«ТАМАШОУнун» ТАМАШАЛАРЫНАН

№651 24-апрель-30-апрель, 2015-ж

18-апрелде Спорт Ордосунда «Тамашоу» Лигасынын Жазгы музыкалык фестивалы болуп өттү. Жыйынтыгында калыстар тобу Роза Отунбаеваны туураган «Ошингтон» командасындагы Айжамалга «Мыкты оюнчу», «Позитифф» командасына «Мыкты команда» наамын ыйгарышты. Ал эми оюндун жүрүшүндөгү тамашалары үчүн «Мыкты тамаша» диплому «Bruklyn-IUK» командасына буюрду.

Төрөт үйдүн алдындагы кызыктуу көрүнүш:
Кыз: – Айнура-а, Айнура-а!
Айнура: – Оу.
Кыз: – Төрөдүӊбү?
Айнура: – Ооба, төрөдүм.
Кыз: – Кандай экен?
Айнура: – Оӊой эле экен.
Кыз: – Анда мен деле төрөй берейинби?
Айнура: – Төрөй бер, подруга!
Кыз: – Алло, Адилет, бүгүн ке­чинде чогуу курстук иш жазбайлыбы!

(«Iuk» )

Негизи, кыргыздарды тү­шү­нүш оор, «сен Көлдөн, мен Нарындан, тиги Жалал-Абаддан» деп бөлүнө беришет. Бирок бардык эле кыргыз­дар дискотекага кирерде төштү кө­тө­рүп талас­тык боло калабыз. Кыздар менен таанышарда чүйлүк боло калабыз, өзүнчө эле «на русском общайся» болуп. Анан кыздар жакпай калса, алардан качыш үчүн дароо эле баткендикмин дейбиз. Эс алгандан кийин тамак-ашка эсеп келгенде бир заматта оштук боло калабыз, «сен төлө, мен төлө, акча жок эле» деп. Көр­дү­ӊөр­бү, ар бир кыргызда бардык об­лус­тун мүнөзү бар. Ошондуктан бө­лүн­бөгүлө!

(«Позитифф» )

Атасы арык ба­ла­сын «депутат бо­лосуӊ» деп ой-боюна койбой сүй­рөп бара жатат.
– Бас дейм, бас, сени депутат кылам!
– Барбайм, ата, кереги жок, корком!
Арадан бир нече жыл өткөн соӊ баягы ата семиз, курсагы чыккан депутат баласын сүйрөп баратат.
– Жүрү дейм үйгө, сен тойбой койдуӊ.
– Ата, барбайм! Мага бул жер жакты.

(«Ынтымак» )

Дүкөнгө эки дос кирет:
– Саламатсызбы, эже, адамдын аты менен Кола барбы?
– Ооба, бар.
– Маматкарим, Хажимурат деген Кола барбы?
– Андай жок.
– Анда Зубайда деген Кола барбы, сүйлөшкөн кызыма ала барайын?

(«Ассорти» )

Нукура кыргыз мышык чычканды сүрсүтүп, анан жейт.

* * *

Сүзө албаган баланы сууга ыргытып ийсе, сүзгөндү гана эмес, сөгүнгөндү да үйрөнүп чыгат.

* * *

Таластык тооктор дароо жөжө тууйт экен.

* * *

Жылан арак ичип алса артка сойлойт.

* * *

– Менин дааратканам эӊ бай.
– Эмнеге?
– 4 телефон түшүп кеткен.

(«НКБ» )

Cүйүн Кулматова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(13)
27.04.2015. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тамашалары анча жакпады бул командалар жаш ошондуктан кечиримдуу деп озунчо эле калыстар тобунун мучосу болуп алайынбы!
27.04.2015. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ошингтон ошондо Оштонбу?
Модератор admin_media түзөттү 2015-04-27 12:01:27
27.04.2015. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баарынын тамашалары орточо.
27.04.2015. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ахахаха. таластыктарга асылбай эле койбойбу! позитив айткандай баарыбыз бирбиз го)
27.04.2015. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Баардык нерсенин жанысы жакшы,айтайн дегеним тамашоу жаны чыкканда кызыктуу болчу командалар да мыкты эле.
27.04.2015. 17:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Депутат жактыда
27.04.2015. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Е моё позитиф болунбогуло деп болуп койупсунарго
27.04.2015. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыктуулары бар экен
28.04.2015. 19:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Маматкарим менен Хажимураттын коласы хаха го )))))))))))
29.04.2015. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акыркы тамашага 5 эмес 10 упай
30.04.2015. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кола туурасында тушунуксуз го. Же мен тушунгон жокмунбу.......
01.05.2015. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таластык тоок багыш керек экен))))
03.05.2015. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да кола дегенге тушунгон жокмун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо