ДАНИЯР ҮСӨНОВДУН УУЛУНА ТЕАТРДЫН САХНАСЫНАН БАШКА ТОЙКАНА ЖОКПУ?

№647 27-март-2-апрель, 2015-ж

23-март күнү Бүбүсара Бейшеналиева, Болот Миӊжылкиев, Чолпонбек Базарбаев өӊдүү залкар таланттарды жараткан Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын сахнасында байдын балдары туулган күнүн белгилешти. Дүйүм тамак коюлган узун дасторкон өнөр адамынын бар байлыгы болгон ыйык сахнада жайылып, ошол жерден бири-бирине каалоо-тилек айтышып, чөйчөк кагыштырып баасы асман чапчыган шараптардан татып жаткандардын сүрөттөрү интернет айдыӊына таркап отурат.

Мындай нерсеге ишенүү кыйын, бирок бул факт. Айрым маалымат булактары ал күндүн күнөөкөрү өлкөдөн качып кеткен экс-премьер министр Данияр Үсөновдун уулу Мурат Үсөнов экенин айтып чыгышты. Дегеле Данияр Үсөновдун үй-бүлөсүндө майрамдарды бир башкача өткөрүү салтка айлангандай. Кезинде качкын премьер-министрдин Чыӊгыз аттуу уулу үйлөнгөндө Үсөнов падышанын кийимин кийип, башына таажы тагынып, айтор, падышага тете таасири бардыгын байкатууга аракет жасаган эле. Туулган күн ээсин куттуктап баргандардын арасында Бишкек шаардык кеӊештин депутаты Жумабек Салымбеков жана Арслан Кененбаев болгон. Бул фамилиялар да жөнөкөйлөрдөн эмес. Салымбековдор учурда өзүнчө партия түптөп, парламенттик шайлоодо бийликке келүүгө аракет кылып жаткандардан. Ал эми Кененбаевдер Бакиевге куда, Максим Бакиевдин жубайы ушул бүлөнүн кызы. 7-апрелде элди канга бөлөп, 86 адамдын өлтүрүлүшүнө күнөөлүү деп табылып, өмүр бою эркинен ажыратылган адамдын уулу минтип ыйык жерди тебелеп-тепсеп, билгенин кылып жүрөт.

ИШЕНГЕН КОЖО СУУГА АККАНДА...
Аз өтпөй Жумабек Салымбеков социалдык түйүндөгү баракчасы аркылуу: "Ооба, мен чынында эле Опера жана балет театрындагы бул иш-чарага катышкам. Мени туулган күнгө чакырышкан. Ал жакка маданияттуу адам катары бардым. Театрга эмнеге барышат? Ар убак Опера жана балет театрында маданий иш-чаралар, концерттер жана башкалар өткөрүлүп турат. Негизи өзүнүн жеке иш-чараларын ким кандай өткөрөрү бул ар кимдин өзүнүн иши",- деп билдирген. Жумабек Салымбековдун логикасы менен карасак, эртеӊ Курманжан датканын кийимдери, буюмдары сакталган Тарых музейине барып уул үйлөп, кыз берип той кылгандарды деле сындоонун кереги жок болуп калчудай.
Шаардык кеӊештин депутаты «маданияттуу адамдар театрга барат» деген ойду өтө чаташтырып алган көрүнөт. Эгер туулган күнү болуп жаткан адам конокторун ээрчитип театрга спектакль көргөнү барса, анда маданияттуу десе жарашар эле.

САХНАНЫ ТЕБЕЛЕГЕНИ ҮЧҮН ЖАЗАЛАНЫШЫ КЕРЕК
Кыргызстанда боло келгендей эле жогорудагы жорукка коомчулук кыжырданып бүтө электе аталган театрдын жетекчилигинин эч бир логикага сыйбаган жообу жарыяланды. Театр жетекчиси Тимур Саламатов: «Менден сүрөткө түшүп алалы, фотосессия жасайбыз деп суранышкан. Өзүм бул иш-чарага катышкан эмесмин»,- деп актанып чыкты. Ал эми Мурат Үсөновдун жубайы Айзада Үсөнова күйөөсүнүн туулган күнүндө сюрприз жасоо үчүн ушундай кадамга баргандыгын kabarordo.kg сайтына билдирди.
Ал эми Маданият, маалымат жана туризм министрлиги окуяны аморалдык мүнөзгө ээ деп баалап, театр жетекчилигине мыйзам чегинде катуу чаралар көрүлөрүн билдиришти. 25-март күнү өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов менен жолугушуп, бул окуяга күнөөкөр болгондордун баарын жазалоо үчүн кызматтык иликтөө жүргүзүүнү тапшырды.
Эртеси маданият, маалымат жана туризм министрлиги А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук опера жана балет театрынын директору Тимур Саламатовду кызматтан алуу сунушун өкмөткө жиберди.
26-мартта Бишкек шаардык кеӊешинин КСДП фракциясынын депутаттары Опера жана балет театрындагы банкетке катышканы үчүн өз кесиптешин сынга алышты. Ага карата тиешелүү баа берип, чечим чыгарабыз дешти. Шаардык кеӊештин төрагасы Марат Аманкулов: «Биз фракция лидерлери менен чогулуп өкмөт башчы Жоомарт Оторбаевге жана Жогорку Кеӊештин спикери Асылбек Жээнбековго кайрылуу жолдогону жатабыз. Маданий мурастарга болгон мындай маданиятсыздыкка көӊүл буруу кажет. Театрдын директорунун кызматына ылайык келерин же келбесин карап көрүүнү өтүнөбүз»,- деп билдирген. Бирок кимдер жазаланат? Ижарага берген театр жетекчиси сөзсүз өз жазасын алыш керек. Ал эми ошол майрамды уюштургандарчы? Алар кандай жаза алат? Эгер аларга чара көрүлбөсө, эмки туулган күн кайсы мамлекеттик мекемеде өткөрүлөрүн гана күтүш керек.

Мирлан Өмүралиев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(54)
30.03.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар, Кыргызды мазактап жатасынарбы? Жакында эле интернеттен Кыргыздар эшек эттин сатып жатат деп жарыяланды эле эми минтип туулган кун откорсонор эмне бул Кыргызга аз деп мазактап той берип атасынарбы силерге просто соз жок. Кайсыл жуз менен басып журосунор, карапйым калкты алдаганынар м.н Аллахты алдай албайсынарго акыреттинерди ойлонсонор болот эле кичине.
30.03.2015. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Копкончулук да.Болбосо Айзада Кенебаеванын килейген рестораны турбайбы. Ошол жерде каалашынча откоро берсе болбойбу?! Ыйык сахнаны арак-шарап ичуучу жайга айлантпай!
30.03.2015. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ырас эле кылыптыр театрдын директорунда иштен алсын калганыда жазалансын ХХХ акчага кооп эмне кылаарын билбей турушатда
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-30 17:21:22
30.03.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Elnuram090, этика нормаларына ылайык жазыңыз, эскертүү!
30.03.2015. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туулган кунун откозгонго ошол эле жер калыптырбы Эми чынында жакын Арада музейлерде анысы аз келгенсип аа уйго деле откоро беришет уялбагандан озун уял деген ушул да биздин окмотун акылы жетсе баарына сабак кылып аренжага Берген жетекчисин иштен айдап туулуп туулган кунун откозгон кишини анын катып соройун кошуп ошол туулган кунго барган кишилерди кошуп кату жазасын бериш керек антпесе жакында старых музейлерде ыйык жерлерде тулган кунун откозушот ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-30 17:22:54
30.03.2015. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aikosh1991, этика нормаларын сактаңыз!
30.03.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Демек, театрда мындан мурда да ушуга окшогон окуяларга жол берилип жүргөн болсо керек деген жыйынтыкка келесин.Бул билинип калганы, билинбесе улана берсе керек эле. Балык башынан сасыйт дегендей, искусство адамдары жосунсуз жорукка жол бергени өкүндүрөт. Көпкөн адамдын кол жоолугуна айланган кайран залкарлар... өтө оор, өтө өкүнүчтүү!!!
30.03.2015. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коруучулорду да чакырып алышпаптыр да бир жолу,уят-сыйыты жоктор!
30.03.2015. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayalynyn meesinin jetkeni ushu tura.Amoral'naya ХХХ!!!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-03-30 17:23:52
30.03.2015. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
FSB, кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынган! Эскертүү!
30.03.2015. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мирлан Омуралиев молодец жакшы жазыпсын Эми ушуну окуса экен тээтиги жактагылар
30.03.2015. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жанагы Арслан Кененбаев дегенди депутаттыктан алыш керек. пл барыбир кыйратпайт бакиевдердин досу кудасы тууганы болобу мамлекеттик ишке жолотпош керек.
30.03.2015. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кыргызстанда закон тек гана бей бечараларга иштейт,акчасын кайда чачаарын билбеген байлар учун закон жон гана курук соз кагаз бетиндеги. Бирок мусулман бир туугандар,эсирип эчкимди тенине албай коздору бозоруп олбочудой болушат,сиздер мн биздердин журогубуздо сабыр болсун дейли. Кудайдын алдына барганда жооп беришет ( алар)!!!
31.03.2015. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмнеле Кыргызстанда адамдын оюна келбеген нерселер болуп атат?. Эшек пешек..театр..
31.03.2015. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Закондун иштебегенида.корксо болмок бир аз же уялса ыйык жерде туулбай!уйуно эле чакыр тууган урук уй булон менен откор нары!
31.03.2015. 10:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Закон кагаз турундөө эле болбосо иш
турундөө бирда иш аткарбай калыптыр
31.03.2015. 11:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aн-сезими ошончо болсо эмне кылсын,акчасын кантип сарптаарын билбеген "байкуштар".
31.03.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mekkka, cайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазылып жөнөтүлүшү керек. 10 күн БАН!
31.03.2015. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баракелде дегенден башка не айтабыз.Куттуу сахнаны тебелетип тепсеткенинерге бул жерде директордо не куноо ал буйрукту гана аткарат Ошо буйрук бергендер же денгээли корунушу ХХХ ХХХ болгон маданият министри иштен кетиши керек эле го. Бийликтин алсыз шалтурук болушунан каалаганын кылып торубузго ХХХ копкондор.
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-04-01 10:44:42
01.04.2015. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubat_1973, эскертүү! Кимдир бирөөнү мазактоого жол жок!
31.03.2015. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне деген шумдук бул...? Атын чыкпаса жер ортто деген ушулар го. Тезинен катуу чара колдонуш керек. Эшектин этин аягына чыгара албай коюшту анан билбейм мунусуна кантишет... Ишенич деле жок,болду ушу м.н унутулат бул деле.
31.03.2015. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чындыгында эле Кыргызстанда тартип жок,акчасы бардан корккон заман. Эч кимди эч нерсе кыла алышпайт,ортодо эле бир эки байкушту курмандыкка чалымыш этишет. Бул-бети жоктук,кантип алмак эленер деп Усонов элди мазактап жатканы. Ынтымактын жоктугунан кыргыздар азап тарта беребиз,дуйно элине ит болуп. Адам окуноорлук.
31.03.2015. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул мамлекетти,элди жерди сыйлабагандык!ХХХ!элдер кызыгып кирип коргону акча таппай журушот.а булар тайрандап сахнада туулган кун отмечатетип,сюрприз жасап журушконун!Акча коп да каалагандарын кылып журушот копкон немелер!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-04-01 10:45:52
31.03.2015. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул копкондук да. ХХХ!
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-04-01 10:42:41
01.04.2015. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lyblyego, begai93, этика нормаларын сактаңыз! Эскертүү!
01.04.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында бул жөн жерден жасалган нерсе эмес ко деп ойлойм, мээси бар, эл, жерин сыйлаган адам мындай жорука барбайт, же болбосо коомчулукка көргөзгөн акаараты, менин атамды мындай кылсаңар, мен атамдын силерди талап, тоноп таап койгон акчасы менен силердин сыймык көргөн жериңерди тебелеп, арак ичип , тост айтып билгенимди кылам эмне кылып ала аласыңар дегени. Же болбосо атасынын талап тоногон акчасына эң көпкөн, акылы жок адам.
01.04.2015. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А жанагы тигини, муну жазалайбыс, иштен алабыз деген бул куру сөз. Биздин мамлекетте акчалууларга эч ким тийбейт, аларга закон жок.
01.04.2015. 19:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул маалыматты алып салгылачы, кыжырды келтирет экен! Эми бул копкондук да! Кеп Данияр Усоновдун баласы экендигинде деле эмес го, адам катары деле башка эле жерди тандап албаган экен!Буга чейин деле ижарага берип журушсо керек ушундай иш-чараларга!
01.04.2015. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Камап жатабыз,тимеле укмуш тоону томкоруп жатабыз дегендер ушуларды жазалабай каякты карап журушот...
03.04.2015. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ресторанга акчалары жетпей калса керекда.
05.04.2015. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
атасы Данияр Усенов Кыргызстандын бюджетин ичип жеп тоноп кетсе, баласы бмяктале жыргап эле журот турбайбы, мен буларды качып коркуп журот экен деп ойлоп атса...
05.04.2015. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LadyD, тууоа айтасыз. Атасынын кылганын элдин баары билет, эмнеге туугандарынын мал мулкторуно керектуу чаралар корулгон эмес. Жеп ичип, туугандарга жаздырып качып журоберсе болот экен да. Салымбековдор болсо байлыкка жанын саткан кишилер окшойт
05.04.2015. 19:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LadyD,коркпой эле, кайра шылдыңдаган турбайбы, мына эмне кылып аласыңар дептир да. Бизде качан тартип болор экен. Апрель окуясына 5 жыл араң болду,ойлодум эле, ошол окуядан кийин жаштардын патриоттук духу көтөрүлөт го деп. Антпей эле көчөлөрдө сөгүнгөн, түкүрүнүп,чимкирингендер, бири-бирин орусча-кыргызча сөккөндөр.Канча киши Ак үйдүн алдында каза болду,ошолорду унутпай, Кыргызстаныбыз үчүн бир нерсе кылалбасак да, жакшы жүрөлү, шаарыбыздын тазалыгын сактайлы,тартип бузбайлы деген жаштар жокпу деген суроо жүрөктү өйүтөт
05.04.2015. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ички дуйнобуздун боштугу эмнеге алып бараар экен?
05.04.2015. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жалко ушулардын айынан дироктор айдалды !
05.04.2015. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сахна эч кандай ыйык жер эмес
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо