«БИЗ» ТОБУНУН КҮЙӨРМАНДАРЫ ГҮЛ ОРДУНА АКЧА БЕРИШТИ

№647 27-март-2-апрель, 2015-ж

Өткөн күнү – 21-март
Өткөн орду – Кожомкул атындагы Спорт Ордосу
Башталышы – 19:35 (билетте 19:00)
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Алып баруучу – Шайбек Акматов
Жакшы номерлер – Ильяз Агыбай уулунун ырчылар тууралуу пародиясы, «Биз» тобу аткарган «Адина», «Буй-буй» ырлары
Билет баасы – 300-500 сом

«Биз» тобу­нун концерти болорун угуп Спорт Ордосуна бардым. Концерт өз убагында башталбасын билген жаным, бекер отурганча бекер маалымат алайын деп сахнанын жасалгасына үӊүлдүм. «Биз» деп чоӊ кылып жазып, баннерге сүрөттөрүн илишиптир. Жаӊычылдык жок тура деп концерттин башталышын күтүп, туурга конгон бүркүтчө балкондогу отургучта отурам. Бир убакта сахна ачылып, концерт башталды. Жаӊы тиктирген костюмдарын кийип жаркылдап чыгып келишти. Бактияр Токторов адатынча так секире бийлеп, төгүлгөн терин аарчып жетишпей жатты. «Ыр эле уга беребизби» деп отурсам, ак костюм кийген жигит чыга келди. Карасам, «Биз» тобунун түзүүчүлөрүнүн бири Ильяз Агыбай уулу экен. Ырчылар тууралуу пародиясы менен элди бир сыйра күлдүрүп, сахнадан кайып болду. Андан соӊ топтун балдары экиден ыр аткара башташты. Элдин купулуна алар анчейин толо бербеди бейм, «Бактияр чыксын!» деп кыйкыргандар да болду. Урма аспапта ойноп жаткан жигит «Буй-буй» аттуу ырды аткарганда, «Бактияр аткарса жакшы болот эле» деген ойго келдим. Топтун балдарына Бактиярды туурап бийлегендери такыр эле жарашкан жок. Толик атка конгондон бери көп концерттерде болдум, бирок бул концертте бир нерсеге таӊ калдым. Тойдо ырдаган ырчыларга акча кыстаргандай эле сахнага чыгып, гүл ордуна акча берип жатышты. Ичимден, «атаӊ гөрү, ушуну тим эле коюшпаптыр, анча эле акча бергиси келсе сахнадан башка жактан беришпептир» дедим. Алып баруучу болгон жигит эл кыстарган акчаны алып кеткенге катуу даярданган окшойт, жөн эле тыпылдайт. Эски ырларына муюп отурганымда, «Апа жүрөгү» аттуу жаӊы ырды аткарышты. Сөзү обонуна шайкеш келген жакшы ыр экен. Концертте жаш балдар шаӊдуу музыкага сахнанын алдына барып бийлешсе, чоӊдор эски ырлардан эргүү алгандай болушту. Эки жарым саатка созулган ыр-кече аяктап, эл менен кошо мен дагы үйгө жөнөдүм.

Толик Сынчы


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(18)
30.03.2015. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!))
30.03.2015. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ат тезегин кургатбай эле биз тобу концерт койо берет бул жолу 90%келип эмикисинде андан да аз келет эл буй буйдан башка ыр деле укбайт
30.03.2015. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Неге концертерге 90процент эл келе берет бардыгына эле. А "Биз" тобу боюнча эч нерсе айталбаим,такыр куйорманы эмесмин пАтАмуШтА.
31.03.2015. 06:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бактияр байке карысада секире берет экен да эми ,качан сценанын полу тушуп кететкен деп коркуп кеттим
31.03.2015. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактияр Токторов эмнеге башка ыр ырдабайт ошол эки ыры менен секирип журуп акыры пенсияга кетет го?
31.03.2015. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Толик сынчы Самара Каримованын 19 кундук концертинен жазгылачы?
31.03.2015. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактияр Токторов аябай таланттуу адам ! Азаматсыз !
01.04.2015. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dainu jok ele ХХХ bolo beret ushul Bahtiar ar bir nersenin ozunun ordu bargo,
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-04-01 10:39:09
01.04.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sarishka, эскертүү! Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган!
01.04.2015. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тооба чынле эмнеге мынча тез тез эле концерт бере берет ?! Тажабай барган элге да рахмат!
01.04.2015. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айкырып-окуруп ун деле жок ушу Бактирда.
04.04.2015. 18:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Концерт бергенден башка иши жок болсо, анан бере берет да.
05.04.2015. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
El suransa kerekta
05.04.2015. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге улуу муундагы Анарбек Ибраев,Майрам Дүйшөкеева, кийинки эле Элмира Кайып кызы, Кенже Көбөкөва жана да ушулардай таланттарыбыз жөнүндө жазбайсыңар. Анан азыр опера театрында ырдаган бир топ жакшы ырчы жаштар чыгып келатышат,ошолор жөнүндө да жазсаңар
06.04.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jypar.i, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Тиешелүү бөлүмгө жеткирип коёбуз.
09.04.2015. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул убакта ырдап жургон ырын жуктоп койгулачы супер инфо Бактяр айшаванын
09.04.2015. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Melis2014, саламатсызбы!
Рахмат! Аракет кылабыз.
10.04.2015. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аман эле болсунчу ушул "биз" деген группа.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо