Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«БОТАН ЖАНА КУПИДОН» ТАСМАСЫ ЖАШТАРГА АРНАЛГАН»

№648 3-апрель-9-апрель, 2015-ж

Тасманын аталышы негедир көӊүлүмдү бөлдү. Мындай өзгөчө атка ээ тасманын ичинде да бир топ кызыктар бар экен. Анын кантип тартылып, көрөрмандарга кандай ойду тартуулагысы келгенин «Ботан жана Купидон» тасмасынын режиссёру Нурлан Разакулов айтып бермекчи.

ТАСМА ТУУРАЛУУ

Жанры – Комедия
Режиссёру – Нурлан Разакулов
Оператору – Талант Ургазиев
Башкы ролдордо – Айбек Туратбеков, Тьерри Махасуру, Зулайка Эркинбаева, Каныкей Ринатова, Атай Кененбаев
Узактыгы – 1 саат 25 мүнөт

– Нурлан мырза, алгач тасманын аталышын түшүндүрө кетсеӊиз. Эмнеге «Ботан жана Купидон» деп атап койдуӊуз?
– Баштапкы аталышы «Студент жана Купидон» болчу, кийин өзгөртүп жибердик. Купидон ба­йыркы гректердин сүйүү кудайы эмеспи. Ал эми кадимки «ботаник» баланы азыр жаштар кыскартып ботан деп атап коюшат экен. Жаштар менен кеӊешип отуруп ушул аталышка токтолдук. Тасма жаштарга арналгандыктан алардын табитин да эске алдык.
– Фильмдин идеясы мурунтан эле бар беле?
– Көптөн бери ойлонуп жүр­гөнбүз. Негизи мен көп тас­ма­ларымда саясий же социалдык эмес, эӊ негизги басымды дайыма сүйүүгө коюп тартып келем. Махабат – бул бирөөгө колко, таӊуулоо эмес, анын баркына же­түү милдет. Сүйөм деп сөз ме­нен айтып койгон жетиштүү деп ойлошот. Анын азабына да чыдоо керек. Тасмада ушул ойду айткым келген.
– Кыскача мазмунуна токтоло кетсеӊиз...
– Башкы каарман ботаник бала сулуу кызды сүйүп калат. Негизи сүйүү деле бешенеге жазылган нерсе. Башкы каармандар табышып, сүйүшүп калганда өз милдетин аткаруу үчүн Купидон асмандан түшүп келет. Кыз менен жигит уруша кетип Купидон миссиясын аткара албай калат. Ошондо Купидонду өйдө жактагылар жазалап, «бул экөөнү кошпосоӊ адамга айланган боюнча каласыӊ» дешет. Анан Купидон жашоодогу реалдуу маселелерден экөөнү алып чыгып, жаштар чогуу калышат.
– Тасмадагы Купидондун ролун ойногон жигиттин улуту башкабы?
– Ал африкалык жигит. Бирок орус тилин мыкты түшүнөт экен. Тасмада өзүнүн ролун жак­шы аткарды. Тасмадагы актёрлор кастинг аркылуу тандалган. Баары образдарын жакшы ачып беришти. Өзүм актёрлорго сабак берем, андыктан актёрлук шыгы туура келгендер гана тандалды.
– Тасманын өзгөчөлүгү эмнеде деп ойлойсуз? Көрөрман эмнеге сиздин тасмаӊызды тандашы керек?
– Эми көрөрманга эч качан таӊуулабайсыӊ да. Бирок кантсе да тасманын өзгөчөлүгү бар, мурунку тасмам «Бакыт баасында» көӊүлдү драмага бурсак, мында биз комедия менен ачып бергибиз келди.
– Тасма тартылып жатканда кандай кызыктуу окуяларга кабылдыӊыздар?
– Тасманын ичинде камтылган окуя эки күндүк. Аны 1 ай ичинде тартып бүттүк. 14-февралда бүтөт дегенибиз менен жаз­га туш келип калды. Түй­шүктүү эпизод катары жылкыны табуу кыйын болгонун айта алам. Араӊ тапкан жылкыбыз аябай чоӊ болуп, анан шаарда жүрбөгөн неме үркүп жатты.
– Анда гезиттин окурмандарына «Ботан жана Купидон» тасмасына келип, көӊүл ачып кетиӊиздер деп маегибизди аяктайлы.

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(6)
06.04.2015. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эх эки адамдын бири кино тартып калды го. мазмунун айтпай эле койолу киного жакшы бир ат койгон эмес!
07.04.2015. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин ойюмча кинонун коптугу жакшы режиссёрлор да коп болсо мыкты кинолор жаралат атандашуудан. а эл болсо ошол мыктысын корот жаманы четке чыгып калат озу эле. кинонун аты озгочо экен, биринчи королу анан сындайлы болот болбойт деп.
07.04.2015. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тасма кайсы тилде экен урматтуу админ? орус же кыргыз
08.04.2015. 08:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жаштарга жакшы тарбия болчудай кино окшойт .Ийгилик !
09.04.2015. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул жайнаган кинолордон коро турк сериалдарындай кылып тартышпайбы...аты эсимде жок бир сериал теледен берилип 13 жылда бутуптур
10.04.2015. 09:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ILYAS181296, анда коруп аягына жеткиче башын унутуп калатго
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо