«ФЕЙКТЕН» ЖАБЫРКАГАН ЖЫЛДЫЗДАР

№647 27-март-2-апрель, 2015-ж

Технология өнүгүп, жашообузга интернет түшүнүгү тереӊ орноп алган бүгүнкү күндө социалдык тармакты колдонбогондор аз. Социалдык түйүндөрдө активдүү отургандардын арасында жылдыздар да көп. Бирок чын эле ошол жылдызбы же анын атын жамынган бирөөбү, билүү кыйын. Мындай «жалган» жылдыздар атактуулардын атынан түрдүү кептерди жазып, ырчыларды дагы уят кылып койгон учурлар көп кездешүүдө. Шоу-бизнес өкүлдөрүн ушул туурасында кепке тарттык.

"Фейк" же «fake» япон тилинен которгондо жасалма (фальшивка) деген маанини түшүндүрөт.
Фейк түшүнүгү 3 учурда колдонулат:

  • Фотошоптун жардамы менен өзгөртүлгөн сүрөттөрдү. (Кээде видеороликтер да айтылып калат).
  • Калп жаӊылыктарды.
  • Социалдык тармакта бирөөнүн атын жамынгандарды. (Мисалы, атактуулардын атынан ачылгандар).

Айпери Калыкова: «ЖАКЫНДАРЫМ МЕНЕН МАМИЛЕМ БУЗУЛГАНГА ЧЕЙИН БАРГАМ»
– Эсимде, бир кездерде жакшы алакада болгон тааныштарым, классташтарым, жакын адамдарым мага тескери мамиле жасап калышкан. Көрсө, иш менин атымды жамынып социалдык тармакта отурган "Айпери Калыковада" экен. Ал менин атымдан болбогон нерселерди жазып, алардын көӊүлүн суутуп коюптур.
Акыркы жолу инстаграмда отурган «фейк» «Супер-Инфо» гезитинин жамаатын жамандап, "Нурлан Насип менен Сайкал Садыбакасовадан Малайзияга барыш үчүн 2000 АКШ долларын алыптыр. Ар бир ырчыдан акча алат, болбосо жамандайбыз деп коркутушат" деп жазыптыр. Мен сиздердин гезит менен канча жылдан бери иштешип келем, бир сом алышпаса, же акча берген ырчыны көрбөсөм, же мени "акча бербей койдуӊ, жамандайбыз" деп коркутушпаса. Интернетке кирбеген жаным аталган тармакка катталып тигиге жаздым. Уурусу күч болсо ээсин доого жыгат болуп "фейк" мени купуя кат аркылуу сөгүп кирди. Чындыгында, видеокайрылуу дагы жасадым. Акыры чыдамым түгөнүп, аккаунтумду өчүрүп салдым.
Мындан кийин социалдык тармактарга катталбайм. Жөн жерден гезит менен көп жылдык кызматташуума шек келтирип, мамилебизди бузуп коё жаздаганы өкүндүрөт.

Нурлан Насип: «МАЛИКА МЕНЕН СҮЙЛӨШӨМ ДЕП СТАТУСУНА ЖАЗЫП...»
– Азыр социалдык тармактардан менин атымды жазып издесем 100дөн ашуун "фейк" чыгат. Алардын арасынан кимиси мен экенимди билишпеген күйөрмандарым сүйлөшө беришет экен. Кыздарды алдап "акчам калбай калды" деп бирдик салдырышкандары да бар.
Бир жолу бир "фейк" «Малика Дина экөөбүздүн ортобузда сүйүү бар, буюрса, балалуу болобуз» деп статусуна жазып алыптыр. Аны көрүп жаман жиним келди. Аларга "эмнеге менин атымдан отурасыӊ?" деп жазсаӊ, кайра өзүӊдү сөгүп салышат.
Гастролдоп айылдарга барып калсаӊ, «Экөөбүз интернеттен сүйлөшчүбүз, эсиӊиздеби? Мен сизге бирдик салчу элем го» деген жаш кыздарды көрүп, аябай ыӊгайсыз абалда калам. Аларга "мен социалдык тармактарда отурбайм" деп түшүндүрөм. Акыркы окуялардан улам атымды жамынган "фейктерге" катуу чара көрүү керек экенин ойлонуп калдым.

Сайкал Садыбакасова: «САЙКАЛДАР» ДАЛАЙ УЯТ КЫЛЫШТЫ»
– Социалдык тармактарда менин атымды жамынып, интернетке туура эмес сөздөрдү жазып жаткандарына күбө болгом. Досторумдун дарегинен ошондой "фейктерге" кат жазсам, "Сайкалмын" деп оозу-мурду кыйшайбай жооп берип коюшат. «Уятсыз, сен Сайкал эмессиӊ, мен Сайкалмын» деп кайра мени доого жыгышат. Инстаграмдагы менин атымды жамынган колдонуучу бир учурда чыгармачыл чөйрөдөгү айымдарга асылып, аларга карата түрдүү сөздөрдү жазып баштагандыктан, ырчы досторумдан "өзүмдүн официалдуу баракчамдын дареги менен бөлүшүп койгулачы" деп сурангам.
Учурда көпчүлүк социалдык тармактарда жүргөн "Сайкал Садыбакасова" дегендер мен эмесмин. Азыр атымды кыскартып, жакындарым гана билчү ысым менен катталып калгам. Жакында эле кесиптешим Айпери Калыкованын атын жамынган «фейк» инстаграмга Нурлан Насип экөөбүздүн Малайзияга болгон сапарыбызда «Супер-Инфо» гезити 2000 АКШ долларын алган» деп жазып эсимди оодарды. Албетте, бул калп, 2000 АКШ долларын эмес, 2 тыйын да берген эмесмин. Муну инстаграмга да жаздым. Көӊүл бурбайын десеӊ адамдын абийирине шек келтирип жалган кептерди жазышып, элдин оозун ачырган пикирлерди калтырышат.

Гүлжигит Сатыбеков: «МЕНИН АТЫМДАН 22 000 СОМ БАНККА КОТОРТКОН»
– Интернеттеги калпычы "Гүлжигит Сатыбековдордон" күйөрмандарымдын запкы жеп калгандары бар . Кээде «жолугабыз деп сүйлөшпөдүк беле?» деп кыздар келип калышат. Анан аларга "ал мен эмес болчумун" десем ишенишпейт.
Бир жолу бир кызга "клип тартат элем, акча керек" деп "фейк" 22 000 сом банк аркылуу котортуп алыптыр. "Өзүм ала албайм, досумдун атына которуп кой" дегенине эмне дейсиӊ? Канымды кайнатканы «чечинип сүрөткө түшүп жөнөт» дегендери да болуптур. Күйөрмандарымдын алдында мени уят кылышууда.

Урмат Усенов: «БИРӨӨНҮН АТЫН ЖАМЫНГАНДАР КОЛУНАН ЭЧ НЕРСЕ КЕЛБЕГЕНДЕР»
– Башында социалдык тармактарга такыр катталбайм дечүмүн. Кийин тааныштар «Бул ат менен, тигил ат менен катталган сенби? Экөөбүз бул тууралуу интернеттен сүйлөшпөдүкпү» деп айтып калышканынан кызыгып кирип катталып калдым. Менин атымдан отурган адамдар менен өзүм да байланыштым. Биринчи сүйлөшкөндө эле алардын жеӊил ойлуу, дүйнө таануусу төмөн, психикалык жактан жабыркаган адамдар экенин түшүндүм. Тарбиялуу, билимдүү, түз жүрүп, таза ойлонгон адам эч качан мындай жоруктарга барбайт. Реалдуу жашоодо «фейктердин» колунан эч нерсе келбейт. Бетме-бет келгенде оюн толук билдире албаган адамдар деп билем. Алар компьютердин алдында гана өздөрүн эркин сезе алышат. Азыр деле менин атымды жамынган "фейктер" бар. Алардын активдүүлүгүн көрүп ушунчалык да бекерчи адамдар барбы деп таӊ калам.

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Фейктен" жабыркаган жылдыздар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(36)
SUPER.KG видео
28.03.2015. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гүлжигит не эле чайналат?!
Медиа-портал
28.03.2015. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айпери туура кыласын негиси такыр кирбей койсон анан эл да тушунот кайсы адам болбосун барыбир Айпери кирбейт жазыштын кереги жок деп. Бироонун атынан кирип ошончо куноону башына уйуп не зарыл тобоо
Медиа-портал
28.03.2015. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Фейк болуп келет боло берет эчким токтото алган эмес мен бирда биздин ырчылаодын фейктерин коро элекмин болсо однкллсте болот
Медиа-портал
31.03.2015. 00:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bakenulukbek,ооба эч ким токтото албайт дечи байкуш жылдыздарга жаман болуптур. Менимче сим картаны регистрация кылгандай эле электрондук даректерди да каттоодон откоруп салык толой турган кылса жана социалдык тармактарга катуу тартип киргизилип чектен чыкканын жазага тартса фейктердин шору курумак да.Суперчилер бул сунушту тиешелуу жактарга жеткирсениздер жакшы болмок.
Медиа-портал
31.03.2015. 01:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eliza5566, жоок ээ, андай болбой калат го, азыр баары акча, хотя бы инетте нормальный отуралы да акчасыз... ал эми фейктер оздору эле билинет ошол жылдыздард ыжамынып отурган ошол адамбы же башкасыбы.. акыры бир куну билинет....
Медиа-портал
29.03.2015. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул жерде окшошпой калганго дейм кантип эле булар как будто Голливуд жылдыздарындай сезишетко оздорун ким эле буларды карап олтурушат экен ооба тушуном бардыр бирок анчалык деле эмес болсо керек жаман кооздошуптурго оздорун кинону да андай кооздобосо керек. Булар бир бирин эле ушундай кылып бут тоспосо карапайым эл жон гана ырын угуп жакшы болсо жакшы жаман болсо жаман деп айтышы мумкун болгону ошол.
Медиа-портал
29.03.2015. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оздорунун авторитет тушуруп жатышат
Медиа-портал
29.03.2015. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уорлд оф танкс, балким сиз "жылдыз" болуп, анан ушундай абалга туш болсонуз мындай жоорумдоо жазбайт элениз. :)
SUPER.KG видео
29.03.2015. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Насиптин одноклассникте почталары кооп го,чынында фанаттары болсо да бирооонун атын жамынып не кылышат дейм,Гулжигит мырзаныкы укмуш болуптур,Айпериге эле кыйын болуптур да
Медиа-портал
30.03.2015. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит Сатыбековдун инстаграмдагы фейки баарды шоу дуйносундогу ырчыларды жамандап жазып жургон. Бир жолу окуганмын Асел Касымованы шоу бизнесте жургон эн жаман кыз тиги бул деп олло жамандашкан.урушуп журушкон , ушундай абалга кабылгандар толтура
30.03.2015. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында коп мындайлар азыр.
30.03.2015. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чындыгында ырчылардын жазганын окуп бул жакта менин жиним келди туркун тумон жалааларды жаза беришет экен жанын чыккыдай кылып, Урматтын айтканы эн туура алар алсыз адамдар. Мисалы соо адам озунун баракчасына гана аран кирет убакыт болсо анда да мен оздук баракчама сурот кошконго убакыт жок же зеригип кошо албай журо берем фейктерге тан каласын не зарыл ошончо убакыт коротуп, андан кандай пайда табышат тобоо атактуу болсон да жаман бир чети
30.03.2015. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Анткени кээбир ырчылардын жеген нанынан  бери тартып калышат. А кээ бирлерин дегеле супер сайттан таппайсын. Алсак бир эле ырчыны Анжеликанын кызыдарын, жеке бизнесин, кийген кийимдерин, жеген тамагын, жада калса  жолдошу эч жерден калбай тартылат. Мунун баары акчанын артында болуп жаткандай сезилет кишиге. 
30.03.2015. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Соц сеттеги ырчылардын баары фейктер.Мен алардын бирине да ишенбейм оздук ошол ырчынын сайты экенине.Ишенбегиле баары Фейктер!
30.03.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaman boluptyr yshyndai adamdar barbi allahim ar bir adamga yiman insap bersin tynchtik ele bolsunchy...
30.03.2015. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да Нурлан Насипти одноклассникиден издесем,фейктер коп экен.Чынын табам деп,кыйла эле аракет кылгам.5-6оо "В отношениях с А.К" деп турат.Анан ойлоп калдым,жасалма Асель К.лар да коп турбайбы.
SUPER.KG видео
30.03.2015. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык еле елдер бар а бироонун атынан кирип убакыт короткончо пайдалуу иш кылса болбойбу
30.03.2015. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болушу мумкун,интернетте мындай ысым менен отургандар толтура.
30.03.2015. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да аябай кооп ырчыларды кезиктирем сайттардан.бирок негедир кызыгып эч дружба жонотпойм деле.же ишенбеймби ошол ырчынын озу экенине билбейм.Мирде Айгерим бар бирок ал озу эле болсо керек. Однаклассниктен Нурланды кордум эле "кайсы ырым жагат?"деп кооп ырларын койуптур билбейм ал ким экенин.Иши кылса аман эле болушсунчу!
30.03.2015. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кенеш тобундагы эже баняга киргенин айтпай эле койбоптур
03.04.2015. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nusichka,туура айтасын баняда эмне кылгандарын дагы айтып салайын дептир го
30.03.2015. 19:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
))) укмушко
30.03.2015. 21:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте эн туура эмес ушинтип бироонун атын саткандан эмне пайда.Мен да Нурлан Насиптин суротторун коруп омеей мынча коп,достору да ар кимдиле кошо берген го десем жолдошум айттыле бул оздору эмес.Корбогондон кийин каяктан билесин ким экенин дегенде ишенбеген элем.Жылдыздарга сабыр берсин эми ушундай тартипсиз адамдарга капа болбой.)
31.03.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kykenbai, саламатсызбы!
Макалада «fake» сөзүнүн япон тилинен которулгандагы мааниси тууралуу гана жазылып жатат. Түпкү тамыры япон тилинен келип чыккан сөз.
31.03.2015. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Есть конечно фейки. Но можно обратится к администратору и удалить лже акаунты. Простые люди за кого то сидеть не будут. Простые люди верят и любят вас. Думаю артисты сами себе тоже много страниц открывают,чтобы пиарить себя. Зачем другим это делать?
01.04.2015. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык эле адамдар бар тообо.
02.04.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nargul, Baian, талкуудан алыстабай, суроолорду info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтүңүздөр!
04.04.2015. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчы айым, мырзаларыбыздын атын жамынып суйлошкондор чынында жаман создор менен суйлошуп,алардын атын караласа чындыгында алардын кылаарга айласы жокта. Кенеш тобунун ырчыларын олду деп чыгарганы жаман экен баарынан да.
SUPER.KG видео
05.04.2015. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кызык айтып берейин. бир куну однокласскникиде отурсам айпери кубик кызы дегенден дружба келди, кошуп койдум. анан жаза баштадым таанышалы деп. коп отпой интимдик суроолорду берип номериме эд сал деп да суранды. фейк экенин башында эле билгем, себеби суроттору оригинал эмес эле да. азыр эми кирип карасам ар бир суротундо 1000ден кем эмес класстар бар, аоюр бир куну кирет. друзьясы да кобойду. озунор деле кирип карап корсонор.
SUPER.KG видео
05.04.2015. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан озу кайсы почтада отурарын конкретно айтып койсо болмок экен. себеби менде нурлан бар 5000друзьясы бар, а мен аны нурлан озу деп ойлопмун(((
SUPER.KG видео
06.04.2015. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ Бек Борбиев дагы супер инфо жонундо айтып чыкты го? Же ал дагы фейкпи?
07.04.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Происхождение слова «фейк»

Слово «фейк», как и много других, пришло к нас из британского языка. Fake значит фальшивка, подделка. Вначале слово употреблялось только на просторах веба, но потом его употребление вышло за границы сети. На данный момент слово можно услышать и в обыденных дискуссиях.

В широком смысле слова фейк — это неважно какая липовая вещь, которую пробуют выдать за реальную. В большинстве случаев эти вещи относятся к вебу либо хотя бы просто к молодежной среде.
08.04.2015. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
япон эмес а ЖАПОН
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо