ЧЫНДЫКТЫ УУЛУМА КАНТИП АЙТАМ?

№647 27-март-2-апрель, 2015-ж

Мурат экөөбүздүн баш кошконубузга 9 жыл болду. Аялзаты күйөөгө тийгенден кийин төрөшү керек, муну жакшы билем. Бирок Кудай маӊдайыбызга жазбаса эмне кылам?! Көрүнбөгөн доктур, барбаган бүбү-бакшыбыз калбады. Баары эле жакшы дейт, бирок... Бир жакшы жери Мурат унчукпайт, ал дагы башкаларга кошулуп мени кажыса түтпөй кетсем керек эле. Бир күнү экөөбүз кеӊешип, бала багып алалы деп чечтик. Ошентип балдар үйлөрүн кыдырганга өттүк. Кандай боору таш, жүрөгү мерез энелерге ушундай мөлтүрөгөн балдарды төрөө бактысы туш келет билбейм. Наристелердин карегинде сагыныч, коркуу, үмүт жанып тургансыйт. Мынча көп баланын ичинен дүкөндөн товар тандагансып бала тандоо өтө оор экен. Шаштык, мынча көздүн үмүтүн арттырбайлы деп кашы-көзү кара, өзүбүзгө түспөлдөш 4 айлык баланы болжодук...
Ошентип үйүбүздүн бир бурчун наристе ээледи. Нурадил деген ысым ыйгарып, тууган-урук, кошуна-колоӊ болуп чакан тойчук өткөрүп койдук. Менин уулум... Талпынып эки колун сунса эт жүрөгүм эзилип кетет. Атасы эркек болгон үчүн бир аз карманат. Бирок билгизбегени менен баласаак, Нурадил ыйлап калса аттап-буттап жанына жетип барат, бир нерселерди айтып эркелетет, ал күлсө кошо жыргап калат. Мындай учурду байкасам көрмөксөн болуп чыгып кетем.
Акыркы күндөрү эч нерсеге көӊүлүм чаппайт. Бат ачууланам, жөндөн-жөн эле Муратка бир тием, кайра кечирим сурайм. Башым ооруйт, кускум келет, жаным жер тартат. Мурат мындай жүрүм-турумума чыдабай кетти көрүнөт, бир күнү ой-боюма койбой бейтапканага алып барды. Врачка кирип-чыккандан кийин анализдин жыйынтыгын күтүп отуруп калдык. Бир маалда врач кабинетине чакырды:
– Кош бойлуу экенсиз, кабатыр болууга себеп жок. Баары жакшы...
Бир нерселерди эле сүйлөп жатты, менин көзүм тумандай түштү...
– К-кандайча кош бойлуу?- деди жолдошум каргылданган үн менен.
– Кызыксыз го, ата болосуз. Аялыӊыздын боюнда 4 жумалык түйүлдүк бар...
Мурат экөөбүз кучакташып ыйлап жаттык, бизге ашыкча сөздүн кереги жок эле...
Нурадилим, менин ак жолтоюм... Менден өтүп апамдын сүйүнгөнүн айтпа. «Нурадил сендеги энелик мээримди ойготту, ошондуктан кош бойлуу болдуӊ» дейт кудуӊдап. Чын эле ошондой болду, эл эле эмес, өзүбүз түӊүлүп калган убакта Нурадилдин артынан удаа-удаа бөбөктөр жарыкка келди. Эки уул, эки кыздуу болдук, Нурадилди кошкондо 5 балабыз бар. Мурда бир жакка чыккандан корунсам, азыр башты көтөрүп, балдарымды жөжөдөй кылып ээрчитип алам. Асты мектепке барып калды. Көрсө, болот экен го күтсө, Кудай берчүсүнө 10 жылдан кийин болсо деле берет экен го...
Балдарыман Нурадилиме негедир өзгөчө жакынмын, коргоп эле турам. Бир күнү мектептен көзү кызарып ыйлап келди. Жүрөгүм бир нерсени сезгендей тыз эте түштү.
– Балам, жыгылдыӊбы, бирөө менен мушташтыӊбы, ким?..- суроо артынан суроо узаттым.
– Апа, мага балдар «сен бакма баласыӊ, ата-энеӊ жок» дешти.
– ...
– Апа дейм, мен сенин балаӊмын, ээ?
– Менин баламсыӊ! Ал кандай неме келжиреген?!
Дүйнөдө эӊ таш боор, мыкаачы адам тура. Жан дүйнөсү таза ал кичинекей бала деле Нурадилдин бакма экенин кайдан билсин, баарын айткан чоӊдор да. Биздин байлыгыбызга көз арттыбы же бактылуу жашообузга ичи күйдүбү? Мен корккон нерсенин чети чубала баштадыбы? Мен баламды коргой аламбы? Ар түркүн ойлор келет башыма. Бала эмеспи, Нурадил баарын унутуп, күнүмдүк жашообуз улана берди.
Картайганымды балдарым тирелип чоӊоюп, кыздарым күзгү каранып жасана баштаганда сездим. Баарын колдон-буттан алышып, атасы экөөбүз жыргап эле калдык. Бир күнү туугандар биздин үйдө конок болуп жатышкан, ашканага чыга калсам, кайнежемдин уулу менен Нурадил кызыл чеке болуп урушуп жатышыптыр.
– Сен кайсы арыӊа кыйын болосуӊ? Бул жерде эч нерсеӊ жок, сен бирөөнүн таштандысысыӊ!- укканым ушу сөз болду.
Демейде атырылып чыкчу жаным бутум тушалгандай эле турган ордумда каттым. Байкуш балам, ай... Кайра чыгып кеттим, конокторду кандай узатканымды деле билбейм. Качан келет, качан сурайт деп жаным чыгат. Бирок балам келген жок, сураган жок, билгизген да жок. Кадимки күнүмдүк жумушун кылып короодо ары-бери басып жүрө берди. Демек, билет экен... Ойлонуп көрсөм, Нурадил башка бир туугандарындай болуп атасы экөөбүзгө эркелебейт экен, атасы жокто эле мага айланчыктап калбаса. Ким эмне дебесин макул болуп коёт же күлүп кутулат. Берки балдарым кийимдин, телефондун жаӊы чыкканын алып берүүбүздү талап кылса, ал эмне алып берсеӊ ошону «рахмат» деп ала берет, ашыкча акча да сурабайт.
Мен туура эмес кылдымбы, ага айтышым керек беле «сени багып алганбыз» деп? Антип айтсам Нурадил эшикти тарс жаап кетип калса, жини менен өзүнө кол салса кандай айла кылам?..
Бирок ал менин балам, ага эч кимдин жаман айтууга укугу жок, балам үчүн керек болсо бүт ааламга согуш ачам. Эч кимге бербейм деп өзүмдү сооротуп келем...

Айнура


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  12 
Комментарийлер(20)
30.03.2015. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Секрет кылып журо бер ааламга согуш ачпай эле
30.03.2015. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менимче айтуунун кажети жок,анын шагын биротоло сындырып.Сураса наоборот жокко чыгарып коюуу керек ,дайыма ага сен биздин уулубузсун,сени жакшы коробуз деген сыяктуу жакшы создор менен ага дем кошуп турунуз,ошондо ал мындай создорго маани бербей конулу тушпойт.
30.03.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Атбай эле койгон жакшыго
30.03.2015. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тапкан апа эмес,баккан апа дейт го.айтыныз баарын тушундуруп.анан конул буруп турунуздар мениниоюмча тушунот болуш керек.башка бироодон укканча сизден укканы дурусго
30.03.2015. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
согуш жарыяласаныз кайнеженизге же баласына катуураак айтып койсонуз болмок ошол эле заматта унчукпай отуруп эле согуш жарыялайм дебей
23.04.2015. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jamek10,туптуура айтасын
30.03.2015. 18:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Айтпай эле коюңуз жакшы.
Атасы да жакшы көрүп тамаша менен жакшы нерселерди айтып берсин
30.03.2015. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Саламатсызбы! Баарын озунуз айтканыныз жакшы го,менин оюмча. Айтканынызга караганда баланыз акылдуу,баарын тушунот деп ишенем.
30.03.2015. 21:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кандай жагдай болбосун ата-эне маңдай-тескей отуруп чечишип алган оң. Биздеги балдарды тарбиялоодогу кемчилик бала м-н сүйлошүүнү билбейбиз. Азыр уулуңуздун өспүрүм өткөөл курагы экен, ага баардык жактан колдоо көрсөтүү керек. Бала баккандыкы- анын бакма экендигин айтуу эч киминерге жеңилдик алып келбейт, айтуунун кажети да жок.Тескерисинче, өзгөчө көңүл бөлүп, маани берип сүйлөшкүлө. Баланы тез-тез кучактап бооруңа кысып туруш керек.Сүйлөшүү- түшүнушүүгө, ийгиликке жол ачат.
31.03.2015. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алла раазы болсун айтпай эле койгонунуз жакшы .
01.04.2015. 03:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыр айтыштын кереги жок ушунча жыл сыр сактадыс дагы бир аз чыданыс качан уйблолуу уй жайлуу болуп баарын тушунуп калган мезгилде айтсаныз болот
01.04.2015. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамда алтынчы туюм деген бар айтсаңыз деле айтпасаңыз деле баары бир сезет, билет... Кичине балдар ушундай уруш-талашта айтып коёт. Эң негизги ал баладан сүйүүңдү, мээримиңизди аябаңыз. Ал ага өз балаңыздан артык керек. Менин деле синдим бар, мен аны биз аябай жакшы көрөм кичинесинен бери бир да жолу урушуп көргөн эмесмин. Ал азыр менин досумдай эле. Бирок баары бир бирөө болбосо бирөө бул жөнүндө кыйыр сөздөр айтып алат экен. Бул жашоо!
03.04.2015. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми азыр айтыштын кереги жок уй булолуу болуп балалуу болуп баланын ордун, жытын билген сон айтсанар тушуноттур, наркы жаш балдардын ата энеси коро албастык менен балдарына айтат да анан балдары барып озуно айтат ошондуктан балдарга андай нерселерди айтпастан туура тарбия беруу керек.
04.04.2015. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
билбейм неге анчалык таасирлендим....чын козумо жаш алып жибердим го...сиздеги энелик мээрим жон эле ашып турганы сезилди....ушунунуздан жазбаныз.Кээ бирлери бар эмеспи оз максатына жеткен сон отконду унутуп коюшат жана туура эмес тушунуко барышат...сизде андай эмес ...Сиздердей ата-эненин тарбиясын алган бала элпек тушунуктуу болсо керек....акырын тушундурсонуз баарын тушунот деп ойлойм...Алла ыраазы болсун!
05.04.2015. 18:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ылайым бактылуу жашаныздар. Жолдошунуз да нурадилге аталык мээрим менен жакшы мамиле кылуусу керек сиздердин перзенттуу болушунуздарга улуу Алла таалабыз ошол алгачкы уулунар Нурадилди себеп кылды очкон умутунорду жандандырды оз балам деп журунуздор ар дайым Ата менен эне мээримин бардык балдарына бирдей болуштуруусу керек балдарынардын алды эн чон агасы деп билишинер керек. Ылайым уйбулонуздор ынтымактуу болсун балдарыныздар бири бирине мээримдуу болушсун!
05.04.2015. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыт каалайм силердин үй-бүлөөңөргө, ал эми жанагы оозу бош ата-эне сөрөйлөр сезбей атат, мындай нерсе өз баштарына да келерин. Ошол эле кайнэжеңиз-баласы кийин өзү балалуу боло албай, ушинтип балага зар болуп калбаса экен деп корксо болмок
15.04.2015. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ит уро берет кербен журо берет...айтпай эле койгонунуз он...кичинекейинен багып алгандан кийин,оз баланыз да...тапкан эне эмес баккан эне...
29.04.2015. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балам учун ааламга согуш ачам дегени жакты!
06.05.2015. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздей апа лар кооп болсо жакшы болмок ,коодонундо журок эмес,таш бар энелерди тушунбойм ! Баланызга тушундуруп айтып корун !ага тарбияны сиз бердиниз ал тушунот деп ойлойм!
07.05.2015. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баланыз акылдуу экен башка бала болгондо эчаак айтмак! эжеке бир чети айтбаганыныз он болбосо оз озун санаатартып жан дуйносу округа! Бир чети айтсаныз кундо сарсанаа болбойс баланызда бирааз женилдейт!!! Сиздей мээримдуу энелерге баш ийип таазим кылам
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо