Айзада Турдаалы кызы, Добрдун карындашы: «МЕН ТУРМУШКА ЧЫККАНДА ДОБР ШОЛОКТОП ЫЙЛАГАН»

№648 3-апрель-9-апрель, 2015-ж

«Аска зоо бир тууганым» демекчи, бир тууганы бар адамдын аскасы бийик болот экен. Тырмактайынан бир үйдө чоӊойгон уялашыӊан артык сени эч ким билбесе керек. Анда эмесе, рэпер Добрдун карындашы Айзада агасы жөнүндө кызыктуу маек куруп бермекчи.

«БАЙКЕМДИ ЖАЛДЫРАТКАНЫМА ӨКҮНҮП КАЛАМ»
-Биз төрт бир тууганбыз. Улуусу Добр, андан кийин мен. Добр экөөбүздүн ортобуз 3 жаш болгондуктан теӊтуштай эле чоӊойдук. Бир жолу жайкы каникулда Нарында жүрүп, Адилетти (ред. Добрдун азан чакырылган аты) аябай сагындым. Шаарга келгенде «Адилет байке» десем өзүн жаман сезип кетти окшойт, «байке дебечи» деген. Ошондон кийин байке дебей калгам. Ата-энебиз базарда иштегендиктен бизди кичинекейибизде үйгө калтырып, дарбазанын сыртынан бекитип кетишчү. Адилет апамдар келгенче чай берип, үй жыйнап, тамак жасап, кыскасы, бизди карап отурчу.
Бир жолу тамак жасайын деп картошка аарчып отурса атам «экинчи картошка аарчыба, бул кыздардын жумушу» деп урушкан эле, ошондон кийин тамак жасабай калган. Азыр такыр тамак жасабайт, өткөндө атама «ошондо урушпаганыӊызда укмуш ашпозчу болмокмун» деп айтып капаланды. Адилет абдан жоопкерчиликтүү, ата-энебиз жумушка кетип бара жатып эмне дайындашса, ошону бүтүрмөйүнчө жаны тынчу эмес. Мен «апам көрүп коюптурбу?» деп көчөгө чыгып кетсем, артымдан кууп жетип үйгө алып кирчү. Анан экөөбүз үй жумуштарын бөлүп алып жасачубуз, ал «мен шыпырам» деп шыпыргыны талаша берер эле. Көрсө, шыпыргыны кармаганда илхамы келип, ыр жаратчу экен. Үйдү шыпырып жатканда кыйкырып, «я люблю работу, без работы не могу» деген өӊдүү сөздөрдү токуй берчү. Ырдап жатып ортосуна келгенде «азыр кыз ырдашы керек, сен кошточу, шоколад алып берем» деп кадимкидей жалдырачу. Бала экенмин да, азыр байкемди жалдыратпай ырдап берсем болмок экен деп өкүнүп калам.

«ЫРДАЙМ ДЕГЕНДЕ БААРЫБЫЗ КАРШЫ БОЛГОНБУЗ»
-Адилет ырдайм деп чыкканда үй-бүлөбүз менен каршы болгонбуз. Үйдөгү жумуштарга көӊүл бурбай, өзү менен өзү болуп калат да. Швабранын башына чүпүрөк ороп алып, аны микрофон кылып үнүнүн болушунча ырдачу.
Эӊ алгач клип тартканы да эсимде. Дүкөндөн иштеп 8 миӊ сом чогултуп, КТРдин эшигинен биринчи чыккан кишиге эле «мага клип тартып бериӊиз» дептир. Ал 8 миӊди алып бирөөгө дайындап койгон экен. Ошентип жүрүп «Ата-эне баркы» деген ырына клип тартып келген. Биз аны жактырбай, 500 сомго камераны ижарага алып, үйдөн кайра башынан клип тартканбыз. «Мени бул жерден тартып койчу» деп өмүрү камера кармап көрбөгөн мага камераны карматып койду.
Сиӊдим Мээримге фонарикти берип «жарык берип тур» деди. Мен таенемдин кийимин кийип кемпирдин ролун ойноп, клип тарттык. Ага биринчи тартылган клибинен кадрларды кошуп, монтаждап алып телевидениелерге алып барса, MTV каналынан башка эч бир канал албай коюптур. MTV`ны коюп алып Адилеттин клибин күтө берчүбүз. Тоскоолдуктарга карабай догурунуп жатып Добр болуп алды. Азыр баарыбыз колдоп, кеӊештерибизди айтып турабыз. Сиӊдим экөөбүз кийимдеринен бери тандап беребиз. Өзүнүн эркине койсок кээде башкача кийимдерди алып боорду эзет. Ошондуктан өзүм менен кошо Адилетке кийим издөө мага адат болуп калган. Кээде базар кыдырып кеткенде «Сен базарга кирбей эле койчу» десем болбой кирип «бул көйнөк канча, канчага бересиз?» деп соодалашса мен урушуп калам. «Коё турсаӊ, бааларын мен сурап берейин» десем, «эмнеси бар экен, мен деле адаммын, мен эмне, уурулук кылып жатамбы?» деп кайра мага кыйкырат.
Мен турмушка чыкканда мага арнап "Карындашым" деген ыр жазып, сюрприз кылган. Аны угуп алып Адилет баш болуп баарыбыз шолоктоп ыйлаганбыз. Ал эч нерсе эмес, көшөгөдө отурсам кирип барып «Айзада, кетесиӊби? Жүрү, кеткиӊ келип жатса алып кетейин» деп барыптыр. Кайненем «кой, биздин кызды ыйлатпа» деп араӊ кетирген.

«АДИЛЕТ КЫЗДАРГА ЖАКЫН ЭМЕС»
-Биздин үй жолдун боюнда болгондуктан нан сатып жүрүп, кеӊейтип дүкөн кылып алдык. Анан мончо ачып иштетип баштадык. Дүкөндү Адилет иштетчү, ал ырчы болуп кеткенден кийин мен иштетип калдым. Мен турмушка чыккандан кийин сиӊдиме өткөрүп бердим, учурда сиӊдим кичүү инибизге үйрөтүп жатат. Азыр мончого келген кишилер «Добр кана?» деп сурай беришет. Коомдук унаада кетип баратсаӊ да «Добрдун мончосунун жанынан токтотуп коёсузбу» деп айтышат. Биздин мончо аялдамага айланган.
Добрга сөз тийгизбөө үчүн өзүмө каранып калдым. Кээде өзүмдү карабай эле эшикке чыгып кетсем, «могу Добрдун карындашы» десе уялат экенсиӊ. Жолдошум менен тил табыша албай ажырашып келгем. Кызым Рамиля Адилетти атасындай жакшы көрөт. Кээде кызымды урушсам, «урушпай түшүндүрсөӊ» деп өзү эринбей «андай кылба, ал жаман» деп түшүндүрүп отура берет.
Жеӊелүү болгонубузда аябай сүйүнгөн элек. Тилекке каршы, экөөнүн жылдызы келишпей калды. Анын үстүнө аз эле сүйлөшүп баш кошуп алышкан эле. Учурда Адилеттин үйлөнүп, балалуу болгусу келип жүргөн кези. Бирок ылайыктуу кыз таппай жатат окшойт. Өзү да кыздарга өтө жакын эмес, биринчи турмушунан жаӊылгандан кийин коркуп калса керек. Ошондуктан биз да сураштырып, кыздарды издей беребиз. Апам дагы менин кызымдын кийимдерин «Адилеттин балдарына» деп ката берет. Кыскасы, баарыбыз Адилет үйлөнүп, жакшы бүлөгө туш болсок экен дегенде эки көзүбүз төрт.

БИР ТУУГАНДАР
Адилет Добранов, 26 жашта, рэпер
Айзада Турдаалы кызы, 23 жашта, финансист
Мээрим Турдаалы кызы, 19 жашта, студент
Эрбол Турдаалы уулу, 10 жашта, мектеп окуучусу

"Адилет биздин көӊүлүбүздү кыя албай, каалаган жерибизге машинасы менен жеткирет. Апам да "балдарымдан каяша айтпаганы эле Адилет болду" деп бизди урушуп калат".

"Адилет Эрболду аябай эркелетип, такыр урушпайт".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Агамдын күйөрман кызы түндө үйгө келип жаткан" дейт Добрдун карындашы Айзада

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(46)
SUPER.KG видео
05.04.2015. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Добр азамат чыныгы кыргыз жигит
SUPER.KG видео
05.04.2015. 08:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
укмуш
SUPER.KG видео
05.04.2015. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайындар жарышпай суйлогулочу )))
06.04.2015. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бир тууганын бул таянар тоон. Ынтымакта болгула.
06.04.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Добр уй булоолук бакыт каалайм .
Медиа-портал
06.04.2015. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жарышып, шашып суйлошуптур. Катуу даярданышкан го
Медиа-портал
06.04.2015. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодцы!!! Айзада супер!!! бактылуу болгула!
Медиа-портал
06.04.2015. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адилет ийгигик!
06.04.2015. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оой ушул Добрга тен келген башка репер жокда бизде.алга Добр!
06.04.2015. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жашоо бир келет деген ырын жадабай угам да
06.04.2015. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Койкоюп машинада отурганынар жакты. Ременьди такпайсынарбы...)))
07.04.2015. 04:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Wave., Жанында Добрдай байкелери кетип атканда зачем ремень )))))
06.04.2015. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы адам экен молодец
06.04.2015. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булоосу бактылуу экен, тфу тфу коз тийбесин, бирок озулору бактылуу болбогону жаман болуптур.
Бирок жаш, жашоонун баары алдыда. АЛГА!!!
06.04.2015. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!Добр озу жакшы бала.
06.04.2015. 13:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чон карындашы карындашы эмес эле эжесиндей корунот экен
06.04.2015. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добрдун баардык ырлары жакшы чыккан.
06.04.2015. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Максаттын башы ооруп кеткендир тиги экоонун жарыша суйлогонунон чоу олло коп суйлойт экен
06.04.2015. 20:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Добр негизи жакшы бала. Карындаштары деле ыймандуу кыздар го деп калдым. Бирок , ага карындаштын тагдырлары тайкы болуп, турмуштары бузулганы абдан окунучтуу. Эмнеси болсо да кийинк жаооолоруна ийгилик.
07.04.2015. 05:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dobr azamatsyn!!
07.04.2015. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Добр!менин иним да сага окшош бирок толо эмес,арык ал.Ийгилик ырларындын баааары жагат.
08.04.2015. 00:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iygilik Dobr!Patriot yrchy katary baalaim."Bir bol " degen yry aiabai jagat.
08.04.2015. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын!бакыт каалайм.
09.04.2015. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tilderi buuday kuuruyt go ya, daa Dobrdyn buduwyi kelinchegine krepis dep aitmakmyn ))
09.04.2015. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Репердин уй булосу ошентип суйлосо керек да....биринчи клибин кайдан корсок болот жуктоп койгулачы
09.04.2015. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ILYAS181296, саламатсызбы!
http://www.super.kg/media/video/477/
11.04.2015. 02:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добр качан эле уйлонбоду беле. Кайра уйлонобу эмне
11.04.2015. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добр жакшы ырдайт карындаштарыда шайыр ачык жакшы кыздар экен.чыныгы аты Адилет экенин эми гана уктум
SUPER.KG видео
14.04.2015. 20:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Добрдуда уят кылатко
15.04.2015. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чон карындашы мага окшоп шашып суйлогон неме экен)) Максат озун тууралу жазчы)
SUPER.KG видео
15.04.2015. 22:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ахаха олло мактап салганго! Добрды уят кылып)))созду орду менен суйлошсо жакшы болмок, бул жактан мен коруп уялып кеттим! Аман болгула!
Медиа-портал
29.06.2015. 02:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Которуп чаап дейт го эээ??? )))))))))))

соонун туугандары бар экен Азаматсынар
)
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо