Аяна Касымова, ырчы: «КЫЯЛЫМДАГЫ МЫРЗА АТАМА ОКШОШ БОЛСО...»

№647 27-март-2-апрель, 2015-ж

Жаш болсо да эл аралык сынактарга катышып, Кыргызстандын атын таанытып жаткан өнөрпоздор элибизде көп эле. Алардын бири – Аяна Касымова. «Мага мамлекет эмне кылды деп эмес, мен өлкө үчүн эмне кылдым?» деген принципти колдонууну туура көрөм" деген Аяна бизде конокто.

– Аяна, сени интернет жылдызы катары тааныйбыз. Ысымыӊды Кыргызстанга мындан да кенен жайылтыш үчүн учурда дагы кандай аракеттерди көрүп жатасыӊ?
– Азыркы аракетимдин баары белгилүү болуу үчүн жасалган иш эмес. Жөн гана бир жерде токтоп калбоону, өсүүнү туура көрөм. Анан биздин аудиторияга ылайыктуу, тагыраагы, репертуарымды кыргызча ырлар менен толуктап жатам. Көбүнчө англис тилинде ырдагандыктан, менден кыргызча ырларды көп суранышат. Элге кандай болгон күндө да эне тилибиздеги ырлар жакын да. Көпчүлүктүн ой-пикирлерин эске алып, кыргызча «Аманат» деген чыгарманы жаздырып жатам.
– Жакында эле Жолдошбек Мамажановдун «Сүрөтүӊө» деген ырын аткарып чыктыӊ. Бул ырдын видеосу учурда социалдык тармактарда миӊдеген лайктарды алып жатат...
– Аталган чыгарма менин аткаруумда мынчалык популярдуу болуп кетет деп ойлогон эмесмин. Ырды аяш атамдын апасы жакшы көрөт экен. Анын сунушу менен чыгарманы аткарып, видеосун апасына белек катары чет өлкөгө салып жиберген элек. Анан да видеонун башталышында аяш апама каалоо-тилек жазылган болчу, аны өчүрүп, мен ырдаган жагын социалдык тармактарга жүктөп койгонбуз. Кечээ курбу кызым менен коомдук унаада баратып радиодон ушул ырымды угуп алып аябай сүйүндүм, башкача боло түшөт экенсиӊ.
– Сендеги ырчылык өнөр кичинекей кезиӊден эле барбы?
– 2 жашымдан эле бала бакчада ырдап баштаган экенмин. Ата-энем 5 жашымда көркөм гимнастикага, кийинчерээк англис тили курсуна беришкен. Андан соӊ музыкалык мектепке барып, анан азыркы мугалимим Салтанат Аширова иштеген №6-музыкалык мектепке которулдум.
Ата-энем экөө теӊ музыканттар, апам Карамолдо Орозов атындагы эл аспаптар оркестринде комузчу, атам Арсен Өмүралиев атындагы драма театрдын алдындагы жаз
инструменталдык «Аура» тобунун музыканты, бир нече аспаптарда ойнойт. Кичинемде кошуналарды тажатып кыйкырып ырдап эле жүрчү экенмин. Апам «ажатканада отурганда да үнүӊ басылбайт эле» деп айтып калат. Атам мага Селин Дион, Уитни Хьюстондун караоке-дисктерин алып келип берчү. Мен аларды өзүндөй кылып туурап ырдачумун. Ал өнөрүм азыр деле калган жок, кээде үйдөн Стас Михайловду туурап берсем, үйдөгүлөр ыкшып күлүп калышат.
– Ата-энеӊ экөө теӊ музыканттар болсо сенин чыгармачылыгыӊа кийлигишеби? Кимди кумир тутасыӊ?
– Атам бир ырды дыкат иштеп бышырмайынча кечке ырдата берет. 5-6 саат репетиция кыла берсеӊ тажайсыӊ да, кээде «ата, эртеӊ уланталычы» деп жалкоолонуп кетем. Атам болсо «жок, бүгүн бүтүрөбүз» деп туруп алат. Анан Селин Дионду идеал тутам. Чыгармачылыгын баалайм. Селин Дион экөөбүздүн туулган күнүбүз да бир күндө, 30-мартта. Жакында 16 жашка чыгып, паспорт алам (күлүп).
– Бир жылдан кийин 11-классты аяктайсыӊ. Кайсы кесиптин ээси болоруӊду чечип алдыӊбы?
– Дизайнер же журналист болсом дейм. Ата-энем Улуттук консерваториядан музыкалык билимимди тереӊдетип алууну жана котормочу болушумду каалап жатышат. Музыкалык билимди Америкадан улантсамбы деген да тилектерим бар. Ага чейин убакыт бар, көрө жатарбыз.
– Орусиянын Россия 1 телеканалындагы «Артист» деген долбоорго катышып келдиӊ, жыйынтыгына кандай баа бересиӊ?
– Капа эмесмин, катышканыма сүйүнөм. Катышуучулардын арасынан эӊ жашы мен болчумун. Сынакта күтүүсүз жагдайлар көп болду. Мисалы, финалда эреже боюнча 10 адам эки-экиден дуэт ырдашмак. Мен татарстандык Наиль деген катышуучу жигит менен ырдамакмын. Экөөбүз 8 сааттан репетиция кылып даярданып жаттык. Лолита Милявская өзү угуп көрүп, «бул сынакта эӊ күчтүү дуэт силер болуп жатасыӊар» деп кеткен. Бирок сынак башталарга 2 саат калганда дуэт ырдоо номерин алып салып, долбоордун режиссёру Алан Бадоев «жалгыздан ырдайсыӊар» деп койду. Чынында, даярдыгы жок жалгыз ырдоо кыйын болду. Алан Бадоев украиналык эмеспи, өзүнүн жердеши Сюзанна Абдуллага тартып койду окшойт деп ойлодук. Себеби ал сынакта жеӊүүчү Наиль болот го деп ойлогом.
– Мындан ары эл аралык сынактарга катышууну улантасыӊбы?
– Албетте, учурда чакырууларды күтүп жатам. Биз Түркияда, Чехияда өтүүчү сынактарга катышууга уруксат сурап кайрылуу жөнөткөнбүз, видеолорумду кошуп жибергем. Жооп келсе эле даярдыктарды баштайбыз.
– Чет өлкөгө барып сынактарга катышыш үчүн каржы маселеси да ырчыларды түйшөлтүп келет, сенде бул маселе кандай?
– Мисалы, «Артист» долбооруна катышканда жол кире, жашаган жер, тамак-ашыбызды уюштуруучулар төлөп беришкен. Бизде айрыкча жаш ырчыларга демөөрчү табуу кыйын. Ата-энем демөөрчү издеп көп эле ири компанияларга кайрылышкан. Бирок жаш таланттарга колдоо көрсөтө беришпейт, көптөр баш тартып коюшкан. «15 жаштагы кыз эмнени кыйратып келмек эле» деп ойлошсо керек. Бирок аны менен катар кол сунуп жардамын аябагандар да бар. Бир жолу белгилүү компаниянын башкы директоруна кат жолдосок, 10 мүнөткө жетпей кайра жооп келген.
– Интернет аркылуу таанылгандан кийин чет өлкөлүк күйөрмандар пайда болдубу?
– Жакында эле бир кыргыз жигит менин видеолорумду америкалык белгилүү порталга жүктөп коюптур. Ал видео 7 миллион жолу каралып, 1,5 миллиондон ашык комментарийлер бар экен. Арасында Европадан, Африкадан музыканттар «дуэт ырдайлы, иштешели» деген сунуштарын калтырышыптыр. Эгер ушундай ыргак менен жүрүп отурсак, чет өлкөлүк күйөрмандарымдын саны көбөйүшүнө деле аз убакыт калды окшойт.
– Кыргыз эстрадасынан кайсы ырчылардын ырларын угасыӊ?
– Кичинемден Мирбек Атабековдун ырларын угуп чоӊойгом. Анан да Мирбек байке менен 13 жылдан бери кошуна жашайбыз. Короосуна кирип ойноп, чай ичишип турабыз. Алгач чоӊ сахнага 10 жашымда Мирбек Атабековдун концертинде Роза Рымбаеванын «Мой дворик» деген ырын ырдап чыккам.
– Бойго жетип, жигиттердин көзүнө көрүнүп калган куракка келип калыптырсыӊ, сөз айтып кат жазган жигиттер барбы?
– Ооба, бар. Кээде эшиктин алдына гүл, жумшак оюнчук таштап кетишет. Жолугушууга чакырышат. Эгер мага жакса сейилдеп, чогуу балмуздак жеп келишим мүмкүн. Жакпаса «репетициям бар, убактым тар» деген шылтоолорду айтып коём. Негизи, кыялымдагы мырза атама окшош болсо дейм. Анткени атам музыканттардын эӊ жөнөкөйү деп айта алам. Ал эми келбети жагынан бою узун, мүнөзү жумшак, тамашакөй, «каприздеримди» көтөрө алган жигиттер жагат.
– Такай коомдук унааларда жүрөт экенсиӊ, көчөдө таанып, ырчы экениӊди билип орундук бошотуп бергендер болобу?
– Баары таанышат деп айта албайм. Мен сыналгыдан башкача көрүнөт окшойм. Көпчүлүк тааныштарым «сыналгыдан улуу кыздай көрүнөсүӊ» деп айтышат. А өзүм кичинекей эле кызмын да. Ошол үчүн да көчөдөн айрымдар эски таанышын көргөндөй кечке тиктеп карап өтүп кетишет. Алардын жүзүнөн «ушул кызды каяктан көрдүм эле?» деген көз карашты окуп калам.
– Маегиӊе чоӊ рахмат!

"Ата-энем менин продюсерлерим. Апам менен сырдашам, атам менен иштешем".

"Артист" долбоорунун алпаруучусу Ольга Шелест "муӊдуу ырларды азыраак ырда" деген кеӊешин берди".

"Интернет менин ырчылык багымды ачты".

"10 жашымда алгачкы жолу чоӊ сахнага чыгып ырдагам".

Лунара Бекиева
star@super.kg


Аяна Касымова: "Жигиттер Whatsapp`тан ырдап жөнөтчү дешет"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(100)
01.04.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырларын киргизип койгулачы
01.04.2015. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nusichka, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат! Эсибизде болот.
02.04.2015. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, саламатсызбы Султан Садыралиевдин Бийиктейбиз бириксек деген ырын жуктоп коёсуздарбы деп суранган элем бир жообун айтып коёсуздарбы эмне болду
02.04.2015. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kg.balakai, саламатсызбы!
Ыры даяр болсо эле жүктөлөт.
03.04.2015. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan,salamatsizdarbi. biz Raliadan intervyu surandik ele ule 1 jyl boldugo kachan alasinar ?
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-04-03 14:23:52
03.04.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ilia, саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде. Сын-пикирлериңизди тиешелүү дарекке жөнөтүңүз!
SUPER.KG видео
01.04.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таланттуу кызды колдош керек сонун
SUPER.KG видео
01.04.2015. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен орус мектепте окугам,кыргызча суйлой албайм деген киргиздерге чон сабак болду болуш кк сенин интервьюн.Азаматсын,жонокойлугундон жазба!Каникей мн Леди Гаганы эмне кыласын сенин ушул турушун эн жогорку имидж.Менин эжелик кенешим эч качан нукура кыргыз келбетинди озгорто корбо.Ийгилик!
SUPER.KG видео
01.04.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Suiup kaldym
SUPER.KG видео
01.04.2015. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга
Медиа-портал
01.04.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
pirim77,
Порталдын ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же сунуштар болсо admin@super.kg электрондук дарегине жазылып жөнөтүлүшү керек!
SUPER.KG видео
01.04.2015. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
унун сонун издеп журуп угам.суйлогондо оозунду шылпылдата бербе тажап кеттим.
01.04.2015. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Таланттуу кыз. Мага уну абдан жагат. Ийгилик!!!
01.04.2015. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мол Булак Финанс колдоо корсотконун не жашырды?
02.04.2015. 16:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат. Жакшы ырдайт. Азыр бул ырчы кызыбызга сын айткандан мурун колдоо корсотконубуз туура го деп ойлойм. Аяна, талпына бер, чыгармачылык бийиктиктерди багынта бер. Сенде баары бар.
Медиа-портал
02.04.2015. 22:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяна красавица, умничка, молодец эми до конца чык таштап койбостон сенден чоон бир дуйного таанымал ырчы чыгат деп мен ишенем, мен кутуп журдум эле бизден качан бир дуйного таанымал ырчылар чыгат деп, мисалы мен москвадамын,восток fm радиосунан узбекче,армиянча,дагестанча,таджикче,туркчо ырларды берет,кыргызча бербейт,неге дегенде биздин ырлар талапка жооп бербейт ,сенин ырларынды кутом ийгилик!!!!
SUPER.KG видео
02.04.2015. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец , суротунону" сонун ырдаптырсын, жаны чыгып келатсан да кээ бир ырчыларга Караганда да, жакшы да суйлойт экенсин, ийгилик, чынын айтсам откондо ырынды жаны укканда анча конул бурган эмес элем. Интервьюнду коруп эле жагып калдын.
03.04.2015. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец!!!!!!!!!аман бол.келечегин кен болсун!!!!!!англисче аябай сонун ырдайткенсин........браво...
03.04.2015. 04:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!
Медиа-портал
03.04.2015. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйлогондо ошо деп коп кошот экенсин карындаш коп кошпогонго аракет кыл.Унун жакшы экен ийгилик.
SUPER.KG видео
03.04.2015. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылдуу,талаттуу кыз экен,уну да сонун!!!
Медиа-портал
03.04.2015. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! Жаштын тилегин берет! Кыргыз элибиздин атактуу ыймандуу таза эл суйгон ырчы кызы бол! Сага ийгилик!
Медиа-портал
03.04.2015. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Унун мага абдан жакты. Жагымдуу балдай таттуу ун экен!
04.04.2015. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азамат!
04.04.2015. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын! Аяна ийгилик сага
04.04.2015. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онорун оркундой берсин!Алга!
05.04.2015. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
roza960801, artisterdin 90 prosenti ХХХ bolot negizi, alardayn emnesine kyzygasynar deymda.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-04-06 10:55:39
06.04.2015. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurjigit.Kg, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! Түбөлүк БАН!
Zair_Alimov, жеке билдирүүнү купуя менен жөнөтүңүз.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-04-06 10:57:16
05.04.2015. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсызбы супер инфо,тундуктук келин тасмасы туштуктун кайсыл аймактарында тартылган билип бергилечи
06.04.2015. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
alenka, саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
05.04.2015. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! Мага уну аябай жакты.
05.04.2015. 22:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаным, унунон секет го
06.04.2015. 07:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булбул ундуу, таланттуу кыз! Ийгилик каалайм!


07.04.2015. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айий мен бул кызды 90жылкы деп ойлопмун, корсо менин синдим экенсин талантын оркундой берсин! ден солук каалайм
Медиа-портал
13.04.2015. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга сулуу кыз ХХХ ХХХ суйлой берет да.
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-14 09:25:41
Медиа-портал
14.04.2015. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Karloseltapo2010,
Коомдук этиканы сактаңыз!
SUPER.KG видео
14.04.2015. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аяна карындашым бактың берип өмүрүң узуун болсун жакшы сүйлөптүрсүн жогоруда айткандай киргиздерге сабакда болуптур орусча англисче без аксент сүйлөйсүн мектепти орус класста англис тилин сүйлөсөң кыргыз дебейт кыргыз сендей болуш керек жүрөгүңдө болсо өз тилиң бербейсин дагы бир жолу азаматсын дейм анан сага бир сунушум да эски ырды жаңыдан ырдап чыккан
15.04.2015. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Унун абдан сонун экен! Жаш болсо да созду оорду менен суйлоп, жакшы маек куруп бериптир. Азамат, онорун оркундой берсин!
SUPER.KG видео
03.07.2016. 18:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жөнөтөт белен
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо