№652 1-май-7-май, 2015-ж
Эки жылдын ичинде калыӊ элдин катмарына таанылып, «2014-жылдын супер дебюту» наамын жеӊип алган ырчы Самара Каримованын үйүндө конокто болуп кайттык. Ордолуу Ош берекелүү, меймандос шаар эмеспи. Муну тастыктаган ырчы жолдошу Асан экөө бизди «төргө өткүлө» деп Оштогу үйүндө тосуп алышты.
САМАРА ҮЙҮ ТУУРАЛУУ...
– Жер тилкебиздин жалпы аянты 6 сотых.
– 2013-жылы сатып алганбыз.
– Чыгыш стилинде жасалгаланган.
– Үйүбүз 7 бөлмөдөн турат.
– Бат-баттан аластап турам.
– Жолдошум экөөбүздүн жумушубуз көп болгондуктан кээде үйгө уктоо үчүн эле келебиз.
– Үйгө ашыкча, керексиз буюмдарды сактабай, дароо тааныштарга бергенге шашам.
– Кошуналарым менен жакшы мамиледемин, кирип-чыгып чай ичишип турабыз.
– Келечекте бардык шарты бар хан сарай салууну кыялданам.
Чай маек
– Самара, ушул үйгө келин болуп келдиӊ беле? Силерди белгилүү ырчынын үйүн сатып алган деп уктум эле?
– Мен Асанга турмушка чыкканда жолдошум көп кабаттуу үйдө турчу. Бул үйдү экөөбүз үйлөнгөндөн кийин сатып алдык. Кимден экени сыр болсун, өзүбүзгө жаккан, сыйлаган адамдан алганбыз. Үйгө көчүп киргени көп деле ремонт кылган жокпуз. Анткени мурунку үй ээсинин жакшы жактары жуксун деп ырымдап жатабыз.
– Эл силерди өтө бай, жомоктогудай үйдө жашайт деп ойлошот...
– Тескерисинче, биз эл катары жөнөкөй үйдө жомоктогудай жашайбыз десем болот. Себеби хан сарайда жашап, бирок ынтымагы жок ырылдашып жашаган үй-бүлөлөр бар. Ага караганда ынтымактуу, бактылуубуз, балдардын күлкүсүнө бөлөнүп, ушул үйдө көп ийгиликтерди жаратып жатабыз.
– Жакшы экен, үй кызматчыӊ барбы, анткени 3 бала менен чыгармачылыкка жетишүү оӊой эмес го?
– Үй кызматчым деле жок, ишенген апам, эже-сиӊдилерим бар. Алардан сырткары эшиктин алдын шыпырып жатып, батир издеп жүргөн студент кызга жолугуп калгам. Азыр ал кыз биздикинде жатып окуйт, ырдаганга тарбиялап жатам. Аны менен катар үй иштерине да каралашат.
– Сен жөнүндө айтылган айыӊ кептерди кандай кабыл аласыӊ?
– Көрө албагандар көӊүлдү оорутуп, оозду ачыра турган ушактарды чыгарышат. Жадакалса жолдошумду жаш кыз менен жүрдүрүп, мага ар түрдүү СМСтерди жазышат. Экөөбүздүн турмушубузду бузууну каалагандар көп экен. Бирок Асакем экөөбүздүн сүйүүбүздүн алдында андай сөздөр суу кечпей калат.
Замира Рахманбердиева
Адилет Бектуров
star@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
9
| Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Мен билбей эле жазып алдым анда. Самара кечирим сурайм. Талантына соз жок.