БАЛДАРДЫ БАРЫМТАГА АЛГАН КЫЛМЫШКЕР 10 МИӉ ДОЛЛАР ТАЛАП КЫЛГАН

№649 10-апрель-16-апрель, 2015-ж

Ысык-Көл облусунда жаш эне өзүнүн кызы менен кайын сиӊдисинин кызын жашырып, «бирөөлөр уурдап кетти, акча талап кылып жатышат» деген оюн уюштуруп, жыйынтыгында кылмышы билинип, камакка алынган эле. Андан көп узабай Жалал-Абад облусунда да бир келиндин эки уулун белгисиз бирөө уурдап, 10 миӊ доллар талап кылган окуя катталды.

«БАЛДАРЫӉ КЕРЕК БОЛСО 10 МИӉ ДОЛЛАР БЕР»
8 жана 9 жаштагы бир туугандарды барымтага алып, акча талап кылган жаранды УКМК менен ИИМ кызматкерлери биргеликте кармашкан. Окуя боюнча УКМКнын маалымат кызматынын өкүлү Рахат Сулайманов айтып берди.
– 2015-жылдын 18-мартында Сузак районунун тургуну УКМКнын Жалал-Абад облустук Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын бөлүмүнө арыз менен кайрылып, 2006 жана 2007-жылы туулган эки уулун белгисиз бирөө уурдап кетип, 10 миӊ АКШ долларын талап кылып жаткандыгын билдирген. Арыз ээси Жалал-Абад шаарындагы базарда соода-сатык менен алектенет экен. Ал күнүгө балдарын шаардагы мектептердин бирине окууга таштап, өзү жумушка кетип жүргөн. 18-март күнү да адаттагыдай эле балдарын мектепке таштаган. Ошол күнү түштөн кийин анын уюлдук телефонуна белгисиз бирөө чалып, «балдарыӊ менде, алар керек болсо 10 миӊ доллар алып кел. Укук коргоо кызматкерлерине кайрылсаӊ, балдарыӊды көрбөйсүӊ» деп коркуткан. Жабырлануучу ага ишенбей, кимдир бирөө тамашалап жатат окшойт деп ойлогон. Кылмышкер кайрадан байланышып, балдарынын ыйлап жатканын угузган. Аялдын «жанымда 15 миӊ сомдой эле бар, ошону берейин» дегенине кылмышкер көнгөн эмес. Андай чоӊ сумманы таба албаган эне укук коргоочуларга кайрылууга аргасыз болгон. УКМК менен Жалал-Абад ОИИБинин кызматкерлери биргеликте кылмыштын бетин ачуу боюнча иш алып барышкан. Балдар мектептен чыккандан кийин үйүнө алып кетүүгө эч ким келбесе, мектептин астында токтоп турган таксилерге отуруп кете беришчү экен. Ал жердеги таксисттер суралып, балдардын белгисиз машинага отуруп кеткени билинген.

«КЫЛМЫШКЕР АКЧАНЫ АЛЫП КАЧЫП КЕТКЕН»
– Кылмышкер ошол эле күнү кечке жуук балдардын энесине кайрадан байланышып, «Мен түнү үйүӊө барам. Мага акчаны берген соӊ балдарыӊды аласыӊ. Жаныӊда эч ким болбосун» дейт. Кылмышкер жабырлануучу айымды ал жашаган Комсомол айылынын четиндеги толук салынып бүтө элек эки кабаттуу имаратка чакырат. Ал башына кепканы бастыра кийип, жүзүн көрсөтпөгөнгө аракет кылган. Уурдалган эки бала ошол эле имаратта болгон. Кылмышкер балдарды берип, 10 миӊ долларды алып качып кетүүгө үлгүргөн.
Нес болгон аял кылмышкердин эч кандай белгилерин эстеп калган эмес. Балдар ал адамды биринчи жолу көрүп жатышканын, анын бетинде тырыктар бар экенин айтышкан. Мектептен чыкканда ал «үйүӊөргө жеткирип коём» деп балдарды машинасына отургузуп, барымтага алгандыгын айткан. Кылмышкер ошол эле айылдын тургуну же ал жерде көп жүргөн адам экени шексиз болгон. Айыл тургундарынын үстүнөн жүргүзүлгөн ыкчам изилдөө иштеринин натыйжасында ошол эле айылдын 21 жаштагы тургуну уктап жаткан жеринен кармалып, ал кылмышын толугу менен моюнуна алды. Анын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 123-беренесинин (адам уурдоо) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Кылмышка шектелип кармалган жаран мурда соттолгон эмес. Анын бул жолго баруусуна сүйлөшкөн кызы менен уруша кеткендиги себеп болгон. Шектүү көрсөтмөсүндө сүйүктүүсү менен элдешүүгө жана башка көйгөйлөрүн чечүү үчүн акча керек болгондугун айткан.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(19)
13.04.2015. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой акыр заман дегенин ушул окшойт тообо жаш эле омурун эми камакта откорот.
13.04.2015. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озунун кошунасы эле экен уурдаган бала эже чындап жакшы жашайт
13.04.2015. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бул уй булону жакшы билем эмнеге атасы жонундо кабар жок чынында колунда барлар
13.04.2015. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии ушундай окуялар бизге да келе баштадыбы
13.04.2015. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздар американский кинолорду коп коруп атат окшойбуз...
16.04.2015. 20:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Qnet,чын айтасың.Кыргыз кинолорун көрүп,кыргызча радио,теле берүүлөрдү көргөндөр азайдыбы десем,21 мартта Кыргыз Радиосу Алыкул Осмоновдун 100жылдыгына "Поэзия күнүн" жарыялаган.Ошондо келип Алыкулдун ырларын, же өзүнүн Алыкулга арнап жазган ырларын окуганын угуп,кыргыз тилин, маданиятын сүйгөндөр аз эмес экен деп ойлодум.Бул берүү саат 8-00дон саат 21-00го чейин болду.Кимдер гана келип ыр окуган жок.Мына ошондой берүүлөрдү угуп,көргөн жаштар көбөйсө,ушундай терс көрүнүштөр болбойт эле го
13.04.2015. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ тобаа дейт турган заман болдуго журок ушун алатго .Кудай эле сактасын .
13.04.2015. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул качаанкы жанылык. Артта калыпсынар))
15.04.2015. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Качанкы эмес эле 18март деп турат
15.04.2015. 04:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тоообааа........
15.04.2015. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-04-16 11:50:08
16.04.2015. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jigitchem, этика нормаларын сактаңыз!
15.04.2015. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тоба кылдым мусулмандар эмне болуп баратышат.акыркы кундору ушундай кабарлар кобойдуго. балдарымы эшикк жалгыз койгондон коркуп калдым.
16.04.2015. 12:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмне силерге жакшы жашаса эле балдарын уурдай берсинби!
16.04.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tooba yshyndaida boloby biri ozynyn balasin barymtaga alsa biri jash ele tyryp yshyl ishti kilat adamdarda yiman insap kalbadu.
16.04.2015. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантет , ошол эжеге окшоп суукту суук дебей , ысыкты ысык дебей иштесе болмок эгер акча керек болсо! Жаш эле туруп , кантип болсун ушундай жоруктар . Кино го жон эле ....
19.04.2015. 12:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ойлондунбу ушул иштин аягын,Турмушунду арам жолдон баштадын,Арам акча таап уйлономун деп,Омур бою тарткын эми азабын!
20.04.2015. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кинолорду коруп алып ушундай иштерге барышууда. Азыр коп эле жаштар оюу жок, ыйманы жок жадакалса адамгерчилиги да калбай бара жатат.
21.04.2015. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
боевиктерди коп коруп алган го дейм!деги адамдар эмне болуп баратабыз бири озунун баласын озу урдаса,бири дагы бироонун баласын урдап,нени гана кылбай атабыз?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо