СЕНИН СЫРДУУ КӨЗДӨРҮӉ...

№648 3-апрель-9-апрель, 2015-ж

Көз – жан дүйнөнүн күзгүсү дешет. Мейли ал бакырайган сулуу болсун же жымшыйып араӊ эле ачылган көздөр болсун, айырмасы жок. Көздүн формасында эмес, каректин тереӊинде ал адам тууралуу маалымат жаткандай. Эмнегедир көздөрдү көп карайм. Сүйлөшүп жаткан адамымдын көздөрү ылдый болсо өзүмчө жүдөп кетем. Бирок бир сырдуу көздөрдүн туткунунда калам деп ойлогон эмесмин.
Жумушка келе жаткам. Татынакай кыз маршруттук таксиде отуруптур, жанындагы орун бош экен, ошол жакка бет алдым. Отурганымда коомай жылып койгону болбосо, серп салып караган жок. Мактанбай эле коёюн, бирок Кудай мага келбетти да, өӊдү да жакшы эле берген. Бирок бул кыз...
Акырын тамагымды кыра жөтөлүп алдым. Анда да реакция болгон жок. Өзүмчө таарына түштүм. «Болуптур, мен дагы көӊүл бурбайм!» дедим ичимден. Бирок көзүмдүн кыйыгы менен кайта тиктедим. Ал да карап калды. Ошол замат мен ал көздөрдүн тереӊине чөгүп кеттим. Сулуу деле эмес, капкара да эмес, кадимки кыйгачынан келген кыргыз кызынын көзү. Бирок жаш кыздын эч качан мындай акылдуу, токтоо, балким, кайгылуу тиктегенин көргөн эмесмин. Кайгылуу көздөр көөдөнүмө тепчилди да калды.
Ал аялдамадан түшүп калды. Анын артынан мен. Жумушка шашып жатканым да эсимден чыкты. Артынан акмалап карап келе жаткам, бир убакта жоготуп жибердим, кайсы эшикке кирип кеткенин билбейм.
Ошентип менин азабым башталды. Күндө биз кезиккен коомдук унаага түшөм, ар жак, бер жагымды карайм, бирок ал жок. Бир жума кыжалат кылгандан кийин менин сулуум пайда болду. Кысылган элди түрткүлөп жатып эптеп жанына жеттим. Бул жолу эски таанышын көргөндөй жымыӊ эте жылмайып койду. Бүттү, мага мындан артык эч нерсенин кереги жок эле. «Болду эми, колумдан чыгарбайм» деп эрдемсип келе жаттым. Ал түшөрү менен мен да түшүп калып катарлаша бастым.
– Салам!
Ал жай гана тиктеп коюп кете берди.
– Таанышып алсак болобу, менин атым...
Кыз бир тиктеп алды да, башын аста чайкап басып кетти. Ичимдин ачышканы, ай, бир чети жиним келип, бир чети намыстанып бара жаттым. Экинчи жолу ал адамды ойлобоско, издебеске өзүмө сөз берип жаттым. Бирок өчөшкөндөй элеси турганы турган. Баары бир коомдук унаага түшөрүм менен издейм. Ал болсо издегеним табылгандай сүйүнөм, жок болсо жетим калгандай томсором. 2-3 жолу сүйлөшөйүн десем үн катпай койду. Бул теӊсинбегениби же... Ого бетер күйүп-жанып жүрдүм.
Бир күнү мага анын сыры ачылды. Жумуш боюнча бир кеӊсеге барышым керек эле, орто жолдон досум жолугуп калып экөөбүз түштөнүү үчүн кафеге кирдик. Ал жактан менин сүйүктүүмдү көрүп сүйүнүп кеттим. Бир кадам таштап барып ордумда катып калдым. Ал каршылашындагы аял менен колун жаӊсап сүйлөшүп жаткан экен. Мени байкаган жок. Ошондо гана мен анын сүйлөбөй турганын билдим. Кылчая берип ал дагы мени көрдү. Тиктешкен экөөбүздүн теӊ көздөрүбүзгө жаш толуп бара жаткан эле. Ал ордунан дароо туруп чыгып кетти, мен узата тиктеп кала бердим.
Аттиӊ, ошондо артынан чуркап токтотуп калсам эмне. Андан бери жарым жыл болду, мен сени көрө элекмин. Жолугуп калсам эмне дээримди деле билбейм, бирок издеп тапкым келет. Биз жолуккан аялдаманы, ошол маршруттук каттамды карагандан тажабай эле жүрөм. Сен тууралуу сырдуу көздөрүӊдөн башка эч нерсе билбейм. Бирок үмүт үзбөй күтүп жүрөм!

Марат

Асия Алиева
lira@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
06.04.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бакыт бир жолу берилет дейт беле колуңа бакыт кушу конгон экен учуруп жиберипсиң....күтө бер балким жолугуп калааар.
07.04.2015. 05:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
doni89,Созсуз! Издеген табат!
06.04.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх, бул жашоо эмнелерди гана тартуулабайт бизге?!
06.04.2015. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жакшы жомок экен
06.04.2015. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакытка карай мумкунчулук бир жолу берилет. Аны качырба , бир колундан учкан бакыт жуз жылда да карматпайт.
06.04.2015. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суроттогу кайсыл кыз? Бир жерден коргонсуп турам. Коздору жакшынакай экен...
06.04.2015. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммм.соонун киного
07.04.2015. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин ырларым качан гезит бетинен орун алаар экен ээ))
08.04.2015. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таластык бир бала менен эки жарым жыл телефондо суйлошконмун, бирок жузун коргон эмесмин. мамилеси ото жакшы бала болчу. андан бери сегиз жыл отту. Интернеттен такыр таба албай койдум, Ал кандай адам экен эле деп ойлой берем
24.04.2015. 15:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх кандай гана аянычтуу, суйуу ушунусу менен кызык болсо керек
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо