Арсен, ырчы: «СҮЙҮҮДӨН УЛАМ ДЕПРЕССИЯГА КАБЫЛГАН ЭРКЕКТЕРДИ ТҮШҮНБӨЙМ»

№649 10-апрель-16-апрель, 2015-ж

«Ар дайым алдыга!» деген ураан менен келе жаткан ырчы Арсен акыркы жаӊылыктары, жашоо образы, каалоолору, келечек кыялдары тууралуу кенен айтып берди. Анда ырчы жигиттин маегине көӊүл буруӊуз.

ЫРЧЫ ТУУРАЛУУ...

  • Телефондо...
    Достору менен көп сүйлөшөт.
  • Ашканада...
    Тамактын бардык түрлөрүн жакшы жасайт. Камыр жууруп оромого чейин жасай алат. Бирок азыр үйдөн тамактанбайт.
  • Жинин келтирген нерсе...
    Арамзалыкты сезип калса, бирөөлөр артынан сүйлөгөндө аябай жинденет.
  • Өзүн кантип мактайт...
    Мактай албайт...
  • Сынды көтөрө алабы...
    Өзүнө келип эч ким сын айта элек. Көрө албастыктан айтылган сындарга көӊүл бурбайт.
  • Эӊ жакын адамы...
    Конкреттүү бир адамы жок.

– Арсен, кепти акыркы жаӊылыктарыӊдан баштасак. Жеке жашооӊдо, чыгармачылыкта эмне жаӊылыктар бар?
– Моюнга алыш керек, былтыр жакшы иштеген жокмун. Көп убакытты текке кетирдим окшойт, жыл бою бир гана клип тартыптырмын. Андыктан быйыл чыгармачылыкка катуу киришип жатам. Альбом чыгарып, Баястан менен дуэт жаздырдым, дагы үч ырга клип тартып баштадык. Жеке жашоомдо азырынча баары тынч (күлүп).
– Жандап жүргөн кара көзүӊдү жакындан бери көрбөй калдык, «отставкага» кетирдиӊби?
– Эми «отставкага» кетиргендей үйлөнгөн эмесмин да. Дос болчубуз десем болот. Ортодо сезимдер деле болсо керек. Бирок ар кимдин өзүнүн көз карашы бар дегендей, азырынча өзүӊөр көргөндөй жалгызмын. Өзүм жашоодо көп эле кыйынчылыктарды көргөм деп айтып келем. Ошон үчүн мындай нерсени маселе катары деле көрбөйм. Айрым жигиттер сүйлөшүп жүрүп, кийин ажырашып кетсе кыйналып депрессияга түшүп калышат го. Мен андайларды түшүнбөйм. Эркек болгондон кийин иштеш керек, оокат кылыш керек деген маселени биринчи орунга коём. Азыр баш-отум менен киришип 24 сааттын 20 саатын чыгармачылыкка бөлүп жатам.
– Төрт саатын эмнеге бөлөсүӊ?
– Уктаганга (күлүп).
– Өзгөрүү ар бир адамда эле болот эмеспи. Сенде акыркы учурда кандай өзгөрүүлөр болууда?
– Мурунку Арсенге караганда азыркы Арсен музыканы жакшы түшүнүп, ак-кара эмне экенин ылгап калды. Элдин алдында канчалык көп жүрсөӊ ошончолук эл-жер көрүп, үн калыптанат дегендей. Ырчылык башында хобби катары болсо, азыр кесибим деп билем.
– Азыркы жаштардын дээрлик көбү көзү көргөн, кулагы уккан нерсенин даамын татып көргүсү келет. Сенде азгырыктарга иммунитетиӊ барбы?
– Генден көп нерсе көз каранды болот болуш керек. Үй-бүлөмдө ичкен, чеккен эч ким болгон эмес. Кутурган убактарым деле болгон, бирок чеги менен. Анын үстүнө досторум дагы андай нерселерден алыс болгонгобу, мен да алысмын. 14-15 жашымдан бери эле эч ким мени тыкыр текшерүүгө албайт. Өзүмө өзүм жоопкерчиликтүү карап үйрөнгөм.
– Эмнегедир ырларыӊ эл оозуна алынып хит болуп кетпегендей туюлат. Өзүӊ бул тууралуу эмне дейсиӊ?
– Айыл жактарга барып ырдасам, балким, менин ырларым өтпөй калат. Кээде кыйкырып ырдап жатсаӊ «бул эмне эле кыйналып ырдайт» деп түшүнбөй калышы мүмкүн. Чынында ырларымды сүйүп уккандар азыр деле Кудайга шүгүр. Бул нерсени кирешеден деле байкаса болот. Анткени мурунку убактарга караганда азыр кирешем көбүрөөк. Бул иштеп жатканымдын көрсөткүчү болсо керек. Болгону азыр шашпай, бир ырдын майын чыгара иштеп туруп, эл алдына чыгарганга аракет кылып жатам. Башынан эле ырларым сапаттуу болуш керек деген нерсени көп карманам. Өзүмдү азыр чоӊ секирикке даярдап жаткандай сезип жүрөм.
– Сапатка басым жасайм деп жатпайсыӊбы, ырыӊ биринчи кимдин сынынан өтөт?
– Жаӊы ырларымды досторума угузам, бирок баары бир алгач өзүмө жагышы керек. Өзүм реалдуу баа берем деп ойлойм. Чала иштелип калды деп ойлосом, ал ырды жөн эле ырдабай коём.
– Сенин стилиӊди, ырдаганыӊды Актан Исабаевге көп окшоштурушат. Өзүӊө байкалабы же атайлап эле окшошосуӊбу?
– Мени ал кишиге окшоштурушса, албетте, сыймыктанам. Анткени ал жөнөкөй киши эмес, бирок атайлап окшошоюн дебейм. Актан байке америкалыктардын стилинде кийинет, ошол жактын музыкасын угат, мен да көп угам. Биздин окшоштугубуз ошондон болсо керек. Жолугушуп калганда «бизди окшоштурушат экен» деп күлүп калабыз.
– Бүтпөгөн нерсе жок эмеспи, ырчылык доорум кайсы бир күнү бүтүп калат деп коркпойсуӊбу?
– Мен элге белгилүү болоюн деп деле ырчы болгон эмесмин. Максатым өзүмө жаккан ырларды элге тартуулоо болчу. Таланттуу адамдын доору эч качан бүтпөйт. Белгилүү бир убакытка чыгармачылыгын токтотуп коюп, кийин сахнага кайткан ырчылар деле бар эмеспи. Андыктан доорум бүтүп калат деп коркпойм. Буюрганын көрөбүз. Негизи быйыл колдон келген аракеттер менен чет өлкөгө чыгып, белдүү сынактарга катышууну көздөп жатам.
– «Жаӊы толкун» сынагына катышып келбедиӊ беле. Сынак кандайдыр бир деӊгээлде чыгармачылыгыӊа стимул боло алдыбы?
– Албетте, ал жактан мен сахна этикасын үйрөндүм, жандуу ырдоо эмне экенин, эл алдында жоопкерчилик кандай болорун сездим. Ошол сынактан кийин музыкалык билим алсак, дагы ийгиликтерди багынтсак деп катуу келгенбиз. Бирок ойлогонубуз ошол боюнча калып калды.
– Кайрадан кыздарды кызыктырган жеке жашооӊо келсек, болочок үй-бүлөӊдү кандай элестетесиӊ?
– Үй-бүлөмдө бардыгы жетиштүү, болочок жубайым ыймандуу болсо деп кыялданып коём. Ыймандуу десе эле хиджап кийген, намаз окуган адамды элестетпеш керек. Ыйман – бул тартип деп ойлойм. Кээде өтө сулуу кыздарды көрөм, бирок жүрүм-туруму начар. Акылдуу кыздар бар, бирок өзүнөн башка эч кимди байкашпайт. Кааласам азыр деле үйлөнүп алсам керек эле. Бирок татыктуу кыз таба элекмин. Эмнегедир шашылган да жокмун.
– Кандай ата болоруӊду элестете аласыӊбы?
– Оо, азырынча өзүм баламын (күлүп).
– Максаттарыӊа жетишиӊе тилектешпиз.

"Кичине кезимде жылдыз болорумду билбесем керек".

"Омар менин сахнага чыгышыма түрткү болгон досторумдун бири. Көп жылдан бери достугубуз сакталып келе жатат".

Нуржамал Жийдебаева
star@super.kg


“Сүйүүдөн улам депрессияга кабылгандар - обу жоктор” дейт Арсен

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(54)
SUPER.KG видео
13.04.2015. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Новая волна- 4 орун бул эн сонун корсоткуч болгон!!!!
Медиа-портал
13.04.2015. 08:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсен сизге чыгармачылык ийгилик !!!Сонун маек болуптур!Арсен негизи эле аябай таланттуу жигит!!!
13.04.2015. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Арсен!
13.04.2015. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Суйуп коро элексинго анда. >_
13.04.2015. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кичинесинде ширин бала болгон экен, азыр оозу жыйылбай кечке куло бергени жакпайт.
13.04.2015. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
eliza5566,кечке кулбой эле жакшынакай эле
Модератор admin_superstan түзөттү 2015-04-13 15:57:52
15.04.2015. 00:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
goodman02,сиз телевизор коросузбу деги Арсен бар каналды койсон эле оозу жайылып кулуп жаткан болот. Серезный болуп журсо жакшы болмок.
15.04.2015. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eliza5566, анда корбой койда мне бул жака кирип интевьюсун кортасын анда
goodman02 түзөттү 2015-04-15 15:01:01
Медиа-портал
13.04.2015. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүйөм да Арсенди!
13.04.2015. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
сонун маек болуптур суйлогон создору таасирдуу,сабак болчудай создорду айтты.Абдан жакты,Арсен брат ийгилик.
14.04.2015. 07:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
goodman02, создору неси менен сабак болду?
14.04.2015. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kalin466, неси менен сабак болгонун мен сага айтууга милдеттуу эмесмин.
goodman02 түзөттү 2015-04-14 11:04:33
13.04.2015. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арсендин өзү, өңү, үнү, ыры баары жагат! Бүгүнкү маеги да жакты, кадимкидей өсүү бар, мурдагы ойлорунан! Айзат кыз да азамат, бул ирет жакшы даярданыптыр)
13.04.2015. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мурда берген маектерине караганда,бир топ өзгөрүптүр,орду м.н сүйлөп.Мактанчаактай сезиле берчү эле
13.04.2015. 15:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уккулуктуу деле ырлары жок го
13.04.2015. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсенди сыйлайм жн жакшы кором.ийгилик
13.04.2015. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар ийгилик силерге .Мен сыйлаган ырчылар .
13.04.2015. 18:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
мага жагат Арсендин ырдаганы, озун алып жургону, чын эле башкаларга коп окшошо бербейт..
13.04.2015. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ооо суйом го.
13.04.2015. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Озунун ырларына озу гана баа берип анан ырдаса анда бир да ыры хит болбойт. Негизи ырдабай эле ыр окуп жаткандай сезиле берет мага, ырын угам деп кыйналып кетем.
14.04.2015. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Арсен молодец! чыгармачылык ийгилик каалайм. Ырлары,стили башка ырчылардыкынан аыйрымаланып турат,Ырлары уккулуктуу десем жанылышпайм :-). Уважаю менин жердешим да кантсе дагы))
14.04.2015. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
озун которгон, уну жок эптемей ырчы да
14.04.2015. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Arsendin unu ayabai jagat. ozun da jakwy alyp jurot. chygarmachylyk iygilik kaalaim :)
Медиа-портал
14.04.2015. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Уну соонун, ырларынын баары жагат.Нацистигиниз дагы жакты мен дагы дал ошондой ойдомун,Озубуздун ырчыларыбызды барктай билеличи, бироону "сагалабай". Чыгармачылык, жеке жашоонузга албан-албан ийгиликтерди каалайм. Сизден дагы коптогон жакшы чыгармаларды кутом.
14.04.2015. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынын айтыш керек мен билбейт экем бул жигитти.Озун суйот экен созуно карасан...
15.04.2015. 02:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Arsendin golosu ozgocho,iygilik!Jany yrlarynyzdy kutup kalabyz.
SUPER.KG видео
15.04.2015. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айзат соонун алып барат,изденип суроолорду берет,Арсенге ийгилик!
Медиа-портал
15.04.2015. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Arsen tuptuura ele chyndykty aitty!Kyrgysdar bis osubusdun yrchylardy osubus syilabaibys!Kasak koshunalarybys osunun emes uurdap algan kyrgyz4a yrlardy kasakcha kotoro kalyp yrdap jatsa dele kol chaap koldop yrchylaryn moraldyk jaktan oido kotorup turushat! Bisdin koruuchulor yrchylar kolunan kelishinche araket kylyp osunun yryn yrdap jatsa dele alyp baruuchularga jaldyratyp surantyp jatyp kol chabyshat. Biroonun emgegin syilash kerek da! Araket kylgandardy kyrgys eli syndagandy ele bilebis!
16.04.2015. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Таланттуу адамдын доору эч качан бутпойт" дептир го?! Арсендин уккулуктуу деле ырлары жок го?! Менин оюмча Арсендин доору сахнага биринчи ырдап чыккан кундун эртеси эле буткон.
16.04.2015. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары эптемей эле.Адам кичине ырдап жаткан ырынын созуно маани бериш керекда.
16.04.2015. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну мыкты деп айтууга такыр болбойт музыканы тушунгон адамга. Аракети бар, анан озун аябай таланттуу сезет да.
16.04.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Арсен азаматсын!озун алып жургону жагат
19.04.2015. 01:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
– Эмнегедир ырларыӊ эл оозуна алынып хит болуп кетпегендей туюлат. Өзүӊ бул тууралуу эмне дейсиӊ? = деген суроону биздин ырчылардын 90%тине бериш керек да. Абдан жакшы суроо экен!
20.04.2015. 08:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну аябай уккулукту
Медиа-портал
21.05.2015. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай суктанып койдум эле да.суйгону жонундо айткан мурунку берген маегинде..арсен байке менин жигитиме окшош
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо