«МЕН ДҮЙНӨНҮ АПАМ МЕНЕН ТААНЫГАМ» (ырдын тарыхы)

№651 24-апрель-30-апрель, 2015-ж

«Мен дүйнөнү апам менен тааныгам» деген ыр уккан адамды кайдигер калтырбайт. Ырдын сөзүнө обону төп келип, аткаруучу көркүнө чыгарып койгон десек болот. Жүрөктөн чыккан ыр жүрөккө жетти көрүнөт. Анда ырдын жаралуу тарыхына кайрылып көрөлү.

«ЫРДЫ УККАН АПАМ ӨЗ АПАСЫН ЭСТЕП ЫЙЛАДЫ»
Ырдын автору, акын ФАТИМА АБДАЛОВА бул чыгармасын кантип жазгандыгы тууралуу айтып берди:
– Менин апамдын аты Гүлайым. Учурда 90 жашта, аты чыкпаган акын десем болот. Апамдын сүтү аркылуу акындык касиет мага да өткөн. Бул ыр менин эле эмес, бүтүндөй балдардын башынан өткөн элес десем жаңылбайм. Кичинекей кезимде апамды жүзүнөн эмес, көйнөгүнөн таанычумун. Ал келе жатканда көйнөгүнүн гүлдөрү мага тирүүдөй сезилчү. Ошол гүлдөр көрүнгөндө апама чуркап жөнөчүмүн. Чоңоюп калган кезимде мектептен келип, апамды талаада иштеп жүргөн аялдардын арасынан көйнөгүнөн тааныр элем. Кийин өзүм эне болгон кезде байкасам, балдарым да мени көйнөгүмдүн гүлдөрүнөн таанычу экен.
Бир жолу башымды жууп, гүлдүү көйнөгүмдү чечип, мончодон гүлдөрү жок көйнөк кийип чыктым. Келип баламды эмизейин десем, балам бетимди карабай эле көйнөктү көрүп, эмбей бакырып ыйлап жиберди. Кел десем болбой ыйлайт. Ошондо гүлдүү көйнөктүн таасири балага жакшы тиерин билип, ушул ырым жаралган. Албетте, бул чыгарма апама арналган. Анан ырга Түмөнбай Колдошов жакшы обон жаратып, Элиза Көчөрбаева, Самара Каримова деген ырчылар элге таратты. Апама алып барып угузсам, ал да бир сыйра ыйлап алды. Анан апама «ушул ырды укканыңызда көз алдыңызга эмне тартылды?» десем, «апамды эстедим, көйнөгүнүн гүлдөрү тирүүдөй элестелди. Эстесем, апамдын көйнөктөрүнүн баары гүлдүү экен» деп апасын эстеп ыйлады.

«БУЛ ЫРДЫ АПАМДЫН 60 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАГАМ»
Ал эми обонун жазган ТҮМӨНБАЙ КОЛДОШОВ буларга токтолду:
– 2012-жылы бул ырдын сөзүн интернеттен окуп калып жактыргам. Чындыгында, өзгөчө оригиналдуу ыр экени билинип турат. Фатима эжени акын катары таанычумун, мындай шедевр ырлары бар экенин билген эмесмин. Анан эжеге дароо эле байланышып, "ушул ырыңызга обон жаздым" деп айтып, чайга чакырып угузуп көрдүм. Эже да аябай ыраазы болду. Негизи, ырды апамдын 60 жылдык юбилейине арнап ырдап чыккам. Бул ыр менин визиттик карточкам болуп калды десем болот. Менден кийин Элиза Көчөрбаева, Нуртилек Абдыгапаров, Самара Каримовалар ырдап чыгышты.

Самара Каримова, ырчы:«КЛИПКЕ АПАЛАРЫМДЫ ТАРТТЫМ»
– Түмөнбай агайдын чыгармачылык кечесинде ушул ырды угуп, аябай жактырып калдым. Дароо агайга кайрылып, «ушул ырыңызды мага бериңиз, ырдап чыгайын» десем, «бул ырды 3-4 ырчы ырдап чыккан" деп калды. «Канча ырчы ырдаса да мага жакты, мен ырдай берем» деп өзүм каалагандай аранжировка жасатып ырдап чыктым. Ким кандай ырдады, ырдын көркүн ким ачты, аны эл таразалайт. Ырдын клибине апам менен кайненемди тарттым, буюрса, жакында көрө аласыздар.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды көйнөгүнөн тааныгам.
Тирүү болчу көйнөгүнүн гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жыты менен тааныгам.
Жыттачу эле, магдыратып жытына,
Чыкпачы эле, чыкпачы эле жаныман.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды колдорунан тааныгам.
Жылуу болчу, жумшак болчу колдору,
Кармашканда бала боюм балкыган.

Мен дүйнөнү апам менен таанысам,
Мен апамды жоолугунан тааныгам.
Тирүү болчу жоолугунун гүлдөрү,
Баскан сайын бажырайып ачылган!

Мен дүйнөнү апам менен тааныгам,
Мен апамды күлкүсүнөн тааныгам.
Замира Рахманбердиева

star@super.kg


 Кыстарылган аудио 

Самара Каримова "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам"

Түмөнбай Колдошов "Мен дүйнөнү апам менен тааныгам"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  15 
Комментарийлер(56)
27.04.2015. 17:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самаранын ырдаган варианты жакты
27.04.2015. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Баардык нерсенин биринчиси жакшы дегендей Тумонбай Колдошев ырдаган варианты жакты.
27.04.2015. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
самара каримованын ырдаганы жакты мага
27.04.2015. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул ырды суйом го
27.04.2015. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен Самара эже аркылуу тааныдым бул ырды. Алгач радиодон бир угуп эле жактырып калдым. Дароо Самара эженин уну экенин тааныдым да кийин дароо интернеттен кочурурп ошол кундон бери угуп, озумчо таасирленип ырдап журсом бугун болсо супер инфого кире койсом бул ырдын тарыхы журот. Ырды жараткан акын эже, обончу байкеге, элге жеткизген аткаруучуларга терен ыраазычылык билдирем. Талантыныздарга таазим! Дагы ушуга окшогон ырларды кутуп калабыз.
patma.mahmud-kyzy түзөттү 2015-04-27 21:25:14
28.04.2015. 01:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самара ырдаган ар бир ыр, ийине жетет.Мен да бул ырды Самара ырдагандан кийин билдим.Самара айымга,ден-соолук ,уй-булоолук бакыт,божоктору аман эсен чонойо беришин каалайм!!!
28.04.2015. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магадаа олоо жагат ушул ыр
28.04.2015. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самара анча жакшы ырдай алган эмес Тумонбай Элизабетта соонун ырдаган Самара коп ырларды бузуп койот чозуп ырдап
28.04.2015. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самара, Тумонбай агай да жакшы ырдаган, Элизабетанын ырдаганын укпапмын ал кыз жонундо эми уктум
28.04.2015. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо Жумагул Раимжан кызынын Суктанам аттуу ырынын клибин сиздерден кочуруп алса болобу?
28.04.2015. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sezimay, саламатсызбы! Шилтеме менен кириңиз:
http://www.super.kg/media/video/139269/
28.04.2015. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага Тумонбай агайдын аткаруусу жагат
28.04.2015. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тумонбай агайдын ырларынын баары аябай соонун иште эртеден кечке ушул кишинин ырларын угам жадабай
28.04.2015. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тумонбай агабыз аткаруусундагысы соонун чыгыптыр. Самара Каримова ото кайгылуу сыяктуу кылып коюптур
28.04.2015. 17:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
талашсыз, Самара Каримова уккулуктуу да аткарган,элге да жеткизген ..буга чейин бул ырды уккан эмес элем
28.04.2015. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самаранын ырдаганы жагат.
28.04.2015. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мага Тумонбай Колдошевтин ырдаган варианты аябай жакты жеткиликтуу сонун чыккан
28.04.2015. 20:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мен бул ырды Самара ырдаганда тааныгам,
Ага чейин эч жерден деле укпагам.
Түмөнбай ага буга чейин ырдаса,
Анда неге радиодон жаңырбаган.))
28.04.2015. 22:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тумонбай жеткиликтуу ырдаган
28.04.2015. 23:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы ыр экен аявай ким ырдаса да баары сонун,сонун ырды баардык эле киши ырдап койот да,
29.04.2015. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул ырды угуп,ар дайым апамды сагынам!Апаларыбыз ар дайым аман болушсун!Буйруса озумда апа болгону турам!!!
Апамдын мен учун,кылгандарын эстегенде, козумо жашым кылгырат.Озу жебей,озу кийбей,ооруусада билдирбей,биз деп гана жашаган бул бир гана,жалгыз инсан апакем!!!!!
29.04.2015. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырды укканда ыйлагым келет.
29.04.2015. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Самара Каримованын ырдаганы жакты
29.04.2015. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
орто муун ырчыларынын ырларына көбүрөөк басым жасаганым үчүн, Түмөнбай Колдошевдин ырдаганын жактырам. Самара Каримованын аткаруусундагы бул ырды,өмүрү кыргызча ыр укпаган өзбек туугандар да угуп,кыңылдап ырдап жүрүшөт. Авторго алкыш!
29.04.2015. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай сонун ыр
29.04.2015. 23:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тумонбайдын аткаруусунда абдан уккулуктуу! Тамактын деле жанысы даамдуу го ысытма тамак эмес.
01.05.2015. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uulay, туура кошулам
30.04.2015. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тумонбай Колдошев жакшы ырдаган
01.05.2015. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ырды Тумонбай агай жеткиликтуу ырдаган. Мага аккордион менен ырдаганы аябай жагат. Агайга рахмат!
02.05.2015. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага томонбай колдошовтун ырдаганы жакты, биринчи Самара Каримова ырдаганыгы уккан болчум, элизаветтада соонун даган.
02.05.2015. 17:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dilibar,адамдардын аттарын ката жазганың аз келгенсип, кичине тамга жазып коюптурсуң го,же ушинтип басынткың келдиби?
03.05.2015. 08:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы ыр маанилу
04.05.2015. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тумонбай Колдошов жогорку денгелде аткарыптыр!
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо