Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖУСАЙ КЕТИРГЕН ЭМГЕГИӉИЗДИ 10 ЖЫЛ БОЮ АКТАЧУ ӨСҮМДҮК

№650 17-апрель-23-апрель, 2015-ж

Сөзсүз эле чет өлкөгө кетпей, өз жериӊде деле жер иштетип каражат табууга болот. Мисалы, жусай эгип, көп жыл түшүм ала аласыз. Бул өсүмдүктү айдап, өстүрүү жаатындагы кеӊештери менен Бишкек шаарынын тургуну Жыргал Насыров бөлүшөт.

1-ЖЫЛЫ ТҮШҮМ БЕРБЕЙТ
Жер (1 гектар) апрелдин башында айдалып, малаланат. Анан жер тик бурчтук формасында, башкача айтканда, узундугу 30, туурасы 1,5 метрден кылып (күрүч өстүргөн пал сымал) бөлүштүрүлүп, арыктар салынат. Ошондо 1 гектар жер 222 тик бурчтукка (палга) бөлүнөт. Кезек урук себүүгө келет. Биз жусайдын кытай, голланд сортторун колдонобуз. 1 гектар жерге 22 килограмм урук кетет. Сепкендин эртеси 5 килограмм отоо чөпкө каршы дары (стомп) сууга кошулуп себилип, 1 суткадан соӊ сугарылат. Ошондон кийин аралыгын 3 күндөн кылып 2 ирет сугарылган соӊ жусай өсүп чыгат. Жусайдын бою 1 карыш болгондо 3 кап жер семирткич (селитра) берилип, адамдарды жалдап ототобуз. Андан соӊ күзгө чейин ар бир 10 күн сайын сугарылып, ар ай сайын (апрель-август) отолот. Сентябрда отолбойт. Күздө 20 тонна кык чачылат.
Жалпысынан эсептесек, апрель-сентябрь ичи (6 айда) талаа баш-аягы 20 ирет сугарылып, 3 жолу жер семирткич берилип (2 ай сайын), 5 ирет отолуп, 1 ирет кык чачылат. Бирок бул жылы жусай жетилбегендиктен түшүм бербейт. Андыктан жалаӊ чыгым кетет.


2-ЖЫЛДА ЖУСАЙДЫ КАРАП, БАГУУ
Март айында жусай чыгып, апрелдин башында отоо башталат. Ага 10 кишини жалдасаӊ, 3 күндө бүтүрүшөт. Отолгондон кийин жусайды бир четинен кыркып, сата бересиз. Орточо эсеп менен күнүгө 2000 байлам (боо) кыркылып, сатылат (болжол менен 3,3 сотых жер). Бул үчүн 4 кишини 2000 сомго жалдоо керек. Базардагы баа учурда 1 байламына 3-7 сомдун тегерегинде болуп жатат (дүӊ баада).
Орулган жер кийин кайра айланып келгиче өсүп калат. Анан дагы убагы менен отолуп, сугарылып, жер семирткич берилип турат.
Жалпысынан талаа 6 айда 6 ирет орулуп (ай сайын 1 ирет), орточо эсеп менен 360 000 байлам сатылат. 23 ирет сугарылып (апта сайын 1 ирет), 5 ирет отолуп (сентябрда отолбойт), 5 ирет селитра берилет (апрель-август ичи ай сайын 3 каптан). Күздө талаага 20 тонна кык чачылат.



КИЙИНКИ ЖЫЛДАРЫ ЖУСАЙДЫ КАРАП, БАГУУ
3-жылдан тартып 10 жылга чейин карап, багуу 2-жылдык жусайды карап-багуудан эч айырмаланбайт. Чыгаша менен түшкөн кирешенин суммаларынын да айырмасы жок.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(18)
20.04.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да огородко жусай эккенмин бирок чым болуп калды
20.04.2015. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бирнерсеге конул койуп карасан тушумун берет ,жакшы кенеш экен.
20.04.2015. 13:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ошончо коп жусайды кайда сатышат?
20.04.2015. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин огородумда жусай коп осот.Билишимче бул жусайлар менден дагы жашы чон.Ары жок болот экен жок кылсан деле кайра чыга берет.Шакарап кылсан,лагманга кенири колдоносун,болгар калемпири менен туздасан томат ордуна кетет
20.04.2015. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жусайлар менин бакчамда дагы осот. Сугарып анда санда эле отоп койбосок оздору эле осо беришет. Жогоруда айтылгандай кооооп жылдан бери осот
21.04.2015. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жусай эн жакшы нерсе да андан коп тамактарды, кышкыга да коп нерсе жасаса болот.
22.04.2015. 03:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы экен...Кандай иш болбосун мээнет кылсан акыбети кайтат да.
22.04.2015. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
356 мин байламды отуруп алып сатпайсын да, оптом откоруп бересин, оптом откоргондо 4сомдон сата албай калсан 2 сомдон сатсан 356мин сом болуп калат го. чыгаша 551мин.
22.04.2015. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын жусай
22.04.2015. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын жусайчы жигит ишине ийгилик
23.04.2015. 04:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жусайды оромого кошсон..жумуртка мн кууруп жесен соонунда
23.04.2015. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
овощной дукондон 22 сомдон алам
23.04.2015. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын туура кенеш бергенсин.
23.04.2015. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен сатам озум азыр розницага 10 сом
23.04.2015. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Муну билип базардан коп алчубуз бирок атын ЖУУСАЙ экенин биринчи жолу билип угуп атам
24.04.2015. 23:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы макала экен.Эми, жусайдын курамында кандай пайдалуу заттар бар экенин, жана жусай кошулган тамак-аштардын рецебин да жазгылачы. Рахмат
25.04.2015. 03:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жусай емне ал
25.04.2015. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nurrka, Жусайды таза жууп туурап манты самсы тамака кошуп жесен ммм даамдуу чоп
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо