№649 10-апрель-16-апрель, 2015-ж
9-апрель күнү Жогорку Кеӊештеги жалпы жыйында «Өнүгүү» депутаттык тобунун төрагасы Бакыт Төрөбаев: «Бүгүнкү парламент коалициялык кризисте экени даана көрүнүп турат»,- деп билдирди. Ошондой эле ал көпчүлүктү түзгөн коалициянын «Кумтөр» боюнча бирдиктүү позициясы тургай, бул маселени талкуулаганга дагы чогулушпагандыгын белгиледи. Депутат Бакыт Төрөбаев: «Көпчүлүктү түзгөн коалиция жоопкерчиликтен качпай, өкмөттү отставкага кетирип же көпчүлүктү түзгөн коалициянын курамын өзгөртүш керек. Анткени алар парламенттин токтомун аткара алган жок»,-деди.
Сөзүнүн соӊунда «Мына, эки жылдан бери «Кумтөр» маселесин чече албай келебиз. Эгер азыркы коалицияны алмаштырбасак, биз муну чече албайбыз» деди Төрөбаев.
Эльвира Караева
politika@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |