Тынчтык, Гүлжамал: «БИЗДИ «СУПЕР-ИНФО» ТАБЫШТЫРГАН»

№652 1-май-7-май, 2015-ж

«Боз салкын» тасмасында Сагындын образын жараткан Тынчтык Абылкасымов сүйүктүүсү, «Супер-Инфо» гезитинин кызматкери Гүлжамал Бөрүкулова менен баш кошконуна 1 жылдан ашты. Жетелешкен эки жаш 2 ай мурун Ариет аттуу уулдуу болушту. Бешиктеги ыӊаалаган наристенин жытына мас үй-бүлө турмуштун таттуу көз ирмемдери тууралуу кеӊири сүйлөп беришти.

– Бешик бооӊор бек болсун! Балалуу болуу кандай экен?
Тынчтык: – Сезимдеримди сөз менен жеткире алат бекем? Гүлжамалды төрөтканага алпарып, күтүп турганымда мен үчүн жашоо токтоп калгандай айлана боппоз боло түштү. Аябай кабатырланганымдан эч нерсе мээме кирбей секунд санап калдым. Анан эле «уулдуу болдуӊ!» деп сүйүнчүлөшкөндө бозоргон айлана түскө боёлуп, чымчыктардын сайраганы, шаардын ызы-чуусу кайра кулагыма угула баштады. Мен өзүмдү дагы деле жаш баладай сезем. Андыктан ата болгонума ишене албай жатам. Качан уулум «ата» деп сүйлөп баштаганда, ата болгонума толук ишенет окшойм.
– Өткөн күндөргө кайрылып, жолуккан күнүӊөрдү көп эстесеӊер керек?
Гүлжамал: – Тынчтык мени биринчи жолу киного чакырганда баш кошуп калабыз деп ойлогон эмесмин. Журналистмин да, эптеп эле интервьюга көндүрсөм дегем. Бирок жолукканда машинадан түшүп жатып башкача бир көз караш менен карап койду эле, өзүмчө сүрдөп чалынып кетип уят болбодумбу. Жолугушууда анын гана сүйлөгөнүн угуп, активдүү жаным момоюп отуруп калгам. Ошондо, балким, жан дүйнөм уйгу-туйгу боло түшсө керек (күлүп).
– Тынчтык мырза, алгачкы эле жолугушууда кыз-жигит болуу сунушун киргизгениӊизди айткансыз...
Т.: – Негизи Гүлжамал менен жолукканга чейин интернет аркылуу көп сүйлөштүм. Ошондо эле жактыргам. Албетте, анда чочутуп албайын деп жактырганымды айткан эмесмин. Антсем киного келбей коёт дегем да (күлүп). Ошентип ыӊгайлуу убакытты күтүп, сыр бербей жүрдүм. Бир күнү киного чакырдым. Жолукканда ушул кыз мен издеген адам экенине дароо көзүм жетти. Ошондуктан бир күн болсо да уттурбайын деп, бири-бирибизди жаӊы таанып баштаганыбызга карабай менин оюм олуттуу экенин айттым. Айтсам эле ал мени жаман көрүп, чалкасынан кетпедиби.
Г.: – Жаман көрөм да. Бири-бирибизди билбей жатып сунуш айтып жатсаӊ.
– Ошентип жубайыӊыздын көӊүлүн алып баштадыӊыз?
– Ооба, кесиптешиӊердин көӊүлүнө жагуу оӊойго турган жок. Жаӊыдан кыз-жигит болуп сүйлөшүп баштаганыбызда Гүлжамал «сүйлөбөйсүӊбү?» дей берчү, мага болсо экөөбүздүн чогуу отурганыбыз эле жетиштүү болчу. Ишенсеӊер, кийин атайын ар жолугушууга жок дегенде 4-5 кызыктуу же күлкүлүү окуяларды эстеп, зериктирбей айтып берейин деп даярданып барчумун.
– Жолдошуӊуздун кандай сапаттарына баа берип, турмуш курууга макул болдуӊуз?
Г.: – Мага жаман сапаттары такыр көрүнбөйт (күлүп). Абдан ак көӊүл, бир нерсени туура эмес кылып койсом, акырын айтып түшүндүрөт. Бала кыял, тамашакөй,
зериктирбейт.
– Кыялыӊыздагы кыз үйүӊүзгө бүлө болуп келгенден кийин жашооӊузга өзгөрүү кирдиби?
Т.: – Менде көп эле нерселер өзгөрдү. Апам эки жумушта иштегендиктен бир күн үйдө түнөсө, эки күн жок болот. Ошондуктан көп учурда үйдө жалгыз калчумун. Эртеӊ менен жумушка ачка кетип, кечинде туугандардыкынан тамактанып алар элем. Үй-бүлөлүү болгондон кийин жубайым жумушка ысык тамак берип узатып, кечинде даамдуу тамагы менен тосуп ала турган болду. Бойдок кезде кийимдеримди оӊой эле тапчу элем. Себеби баары чечилген жерде калчу. Гүлжамал келгенден кийин аларды таппай калып жаттым. Анткени алардын баарын жыйнап салат.
– Келин болуу, бөтөн үйгө көнүү кыйын бекен?
Г.: – Үйдүн кенжеси болуп, эрке өскөндүктөн апам ыраматылык «кантер экенсиӊ» деп аябай тынчсызданчу. Бирок көз тийбесин, Кудайга шүгүр, апам (кайненеси) мени кучак жайып «кызым» деп тосуп алды. Ошол нерсе мага дем болдубу, айтор, бат эле көнүп кеттим.
– Чогуу түтүн булатып баштаган соӊ мурунку билинбеген кыял-жоруктар ачылат дешет...
Т.: – Сүйлөшүп жүргөндө мен жай сүйлөсөм да Гүлжамал чыдап укчу. Азыр болсо чыдабайт. Бир сөздү баштап токтоп калсам «мындайбы же тигиндейби?» деп миллион вариантын айтып салат. Кээде бир суроону узатып, кайра өзү жооп берип тынчып отуруп калмайы да бар. Айтор, чыдамы жок сапатын байкадым. Анан да мурун байкабаган окшойм же эми пайда болдубу, таарынганды үйрөнүп алды. (күлүп).
Г.: – Кыз-жигит болуп жүргөнүбүздө Тынчтык өтө «серьёзный» болчу. Чеги менен тамашалашчу. Баш кошкондон кийин мурунку токтоо жигитим мени көп тамашага сала баштады.
– Бойдок кездегидей өзүмчүлдүк жоголдубу?
Т.: – Бир иш кылардан мурун экөөбүз теӊ бири-бирибизге айтып, кеӊешип алабыз. Бирок менде башынан эле айтканымдан кайтпаган өзүмчүл сапат бар.
Г.: – Кээде апам экөөбүз 2-3 саат Тынчтыкка каршы чыгып, айрым ойлорунан кайтууга мажбур кылабыз.
– Жумуштун айынан түшүнбөстүктөр болдубу, мисалы, кызгануу дегендей...
Т.: – Мен кызганчаак болсом керек. Бирок чекти билем.
Г.: – Бизди дал ошол жумуш, тагыраак айтканда, «Супер-Инфо» табыштырган (күлүп). Эгер мен кино тармагынын түйшүгүн билбей туруп ага баш кошсом, анда бир топ кыйынчылыктар болсо керек эле. Кесибине байланыштуу жолдошум командировкага көп чыгат. Кино анын жакшы көргөн жумушу. Ошондуктан кай жакка кетпесин кусалыгымды ичке катып, жолдошумду түшүнүүгө аракет кылам.
– Үй-бүлө очогуӊар дайыма алоолонуп күйүп турсун!

Тынчтык: "Уулубуз апама аябай окшош. Апам "мен Гүлжамалдын курсагын сылап, эркелетип жатып өзүмө окшоштуруп алдым" деп күлүп калат".

Гүлжамал: "Тынчтык аябай тамашакөй. Үйлөнүү тоюбуздун алдында ал мага сүрөткө шаардын таштандылары төгүлгөн жерден түшөбүз, ак кардын үстүндө кинодогудай сонун кадрлар чыгат деген. Таштандыны элестетип алып башка жерге эле баралычы деп суранганым эсимде".

Актёр "Боз салкын", "Ак алтын", "Ханбийке Назик", "Министрдин кызынын махабаты", "Чыӊгызхандын ак булуту" жана башка тасмаларда роль жараткан.

Нуркыз Курманбек кызы
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(16)
04.05.2015. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кармашкан колуңар үзүлбөсүн! Сонун түгөйлөр, бактылуу болгула.
04.05.2015. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мурутун алса жапжаш корунуп калса керек.
04.05.2015. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы деле мурут боюнчаго
04.05.2015. 13:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
муруту жарашпаптыр алып койсо кандай болоор экен
04.05.2015. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Видеосу жокбу?
04.05.2015. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Экөө тең ачык, ичи таза, жардамын берүүгө дайым даяр адамдар. Жаратканым үң-бүлөлүк бакыт берсин, кичине мамлекетинер чоңойо берсин!
04.05.2015. 17:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Уй булоолук бакыт бактылуу болгула.
04.05.2015. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
өзү үйлөнүп жатканда "боз салкын" кинодогу (брачный ноч) эпизод эсине келди бекен ....???
04.05.2015. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolgula
05.05.2015. 15:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иииий, сонун көз ирмемдер... Бактылуу болгула! Үй-бүлөлүк бакыт каалайм! Дайыма бири-бириңерди түшүнгөн, сыйлаган жубайлардан болгулаааа!
05.05.2015. 16:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бакыттын кушу башынардан кетпесин.
06.05.2015. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфо жамааты сиздерде кызмат ото
гон Айзаттан мур унку журналист кыз бар элего чачы сары ошол кыз не корунбойт кабар бериниздерчи
06.05.2015. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
AFRODITA-89, ал кыз деген НТС телеканалыан коруп калам Жазгул деген.
07.05.2015. 06:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула!
07.05.2015. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болгула!
09.05.2015. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантсе да Тынчтык мырза актер эмеспи,созу укмуш кооздоп суйлойт экен)))Уулунарга бактылуу балалык жана силерге очпос суйуу каалайм.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо