Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Клара Алибекова, ырчы: «БАЙЫШКА ТУРМУШКА ЧЫККАНЫМА ӨКҮНӨМ. АЛ АЯЛЫ МЕНЕН АЖЫРАШПАЙ ЖАШАЙ БЕРСЕ, МЕН ДА БАШКА МЕНЕН БАКТЫЛУУ БОЛМОК БЕЛЕМ...»

№651 24-апрель-30-апрель, 2015-ж

Бир кезде жаштардын кумири болуп, далай жигиттерди суктандырган Клара Алибекованын сахнадан көрүнбөй калганына көп болду. Көптөн бери чер жазыша эч ким менен сырдаша элек окшойт. Ырчы минтип төгүлүп турду.

«ТУРМУШТУН БОРООНУНА ТУРУШТУК БЕРЕ АЛБАДЫМ»
– Сахнага эрте келип, кичине кезимде эле атым элге тарагандыктан, жаштыгымда көп ийгиликтерди жаратышым керек эле. Элдин да, ата-энемдин да менден үмүтү чоӊ болчу. Тилекке каршы, турмуштун бороонуна туруштук бере албай сындым, өзүмдү жоготтум. Апам «кичине кезиӊден эле эл көзүндө жүрдүӊ, ошол кезде ырдатпай турсак болмок экен» деп көп айтат. Балким, жан дүйнөсү, аурасы таза жеткинчекке суктана караган көздөрдү көтөрө албагандырмын. Кыскасы, үй-бүлөм бузулгандан кийин таптакыр башка адамга айландым.
Жашоодо өкүнгөнүм – Байышка турмушка чыкканым. Гүлшайыр эже (ред. Садыбакасова) менен иштешип жүргөнүмдө Байыш менен бир концерттен таанышып калып, ортодо сүйүү тутанып кеткен. Мен ал кезде 18 жашта болчумун. Ырчы жигитим мени бир күнү киного, бир күнү сейил бакка чакырат. «Клара экөөбүз теӊ чыгармачыл адамбыз, бири-бирибизди жакшы түшүнөбүз, экөөбүз үйлөнсөк, той-концертибизге көп эл келет» деп кыялданчу.

«АКЧАЛАР КАЙДА ДЕГЕН СУРООМДОН БААРЫ БАШТАЛДЫ»
– Бир гезитке «Клара экөөбүз кыз-жигитпиз, жакында үйлөнөбүз» деп интервью берген экен. Аны Гүлшайыр эже окуп алып, «Сен турмушка чыкканы жатасыӊбы? Азыр жашсыӊ, жаштыгыӊда карьера түптөп ал» деп мени гастролго жиберип ийген. Менин атымдан «мен Байыш менен сүйлөшпөйм, ал менин жигитим эмес» деп гезитке интервью бердиртип салган. Аны окуган Байыш мага өчөшүп, Жалал-Абадда гастролдоп жүргөн жеринен азыркы аялы Динараны ала качып алган. Бир кыздуу болуп ажырашкандан кийин кайра жолугуп калып жатпайбызбы. Өткөн-кеткенди сүйлөшүп отуруп ал интервьюну мен бербегендигимди айтсам, «Азыр деле кеч эмес, келинчегим менен ажырашкам. Ал менин чыгармачылыгымды түшүнбөйт, кызганат» деп мени баш кошууга көндүрдү. Ошентип тоскоолдуктарга карабай экөөбүз баш кошуп, борбордо Байыштын кыялындагыдай дүӊгүрөтө той-концертибизди бердик. Андан түшкөн акчага бир бөлмөлүү батир алдык.
Бир жолу «иштеп жатабыз, таап жатабыз, акчалар кайда?» деп сурап койсом, Байыштын эки эжеси «акча менен ишиӊ болбосун, керек болсо биз Байышты биринчи аялы менен жараштырып коёбуз» деп кыйкырышты. Ошентип жакындары кийлигишип жатып, Байыш мени менен ажырашып тынды.

«БАТИРДИ БАЛАМА АЛЫП КАЛСАМ БОЛМОК ЭКЕН»
– Алгач Байыш кийимин түйүп эле чыгып кеткен, анан кайра келип «батирди сатып, теӊ экиге бөлөбүз» деп калды. Мен да жаштык кылып макул болуп коюптурмун. Ошондо «кайда барсаӊ анда бар, батир балаӊа калат» десем болмок экен. Анткени азыр балам менен улам батирден батирге көчүп, анысы аз келгенсип мектептен мектеп которо берип чарчадык. Байыш «баламды карап жатам, келип жатам, эмнеге карабайт дейсиӊ?» деп нааразы боло берет. Баласына таттууларды алып айда-жылда чочугансып бир келет, анан бир аз ойнотуп, колуна 1000 сом карматып кетип калат. Же алимент төлөбөсө, же каржылабаса. Баланын түйшүгүн бул жакта мен эле тартып жатпаймынбы.
Өткөндө силердин гезитке Байыш «жаштык кылып Кларага үйлөнүп жаӊылыптырмын, кайра биринчи аялым менен бактылуу жашап жатам» деп интервью бериптир. Ошондо турмушка чыга элек секелек кыз мен эмес, бир кыздын атасы болгон, бир турмуш көргөн Байыш жаштык кылып жаӊылган экен да. Ошол кезде эле мага тийишпей, азыркыдай бактылуу болуп жашай беришсе эмне?! Балким, мен да өз теӊимди таап, бактылуу болор белем. Ал эми Жаныш жакшы, «Байэлди алып келиӊиз, балдар менен ойносун, биздикине келип кетсин. Студияга келиӊиз, ыр жазып берем» деп турат. Эмнеси болсо да баламдын барына шүгүр кылам. Балам болбосо ким үчүн жашамакмын, билбейм. Биздин ажырашканыбызга 10 жыл болуп калды. Бул теманы козгогум деле келбейт, болгону жан дүйнөмдү аӊтарганымда баары төгүлөт экен.

«БАЛАМ КЫЗГАНЫП, ЭРКЕКТЕР МЕНЕН СҮЙЛӨШТҮРБӨЙТ»
– Апам байкуш «жаштыгыӊ өтүп жатат, турмушка чыкпайсыӊбы» деп мен үчүн көбүрөөк санаа тартат. Бир туугандарымдын баары турмуштан өз ордун табышкан. Менден кийинки эки сиӊдим 3 балалуу болуп очор-бачар. Өзүм да урунуп-жулунбай, жоош болгондуктан көп нерседен куру калам. Анын үстүнө баламдын көзүн бирөөгө караткым келбейт. Колумду сурагандар да жок эмес, чыгынып турмушка чыкканга өзүм деле аракет кылган жокмун. Мен деле аялзаты катары бактылуу болуп, кайрадан наристе жытын жыттагым келет. Байэл да «качан төрөйсүӊ?» деп сурап калат. Бала да, ал менин абалымды кайдан түшүнмөк эле? Бирок эркек менен сүйлөшкөнүмдү көрсө кадимкидей кызганып, жинденип кетет.
Апам «турмушта кагылдыӊ, согулдуӊ, тыӊыраак болбойсуӊбу!» деп көп урушат. Элдин баарын өзүмдөй ойлоп, баарына бирдей мамиле кылам. Бала кыялмын. Гастроль деп жүрүп убагында окубай калыптырмын, жогорку билимим да жок. Кайрадан жаралуу мүмкүнчүлүгү берилсе, кетирген каталарымды оӊдоп, эӊ алгач турмушта бактылуу болгонго аракет кылмакмын. Ырдап чыгайын десем, келип эле акча маселесине такалат. Ыр жаздырып, клип тарттырып иштеп көрөйүн деп жатам. Бир туугандарым «үй алып ал» деп бир аз чогултуп берген акча бар болчу, эми ошол акчаны чыгармачылыкка жумшайын деп жатам.

"Балам чоӊойсом көп акча таап, машинама таятамды, таенемди, сизди салып жүрөм деп кыялданат".

Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Клара Алибекова: "Сүйүүсүн арнаган жигиттерге маани бербептирмин"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(161)
Медиа-портал
28.04.2015. 23:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анлис тилин жакшы суйлогондугуно байланыштуу, кыргыз тилине жакшы тили келбей калганго деепчи
29.04.2015. 01:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мурдагы интервьюларында уй алгамын деп жазылып журот го
29.04.2015. 01:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жан дуйносу аябай таза адам экен.Боорум ооруп кетти.
29.04.2015. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Клара эсинде болду бекен, 4 мектепте мугалимдердин алдында ырдаганында, мен гитара менен коштоп чертип бергем. Сага айтаарым:
- Сенчелик дэнгелдеги талант,ажар жана адамды озуно тарткан сыйкыр менен бир дагы кыргыздын кызы ырдап чыга элек! Бул чындык аны эл билет.
- Кыпындай да кумон санабастан кайрадан ырдап чык. Сен алда качан эле азыркы жылдыздар жасай албаган эмгекти жасап, элге синирип койгонсун.
Ошол эмгегин эле сени омур бою которот.
- Кучтуу, сулуу жана бийик бол.
29.04.2015. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кулуп коп суйлойт экен,коп кулгонго жардам бер ал адамдын ичи толо арман дешет го, балким ошол создун чындыгы бардыр! Клара бекем бол, кайгыга озунду алдырба, сен Байыштан да бактылуу болуп жашайсын, келечегин алдыда!
29.04.2015. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Неге биздин окмот ушул Кларага окшогон жалгыз бой келиндерге бир уй алып берип койбойт. Бул кыздын да канча эмгеги синди маданиятка? Ошол иштешкен ырчылар деле акча чогултуп жардам берип коюшса болмок. Байкуш оной эмес да ар жака кочуп тапкан акчасын батирге берип журот :(уят да эми... Жакшы да супер инфо баркен кабар алып турабыз.
29.04.2015. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
belosnejka1,окмот баарына уй бере берсе эмне болуп кетет. Шугур озуно тамак таап жегенге 12 мучосу аман мындан да кыйын жашоо кечиргендер бар.Аракет кылыш керек, жашоо оной эмес. Кому ща легко.
29.04.2015. 19:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
amanatym, конуп калганбыз да жокчулук менен жашап ..:( жалгыз бой энелерди окмот каралашып турганга милдеттуу башка мамлекеттерде ошондой
30.04.2015. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
belosnejka1,Биздин Мамлекеттин алы жок жалгыз бой аялдарга жардам бергидей.Андай болсо Кыргызстанга тоодой эмгек кылган таланттарыбыз бар уйлору жок алардын жанында Кларанын азбы коппу маданиятыбызга салымы тамчыдай. Бул менин жеке оюм.
11.07.2015. 07:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
belosnejka1, туура...
30.04.2015. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
belosnejka1, ал мамлекеттерде коп айлык алгандар коп налог толошот, эгер кайра аз айлык алып калышса, же такыр жумушсуз калса, кайра мамлекет жардам берет.Биздин ырчылар оз чонтогуно иштешет, ошол учурда акча топтоп алса, азыр кыйналмак эмес.Тойлордо ырдап квартира, машина алып жатышат.
29.04.2015. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aijash90 сага толугу менен кошулам
29.04.2015. 18:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоо бумеранг дейт, азыркы акыбалынды жакшы тушунуп турам, жылдыз оорусу менен катуу ооруган адам, озун таштаганда катуу таштайт, а сен убагында №1 жылдыз элен. Мындан бул жакка калыптануу процесси башталуусун, журогуно суйуу менен умут толушун, кыргыз эстрадасында тоодой болуп корунушунду чын журоктон каалайм.
29.04.2015. 22:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Биринчи аял кара чачык дейт мин айтсада билинбейт, экинчи аял ак чачык, оозунду кичине ачсан эле жаман болосун,баарибир биринчисине жетет, сизда бактынызды табасыз келечек алдыда сабыр кылыныз баарысы жакшы болот,башында туура эмес кылгансыз..
29.04.2015. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байыш ХХХ ХХХ Клара эже алга.
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-30 10:31:02
30.04.2015. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nur.nu88,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүгө тыюу салынат! Эскертүү!
29.04.2015. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
yrdabai ele jeke turmushuna kam korso bolmok. azyr jash yrchylar kop. jon ele akchanyzdy korotosuz, andan koro ui alyp al da. aran ele janyzyz bar eken, yrdai alasyzby?
SUPER.KG видео
30.04.2015. 03:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клара Эже ушак создорго маани бербениз все таки кыргызбыз озунуз билгендей зорду коралбайбыз жаманды жерге тебебиз ишинизге ийгилик баланыздын уурматын корун
30.04.2015. 07:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик коштоштосун ар дайым Клара!!!
SUPER.KG видео
30.04.2015. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстан ушунча ысык гулдоп кеткенби же бул мурунку жылбы
30.04.2015. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне эми кулгонун да коро албайсынарбы? И так эле коп кыйналыптыр, эми не Байыш биринчи аялына кетти деп, омур бою ыйлап журсунбу? Байыш не ары бекен гулдон гулго конгудай? Бул дуйнодо болбосо тиги дуйнодо жооп берет ! КЛАРА ЭЖЕ сизге АЛЛАХ эки дуйнолук бактылуулукту насип этсин! Жаман создорго конул бурбан! АК М.Н КАРА ЖАРЫШАТ, АККА КУДАЙ БОЛУШАТ!
30.04.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клара эже ишинизге ийгилик. Бул кундор да отуп кетет. Мен сиздин абалынызды абдан жакшы тушуном. Буйруса бактылуу кундор алдыда.
30.04.2015. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул мага дээги жакпайт. Жон эле жалжалактап куло береби,
Медиа-портал
30.04.2015. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байкуш ХХХ ХХХ
Модератор admin_media түзөттү 2015-05-01 11:55:05
Медиа-портал
01.05.2015. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zolotiwka,
Кимдир бирөөнү кемсинтүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
01.05.2015. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Койчу ошо ХХХ Байышты башына тартасынбы андан коро суйулуп уй булоо куруп бактылуу болгонго аракет кыл.Сулуулугун,жаштыгын,кулгонун бары жарашыктуу Байыш сенин тырнагына арзыбайт.
Модератор admin_media түзөттү 2015-05-01 11:56:03
01.05.2015. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
belka-zaika,
Кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынат! Эскертүү!
01.05.2015. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 болмолуу уйду Расул Маматкулов алып бербеди беле ошентип жазган жерлерин окуп калган элем
01.05.2015. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келечеги кен али да болсо кеч эмес ийгилик сизге,
01.05.2015. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балан бар бактылуу экенсин.жалгыз жашаган ырчылар толтура го.бул трагедия эмес
SUPER.KG видео
01.05.2015. 20:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Клара эже биздин айылга барганда кичинекей эле кыз болчу, андан бери канча суулар агып кетти. Бирок унутулган жок, айрыкчы "кыргызымдын жигиттери" аттуу ырын биздин мектептин окуучулары азырга чейин ырдап журушот.
01.05.2015. 22:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мына сага деп ырдап чыксан Байыш кайра сени алам деп чыкпаса болду
02.05.2015. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коптон бери эл алдына чыкпай жургонго толкундануу болгонго,орунсуз кулуп.
03.05.2015. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми акыл кириптирда,мурда ушул акылын кайда эле?
03.05.2015. 23:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алга Клара!
08.05.2015. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кичинекей Клара го мага аябай жакчу Ырлары. Учурунда ырлары хит болгон. Дагы жакшы ырлардан ырдап чык сенин куйормандарын дагы деле бар ийгилик каалайм
SUPER.KG видео
18.05.2015. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой эмне эле куло Берген жон созго деле
SUPER.KG видео
02.10.2015. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо деле тартаардын астында серьёзный бол жондон жон эле куло бербе деп кичине айтпаптырдааа.
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо