Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ҮЙ-БҮЛӨҢҮЗДҮ «НИКЕ КРИЗИСИНЕН» САКТООНУ ҮЙРӨНҮҢҮЗ

№650 17-апрель-23-апрель, 2015-ж

Ар бир үй-бүлөдөгү мамиле бир учурда туңгуюкка кептелиши мүмкүн. Муну психологдор бир демден «нике кризиси» деп атап, ар тараптуу чечмелеп келишет. Ал эмне болгон кризис? Андан кантип чыгуу керек? Алар канча этапка бөлүнөт? Суроолорубузга «Paradise Sun» психологиялык жардам берүү борборунун психологу АЙЗАДА ТАНАЕВА жооп берет.

1 жыл
ИЙГИЛИКТҮҮ КАДАМ
Үйлөнүү тою бүтүп, жубайлардын «романтика сезону» алыстап, бири-бирин «көз айнексиз» карай баштайт. Бири-бирине баш ийүү, үй-бүлөнүн бюджети, жаңы бүлөнүн мыйзамдарына көнүү оңой эмес. Андыктан талашып тартышуу көп болуп, нике коркунучка учурайт. Мындан өтүп кетсеңиз, ийгиликтүү кадамыңыз менен өзүңүздү куттуктай берсеңиз болот.

КАНТИП ЧЫГУУ КЕРЕК?
Жубайлар «мен кыялданган сүйүү жок тура» деген тыянакка келиши мүмкүн. Жаңыласыз, сүйүү жоголгон жок, болгону ал уруш-талаштын фонунда сезилбей калды. Түгөйүңүздүн көз карашын угуп, жай отуруп сүйлөшкөнгө көнүңүз. Жаңы үй-бүлөгө кеңеш берчүлөр көп болот, урушуп кетсеңиздер ич ара чечүүгө аракеттенгиле. Бирөөлөр аралашса араңар алыстап ого бетер чыр күчөй берет.

3 же 5 жыл
БАЛДАР ҮЧҮН!
Бул убакта жубайлар балалуу болуп калышкан мезгил болот. Жоопкерчилик, акча жетишсиздиги, тиричилик маселелеринен улам көп уруш чыгат. Жаш энелер көңүлүнүн баарын наристеге буруп, күйөөсү көңүлдөн сырт калышы ыктымал. Өзүнүн көңүлдөн тыш калганын сезген күйөөсү башкага көз сала башташы мүмкүн. Ушундан улам экинчи кризис келип чыгат.

КАНТИП ЧЫГУУ КЕРЕК?
Күйөөнүн сабырдуулугу көп нерсени чечет. Төрөт жана бала багуу аялды тең салмактуулуктан чыгарып койгонун эске алган дурус. Бирок аялзаты да күйөөсүнүн ордун наристе менен алмаштырбашы керек. Ага да мурункудай көңүл бөлүп, сүйүп, камкордук менен караса, мамилелер бир калыпка түшөт.

7-8 жыл
ЭҢ КООПТУУ УЧУР
Никедеги эң кооптуу учур бирге жашап жаткандагы 7-8-жылдагы кризис. Үй кургандар куруп, тиричилик өз жайына түшүп баштайт. Жубайлар бири-биринен тажап, жаңыланууну самап калышат. Көп учурда күйөө жаңы эмоцияларды издейт. Бул нерсе аялы үй кызматкеринин ролун аткарып калгандан келип чыгат. Күйөөсүнө аялы кызыксыз туюлуп, ортодо үчүнчү адам пайда болуп, сүйүү үч бурчтугу курулушу мүмкүн.

КАНТИП ЧЫГУУ КЕРЕК?
Бул кризистен үй-бүлөнү мамилени жаңыртуу менен сактап кала аласыздар. Бирин-бири күнөөлөөдөн, жазалоодон эч нерсе чыкпайт. Андан көрө жасанып, өзгөрүү керек болсо өзгөрүү керек. Психологдорго кайрылып же болбосо түгөйүңүз менен ачык сүйлөшүү зарыл.

16-20 жыл
КИМГЕ КЕРЕКМИН?
Карасаң баары жайында, бирок ушунча жыл ысыгына күйгөн, суугуна тоңгон жубайлар ажырашып кеткен учурлар болот. Муну психологдор балдарынын чоңоюп кетип, жубайлардын ортосун байланыштырган нерсе жок болуп калганы менен түшүндүрүшөт. Демек, алардын никеси балдары үчүн сакталып келген. Түгөйлөрдө "мен эми кимге керекмин?" деген суроо чыгып, депрессияга түшүшөт.

КАНТИП ЧЫГУУ КЕРЕК?
Артыңызга кылчайып, түгөйүңүз менен кандай татаал жолдорду басып өткөнүңүздөрдү эстеңиз. Ошондо бири-бириңиздерге болгон сый-урмат, түшүнүү, барктоо сезими пайда болот. Кайрадан баарын баштоого кеч эмес. Мындай учурда жубайларга неберелүү болуу да жардам берет.

SOS! НИКЕДЕГИ 7 КООПТУУ БЕЛГИ!

  • Жубайларда бири-бирине болгон интимдик каалоо басаңдап же такыр жоголот.
  • Бири-бирине жагуу үчүн аракеттенбей калышат.
  • Болбогон нерседен чоң чыр чыгаруу үй-бүлөдө адат болуп калат.
  • Үй-бүлөнүн бюджети экиге бөлүнүп, бири-бирине кайда жүргөнү, эмне кылганы тууралуу айтпай, сурабай калышат.
  • «Атаңа айт, ал чечсин», «апаңдын кылганы да» деген кептер көп айтыла баштайт.
  • Төшөктөр эле эмес, бөлмөлөр да бөлүнө баштайт.
  • Бири-бирине телефон чалуу азайып, кайдигерлик орун алат.
  • Эгерде сизде ушундай коркунучтуу белгилер бар болсо, тез арада мамилеңиздерди оңдоого шашылыңыз!

БЕКЕМ ҮЙ-БҮЛӨНҮН ЭРЕЖЕЛЕРИ

  • Бирдей убакта, бирге жатуу адаты – жубайлардын никесинин бекем экендигинин белгиси. Күйөөңүз сыналгы көрүп жатса же сиз балдар менен алек болуп жатсаңыз бирин-бири күтүп чогуу уктоо адаты сиздердин мамилеңиздерди бекемдейт.
  • Урушпай дайым таттуу жашаган бүлө жокко эсе. Бирок уруш учурунда да ачуусу менен «акмак, мен сени кандай сүйөрүмдү билесиңби?» деп айтып алган учурлар кезигет. Бул жубайлардын ортосунда сүйүү өчө электигинин далили.
  • Жубайлар бирин-бири ар кандай учурда көргөнү дурус. Чач саксайып, көз шишип турганда жашырбай көрүнүү да никенин бекемдигинен кабар берет.
  • «Рахмат, жаным», «суранам, жардамдашып койчу» деген кептер, бетинен өөп узатып тосуп алуу да ортодогу тартылууну күчөтөт.
  • Бири-биринин телефонун чукулоо, социалдык тармактарда баракчасын текшерүүдөн сак болуу зарыл. Андан көрө түгөйүңүз жалгыз болууну каалап жатканын байкасаңыз, ага шарт түзүп бергениңиз оң.
  • Уруш чыкканда түгөйүңүздү күнөөлөөдөн мурун, кем дегенде 10 жолу өзүңүздөн себеп издеп көрүңүз!

Нуржамал Жийдебаева
kenesh@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
ҮЙ-БҮЛӨЛҮК КРИЗИСТЕН КАНТИП ЧЫГУУ КЕРЕК?

Жылдыз Сарымсакова, 28 жашта, мугалим:
– Аялдар баарына чыдоого аракет кылганы менен, башынан төрөт өткөрөт дегендей. Кош бойлуу кезинде жөнөкөй нерсе кыжырга тийип, кыртышы сүйбөй, натыйжада уруш-талаш чыгат. Аялдардын "каприздерин" жолдошу түшүнүү менен кабыл алса, анан да аял киши кечиримдүү, акылман болсо кандай кризис болбосун жеңип чыгышат.

Очор Токтоналиев, 42 жашта, фермер:
– Мындан 12 жыл мурун 1 балалуу болгондон кийин ажырашкам. Андан соң кайра нике жаңырттым. Азыр 2 кызыбыз бар. Жубайлар бири-бирин алдабай, "сенин төркүнүң, менин төркүнүм" дебей, бирин-бири көтөрмөлөсө гана жашап кете аларына көзүм жетти. Убактылуу кыйынчылыктарга «бул күндөр да өтөр» деп чыдаш керек экен.

Нурзат Кулчунова, 27 жашта, үй кожойкеси:
– Баш кошконубузга 5 жыл болду. Азыр жолдошум экөөбүз балдарыбыз үчүн күнүгө урушабыз. Мисалы, «баланы сен ооруттуң, жылуу кийинтпей койдуң» деген сыяктуу. Ортодогу мамилени суутпаш үчүн кечиримдүүлүк сапат экөөнө тең керек. Кээде кайым айтышып жатканыбызды көргөн улуулар акыл-насаат айтып токтотуп турушат.

Кубаныч Бектурдиев, 51 жашта, врач:
– Үйлөнгөн соң Орусияда 4 жыл иштөөгө туура келди. Келинчегим экөөбүздүн ортобуздагы түшүнбөстүк акыры бизди ажырашууга алып барды. Кийин кайра үйлөндүм. Жашоо идеалдуу адам жок экенин, аны кандай болсо ошондой кабыл алып, ортодо түшүнүшүү, ачык-айрымдык керек экендигин үйрөттү.

Айнагүл Сабатбекова, 24 жашта, ординатор:
– Алгачкы 3 жылдыктагы кризис аялдын чоочун үй-бүлөгө, жаңы адамдарга көнө албаганынан же төрөттөн кийинки стресстен келип чыгат. Бул учурда аялды колдоп-коштоп, үй-бүлөгө камыр-жумур кылып аралаштыруучу адам жолдошу болуп саналат. Мындан сырткары экөө тең кечиримдүү болгону дурус.

Болот Кыдыкбаев, 27 жашта, жеке ишкер:
– Үй-бүлөлүү болгонума 3 жыл болду. Чырдын келип чыгышына эркек көбүрөөк себепкер болорун моюнга алыш керек. Анткени каражат таап келе турган, үй-бүлөнү бага турган бул – эркек, ал эми аял баш ийүүчү жан. Чатакты жөнгө салып коюш да эркектин колунда.

 

Гүлжан Асанкожоева
kenesh@super.kg


Жубайлардын ортосундагы мамиле 3-7 жыл ичинде солгундайт. Себеби эмнеде?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(44)
SUPER.KG видео
19.04.2015. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай баалуу кенеш экен!!!
Медиа-портал
19.04.2015. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизге окшогон бойдоктор учунда алдын ала жакшы кенештер экен
SUPER.KG видео
19.04.2015. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аппак жоолук салынып алган келин кандай гана көзгө жагымдуу көрүнөт.
Жакшы кеңештер атылыптыр...
SUPER.KG видео
19.04.2015. 23:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн туура кенештер экен! Азаматсыз..баарын ачык айтыпсыз!
Медиа-портал
19.04.2015. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул кенешти тез-тез угуп туруш керек экен айрыкча кыз келиндер!!
SUPER.KG видео
20.04.2015. 03:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin kelin4egim uguwu kk eken
20.04.2015. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ии бизге керек кенеш экенго
20.04.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баарыныздар туура айтыпсыздар, бирок Очор байкеге кобуроок кошулам.
20.04.2015. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура эн негизгиси кечиримдуу сабырлуу болсон баарын женесин.
20.04.2015. 15:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кенештер экен
20.04.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болот байкенин созуно кошулам
20.04.2015. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
болоттун созуно толугу мн кошулам
20.04.2015. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бири-бирине телефон чалуу азайып, кайдигерлик орун алат. Чалсан дагы жаман корушот да чала бересинби деп эркектерге тушунуп болбойт.)))
20.04.2015. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
aku, zirkildeit da 4irkin)))
21.04.2015. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу аялынан кабар алып кандайсын дебеген эркек блин лох анан жок адам болуп эсептелинет
21.04.2015. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болот деген эн эле туура айткан
21.04.2015. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Оа соонун кенеш!!!
Рахмат еже!!!
Бирок достор бул создун мааниси тереен!!!
22.04.2015. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун
22.04.2015. 03:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенештер экен мага да жакты.
Медиа-портал
22.04.2015. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сонун туп туура суйлоптур рахмат эже
22.04.2015. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенештер экен
22.04.2015. 23:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эн жакшы кенеш экен!! Мен озумо тиешелуу нерсени таптым
23.04.2015. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты кенештер экен. Рахмат Супер инфо.
23.04.2015. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Элибизде нечен сууларды агызып, кылымдарды карытып ооздон-оозго айтылып келе жаткан ооз-эки жазылбаган жашоо мыйзамдары кандай гана баа жеткис мурас?! Кызы чоноюп бир уйго було болуп бара турган кезде, барган жериндин ырын ырдап, "оту менен кирип, кулу менен чык", "Эл караган бетибизди жер каратпа", "баланчанын кызы эрден чыгыптыр деген созго калтырба"- дегендей коптогон керээздерин кокуроко синре айтып кыздарын болочок эне кылып даярдашчу экен да. Ал эми азырчы? "Какайганга какай, ийилгенге ...
23.04.2015. 17:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Комментарийдин тексти
7 кооптуу белгинин бардыгы болгон экен. Соз менен айта беребиз иш жузундо аткарыш кыйын. Себеби менин аракетим бекер кетти.
23.04.2015. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай чон рахмат. Биздин уйбулого чон жардам бердиниз. Бул проблемалар бир гана менде эле болуп жатат деп ойлогом.
23.04.2015. 23:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенештерди билдик рахмат
24.04.2015. 15:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Болот байкенин комент.и жакты Азамат!
26.04.2015. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялдар ушул кенештерди окуп аракет кылышы мумкун,бирок эркектер бул эрежелерди карманганга аракет кылбайткоо.Оз билгенинен калышпайт.
17.06.2015. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен бирок аял киши жашап кетиштин жолун таап аракет кылат кээ бир мырзаларыбыз бар уйлонгондон кийин суйуу сезими пайда болуп аялын чанып калат менде да ажырашуу болгондо дуйнодо бир мен ажырашкандай болуп ый менен кун откоргон кундор болгон азыр болсо турмуш куруп кайра тез еле жыйнап салгандар толтура , карап туруп заман не болуп баратат дейсин .
07.11.2017. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенеш экен. Уй булону сактап калуу эркек да аялда аракет кылыш керек.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо