Кубанычбек Курманбеков, тамашоучу: «АТА-ЭНЕБИЗГЕ 10 СОМДОН КОНЦЕРТ КОЮП ЖҮРҮП, ШОУ-БИЗНЕСКЕ КЫЗЫКТЫМ»

№650 17-апрель-23-апрель, 2015-ж

Элдин маанайын көтөрүп, күлкү тартуулап келген «Тамашоунун» жигиттери жаштарга үлгү болууда. Дегеним, жаш туруп той алып барып, кино тартып, киного тартылып, айтор, жакшы эмгектерди жаратып келишет. Алардын бири – «Ак-Өргө City» командасынын оюнчусу Кубанычбек Курманбеков биздин мейман төрдө.

– Кубаныч, акыркы кезде тасма айдыӊына ыктап жаткандайсыӊ...
– Туура айтасыз, кинодо роль жараткандан сырткары «Султан Сулайман» тасмасында өзүмдү режиссёр катары сынап көрдүм. Ошондой эле биздин команда «Браво», «Пентхаус», «Гонщик таксист» тасмаларынын сценарийлерин жаздык. Учурда Эрнест Абдыжапаровдун уулу Санжар менен иштешели деп турабыз. Кино тармагын өнүктүрүп, чет өлкөлөргө чыгалы деген пландар бар.
– «Браво» фильминен кийин элдин баары «Кү-үн ысыккы» деп ырдап калышты окшойт?
– Негизи, «Күн ысык» деген ыр сценарийде жок болчу. Мурда ушинтип ырдай берчүмүн. Кинонун 4-5 жеринде жөн эле ырдап койгом, анан монтаждап жатып кино тартуучу топ кошуп коюшту. Ал эми кинону 25 күндө тартып, экранга чыгарганбыз.
– Кино тарткандан сырткары дагы эмне менен алексиӊ?
– Биз дайыма команда менен чогуу иштейбиз. Тойлорду алып барабыз, видеороликтерди, жарнамаларды жасайбыз дегендей. Азамат Исмаилов менен жаӊы долбоордун үстүндө иштеп жатабыз. Кыргызстанда боло элек «Comedy Club» сыяктуу теледолбоор. Жаӊы стилдеги жаӊы тамашалар.
– Кичинеӊден эле тамашага жакын белеӊ, дегеле чыгармачылыкка ыктап калганыӊдын себеби эмнеде?
– Биздин командадагы Рүстөм, Зияш үчөөбүз кошунабыз, классташпыз. Кичинекей кезибизде кошуна балдар чогулуп алып 10 сомдон ата-энелерибизге концерт койчубуз. Ошол кадам мени сахнага алып келди окшойт. Атам, байкем, туугандарыбыздын баары тамашакөй, алар тамашалаганда мен бул жакта эле калам. Андан сырткары кичинекей кезимде мектепте футбол ойноп, Рүстөм экөөбүз Казакстанга чейин барып келгенбиз. Бийге катышып, кыргыз бийин бийлечүмүн. 4-классымда КТРКдагы «Шайыр окуучулар клубу» деген көрсөтүүгө бийлеп чыккам. Үйдөгүлөр «биздин балабыз телевизорго чыкты» деп аябай майрамдашкан эле. Андан кийин «Тамашоудо» ойноп, канча жолу эфирге чыгып жатам, анчалык сүйүнүп майрамдашкан жок. Өтө уялчаакмын, гастролдо «Күн ысыккыны» ырда» деп эл абдан суранды. Уялганымдан ырдай алган жокмун. Ошентсе да даярданып, тамашалуу ырларды жаратып ырдап чыксамбы деп ойлоп калдым.
– Бизге берген мурдагы маектериӊде «президент болом, болбоду дегенде борбор шаарыбыздын мэри болом» деген экенсиӊ?
– Жок, саясатка аралашкым келбейт. Мен саясатчы болсом, Кыргызстан бат эле оӊолуп кетет го (күлүп). Ал жакка көп убакыт керек, жан дүйнөӊдү, өзүӊдү бүтүн арноо зарыл. Азыр мен көӊүлүмдү киного арнап койгом.
– Өзүӊ кайсы кесиптин ээси болосуӊ?
– Мен Кыргыз-Орус Славян университетинде архитектор адистиги боюнча бүтүрүү курсунда окуп жатам. Буюрса, быйыл диплом алам, анан кинорежиссёрлукка тапшырам. Кыргызстандагы мыкты режиссёр болоюн деп жатам. Архитектор да өтө кызыктуу кесип. Атам сүрөттү жакшы тартат, мен да ал жагынан таланттуумун. Шаардагы көп кабаттуу үйлөрдүн долбоорлорун чийип, макеттерин жасап кыялдана берем.
– Жакшы экен, демек, атаӊ таланттуу адам экен да?
– Атам сүрөтчү, кол өнөрчүлүк менен алектенет. Тактап айтканда, кыргыздын оюулары түшүрүлгөн баштык, көөкөр, чанач, ээр токум, ат жабдыктарын, айтор, кыргызга тиешелүү буюмдардын баарын жасайт. Ал эми апам карышкырдын терисинен ичик тигет. Иним болсо зергер, сөйкө-шакек жасайт, ээр токумду кооздойт. Кардарлар Орусиядан, Казакстандан бири-биринен угуп, өздөрү келип буйрутма беришет. Өмүрбек Бабановдун күлүгүнө ат жабдыктарды, ошондой эле Орусиянын кино тармагында иштегендерге да керектүү кийим-кече даярдап беришкен. Мен төрөлө электе «Чыӊгыз хан» киносун тартабыз» деп Италиядан режиссёрлор келип, баатырдын кийимин тиктиришкен экен.
– Ачык, тамашакөй кыздар жагат дейсиӊ, өзүӊө жакпаган мүнөзүӊ барбы?
– Мен өтө шашмамын. Сүйлөгөндө да шашып сүйлөйм. Бул адат менен кичине кезимден бери күрөшүп келе жатам, бирок жеӊе элекмин. Кичине кезимде апам «Ош базарына» майда-чүйдөгө жиберсе, шашып кийинип кетип калчумун. Базарга келип алып эмнеге жиберди эле деп такыр эстей албайм. Көрсө, шашып, эмне алыш керек экенин сурабай келе бериптирмин. Үйгө барып, бир сыйра уруш жеп, анан кайра базарга келчүмүн. Бир нерсе сатып алсам да акчасын төлөп, алган буюмумду унутуп кетип кала берем.

"Браво" тасмасындагы продюсердин образы өзүмө жакты. Ошондон кийин продюсер болуп кетсемби деп да ойлоп жибердим".

"Тамашоудон" чыккан 20дай жигит жакшылык-жамандыктарда катышып турабыз".

"Сүйлөшкөн кызым Замирага жолукканга чейин сүйүү эмне экенин билчү эмесмин".

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


Тасма талаасына өтүп кеткен "тамашоучу" Кубаныч Курманбеков

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(51)
20.04.2015. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйом да ушул баланы)))
20.04.2015. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Браво киносунда кандай муноздо болсо реалда да ошондой окшойт.. ийгилик
20.04.2015. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азыр энергиясы толуп ташып, архитектор да, продюссер да, режиссер да болууга козу жетип турган кези экен...орусча айтканда "юношеский максимализм"... Кубага калоорум, омур бою кызыгуу менен иштей турган бир профессияны тандоо. Жонокой жакшы баласын, талантын оркундой берсин.
20.04.2015. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жаш туруп унутчак болсон анда ни то бир оорунун белгиси. врачка корунуп кор,атайын лечениеси бар.
21.04.2015. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aku, унутчаакмын деген жок шашмамын деген жери барго жанылышпасам..
Медиа-портал
20.04.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да коркуп кетипмин темасын окуп алып))) Тасма талаасына отуп кеткен десе оо дуйного сапар алганбы деп,омурун узун болсун,бул жигиттин ойногон ролдору аябай жагат!
20.04.2015. 14:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат куба досум
20.04.2015. 15:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм
20.04.2015. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик!!!
20.04.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кuba m.n Ziiashtyn maneralary on tuspolu okshoshpu je maga oshondoi sezilebi?
Iigilik jigitter,azmatsynar!
20.04.2015. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун бала,оркундой бер.
20.04.2015. 20:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик,онорунуз оркундой берсин
20.04.2015. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ваааай мен суйгон тамашоучу чыгыптыргоооооо ишине уй-булосуноооо баарына баарына ийгиликтер болсун. Зама менен бактыулууууууууууууууууууууу бол
20.04.2015. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маэк бериптир, уй-булосу жонундо да кенири айтыптыр, алардын суроту жок экен бирок. Уй-булосунун суротун да киргизип койгулачыыы
20.04.2015. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик, Замкоо экоонорго бакыт каалайм!
21.04.2015. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жагат ушул жигит, чыгармачылык ийгилик каалаймын.
21.04.2015. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уй булоонузго бакыт, чыгармачылыгынызга ийгилик каалайм...
Медиа-портал
21.04.2015. 13:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bar bolgula azamaattar!
21.04.2015. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кууун ыссыыккыы абдаан ысыыкы Азмат бактылуу болгула
21.04.2015. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой бала. Ийгилик!
Медиа-портал
22.04.2015. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куба иштерине ийгилик!!!
Медиа-портал
22.04.2015. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыма ушундай шайыр болуп журо бер
SUPER.KG видео
23.04.2015. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кун ысыккы" менен ооруп журуп,эми сакайдым!
23.04.2015. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодцы ак оргонун жигиттери,жакшы комедияларды чыгара бергиле ийгилик ар дайым
23.04.2015. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замкасы озунон улуу корунот не пара ,жигит жакшынакай го. Эмнеси болсо да бактылуу болгула,жан дуйносу сулуудур балким.
23.04.2015. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Чынында таланттуу жигит. Аткарган ролдору да жакшы.
Супер инфо жамааты Эрмек Таалайбековдон да интервью алгылачы.
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-24 10:35:57
24.04.2015. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
airada, саламатсызбы!
Сунушуңузду тиешелүү бөлүмгө кабарлап койдук, рахмат!
23.04.2015. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ак оргонун балдарына ийгилик кучтуу команда
25.04.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы бала ийгилик силерге
25.04.2015. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Цумдан кордум жана ушул баланы сотка алып жаткан экен
26.04.2015. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
куууун ыссыккы!молодец!сен зынк баласын!ийгилик!
Медиа-портал
30.04.2015. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик, ийгилик братишка
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо