Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТЕЛЕНИН ЖҮЗДӨРҮ

№648 3-апрель-9-апрель, 2015-ж

Журналисттерди коомдо болуп жаткан жаӊылыктарды, ой-пикирлерди көрсөтүп турган күзгү дейт эмеспизби. Теледе иштеген таланттуу, жаш улан-кыздарыбыз менен таанышып алыӊыз.

Бактияр Тукеев: «КТРКнын ЖЕТЕКЧИСИ БОЛОМ ДЕГЕН МАКСАТЫМ БАР»

Туулган жери – Тоӊ району, Бөкөнбаев айылы
Туулган жылы, күнү – 1987-жыл, 24-март
Билими – Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Юридикалык факультеттин магистратурасын быйыл аяктап жатат
Учурда – КТРК телеканалындагы «Ой ордо» ток-шоусун алып барат

– Бактияр, алгач телеге кантип келдиӊ эле, ошол туурасында айтып берсеӊ?
«Жетелеп жүргөн бирөө болбосо КТРКга ишке орношуу кыйын» дешет экен. Мен практикага келгенимде ошол кездеги продюсер Сюита Соурбаева даярдаган сюжеттеримди жактырып алып калган. Ошентип 2009-жылдан бери теледе иштеп келе жатам. Алгач «Ала-Тоо» программасына кабарчы болдум. Андан кийин «Протокол №» деген көрсөтүү ачып иштедим, ал азыр «Телекүзөт» деген аталышта эфирге чыгып жатат. «Жаза кайтарылгыс», «Журналисттик иликтөө» деген автордук көрсөтүүлөрдү даярдап жүрдүм. Башында «Ой ордо» программасынын редактору, жооптуу редактору болуп иштедим. Быйыл январдан баштап көрсөтүүнүн алып баруучусумун.
– Келечекте өзүӊдү кайсы тармактан көрө аласыӊ?
– Азырынча КТРКда эле жакшы эмгек жаратып, коомчулукта элге пайдалуу көрсөтүүлөрдү ачсам деген тилектемин. Негизи мамлекеттик кызматтарга, министрликтин, Жогорку Кеӊештин басма сөз кызматтарына чакырышты. Мен тажрыйба топтоо үчүн теледе эле калууну чечтим. Келечекте КТРКнын жетекчиси болуу максатым бар. Орусия, Германия, Кытайдын телеканалдарына барып тажрыйба топтоп келдим. Жаш кезде саясатка аралашып, коомдук активисттер менен митингдерге, ар кандай маалымат жыйындарына, тегерек үстөлдөргө катышып жүрдүм. Жогорку Кеӊештин депутаты маркум Санжар Кадыралиевге жардамчы да болуп иштегем.
– Чакан мамлекетиӊ тууралуу айтып кетсеӊ...
– Келинчегим Каныша Нарындын кызы, Айдар, Айдана аттуу уул-кыздын атасымын. Жубайым кесиби боюнча кытай тилинен котормочу.

Жакшылык Матанов: «ПРЕЗИДЕНТ БОЛУУНУ ЭӉСЕБЕГЕН ЖУРНАЛИСТ ЖУРНАЛИСТ ЭМЕС»

Туулган жери – Ак-Талаа району, Баетов айылы
Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 8-июнь
Билими – Түркиядагы Гермирли университетин аяктаган
Учурда – ЭлТР телеканалында «Менин айылым» көрсөтүүсүн алып барат

– Жакшылык, биздин редакцияга куш келипсиӊ. Жаныӊдагы сүйлөшкөн кызыӊбы?
– Таанышып алыӊыз, аты Айдай, буюрса, 25-апрелде үйлөнөм. Бир жолу премьер-министр Жоомарт Оторбаевдин пресс-ланчында алып баруучу болгом. Айдай болсо мурунку юстиция министри Алмамбет Шыкмаматовдун басма сөз катчысы болуп иштечү. Айдайды ошондо көрүп ичимден ушул менин жубайым болот дегем. Телефон номерин таап чалып, «каалайсыӊбы, каалабайсыӊбы сен менин келинчегим болосуӊ» дедим. Мына, 6 айдан бери сүйлөшүп жүрөбүз. Кыргызча үйрөнсүн деп дайыма жаныма алып жүрөм.
– Түркияда окуптурсуӊ, маянасы жакшы жумушта иштечү экенсиӊ, журналистика эмнеси менен арбап алды?
– Туура айтасыз, ЭлТРде иштеп 1 жылда тапкан акчаны Түркияда бир жарым айда таап коёт экем. Түркияда окууну бүтүп, Анталья шаарында жумуш издеп ар бир отелге кирип чыктым. Акыркысына жеткенде кароолчусуна «жумуш издеп жүрөм» десем, «кайсы бөлүмгө?» дейт. Мен «айырмасы жок, түркчө, англисче, орусча билем» дедим. Ал мени таштанды ташыган бөлүмдүн чоӊуна жолуктурду. Анан ал «жогорку окуу жайды бүтүргөн билимдүү баланы таштанды ташыганга албайм» деди. Эшикке чыксам кеч кирип, жамгыр да жаап жаткан экен, «мени таштанды тазалаганга да жумушка албайт» деп ыйлагам. 3 күн деӊиздин жээгинде кийимимди астыма салып жаттым. Анан жумуш таап, жөнөкөй жумушчудан белгилүү отелдердин менеджерлигине чейин көтөрүлдүм. Эрнист Кыязов «ал жактан миллионер болуп келсеӊ да сени эч ким тааныбайт. Учурда Кыргызстанга сендей билимдүү, патриот жигиттер керек. Билимдүүлөр ушинтип чет жакта кала берсе, өлкөбүз эмне болот?» деди эле, жумушту таштап келе бердим.
– Келечек пландарыӊ жөнүндө айтып берсеӊ...
– Өлкөбүздүн абалы ушул болуп турганда саясатты сүйлөшүү мен үчүн кумар. Мен ар дайым «президент болууну эӊсебеген журналист журналист эмес» деп айтам. Саясатка аралашып, президент болуп, өлкөгө кызмат кылсам дечүмүн. Анча-мынча интригаларын көргөндөн кийин жийиркенип калдым. Ушундай жийиркеничтүү саясатка аралашпай туруп өлкөмдү өнүктүрүп кетсем экен деген максаттарым бар.

Мира Шүкүралиева: «ЖУРНАЛИСТ ГАНА ЭМЕС, МУГАЛИММИН ЖАНА САЛОН ИШТЕТЕМ»

Туулган жери – Чолпон-Ата шаары
Туулган жылы, күнү – 1985-жыл, 9-май
Билими – Туризм академиясын аяктаган
Учурда – НТС телеканалынын «Таӊ шоола» көрсөтүүсүнүн алып баруучусу

– Мира, маегибизди кантип эфирге келип калдыӊ эле деген суроодон баштасак...
– 2010-жылы 5-каналда «Майдан» көрсөтүүсүн алып барган Гүлзада Шаршеналиева деген эже менен таанышып калдым. Ал эженин сунушу менен НТСке келдим. 8 ай даярданып анан эфирге чыктым. Алгач айыл турмушун чагылдырган «Элет» көрсөтүүсүн, андан кийин таӊкы «Таӊ шоола» көрсөтүүсүн бир жарым жылдан бери алып барып келем.
– Демек, эртеӊ менен элдин маанайын көтөргөнгө аракет кылат экенсиӊ да?
– Ооба, өзүм позитивдүү инсандардын катарын толуктайм. Кээде эфирде күлкүмдү тыя албай калган учурлар болот. Мектепте окуп жүргөндө да ар бир мугалимди өзүндөй кылып туурап берип классташтарымдын боорун эзип салчумун. Ошондо өзүм мугалим болуп каларымды билбесем керек.
Борбордук Азиядагы Америка университетинде телеалпаруучулук боюнча сабак берем. Андан сырткары үйлөнүү-үлпөт көйнөктөрүн сатып, ижарага берген салонду иштетем.
– Теленин жүзү ар дайым сулуу, келишимдүү болушу шарт эмеспи, өзүӊө кантип кам көрөсүӊ?
– Менин келбетимдин бир калыпта сакталышына жолдошум себепкер десем болот. Анткени ал 15 жылдан бери бодибилдинг менен алектенгендиктен мага машыгуу программасын өзү түзүп берет. Үйдө бир бөлмөнү атайын машыгуу залы кылып алганбыз, бирге машыгабыз. Баш кошконубузга 11 жыл болду, 1 уул, 1 кызды тарбиялап келе жатабыз.

Расул Рахманалиев: «ӨНӨКТӨШҮМӨ ШЫБЫРАГАНЫМ ЭФИРДЕН ӨПКӨНДӨЙ КӨРҮНҮПТҮР»

Туулган жери – Баткен облусу, Чек айылы
Туулган жылы, күнү – 1989-жыл, 21-август
Билими – Ош соода экономикалык окуу жайын бүтүргөн. ОшМУда журналисттик бөлүмдө окуп жатат
Учурда – ЭлТРде «Кутман таӊ» көрсөтүүсүн алып барат, ЭлFM радиосунун ди-джейи

– Расул, экономисттин окуусун бүтүп алып, телеге келип калганыӊ кызык экен...
– ЭлТР каналында алып баруучулукка кастинг болорун угуп келип калгам. Сюжет даярдоо үчүн конкурс болгон, Кыргыз Республикасынын желеги тууралуу сюжет даярдап, 2-орунду алгам. Ошентип 2006-жылдан тарта бул жаатта эмгектенип келем.
– Сени ди-джей катары да тааныйбыз...
– Туура айтасыз, ЭлFM радиосунда ди-джей болуп иштеп жатканыма 5 жыл болуп калыптыр. Радиого алып келип, жол көрсөткөн мугалимдеримдин бири маркум Медер Осмоналиев.
– Жумушуӊда кызыктуу окуялар көп болсо керек?
– Ооба, «жаӊылбас жаак болбойт» дегендей, эфир учурунда кызыктарга көп кабылабыз. Радиодо жаӊылыктар менен тааныштыргандан кийин валюта курсун айтат эмеспизби. Ошондо орус акча бирдиги рубль 98 тыйын дейм деп, 98 сом деп адашканым эсимде. Тумоолоп калганымда түз эфирде чүчкүрүп жиберип уят болгом. Анан да өнөктөш кызым Бегимайга эфир учурунда бир нерсени шыбырап айтайын деп жаткам, көрсө, ал экрандан элге көрүнүп калыптыр. Эл «Расул Бегимайды өптү» деп ойлоп алышыптыр. Айтор, жумушумда күнүгө кызыктуу окуялар болуп турат.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Теленин жүздөрү

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(41)
Медиа-портал
05.04.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баарынардын ишинерге ийгилик даайыма талыкпаай элдин конулундогу койгойлорун ачып ак эмгектенишинерди каалайбыз.Кубанын тилин таптап тамшанып тамшанып алып суйлогону укмуш да.
SUPER.KG видео
05.04.2015. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой ордо ток шоусунда бактияр аябай сурдогон да эфир бутуп жатканда саламатта калыныздар дейм деп саламатсыздарбы деп алган. Бирок канчалык жанылган сайын кайрадан жаралып турасын дегендей такшалып баратат. ..Бали
Медиа-портал
06.04.2015. 01:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламатсыздарбы Супер инфо! Абдан жакшы ,кызыктуу маек болуптур. Сиздерге чон рахмат!Кийинки беруунуздорго Салтанат Саматова ("Акыл ордо"),Абдыбек Казиев("Манас таануу") тууралуу дагы билип бериниздерчи сураныч! Себеби алып баргандары абдан жагат. Алдын ала рахмат!
Медиа-портал
06.04.2015. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Үчөө тең журналистикадан таптакыр кабары жок,эл аралык журналистиканын стандарттарын түшүнбөгөнүн программаларынан көрүп жүрөм. Алып баруучу кыз (НТС) кыргызча аябай тантырап сүйлөйт, анан калса жаттап алган текстерин өмур бою сүйлөп келе жатат. Жакшылык болсо айылдык өз вариантында тантырап сүйлөй берет же суроо бере албайт. Бактыяр тема боюнча эч даярданбайт, эмне суроо берээрин билбейт. Кыскасы теманы эч кандай ача албайт. Дүйнөлүк жаңылыктарды окушпайт ошондуктан баааягы боюнча калышкан.
Медиа-портал
06.04.2015. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айланайындар телеге чыгып алсанар эле жылдыз боло бербей, базанарды толуктагылачы. Көп китеп окугула...Элге кабар берип эл сабатын жойуучусунар... бирок элден айырманар болбой келет...Көйгөйлүү маселени көтөгүлө, анан ТВ жүз болгула...
06.04.2015. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Расул мыкты жигит оз ишин жакшы да билет сонун аткарат, Мира сулуу айым экен жаш да корунот экен
06.04.2015. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыңыздарга тең чыгармачылык ийгиликтерди каалайм! Азаматсыңар! Бактияр Тукеевдин Ой Ордосун, Мира Шүкүралиеванын Таң Шооласын калтырбай көрөм, рейтинги жогору программалар! өздөрү да такшалган алып баруучулардан болуп калышты! берки эки жигитти жакшы тааныбайт экемин, аларга да ийгилик! аракетке берекет.)
SUPER.KG видео
06.04.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу супер инфо! "Теленин жуздору" эмес, "Теленин ХХХ" десенер эн туура болмок. Буларды коруп отуруп кыргыз телевидениесинин бугунку абалына зээнин кейийт...
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-06 12:22:41
06.04.2015. 12:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Мира Шукуралиеваны сыйлайм, Тан шооланын чыныгы жузу. Расул Рахманалиев аман эле болсун, озу суйлоп озу куло берет, безпонтовый создордо айтат. Калгандарын болсо тааныбайм.
06.04.2015. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыгарга ийгилик, мынданда жакшы корсотуулорду алып баргыла, элибизге талыкпай иштеп эмгегинер синеберсин. Ушундай жаш таланттар дагыда осуп чыксын.
06.04.2015. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Расулдун жанындагы Бийке Бема эже жанын клосон аябай татынакай ХБК да жашачу . коп бир жактарга барып келет болчубуз .азаматсынар .ийгилик баарына .
Азаматсынар
06.04.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанынан корсон дегеним .
SUPER.KG видео
06.04.2015. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактияр Тукеев азамат
Медиа-портал
06.04.2015. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rasul rahmanalievdi koro albai koidum goo videodon
06.04.2015. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кечирип койгула биринда тааныбайт экенмин.
06.04.2015. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы жакшы
06.04.2015. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwylyktyn kop til bilgeni ayabai jakty, sendei patriot jigitter koboio bersin Kyrgyzstandaa. Ozu dz suluu eken))
07.04.2015. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой Ордонун алып баруучусу молодец! Катуу алып барып жатат, өткөндө абдрахманов, жээнбеков. исаковду алып чыкты, мурда качан оппозиция КТРге чыкчу эле, опера театрда денюха өткөргөндөр боюнча да ошол эле күнү талкуу кылды го, оперативдуу иштеп атышат, ой ордонун Бактиярдан башка да командасы күчтүү окшойт, күн сайын актуалдуу проблемаларды чыгарып жатышат. Ийгилик! баса НТСтеги Мира абдан сулуу кыз :) мага жагат.))
07.04.2015. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул жуздорду телеге алып чыгуу да бир озунчо кыйын эмеспи, экрандын артындагы режиссерлорду да чыгарсанар жакшы болмок
07.04.2015. 17:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушу Расул бесит да бесит..Озун жаммман крутой сезет окшойт
07.04.2015. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men da taanybait ekem bulardy
10.04.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
SULUU-KYZ,эн жакшы тааныгандар тааныбайм деп комментарий жазышат да)))))
07.04.2015. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарына ийгилик каалайм. Баарын тааныйм осо турган акылдуу жигит кыздар. эми ич куйдуулукту ичинерге каткыла да жон эле суйлойт десе суйлой бербей. Ошентип бир кун эфирге чыгып суйлоп коруглочу корот элем силердин ким экенинерди.
08.04.2015. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура айтасын камеранын артында бизда бакырып суйлой беребиз, бирок алдына откондо бир оз суйлой албай калабыз, кочодо камераны которуп суроо беришсе, жооп бере албай каласынарго
Медиа-портал
08.04.2015. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
меерим жакшы алып баручу
09.04.2015. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эркин Рыскулбеков жакшы алып баруучу!!! 555+!!!
10.04.2015. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nota89, жеке билдирүүнү купуя менен жазып, кимдир бирөөнү кемсинтпеңиз! Эскертүү!
11.04.2015. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой ордонун алып баруучусу кучтуу,
Медиа-портал
15.04.2015. 10:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адамда кемчилик деген болот. Жогорудагы айтылган сын пикирлерди озунуздорго туура кабыл алып, кемчиликтериниздерди ондойсуздар деп ишенем. Ал эми Бактияр Тукеев чыгаан журналист экенин КТРК ны калтырбай коргондор жакшы билишет. Баарыныздарга ийгилик каалайм.
18.10.2015. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой Ордонун мурдагы алып баруучусу Алмаз Касымалиев башында мындан жаман алып барчу, кийин такыр эле абышкадай болуп скучно алып барып калган. а Бактияр Тукеев Ой Ордого жаңы дем киргизди. азаматсың Бактияр эмгектене бер, сын пикирди туура кабыл ал, мыкты экеннжи көрүүчүлөр билет!
28.04.2016. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Расул красавчик
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо