ИЗДЕЙМ СЕНИ

№647 27-март-2-апрель, 2015-ж

«АПАМДЫ ИЗДЕЙМ»
– Исмаилова Калыйбүбү Үсө­нов­наны издейм. Ал 1970-жылы 19-апрелде Ысык-Көл облу­су­нун Каменка айылын­да тө­рөл­гөн. Мен анын кызы болом. Эгерде апамды тааныгандар болсо байланышып койгулачы.

Жолдошкан Бейшенаалы кызы.
Тел.: 0707 82 91 11

«КУРСТАШ КЫЗДАРЫБЫЗДЫ ИЗДЕЙБИЗ»
– 1982-жылы КМУнун геогра­фия факультетин аяктаган курс­таштарыбызды издейбиз. Алар: Гүлүмкан Кыдырмышова, 1959-жылы Ысык-Көл облусунун Ак-Сай айылында төрөлгөн. Талас облусунун Манас районунун тургуну Ма­кулбек Нучубалиевге турмушка чыккан эле. Зулфия Жумагулова, 1959-жылы Аксы районунда туулган. Болот аттуу жаранга турмушка чыккан. Чолпон Жалилова, 1960-жылы Лейлек районундагы Кулунду айылында туулган. Жогорудагы курс­таш­тарыбызды табууга жардам берүүӊүздөрдү суранабыз.

Калича, Нурия.
Тел.: 0777 34 97 87, 0709 27 04 54

«КУРОРТТО ЖОЛУККАН КЕЛИНДИ САГЫНДЫМ»
– 1988-жылы Орусиянын Нальчик шаарындагы «Водогря­зи» курортунан жолуккан келин­ди сагынып, издеп жүрөм. Атын да, дарегин да сурабаптырмын. «Эльбрус» санаториясында эс алып жатканын, Фрунзе шаарында жашаарын айткан. «Водогрязи» курортунан элдин көп­түгүнөн адашып калгам. Бир аз күндөн кийин Нальчик шаарынын автобекетинен жолугуп, Минеральные Воды шаарына узаткам. 

Чубак.
Тел.: 0773 820 828

«ГҮЛИНА, КАЙДАСЫӉ?»
– 2006-жылдары Гүлина аттуу токмоктук кыз менен Бишкек шаарында батирде бирге жашагам. Гүлина 1985-жылы туулган. Аны менен акыркы жолу «VEFA» соода борборунда иштеп жатканда жолукканбыз. Ошондо атасы кургак учук дартынан улам каза болуп, апасы менен эжеси Ысык-Көлдүн Бөкөнбаев айылына көчүп кетишкенин айткан эле. 3 эжеси, бир агасы бар. Мен азыр Түркиядамын. Гүлина, окуп калсаӊ байланышып койчу.

Гүлжан.
Тел.: 00905319175887
zamu-za@mail.ru

«ЖЕӉИШБЕК, СЕНИ ИЗДЕП ЖҮРӨМ»
– 2008-жылы Москвада бирге иштеген Дүйшөнбиев Жеӊишбек Маматкаримовичти издейм. Ал 1984-жылы туулган. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун тургуну. 

Самара.
Тел.: 0703 09 54 82

Сиз качандыр бир кездеги жакын адамыӊызды издеп, бирок таппай жүргөн болсоӊуз, анда Главпочтамт, а/я 2031 дарегине же koom@super.kg электрондук почтасына кат жазыӊыз.
Эскертүү! Катта маалымат берген адамдын дареги же телефон номери так көр­сө­­түлүүгө тийиш.
Байланыш телефону: (0312) 32-33-28


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(7)
31.03.2015. 05:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен москвага жаны келгенде Тунук деген 89жылы май айында торолгон кызды издейм швеяда чогуу сумка тигип иштегенбиз ал Сокулуктан болот кийин депортация болуп срочна кыргызстанга кеткен ошол боюнча дайынын билбейм. Тунук эгерде окуп калсан байланыш. 2010-2011жылдары чогуу жургонбуз мен дос кызын Аня 89663516472
31.03.2015. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super ınfo sızderge chon rahmat Gulınanı taptım al da Stanbul shaarında eken
01.04.2015. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Курорттон жолуккан келин табылып калса экен
01.04.2015. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оууу курорттогу келинге 27 жыл болуптур алар бирин бири таанышат бекен,табышып калышса?служебный роман болгон окшойт ошол кезде...
01.04.2015. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alina79, сагындым дегенине караганда эстен кеткис эле болсо керек
01.04.2015. 23:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен Ноокенден болом бирок Жениш акени тааныбайт экенмин, эгер тааныганымда жардам бермекмин
02.04.2015. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен киселёвский шаарындагы ALPI магазининин директорун издейм. Морозов Василий. 2007-жылкы айлык акыбызды бербей койгон болчу.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо