Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТУРМУШ АРАБАСЫН ЖАЛГЫЗ ТАРТКАН АЙЫМДАР

№651 24-апрель-30-апрель, 2015-ж

Арабызда көп жыл жалгыздыктын кучагында жашап, үй-бүлөдө атанын да, эненин да милдетин бирдей аткарып келген айымдар бар. Айымдар үчүн жалгыз бой жашоо коркунучтуубу же жалгыз калса деле жашоосун татыктуу алып кете алышабы? Биз бул маселе тууралуу айрым атактуу айымдарга суроо узатып жооп алганга аракет кылдык.

Асел Турдалиева: «ЖОЛДОШУМ АЛСЫЗ БОЛУП КАЛДЫ ОКШОЙТ»
-Жолдошум менен ажырашканыма 16 жылдан ашыптыр. Жаштык-мастык кылдым дебейм, анткени күйөөм менен 1-2 жыл жашагандан кийин эле ажырашарыбызды билгем. «Аман-эсен кызымды төрөп алсам ажырашам» деп айтчумун, ошондой эле болду. Жакшы-жаман айтышкан жокпуз, кызы атасынын фамилиясын алып жүрөт, ага кызы менен көрүшүүгө чек койгон жокмун. Ажырашканыбызга ортобуздагы түшүнбөстүктөр, кызганыч да роль ойноп койду окшойт. Чыгармачылыкта жүргөн аялга чынында үй-бүлөнү сактоо кыйын. Мен үчүн чыгармачылык дайыма биринчи орунда, ал эми үй-бүлө кийинки орунда турчу. Өзүм аябай тартиби катуу үй-бүлөдө чоӊоюп, өскөм. Атам эрте каза болуп, апам балдарын жалгыз тарбиялады. Кичинемден тыӊ элем, мага өзүмдөн да күчтүү мырза керек эле. Жолдошум алсызыраак болуп калды окшойт. Жалгыздыктан эч качан корккон эмесмин. Эркек киши кылчу жумуштарыбыз деле жок, мал карабайм, кар күрөбөйм. Бүт шарты бар кабаттуу үйдө турам. Иштеген жумушум бар, жалгыз жашап көнүп калгам. Сөздүн ачыгын айтсам, азыр айымдардын эсебинен жашаган альфонс эркектер көбөйдү. Эркектер үчүн сүйүү экинчи орунда калып, кыздардын акчасы, байлыгы маанилүү болуп калды. Үйлөнөрдө кыздын иштеген жерин, ата-энесинин байлыгын сурагандарын укканда таӊ каласыӊ. Тескерисинче, мырзаларга караганда айымдар сүйүүгө туруктуураак, «духу» күчтүүрөөк. Айтар кеӊешим, колдон келишинче толук кандуу үй-бүлө болууга аракет жасаш керек. Бирок өмүрлүк жолдошуӊ баркыӊды билбей кол көтөрүп, кемсинтип, эсептешип жашаса, андан көрө жалгыз жашаган эле оӊ.

Асел Турдалиеванын кызы да кезинде ырдап жүрчү, бирок азыр бул тармактан оолактаганын айтат ырчы айым.



Шайыр Касымалиева: «МЕН ЖАЛГЫЗДЫКТЫ ЖЕӉДИМ»
-Кыргызстанда жалгыз бой жашаган айымдар көп эле. Биз эл көзүндө жүргөндүктөн жеке жашообуз алаканга салгандай көрүнүп калат. Өзүмдүн жеке мисалымда айтсам, аял киши күйөөсү жок жашаса бир жери кемип калат же күйөөсү бар аялдарга караганда кыйынчылыкты көп тартат дегенге кошулбайм. Кыйынчылык, жалгыздык ар бир адамдын башына келчү жазмыш. Бул тагдыр, эгер Жараткан сени түгөйү жок, жарты жан жашайсыӊ десе, демек, маӊдайга жазганын көрөсүӊ. Мисалы, өзүмдүн апам эрте жесир калып, бизди жалгыз багып чоӊойткон. Мен апамдан бекемдикке, кайраттуулукка үйрөндүм, турмушка быштым. Өзүм деле кызымды жалгыз тарбиялап, эрезеге жеткирдим. Азыр неберелерим менен алышып, сепкен эгинимдин түшүмүн жеп жатам. Менде деле жаш кезде ыйлап-сыктап, кыйналган күндөрүм болду. Өзүӊдү «эмнеге ушундаймын?» деп жемелей бергенден пайда чыкпаса, өмүр бою эле түбү жок кайгыга түшүп жүрө бермек белем. Мен жалгыздыкты жеӊдим, башты бийик көтөрүп келечекке кол сундум. Көрсө турмуш бизди күчтүү кылат экен. Миӊ алсыз, баёо болсоӊ да күчтүү болгонго аргасыз болот экенсиӊ. Кыргыз аялдарынын башынан кандай гана оор турмуш өткөн жок, ошонун баарына чыдап келген айымдарга алкыш!

Актрисанын кызы Мээрим Шерматова да бир жылдары апасынын жолун улап, актрисалык кесипти аркалап жүргөн.




Гүлшайыр Садыбакасова: «АЯЛ КАНЧАЛЫК КҮЧТҮҮ БОЛБОСУН ТҮГӨЙҮ МЕНЕН БОЛУШУ КЕРЕК»
-Мен негизи аялдардын баары алсыз, эркектердин баары кыйын деген ойго кошулбайм. Аялдардын да кыйыны болот. Табиятымдан «эмнеге жалгызмын, эмнеге тагдырым ушундай?» деп мүӊкүрөгөн аял эмесмин, жаштайымдан эрким күчтүү эле. Жалгыз бой жашаганыма 15 жылдай болуп калды. Бул жылдардагы кыйынчылыктарды, үй-бүлө, чыгармачылыктагы муктаждыктарды өзүм эле чечип келе жатам. Турмушка чыгуу оюмда деле болбоптур, бирок «чогуу бүлө куралы, жубайым бол» деген сунуштар көп эле болду, аны жашырбайм. Эми 60ка чыкканда мени ким алмак эле (күлүп)?! Карап көрсөм эли-жерине кызмат кылган көпчүлүк айымдар жалгыз калышат экен. Андыктан бул кокустук эмес, мыйзам ченемдүү эле көрүнүш. Мен деле жолдошум менен «Кыз-Бурактын» айынан ажырашкам. Чыгармачылыкты жыйыштыр десе болбой тирешип алгам. Куулук-шумдугу жок жаш кезде күйөөмдү эптеп алдап, үй-бүлөнү сактап калууну деле билбептирмин. Бирок өткөн өмүрүмө кейибейм. Аялдан аял тандап саякатчы бакадай болгон эркектерден Кудай сактасын. Жалгыздыгым мага тойлордо баары түгөйлөрү менен, а мен жалгыз отуруп калганда билинет. Бирок айтарым, аял киши канчалык кыйын, күчтүү болбосун сөзсүз түгөйү менен болушу керек. Керек болсо кумурска да түгөйү менен болсо дейм.


 

Гүлшайыр эжекебиздин кызы Сайкал "Кыз-Бурак" тобун жетектеп, уулу Эркин 8-класста окуп калды.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(35)
27.04.2015. 09:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+19
Баары тен эрки кучтуу айымдар экен мага ушундай айымдар жагат. Былжыраган эркектен коро тарсылдаган катын жакшы.
27.04.2015. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
eliza5566,туура айтасын азыр кээ бир эркектерге караганда айымдар кучтуулук кылып чече турган маселени чечип нары же бери кылып да коет.
27.04.2015. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Асел менен Шайыр эженин созуно кошулбайм Кудай ар бир жанды тугойу менен жараткан. Гулшайыр эже айтмакчы тобо деп эркектерди жамандагандан коро жакшы кенеш берсе болмок. Биз качан онолобуз Абдылда аке айтмакчы кысчу жерди кысканда онолобуз.. Куйосунун нааразы кылган аял Кудай алдында наалатка калат.Антип келечектеги кыздарыбыздын оюн бузбагыла.Озунор адашкан жолго башкасында салбагыла..Адамга эн кыйын кун сайын адам болуу
27.04.2015. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
булардын создорун окуп озумо тарбия алгыдай болдум, жалгыз жашап деле бар жокко жетишсе болот экен, Гулшайр эже илгери эле ажырашкан болчу деп окуганым бар эле кийин дагы турмуш куруп бала торогонун тушуно бербейм же кеч турмука чыгып анан ажырашканбы ошондо азыр 60та болсо баласын 45 жашында торог болуп калабы?
27.04.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
УУЛ кыздарыныздардын урмат сыйын корунуздор ишиниздерге ийгилик.
27.04.2015. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Уйбулодо Эркегида Аялыда озунун ордун билип,милдетин так аткарышы кк.Эркек деген аял кишинин алдында эчкачан алсыз болбошукерек.Эркек деген чечкиндуу,уйбуло кургандан кийин озунун милдетин так аткарыш керек.Эн негизгиси жооп керчтликтуу болуш керек ошондо гана уйболу бекем болот!!!
27.04.2015. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
killer-star,азыркы заманда чечкиндуу эркек жуздон бири болсо кк,аялдан да алсыз,ушунчалык бош эркектер бар,бирок Гулшайыр эже туура айтат тугойун мн болгон жакшы,бешенеге жазгандан качып кутула албайсын,баары кудайдан!
27.04.2015. 12:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дагы жакшы балдары бар экен, таптакыр эле жалгыз болбой
27.04.2015. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулшайыр эже 15-жыл болду дейби жалгыз жашаганына.эгер чын болсо 2000-жылы ажырашса уулу качан туулган?
27.04.2015. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mery.89,ошол подробность дагы керекпи бизге
27.04.2015. 17:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
mery.89, уулу ошондо 2001 болуш керек боюнда болгондо ажырашса керекда . Бирок Гулшайыр эженин куйоосу бар экенин билбептирмин .Сайкалдын атасынан кийин тийбесе керек деп ойлогом . Мм значт куйоого тийген экен да ээ
27.04.2015. 13:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алтын баштуу аялдан, бака баштуу эр жакшы.
27.04.2015. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
suksuraliev1990,бака баштуу эркектин эмнеси жакшы тушунбойм.бакалар башкарып жатып кыргызстан тыныбай эле журобуз го.
28.04.2015. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
zinaniz,Сен аны эркек менен жашаганда тушуносун.
27.04.2015. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Vazir jakshy han jakshy, ayal jakshy er jakshy".
27.04.2015. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Гулшайыр эженин созуно кошулам,аял мин кучтуу болсо да,баарибир эркектин орду башка билинип турат.
27.04.2015. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул айымдар жалгыз жашаган соонун,баарынар жалгыз жашагыла деген жок. Өздөрүнүн мисалында гана жалгыз бой жашоонун күңгөй-тескейин айтышууда. Байкашыбызча бул тууралуу оюн гезитке билдирген үч айым тең жалгыз калганына өкүнүшпөйт экен. Мына жыйынтык.Бизде күчтүү мырзалар аз окшойт деген тыянакка кептелдим.
27.04.2015. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Альфонстор мурун эле бар болчу, жана боло бермекчи, аларды жактыргандар бар болгону учун, журушот да.Эгер акча учун "униженияга "чыдашса. Бай кыздар ,аялдар жон эле акчаларын чыгарбаса керек. Кыздар деле мырзалардын чонтогуно карашат. Менин оюмча булар деле альфонсторго окшош, машинаны тентайлашып айдаган сон,кыздар азыр " не слабый пол".
27.04.2015. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Жогоруда окуп корсом Асел мн Гулшайыр туура эмес создорду суйлоптур,булар мындай деп жатып кыздарыбыздын психикасын бузчудай!Урматтуу кыргыз кыздары жогорудагы каармандардын жашоосуна кызыкпагыла,тугоюн менен болуп бирге омур кечиргенге эмне жетсин,булар айта беришет калп эле бирок нарагынан алар деле окунушот куйоосун чанып кеткени учун...Куйоонордун айтканынан чыкпай сыйлагыла,Бир Хадисте айтылат аял киши куйоосун сыйласа атасын,ага-инисин бейишке алып кирет,а эркек апасын сыйлап урматтаса...
27.04.2015. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аял заты кыйын болуп жалжандап журуш учун эмес аял заты уйдун куту,бала тороп аларга тарбия берип,суйуктуу жар татыктуу келин болуш учун жаралган,ошон учун женил жашоого жалгыз ээн баш болгонго азгырылбагыла!
27.04.2015. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Мен жалгыздыктан корком жолдошум менен тен карып тен арысам дейм эч кимге айта албаган сырларын болот турмушта жолдошун менен сырдашып божурашып отурганга эмне жетсин
28.04.2015. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jamilya03,Сизге Аллах ыраазы болсун.
28.04.2015. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалгыздык баарынын башында бар,ага даяр болуш керек.
28.04.2015. 00:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Ар ким тугойу м.н болгон жакшы.
28.04.2015. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Алы жок акыретчил болот демекчи куйоолору жок болсо айласы жогунан да жалгыздык жакшы дешсе керек.Азыр тын акча тапкан айымдарыбыз куда тосо баштаганда, карылык этектен тарта баштаганда эркектин оордун жоктой башташат, анан таразалайт азыркы создорун, окунот, каап дейт.Кудайым пендесин дегеле тугойунон ажыратпасын. Ал тынбы, жудообу баарыбир балдарындын атасы.
28.04.2015. 01:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktylyylyk kaalaim baarynyzdarga, kop kop yigilikterdi jarata berinizder.
28.04.2015. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а дейбиз б дейбиз. Булда тагдырда. башыбыздан отпосо комет. жазып бекерго.
28.04.2015. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жалгыздык кудайга гана жарашат. Ал эми мен куйоом менен ажырашып кеттим апамда жалгыз бой чонойткон дебей куйоосу менен тутуулашуунун ойлонуп корушсо жакшы болмок эчтен коро кеч жакшы дейт. Азыр акыл токтотушкан мезгили мумкун кайра жарашууну акыл калчап ойлонуп короор. Кыздарына эч качан жалгыз калга тугойун менен бол мендей болбо деп кенеш беришсе демекмин. карап корсом мени да апам жалгыз чонойткон, менда жалгыз чонойтуп атам деп атышат бул соз уул-кыздарына да тескери таасир этиши мумкун
28.04.2015. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айрыкча азыр альфонстор ото кобойду, эркекче деп соз берип алып созуно турбагандар кобойуудо, эртен аялдар мн эркектер алмашып калабы?
28.04.2015. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулшайыр эженин создоруно кошулам, аял канчалык кучтуу болсо да эри менен болгон жакшы.
30.04.2015. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jaskaaа сен андай дегенин м.н биз алардай боолбогонго аракет жасашыбыз керек.адамдардын жакшы сапаттарын коруп биз да келечеке жол баштайбызда.Гулшайыр эже туура айтты
01.05.2015. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулшайыр эже 15 жыл мурун ажырашса анда Эркин кайдан келген
01.05.2015. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ZaRi_RaYa, ???
01.05.2015. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтасынар, эркек деген чечкиндуу болушу керек. бирок ар бир торолгон эркек бала эн негизгиси эненин тарбясын алышы керек ошондо гана чыныгы эркек боло алат. ( бугунку кыздар эртенки кундун энелери ... )
01.05.2015. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адам тугойу менен жашаганга эмне жетсин, турмушта ар кандай нерсе болот чыдаганга аракет кылыш керек. эркек киши чындыгында чечкиндуу болуш керек, жолдошума ошол жагынан бир аз солгундайм, озум суйлошуп чечкенге аракет кылам , бирок тушунуктуу уй булом деп турат. менда жалгыздыктан корком
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо