Жылдызбек Абдраимов, куудул: «АЙГАНЫШ ЭКИ АЙЫЛДЫН ТЕӉ БАЛДАРЫНА БУЮРГАН ЖОК»

№648 3-апрель-9-апрель, 2015-ж

«Жоролор» куудулдар тобунун жетекчиси Жылдызбек Абдраимовдун айтымында, топтун жигиттери чыгармачылыкка катуу киришиптир. Казакстан менен келишим түзүп, чыгармачылык тажрыйба алмашуу болоорун айтып редакцияга баш бакты. Бул жигиттин куудулдук өнөрүнөн башка дагы ыр жаза коймой таланты бар. Акыркы жаӊылыктары менен катар Аваз Акимов ырдап жүргөн «Айганыш» деген ырдын да жаралуу тарыхына токтолду.

– Жылдызбек, салам! «Жоролор» тобу эмне тынчып калды десе, казактар менен иштешүүгө аттаныпсыӊар да...
– Ооба, буюрса казактар менен биз дагы иштешип көрөлү дедик. Мартта Казакстандын Шаншар театрынын 20 жылдык мааракесине театрдын директору Уалибек Абдраимовдун чакыруусу менен барып келдик. 3-4 жылдан бери өтүп келген «Ду-думан» деген куудулдар катышкан телевизиондук сынагын быйыл эл аралык деӊгээлде өткөрөбүз дейт. Ошого Кыргызстандын атынан «Жоролор» тобу катышмакчы болдук. Ал айлап тартыла турган долбоор экен. Биз да барып чыгармачылык жактан тажрыйба алмашып, өз казаныбызда эле кайнай бербей деӊгээлибизди өстүрөлү дедик. Анын үстүнө бул жерде бирибиз бошосок, экинчибиз бошобой көп чогула албай калабыз. Казакстанда бир гана чыгармачылык менен алек болобуз.
– Жакшы, ийгилик анда. Сенин акындык да талантыӊ бар экен, ошол туурасында кеп салсаӊ...
– Бир топ эле ырларым бар, эл арасында ырдалып жүргөн обондуу ырлардын да авторумун. Акындыгым бар экенин элим биле жүрсүн деп ырларымды китеп кылып чыгаруунун үстүндө алектенип жатам. Бирок негедир мурда жазган ырларым азыр өзүмө жакпай, бүгүн жазганымды эртеӊ окусам начардай сезилет. Ошондуктан бир ырдын үстүнөн кайра-кайра иштеп жатам. Биздин топтон чыккан ырчы Мирлан Баековго жакында эле «Жаӊылай» деген ыр жазып бердим, обону ага таандык. Жакында ырдап чыгат.
– Аваз Акимов ырдап жүргөн «Айганыш» деген ырыӊдын тарыхына токтоло кетпейсиӊби, ырдын сөздөрү айтып тургандай бир баян бар чыгар...
– Ал ыр өспүрүм куракта жазылган. Коӊшу айылдын балдары менен тааныш элек. Алардын айылына барып ар түрдүү оюндарды өткөрүп, алар биздин айылга келишип жакшы катышчубуз. Өзүбүздүн айылдын кыздарын чанган окшойм, тигил айылдын кыздарын акмалап калгам. Алардын мектебине башка жактан бир кыз келип окуп калды. Аны эки айылдын балдары баарыбыз жактырып калдык. Анан менде

Айылдашым сулуу Айганыш,
Ай, жылдыздай көктө жайнаӊыз.
Башка айылга ыраа көрө албай,
Баарыбыздын кетти айлабыз.

Сулуу, сулуу, сулуу Айганыш,
Жаш жүрөгүм сага байланыш.
Адат болду күндө кечинде,
Айганыштын үйүн айланыш.

Таш ыргытсам такыр тоготпой,
Кирешеӊер такыр жолотпой.
Апаӊ чыгат сенин ордуӊа,
Чоӊ таягын кармап колуна.

Басамын деп үйүӊ айланып,
Байкеӊе да калдым кармалып.
Огородго сууга келдим деп,
Алдап койдум аны жайгарып,- деген саптар жаралды.

Ал кезде мунун обону жок болчу. Орустардын белгилүү «Выходила на берег Катюша, На высокий берег на крутой» деген саптары бар «Катюша» деген ырынын обонуна салып ырдап жүрчүмүн. Ошону менен Айганышты сүйүп-күйгөндөрдүн бири да ага даап сөз айта албадык. «Эненин ою балада, баланын ою талаада» дегендей, биздин оюбуз сүйүүдө болсо, ал кыздын ою окууда болчу. Окуудан башка эч нерсе менен алектенчү эмес. Азыр ойлосом ата-энеси кызына окуу тууралуу гана ойлоосуна шарт түзүп берип, аны башка эч нерсе менен алагды кылышпаптыр. Биздики чала-була китеп бетин ачмай, анан үй иштери, малды жайгаруу, оюн болчу. Ошентип жүрүп Айганыш мектепти бүтүп чет өлкөгө окуганы кетти. Эки айылдын балдары сүйгөнүбүз менен бирибизге да буюрган жок. Кийин бул ырга Авазды ылайык көрүп, обон жазылып ырдап чыкты. Аваздын багын «Айганыш» ыры ачты десем болот.

"Аваздын багын “Айганыш” ыры ачты".

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
06.04.2015. 12:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туура аваздын багын айганыш ачтыго
06.04.2015. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Комментарийдин тексти
Айганыш ыры жакшы чыккан, уй булобуз менен жактырып укчубуз.
07.04.2015. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарийдин тексти оба абдан жакшы чыкан!
07.04.2015. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
магада абадан жагат бул ыр.
07.04.2015. 20:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Abdan jakwy yr.
07.04.2015. 20:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун чыгарма убагында айылга барсан баары ырдап калчуу
08.04.2015. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акырында маегинизге рахмат дечу эле анысы жокго ) мен буто элек окшойт деп ылдыйдан издеп алыпмын
08.04.2015. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоролор жорголой бергиле,ыргыткан ташынар ойдолой берсин,бар болгула,ийгилик!!!!!!!!!!!!!
08.04.2015. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир убакта суйуп уккан ырым болчу
10.04.2015. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куудул деп деле айтууга болбойтко бул жигитти
12.04.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айганыш ырын Сыймык байке жазган деп ойлочумун.Ишинерге ийгилик Жоролор!!!
12.04.2015. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жазылган ыр.Обону да уккулуктуу. Ийгиликтер болсун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо