: «АРТИСТ ДЕГЕН СӨЗДҮН БУЛГАНЫШЫНА УЛУУ МУУН КҮНӨӨЛҮҮ»

№647 27-март-2-апрель, 2015-ж

Көлдөн чыккан таланттуу ырчы Замир Арыкбаев мындан бир топ жыл мурун кандай болсо, дагы деле ошондой бир калыпта. Качан көрбө дайыма каткырып күлүп, тамашакөйлүгүнөн жазбай жүрөт. Биз бүгүн ырчынын жан-дүйнөcүнүн эшигин каккылап, ичине сүӊгүгөнгө аракет кылдык.

«КЫЗ БАЛА ҮЧҮН ШОУ-БИЗНЕС ОПУРТАЛДУУ»
– Табиятымдан мүнөзүм токтоо, интригадан алыс адаммын. Урунуп-жулунбаганым үчүн чайпалбай бир калыпта жашап келем. Чыгармачылыкта болобу, жеке жашоодобу дос күтүп, ким менен мамиле курбайын сыйдан ары ашпайм. Өтө ысык мамиледе болгон кооптуу деп ойлойм. Кезинде ысык ымалада болуп, жүз карашпай калган инсандарды деле көрүп жүрбөйбүзбү. Мурда тентек, өтө тамашакөй болчумун. Ойлонбой тамашалайм деп кээде жакындарымды таарынтып да алчумун. Жыл өткөн сайын бул кыялым жоголуп бараткансыйт.
Өзүмдү жакшы күйөө, жакшы атанын катарына кошом. Жубайым Лира менен жаӊы баш кошкондо ал өзүнүн оюн таӊуулап, мен өзүмдүкүн бербей ортобузда түшүнбөстүктөр көп эле болуп турчу. Жадакалса болбогон нерседен кызганып, уруша кеткен учурларыбыз эсте. Убакыттын өтүшү менен бири-бирибизди көз карашыбыздан түшүнүп калдык. Мен ага, же ал мага баш ийди эмес, турмуштагы багытыбыз бир экенин сездик. Күмөндөр агабыз «аялымды мен башкарып жатам деп жүрө берипмин, көрсө, аялым мени башкарып жүрүптүр» дегендей, турмушта аялга баш ийип, аны уга турган учурлар да болот. Үйдө акчаны өзүм кармайм. Менин уруксатымсыз бир сом да эч жакка жылбайт. Тартип болушу керек, акчаны ал келип сууруса, мен ала берсем болбой калат го.
Чыгармачылык менен алпурушуп жүрүп балдардын кандай чоӊоюп калганын билбей калат экенсиӊ. Чоӊ кызым Акбермет 2-класста окуп жатат, экинчиси Акмарал 5 жашта, балдар бакчасына барат. Кичүү уулум Актилек 1 жашта. Акмаралдын жароокер, тамашакөйлүгүн, Акберметтин токтоо, жооштугун өзүмө окшоштурам. Ал эми уулум Актилек апасын тартып ыйлаак. Кыздарым таланттуу, бирок "ырчы болобуз" дешсе каршы чыгам. Анткени кыз бала үчүн шоу-бизнес опурталдуу, өтө сак болушу керек. Такыр эле болбой ырдайм десе, ар бир кадамын өзүм көзөмөлдөйм. Учурда балдарыма көп көӊүл бура албай жатам. Сабактарын караган, сейил бакка алып барып ойноткон апасы. Кээде келинчегим «өзүӊ сыртта жүрөсүӊ, үйгө келип уктайсыӊ, балдарга көӊүл бурбайсыӊ» деп нааразы болуп калат. Лиранын айтуусу боюнча, менин эки кемчилигим бар. Биринчиси жалкоолугум, экинчиси романтик эмесмин. Анын үстүнө 5 жылдан бери 5 убак намаз окуп дин жолунда жүрөм. Келинчегим да хиджап кийген. Майрамдарда келинчегиме «өзүӊ каалаганыӊды алып ал» деп акчасын эле берип коём. Көрсө, аялдарга романтика тартуулап, өзгөчө белек берсеӊ жагат экенсиӊ. Бирок тырыӊдап-мырыӊдап тамак тандабайм. Жубайымдын 7 эле түр тамагы бар, алмак-салмак ошолорду жасап бере берет. Мен тажабай жей берем.

«БАЗАРДА МАКСЫМ САТЫП СООДА КЫЛЧУМУН»
– Кичинекей кезимде эле соода менен алектенчүмүн. 1-класста чоӊ апамдын багынан алма, өрүк терип, автобекетке барып сатчумун. Андан сырткары талаадан жүгөрү кайрып келип, аны апама бышыртып алып сатар элем. 6-класстан тарта каникул сайын Бишкекке таякемдин үйүнө келип, «Дордой» базарында иштеп, лимонад, максым сатчумун. Ал кезде базарда контейнерлер жок, дунган, кытайлар машинесине товарларын жайып сатышчу. Күн ысык, тим эле куйкалайт. Тердеп, суусап бир дунган бир күндө 7-8 бөтөлкө лимонад же максым ичип салчу. Ошентип акча таап, мектеп кийимдерин алып сентябрда айылга кетип калчумун.
Негизи менин соодага шыгым бар. Кудай буюрса, бизнес кылайын деген ойдо жүрөм. Эмнегедир саясатка жүрөгүм тартпайт. Депутат, министр болбой эле чыгармачылык, бизнес менен деле элиӊе жардам берсеӊ болот. Ар бир айылда жок дегенде бирден ишкер бар. Ошолор айылдын муктаждыктарын карап койсо, айылдагы маселелер чечилет. Демек, айыл оӊолсо, Кыргызстаныбыз оӊолот деп эсептейм.
Чыгармачылыгым менен эле үй-бүлө багып, чакырган тойлордон калбай келем. Илгери артист десе ичип кеткен адамдарды элестетишчү. Апам да айтып калчу «артист деген да кесиппи?» деп. Анткени союз маалында артисттер гастролдоп, айылдарга барып таӊ атканча ичип өздөрүн жаман көрсөтүп алышкан. Буга улуу муундагы ырчылар күнөөлүү деп эсептейм. Мындай көрүнүштүн четин биз да көрүп калдык. «Ай, ырчы деген тамакты майлап алып анан ырдайт. Кел, куюп берейин» дешчү бизге да. Сахнанын арты тамеки, арак жыттанып турчу. Азыркы муун мындай көйгөйдөн алыс. Баарынын иштейли, оокат кылалы деп тытынып жүргөндөрү мени кубандырат.

«ӨЗҮМДҮН ТОБУМДУ АЧКЫМ КЕЛЕТ»
– Студент болуп жүргөндө текстке обон жазып ырдап чыксам эле Сыймык Бейшекеевге окшошуп калчумун. «Көлдүк карындаш» деп эӊ алгач ырдап чыкканда мени Замир Арыкбаев катары эл тааныбай койду. Улукмырза Полотовго барсам оозумду ары-бери керип отуруп азыркы калыпка салып койду. Агайдан бир жыл сабак алгандан кийин эле өзүмдүн үнүмдү таптым. Азыр элдин угуу табити өзгөрүп баратат. Эл жандуу үндү айырмалай баштады. Тойлордо фонограмма менен ырдасаӊ, бири-бири менен сүйлөшүп көӊүл да бурбай калышат. Качан гана жандуу ырдаганда кошулуп ырдап, бийлеп ортодо байланыш түзүлөт. Ошондуктан жандуу ыр ырдаган Замир Арыкбаевдин тобун ачсам деген оюм бар. Ошондо шоу-бизнеске кошкон салымым же жакшы иш жасаган болмокмун.
Ооба, көп жылдан бери концерт бере элекмин. Концерт койгонго кудуретим жетет, сценарийин жазып, сахнаны эптеп-септеп жасап дегендей. Бирок мен андай концерт бергим келбейт. Артыӊда оркестр коштоп турса, жандуу үн менен тердеп-кургап 2 саат ырдагым келет.

"Чыгармачылык менен алпурушуп жүрүп балдардын кандай чоӊоюп калганын билбей калдым".

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Замир Арыкбаев: “Бут тосуулардан улам ыйлаган учурлар болгон”

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(64)
31.03.2015. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялы жакшынакай экен
31.03.2015. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Озун реклама кылган го типа мен укмуштардын укмушумун деп. Улуу муун дебесе болмок, же эмне бир улуу муундай бир шедевр жарата алдыбы? Менин билишим азыркы ХХХ болгон ырчылардан айырмасы жок.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-31 14:23:24
31.03.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Alfiya, кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
31.03.2015. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир кыргыз кызы ушундай болуп оронуп журсо кандай гана керемет корунот аллах раазы болсун.
SUPER.KG видео
31.03.2015. 04:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замир ийгилик каалайм!
31.03.2015. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
hidjap dep dene muchosun bilindirbegen jamynchyk aitylat. zamir baikenin jubaiyny hidjap kiygen dep aita albaim avrattary achylyp kalgan.anan da zamir baike kyzyl noski kiybei ele koiboptur.
31.03.2015. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Замирдин мунозу катуу экен, уй-булосун да катуу кармайт экен, намаз окуганы жакты бирок ырдоо куноо экенин биле элек окшойт,шарият мыйзамы боюнча ырчылар тиги дуйнодо ит болуп уруп турат деген баянды угуп жакамды кармадым.
31.03.2015. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой айланайындар, кие берсинчи, байпагынан бери коро каласынарда! Тапканын киетда. ))
31.03.2015. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдарга эч нерсе жакпайт. Жумурткадан кыр издеп турушат. эптеп бир кемчилигин айтып калбаса баштары ооруйбу?! критиканын да чеги болот! Замир Арыкбаев таланттуусуз, бар болунуз жонокой адамгерчиликтуу инсан деп билем.
05.04.2015. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulu-5kg,туура сөз.Замир абдан талантту, харизмасы да күчтүү, анан чындыкты бетке айтат экен.Үй-бүлөнү эркек башкарса,ал үйдө дайыма тартип,бейпилдик болот эмеспи. Азамат экенсиң. Бирок мага бир нерсе түшүнүксүз:эмне үчүн көп ырчылар, "мен мындай кылам" дебей биз ушинтебиз деп көптүк түрүндө айтышат? Ал эми Замирге ден-соолук,чыгармасында ийгилик, үй-бүлөөлүк бакыт каалайм
31.03.2015. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге Султан Садыралиев жонундо эчнерсе жазбай калдынар?
01.04.2015. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kyrgyzka96, Ой журот корунгондун ырын жула качып, баягыдай эле, эч сарсанаа болбо карындаш.
02.04.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
st1m_, мисалы кимдикин?
31.03.2015. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бейпил Маманов дун маегин таппай жатам го бул жактан
01.04.2015. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kyrgyzka96, саламатсызбы!
Төмөнкү шилтеме менен өтүңүз:
http://www.super.kg/media/stv/138227/
31.03.2015. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Молодец да ушул ырчы ага,ачык-айрым.
01.04.2015. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Музыка - бул шайтандын азаны болуп эсептелет. Ырчы чоорчунун баары шайтандын кулу,шайтандын азанчысы. Эртеден кечке музыка угуп,кошо ырдап,бийлейбиз. Бул куноо.ЫРДАГАНГАДА,ЫР УККАНГАДА,БИЙЛЕГЕНГЕДА болбойт туугандар. Ыйманы кучтуу мусулмандар ыр угушпайт. Ыр уккун келсе суроо,аяттар ,Куран,АЛЛАХ,МУХАММАД пайгамбар,ИСЛАМ дини жонундо ырлар бар ошолорду уккула.
01.04.2015. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Замир байке аялынызга эскертип коюнуз. Хиджап колдун томугунан буттун томугуна чейин жаап туруш керек. Хиджап кийгенде аялдын омпок домпогу билинбеши керек. Ото тыкыс кийген болбойт.. Менин жердешим озумдун агам экенсиз. Уй булоонуз менен Аман болунуз! Ассаляму Алейкум !
01.04.2015. 01:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мынчалык кызыл кийбесе. Ошон учун артист да. Ырлары жакшы бирок.
01.04.2015. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маш Аллах коз тийбесин уйбулоонузго тфу- тфу!!!!
01.04.2015. 08:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин билишимче азыркы муун ырларын акча табыш учун чыгарат, а улуу муун жандуу ырдап элге эргуу тартулашчу
01.04.2015. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Не болсо да бактылуу уй булоолордун катарын толуктайт экен .Ийгилик!
01.04.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Тан каласын катынын озун мактагандан башканы билбей калганбы бул жылдызчалар.Улуу муун деп озулору такыр ичпеген немедей кечээки кездерине калыстык менен коз жугуртсо боло такыр ичпеген кишидей суйлойт да.Алты кун арак ичпесе эле адалсынып суйлогондун не кереги бар.Ошол жаман деген улуу муундагы ырчылардын эн жаманына тен келе алат бекен бул Замир.
01.04.2015. 17:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бала-чакан менен бактылуу бол.Чыгармачылык ийгилик каалайм!
02.04.2015. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биринин кызыл байпагына,биринин ак байпагына асыласынар озу бизге (адамдарга) эч нерсе жакпайт.
03.04.2015. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lapochka345,эн туура айтасыз...
05.04.2015. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lapochka345,мен да ушуга капамын. Бир жолу казактардын "МузАрт" группасы жөнүндө комменттерди окуп калдым.Ошондо бирөө бир терс пикир жазган экен, аны бир нече киши жемелеп басып коюшуптур. А бизде билгени-билбегени отуруп алып жаза беришет сын-пикирин, ошо сындагандан ырахат алган мазохисттер болуш керек ошолор.Өздөрү кандай немелер болду экен деп ойлоп кетесиң.
02.04.2015. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коп коп ырларды чыгарып журо бериниз,сиздин ырдаганыныз,келбетиниз,журум-турумунуз баары жакшы,Ийгилик каалайбыз.Сиздей ырчыларды только колдош керек!!!
03.04.2015. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун ырчы...ай гитар ай гитар ай деген ыры жагат..
04.04.2015. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул жигит турушу менен жагат да, жакшы ырчы.
SUPER.KG видео
04.04.2015. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Улуу муунду ичет деп жамандабай эле койбойт белен
04.04.2015. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын да улуу муундарга жетип эмгеги элге тийген ырчы болуп алышса кана
04.04.2015. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч жакпайт ушул ырчы.
04.04.2015. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин оюмча жамандабай эле чындыкты айткан.Оз козум менен коргом тойдо бир ырчынын ичип ырдап чыкканын.
05.04.2015. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Замир байке, баары бир туурасын айткан.Азыркы заманда чындыкты айткан адамдар аз да.Сизди колдойбуз. Ар бир ырчынын озулорунун Куйормандары болот да. Ийгилик жарата бериниз!
Медиа-портал
06.04.2015. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
miraiymka,
Саламатсызбы! Браузердин кэшин тазалап кайра аракет кылып көрүңүз. Катачылыктар дагы кайталанса, бизге купуя кат менен кайрылсаңыз болот.
07.04.2015. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замир Арыкбаев эн таланттуу,жонокой,жаркылдап,чыгармачылыгын элге тартуулаган адам.Кыргыз эли сизди кош коллоп колдойт. Супер. Мартабаныз бийиктеп которуло берсин,жонокойлугунуздон жазбаныз!!!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо