Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

СУЛУУНУН БОЛБОЙТ ЖҮРӨГҮ...

№372 18-24-декабрь, 2009-ж.

Бир собол

Макал-лакаптар жөн жерден чыкпайт. Ошол макалдардын бири “Суусардын болбойт түнөгү, сулуунун болбойт жүрөгү” дегенди биздин сулуулар чечмелеп беришмекчи.

ГУЛЗИНАТ:
– Ушундай да макал бар бекен? Эмнеге сулуунун болбойт жүрөгү? Сулуунун болот жүрөгү деп жазып койгула, ха-ха-ха! Мен бул макалга каршымын. Сулууларга көңүл буруп, суктангандар көп. Сулуу кыз бирөө болсо, сүйүүсүн арнаган жигиттер жок эле дегенде жыйырма болот. Анан алардын арасынан кыз бирөөсүн эле тандап алат, туурабы? Калгандары таарынышып, азыр силер айткандай макалдарды чыгарып алышат да. Албетте, турмушта сулуулугуңдун пайдасы тийиши мүмкүн.

АНЖЕЛИКА:
– Бул макалды сүйүүсүнө жетпеген бир байкуш чыгарган го. Сулуу жүрөгү бирөө болгону үчүн күнөөлүү эмес да. Айрымдар “сен таш боорсуң, муздаксың” деп айтышы мүм­күн. Бирок ал сулуунун жүрө­гүндө кандай сүйүү катылганын эч ким билбейт. Ар бир адам өзүнчө сулуу, жылдыздуу. Мына ошол сулуулар бар үчүн жашоо уланып жатат. Ал эми сулуулукту курал катары колдонгондорду айта албаймын. Бирок сулуулар көп жаман сөзгө кабылганы мени өкүндүрөт.

КУНДУЗ:
– Бул сулуулар жөнүндө айтылган макалбы ээ? Билбейм, азыр ойлоноюнчу. Сулуу кыздардын артынан ээрчиген жигиттер көп болушат. Сулуулар ал жигиттердин баарына эле көңүл бура бербейт да. Чындыгында, жүрөгү жактырып жаткан жигитти кээ бир сулуулар баалашпайт. Анан ичи күйгөн жигиттер ушул макалды чыгарган болушу керек. Бул макалды туура деп да, туура эмес деп да четке кага албаймын.

Замира Рахманбердиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
23.12.2009. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика чынында сулуу. Калганын билбейм. Бирок учоо тен туура суйлошуптур чынында кыз карабай койсо журогу жок деп айтышат.
23.12.2009. 19:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу alymbaev!
Гүлзинат, негизи, сулуу айым. Аны кыргыз карабай койду дегенге кошулбайм. Ал өзү кыргызды этибар албай, азериге турмушка чыгып кетти десеңиз, бир аз туура болчудай. Тилекке каршы, бизде азыр ушундай кыздар көбөйүп кетишпедиби. Анан өздөрүнүн тийгени аз келгенсип, улам-улам мактанып жатышат да гезит-журналдардан күйөөм баланча улуттан деп.
24.12.2009. 03:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulzinattin kimge chigaarin albette ozu bilet
24.12.2009. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
birok Azerge chiktim dep makrangandin keregi jok anan super saytinin da minday nerselerdi jarnama kiluunun keregi jok... En negizgisi Gulzinat suluu emes ko kaydan suluu bolo kalgan kapiray
24.12.2009. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Albette ychoon ten suluusun!Shek jok!
Birok suluu suluu emes,syigon suluu!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо