№650 17-апрель-23-апрель, 2015-ж
Адам китеп окуу менен дүйнө таанымы кеӊейет. Бирок техниканын өнүгүшү, жашообузга интернеттин кириши менен китеп окуган адамдардын саны азайып бараткандай. 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата китепке байланышкан кызыктар, анын жашоодогу ролу тууралуу маалымат берүүнү чечтик.
«БАЛДАРЫМА ЖОМОК ОКУП БЕРЕМ»20-26-апрель аралыгында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 23-апрель – Бүткүл дүйнөлүк китеп күнүнө карата жер-жерлерде балдар жана чоӊдор үчүн китепке байланыштуу кызыктуу иш-чараларды өткөрүүнү пландоодо. Иш-чаралардын башында туруп, аны колдоого алган билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева анын жашоосунда китеп кандай роль ойноору тууралуу буларга токтолду:
– Балдарыӊызга китеп окуп бересизби? Акыркы жолу кандай китеп сатып бердиӊиз?
– Балдарым азырынча кичинекей болгондуктан аларга жомокторду окуп берем. Жомок уккан бала ак-караны ылгап, эмне жакшы, эмне жаман экенин түшүнө баштайт. Баарыбыз эле чоӊ энелерибиз айтып берген кызыктуу жомоктор менен өспөдүкпү. Эми минтип алардын жомокторун балдарыбызга окуп берип калдык. Балдарыма көбүнчө жомоктун башын айтып, андан соӊ өздөрү улап кете турган ыкманы көп колдоном. Мындай ыкманы оюн кылып алса жакшы. Жомоктун башын уккан бала андан ары фантазиясын өстүрүп, окуяны улап, сюжет түзүүнү өздөштүрөт. Мында баланын китепке же жомокко болгон көӊүл буруусун, шыктануусун сактоого жана анын чыгармачылык дареметин өстүрүүгө абдан жакшы шарт түзүлөт.
– Өзүӊүз окуган китептердин ичинен кайталап окуудан тажабаган жана таасир калтырган чыгарма кайсы?
– Азыр Чыӊгыз Айтматовдун алгачкы жазган чыгармаларынан бери кайрадан окуп жатам. Анын чыгармаларында жан дүйнө жылуулугу, реалдуу жашоодон кезиктире албаган чыныгы эмоциялар камтылган. Ал эми сүйүктүү чыгармам катары Ким Чан жана Рене Моборндун «Көгүлтүр океандардын теориясы» («Теория голубых океанов») кала бермекчи. Бул эмгекте бизнес стратегиясында атаандаштык жок жаӊыча иш баштоонун жолдору тууралуу кенен жазылган.
«КИТЕПТЕР КАТАЛАР МЕНЕН БАСЫЛЫП ЖАТАТ...»
Учурда китепке болгон суроо-талап кандай? Бул суроого «Нуска» кыргыз китеп борборунун башчысы Анаркан Садыкулова жооп узатты:
– Учурда ата-энелер «балдарга арналган китептер барбы?» деп көп кайрылышууда. Бирок башталгыч класстарга арналган китептер канааттандырарлык басылып чыкпайт. Азыр басмаканалар абдан көбөйүп кетти. Аларга ар ким чыгармаларын көтөрүп барып, бастырып чыгарышууда. Мындай учурда китептин үстүнөн иштеген редактордун, корректордун ишин автор жасап, грамматикасына анча көӊүл бурулбай калат. Чала сабат басылган китептер кыргыз орфографиясын аксатып жатат.
Ар бир элдин өзүнчө классикасы бар. Мисалы, акын А.Осмоновдун, Т.Сыдыкбеков, А.Токомбаев, З.Сооронбаева, Б.Сарногоев, «Манас» эпосунун С.Каралаевдин вариантында басылып чыккан үчилтигин, Ч.Айтматовдун чыгармалар топтомун эл калтырбай алып кетишет.
БИЛЕСИЗБИ?
Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |