Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АМЕРИКАНЫ БАГЫНТКАН КЫРГЫЗ КЫЗЫ

№649 10-апрель-16-апрель, 2015-ж

Учурда кыргыз спортчуларынын арасында өз жеринде гана эмес, чет өлкөдө да ийгиликтерге жетишип жүргөндөр бар. Алардын бири 19 жаштагы Айперим Акишева аттуу мекендешибиз өзгөчө сөзгө татыктуу. Ал АКШнын Нью-Йорк шаарындагы мектепте билим алып, «Eagles» волейбол командасынын негизги оюнчусу аталып келет. Аны менен байланышып, өзү тууралуу маалымат алдык.

Аты-жөнү – Айперим Акишева
Туулган жылы, күнү – 1995-жыл, 1-декабрь
Туулган жери – Чүй облусу, Токмок шаары
Бою – 171 сантиметр
Жетишкендиктери: Эл аралык Ысык-Көл оюндарынын күмүш медалчысы (2012-жыл), АКШнын окуу борборлор арасында чемпиону (2014-жыл). Спорт чеберине талапкер.
Учурда Манхэттен (Нью-Йорк шаары) мектебинде 12-класста окуйт жана «Eagles» командасында ойнойт.

– «Океандын ары жагындагы АКШда кыргыз кызы волейбол ойнойт» деп угуп калабыз. Волейбол менен качантан бери «ооруп» калдыӊ эле?
– Спорт менен машыгууну 5-класста окуп жүргөндө баштагам. Өзүм Чүйдүн Беловодское айылында чоӊойгом. Ал жактагы мектептин волейбол секциясына жазылганымда секциядагылардын эӊ кичүүсү мен болчумун. Анда 11 жашта элем. Башында колумдан эч нерсе келчү эмес. «Спорттун эӊ татаал түрүн тандап алгам го» деп да ойлочумун. Көрсө, мээнет менен баарын үйрөнсө болот экен. Бара-бара бардыгы окшошуп, 6 жылдан соӊ мектептин мыкты оюнчуларынын катарына илиндим. 16 жашымда спорт чеберине талапкер болдум. Волейболго болгон «сүйүүм» ушул деӊгээлге жеткирди десем болот. Бул менин машыктыруучум Светлана Стецконун эмгеги.
– Чет өлкөгө барып өз өнөрүӊдү таштап салбай, улантканыӊ мактоого татыктуу десем болчудай...
– Шартка байланыштуу үй-бүлөбүз менен АКШга көчүп кетүүгө туура келди. Келгенибизге быйыл 3 жыл болот. Башында волейбол ойноого мүмкүнчүлүк жок болуп жатты. Бөтөн жерде баары бир татаал болот экен. Мектепке тапшыргандан кийин карьерам жанданды десем болот.
Бир жолу дене тарбия сабагында волейбол ойноп жатканда азыркы командабыздын машыктыруучусу байкап калып, командага чакырган. Командабызда ар улуттун кыздары ойнойт. Африкалык, европалыктар болсо да, баарыбыз бир үй-бүлөдөйбүз. Учурда «Eagles» командасы АКШнын окуу борборлорунун арасында чемпионбуз.
– Эки өлкөдө бир спорт түрү менен машыгып калдыӊ. Спортко болгон мамиледе кандай айырма бар экен?
– АКШ өнүккөн өлкө болгон үчүн бул жакта спорт да өнүгүүдө. Спортко, спортчуларга болгон мамиле да өзгөчө. Бир эле мисал менен айтсам, АКШда спорт мектептен эле башталат. Волейбол, футбол, баскетбол жана башка оюндар боюнча ар бир мектептин командасы бар. Алардын арасында чемпиондуктар өткөрүлөт. Спортчу болом дегендер жаштайынан эле мектеп командаларында өзгөчөлөнүшөт. Университетте да ушундай көрүнүш. Жыл сайын драфт (жаш спортчуларды тандоо) өткөрүлүп, профессионалдык клубдар спортчуларды өз командаларына кошуп алышат.
– Оюнда кайсы позицияда жакшы оюн алып барасыӊ жана мыкты ыкмаӊ кандай?
– Волейболдо бардык позицияда ойноп билүү керектелет. Мыкты өздөштүргөн «фишкам» топ берүү (подача) деп айта алам. Топту туура чыгарып берүү да абдан маанилүү. Көп жылдык машыгуулардын натыйжасында бул жаатта мыкты боло алдым десем болот.
– Кайсы оюн сен үчүн эсте каларлык болду эле?
– Мен үчүн ар бир оюн маанилүү. Арасынан «Ысык-Көл оюндары-2012» эл аралык оюндары эсте калган. Мыкты командалар чогулуп, ар бир оюн жогорку деӊгээлде өткөн эле. Анда мен болгону 16 жашта болчумун. Мен үчүн ал оюндар өтө маанилүү болчу, анткени ошол учурда спорт чеберине талапкер болуп жаткам. Ошондо 2-орунга татып калганбыз. Жыйынтыгында бардыгы жакшы өткөн, аким да келип куттуктаганы эсимде.
– Дүйнөлүк волейболго кызыксаӊ керек. Кайсы оюнчуну баалайсыӊ, ага окшошкуӊ келет?
– Чынын айтсам, башынан эле дүйнөлүк волейболчуларга көӊүл бурган эмесмин. Олимпиада жана Дүйнөлүк чемпиондуктарды көрүп коём. Бирок алардын бирөөсүн да кумир тутпайм.
– Үй-бүлөӊ тууралуу айта кетсеӊ...
– Үч бир тууганмын. Байкем Аман, мен жана иним Атай. Аман бул жакта окуп, андан тышкары иштеп, ата-энебизге жардам берет. Инибиз Атай учурда Кыргызстанда. Атамдын аты Кубат, курулуш компаниясында архитектор, апам Фатима ооруканада иштейт. Алардын мага ушундай мүмкүнчүлүктү түзүп бергенине ыраазымын.
– Алдыга кандай максаттарды коюп жатасыӊ?
– Максатым – спортто чоӊ ийгиликке жетишүү, аны менен бирге мекенибизди дүйнөгө таанытуу. Алгач окуумду бүтөйүн, андан кийин спортту улантайын деген ойлорум бар. Профессионалдык клубдарда волейбол ойноп, тажрыйбам менен жаштарга бөлүшсөм деп алдыга максат койгом. Кыргызстанда спорт мектебин ачып, машыктыруучулукту аркаласам деген тилектерим бар.
– Тилектерин орундалсын, маегиӊе рахмат!

"Кичинемден тарта волейбол тобу алмашкыс эрмегим".

"2014-жылы АКШдагы окуу борборлор арасындагы мелдештин чемпиону болгонбуз".

Спорт жаӊылыктары
Волейбол
«ОШ БАЖЫ» – чемпион!
2-апрелде Кыргызстандын Улуттук Лигасынын акыркы турдук оюндары жыйынтыкталды. Биринчиликке талапкер Ысык-Көлдүн «Жаӊы муун» командасы «Жаш күч» командасына утулуп (1:3), чемпиондук жарыштан чыгып калды. Жыйынтыгында 25 упай топтогон «Ош Бажы» командасы мөөнөтүнөн мурда чемпион аталды. Ал эми «Жаӊы муун» командасы 22 упай менен 2-орунду камсыздашса, «Салам-Алик» командасынын оюнчулары коло медаль тагынышты.
Айта кетсек, волейбол боюнча Улуттук Лига 7-ирет өтүп жатат. Буга чейин 5 ирет «Салам-Алик» командасы чемпион аталса, акыркы 2 жылда Оштун командасы баш байгени бербей келет.

Эрежесиз уруш
ДАСТАН ЖЕӉИШКЕ ЖЕТИШТИ
4-апрель күнү Москвада эрежесиз уруш боюнча болуп өткөн «Элдер достугу Кубогу» мелдешинде кыргызстандык Дастан Шаршеев жеӊишке жетишти. Ал улуту чечен Аслан Мусаев менен кез келип, намысты алдырган жок. Дастан Шаршеев беттештин биринчи мүнөтүнөн тарта эле атаандашынын үстүнөн үстөмдүк кылып, жеӊишти өз пайдасына чече алды.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  14 
Комментарийлер(44)
13.04.2015. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Урматтуу суперчилер эмне учун туштуктун спортчуларын жазбайсынар? Эгер билсенер 6 апрелде Мыктыбек Мамасалиев деген балада алтын курду багындырды
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-04-13 16:20:08
13.04.2015. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bolush11, саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдук. Рахмат! Ал эми сын-пикирлерди info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жазып жөнөтүңүз.
13.04.2015. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
11-апрелде Москванын эн абройлуу Crocus sity holl концерттик залында пайгамбар Мухамед ( С.А.В.) туулган кунуно арналган майрам болуп отту. Алып баруучулук вазыйпаны Женишбек Жумакадыр менен Нурзат Токтосунова болду. Жазайын дейм силердин берилген 500 тамга мага аздык кылат.
12
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-04-13 17:45:41
13.04.2015. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daku.kg, саламатсызбы!
Ката оңдолду. Рахмат!
13.04.2015. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат!!!
13.04.2015. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зал 6 мин адамга ылайык болгон учун залдын баары 100% менен толду. Кыргызстандан келген диний окулдор, Бишкектеги Ислам университетинин ректору Абдушукур Нарматов, Кыргызстан муфтийи Максатбек ажы, Жогорку кенештин торо аганын орун басары Т. Зулпкаров ырчылар Омар, Тата Улан Сыймык Бейшекеев келишти.
12-апрелде Сыймык Бейшекеев кыргыз элиме концерт бергенге да улгурду. Сыймык аганы коштоп келген Аскат Мусабеков менен Жакут Сыдыков болду.
14.04.2015. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daku.kg, Бара албай,арман кылгандан андан да коп болду.
13.04.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анонс дагы силерге...
18-апрелде Москва шаарынын Речной вокзал метросунда жайгашкан Манас атабыздын эстелиги турган " Дружба " эс алуу паркында Кыргыз элчилиги уюштурган ишембилик откоруу алдында турат.
Элчи Болот Жунусов баш болгон иш чара былтыры да болуп откон эле. Эгер керек болсо фото материалдар да бар факт катары.


13.04.2015. 17:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын .Анык кыргыз кызы деп сени айтам , океандын арткы бетинде болсон дагы кыргыз кызы болуп турганына .Айтканым азыр чачтарын аппак кылып же сапсары кылып оздорун америкада жургондой элестеткен кыздарга караганда .
13.04.2015. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баса, 4-апрелде болуп откон эрежесиз эр урушка, кыргыз эстрада ырчысы Мирбек Атабеков менен Курал Чокоев келди. Мирбек Атабеков "Кыргызстан" деген ырын тартуулап кыргыз элмиме патриоттук сезимдерди ойготуу менен бирге жакшы позтив жагымдуу атмосфера жарата алды.
Курал Чокоев ырдабаганынан куйорман катары келсе керек деп койдум. Бул иш чара метро Беларуская улица Ленинградский проспект 24А УСК Крылья Советов спорттук залында болуп отту.
14.04.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
daku.kg,элдик кабарга жазсанар болот экен суроттору менен
13.04.2015. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Ийгилик!
13.04.2015. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
en chinigi patriot kiz eken yigilik...
14.04.2015. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо аябай сонун.мен да волейбол ойногум келди.
14.04.2015. 01:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn, ak jol !!!
14.04.2015. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын биз сен менен сыймыктанабыз дагы да коптогон ийгиликтерди багындырышына тилектешмин.
14.04.2015. 11:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой азамат.сулуу кыз
14.04.2015. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын эле эн корктуусу сулуусу биздин кыргыз кызы экен оомат тилейм сага алга
14.04.2015. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аллахым колдосун дайыма.Ийгилик.
14.04.2015. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Allah jolundu achsin!
14.04.2015. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик сулуу кыз
14.04.2015. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат чынында татынакай кыз экен
14.04.2015. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ширин кыз экен ийгилик анда.
15.04.2015. 01:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Iigilik baarynarga,Kyrgyzstandyn jelegin jelbiretip juro bergile.Biz silerdei chygaan uul-kyzdarybyz mn syimyktanabyz....
15.04.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Онорун оркундой берсин карындаш.
16.04.2015. 01:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Дакунун комментарийлерин окуй берип Айперим карындашыма ийгилик каалоорумду унутуп кала жаздаптырмын.Айперим сага чоон-чон ийгилик,узун омур,чексиз бактылуулук каалаймын.Кыргыздын кызы ушундай болот турбайбы.-деп дуйно жузу суктанышсын.
17.04.2015. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец, желаю во всех новых начинаниях удачи))
17.04.2015. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец коздогон максатына жет,жана ошондой эле Кыргызстандын атын дуйного тааныта бер ийгилик каалайм!
17.04.2015. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздын сендей сулуу жана таланттуу кыздары менен сыймыктансак болот!
18.04.2015. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу кыз экен
18.04.2015. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун экен. ийгилик каалайм кыргызстандын желегин желбиретип журобер!!!!
19.04.2015. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай сулуу экен.
19.04.2015. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыйын дагы, сулуу дагы кыз экен. Воллейболду аябай жакшы ойнойт экен, азамат!!! Бирок бир нерсени тушунбодум, воллейболду жакшы ойносо хоть чемпион мира болсун Америка кантип багынып калсын?))). Образно айтылганын мен деле тушунуп турам, ошентсе да теманы башкача атасанар болмок экен!!!
19.04.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azamatsyn!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо