№647 27-март-2-апрель, 2015-ж
Концерттин аталышы – «Жаныш-Байыш» тобу сахнада 20 жыл»
Өткөн күнү – 22-март
Өткөн орду – Улуттук филармония
Башталышы – 19:00 (30 мүнөт кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 90 пайызы
Билет баасы – 500 сом
Концерт филармонияда өз убагында башталат деп барсам, залга эл толо элек экен. «Кокуй, зал толбой калабы?» деп өзүм концерт бергенден бетер кыжалат болдум эле, жарым саатта залдын 90 пайызы толду. Ошентип сахнанын көшөгөсү ачылып, эки тапан жигит чыгып өздөрүн тааныштырбай эле концертти баштап ийди. Алып баруучуларды «ким эле?» деп улам бирөөгө окшоштуруп жатып, ди-джей Аскат Алдашовду тааныдым. Бир туугандар чыгып мындан 15 жыл мурун ырдаган ырларын попурри кылып ырдашты. Учурда кайсы ырчы концерт бербесин министр, депутаттарды чакыруу мода болуп калбадыбы. Бул концертте да Турсунбай Бакир уулу, Султан Раев жана башка аттуу-баштуулар чакырылыптыр. Султан мырза инилерин атактуу «Модерн Токинг» тобуна теӊеп ийди. Концертке афишада жазылган ырчылардын баары келди, жада калса жазылбагандары деле келишти көрүнөт. Байыш Клара Алибекова менен ырдаган «Оо, менин биринчи сүйүүм» деген ырын жубайы менен ырдайт деп уктум эле. Бирок бул ырды эжеси Диля Момунова менен аткарды. Андан соӊ жубайы Динараны жетелеп чыгып, «Ак куу белеӊ, айперим?» деп экөө дуэт ырдашты. Байыш кайсы бир жылдары Клара менен да ушинтип эл алдында үйлөнүү тоюн берип, өчүп бара жаткан атын бир дүӊ дедиртип алган эле. Курган жигит илгерки сценарийинен чыга албаган көрүнөт, «мен жөн эле жубайымды эл менен тааныштырып коёюн дедим эле» дегенин көптөр түшүнбөй деле калды окшойт. Анан да аялынан өткөн-кеткен иштери үчүн кечирим сурады. Ошол учурда менде «ырчылар эми аялдарын тааныштырып да концерт бере баштаганбы?» деген суроо пайда болду. Анда эмнеге Жаныш жубайы менен тааныштырбайт? Айтор, бул жагы түшүнүксүз болуп калды. Концертке Кенже Дүйшеева «Жебе» тобу менен ырдап, шаӊ кошту. Ушул жерден бир нерсени байкадым, Кенже балдарынын кыймылдарын кыздардыкына окшотуп баштаптыр. Ошентип концерт ээлеринин жаӊы да, эски да ырларын угуп, таланттарына күбө болдук.
Толик Сынчы
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
5
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
beka1207, nazikerbol, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек.
Бек
Борбиев келдиби?