Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ДАРЫГЕРЛЕРДИН ШАЛААКЫЛЫГЫНАН СИӉДИМ КАЗА ТАПТЫ»

№652 1-май-7-май, 2015-ж

Кыргызстанда энелердин өлүмү курч маселелердин бири. Бул көйгөйгө эл аралык саламаттыкты сактоо мекемелери тынчсыздануусун билдирип келет. Cоциалдык маселелер боюнча вице-премьер-министр Дамира Ниязалиеванын айтымында, былтыр 85 аял төрөт учурунда каза тапкан. Бул 2013-жылга караганда 26 пайызга көп. 2013-жылы төрөт учурунда өлкө аймагында 61 аял көз жумган.

«СИӉДИМДИ КЕСАРЕВО ЖОЛУ МЕНЕН ТӨРӨТҮШ КЕРЕК ЭЛЕ...»
Үстүбүздөгү жылдын 10-апрель күнү Ала-Бука райондук төрөтканасында 39 жаштагы Айгүл Асылбекова каза тапкан. Анын өлүмүнө туугандары ак халатчандарды күнөөлөп жатышат. Маркумдун эжеси Шарипа Мамакова окуя тууралуу төмөнкүлөргө токтолду:
-Биз Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Кош-Алмурут айылынан болобуз. 12 бир туугандын улуусумун, Айгүл болсо сегизинчи кыз. Ал Алайга келин болуп, үй-бүлөсү менен Бишкекте жашап жаткан. Кош бойлуу кезинде борбор калаадагы менчик бейтапканалардын биринен текшерүүдөн өтүп, айы-күнү жакындаганда «апамдын жанына барып төрөйүн» деп айылга келгенине 1 айдай болгон. Айылдагы ФАПка каттоого туруп, көрүнүп жүрдү. Ден соолугу жакшынакай эле болчу. 10-апрелде ары-бери басып жатканынан «эмне болду?» деп сурасам, «суу кетип жатат» деди. Толгоосу башталды окшойт деп райондук төрөтканага алып барсак, бизди Эркинай деген дарыгер кабыл алды. Айгүлдү УЗИге тартуу үчүн алып кирип, палаталардын бирине жаткырып коюшуптур. Барсам Эркинай чыгып, «6 синэстрол (толгоо чакыруучу дары) ийнеси менен алып келиӊиз. Аны саат сайын сайып туруш керек. Курсагындагы баласы өлүп калыптыр, табигый жол менен төрөтөбүз» дегенинен айткандарын алып келип бердим. Биринчи ийнени саат 14:00дө сайды да, жардамчыларына «саат сайын сайып тургула» деп кетип калды. Дагы 2 жолу ийне сайышты. Улам барып сурайм, «төрөткөнү алып кеттик» деп башка эч нерсе айтышпай кирип-чыга беришкенинен төрөтүп жатышкан го деп ойлодум. Бир кезде хирургду чакырышты, анан кайра чыгып «Мейман деген гинеколог эже жумуштан кетип калды эле, ошону алып келе каласыздарбы, кесарево кылабыз» дегенинен аны күйөөм барып үйүнөн алып келди.
Ошентип бизди сыртка чыгарышып, эшиктердин бардыгын жаап алышты. Саат 19:00 чамасында Тумара деген дарыгер чыгып, «сиӊдиӊиздин абалы оор, жандандыруу бөлүмүнө алып кирдик» деп кайра кирип кетти. Дагы күттүк. Жандандыруу бөлүмү 3-кабатта эле, ал жакка чыксак эч ким жок. Бир маалда бирөөсү чыгып «сиздерди дарыгер чакырып жатат» деди. Барсак дарыгерлер чогулуп отурушуптур. «Бишкектен келе жатканда бала бир нерсеге урунуп өлүп калган, жол жүрбөш керек эле, вакуум менен сордурдук, жасалма дем алдырдык, кан көп кетип, болбой калды» дешкенде эле менин кан басымым көтөрүлүп отуруп калдым. Анан «кош бойлуу аялды соймоюнча бербейбиз, туугандарыӊарга угузуп, эртеӊ келип алып кеткиле» дешип сиӊдимдин денесин өлүкканага киргизип коюшту. Биз айылга барып 75 жаштагы апабызга суук кабарды араӊ угуздук. Айылдагы аксакалдар «өлгөн кызды союп бир эмес, эки өлтүрмөк беле, алып келгиле» дегенинен туугандар чогулуп барып алып келдик.

«МЫНДАЙ ОКУЯЛАР БУГА ЧЕЙИН ДА КӨП КАТТАЛГАН»
Ал эми маркумдун сиӊдиси Батма Асылбекова буларды айтат:
-Эжем саат 16:30да эле каза болгон экен. Төрөткананын дарыгерлери улуу эжебизге угузушкандын ордуна айылдагы ФАПка чалып, «силерден келген Айгүл Асылбекова каза болуп калды. Муну эмнеге каттоого алдыӊар эле? Силердин айыӊардан ызы-чуу болуп жатат. Айгүлдүн канча бир тууганы бар, кандай турушат, кийин доо кылышпайбы?» деп сурашканын ал жакта иштеген кызматкерлер кийин айтышты. Дарыгерлерди күнөөлөп жатканыбыздын себеби алар бизге ар нерсени айтып жатышат. Бирок айткандарын текшерсек, калп болуп чыгууда. Мисалы, биз барып эжемди эмнеге видеокөзөмөл орнотулган палатага жаткырбаганын сурасак, Тумара «ал палата бош эмес болчу» деди. Видеокөзөмөлдү текшертсек ал учурда бош экен. Эжемди жандандыруу бөлүмүнө жаткыргандары да жалган болуп чыкты. Биздин оюбузча, эжемдин курсагынан баласын кесарево жолу менен алыш керек эле. Алар төрөтөбүз деп синэстрол деген дарыны улам-улам сайышып, эжемдин жүрөгү көтөрө албай калган. Анын үстүнө ал дары төрөтканада колдонулууга тыюу салыныптыр. Булар ага карабай колдонушкан. Дагы айта кетчү нерсе, эжем каза болгондон 2 күндөн кийин ошол эле төрөтканада Ала-Бука районунун Өрүктү айылындагы бир келин да төрөт учурунда каза болуптур. Мындай окуялар буга чейин да көп катталыптыр.

«БИЗДИ СЕБЕПСИЗ КҮНӨӨЛӨП ЖАТЫШАТ»
Биз Ала-Бука райондук төрөтканасынын жетекчиси Тумара Базарбаева менен байланышып, анын да оюн уктук:
-Биздин төрөтканага келип түшкөндө Айгүлдүн курсагындагы бала өлүк экен. Энесинин өмүрүн сактап калуу үчүн 1 саатка чукул колубуздан келишинче аракет жасадык, тилекке каршы, өмүрүн сактай албадык. Келин каза болгондо «экспертизага текшертели» десек, эжелери кайра туугандары менен келип «сойдурбайбыз, дообуз жок» деп кол коюшуп, сөөктү алып кетишкен болчу. Эми минтип бизди күнөөлөп жатышат. Эксгумация кылган соӊ чындык билинет. Келин каканак суусунун кан тамырга өтүп кетишинен каза тапты. Курсактагы бала өлүп калса кесарево жолу менен төрөтүүгө тыюу салынган. Синэстрол деген дары балага зыян деп колдонууга тыюу салынган, бирок ичтеги бала өлүк болгондуктан биз ал дарыны колдонгонбуз. «2 күндөн кийин төрөттөн дагы башка келин каза болду» деген маалымат жалган.
Биз эки тараптын теӊ өз чындыгына кулак төшөдүк. Эми окуяны иликтеп, акыйкат чечим чыгаруу милдети ак халатчандардын анабашыларынын колунда.

Асхат Субанбеков
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(55)
04.05.2015. 16:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чындыгында врачтар жакшы карабайт. Баланын башы корунуп калганда жетип келишет баары.корундук алганда мен тороттум деп чыга келишет. Толгоо маалында ушундай болот торогон деп кайдигер мамиле кылышат.
04.05.2015. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кобунчо практиканттарга дайындап койушат, кенебестиги, толук билимдин жоктугунан мындай нерселер болууда
04.05.2015. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мед.факта окуганыма окунуп кетем, кийинда бизди ушулар кылган ката учун жаман коруп калышат элдер. Беш кол тен эмес, врачтардын да кучтуулору бар!
04.05.2015. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде ак халатчандардын шалакылыгы 1-оорунда турат деп ойлойм азыр торойтурган аялдын жанында партнёр болот тем боли ичинде олуп калса жанында биронор болгула деп эжесини киргизишсе болмок Айгулдун жайы жанаттан болсун ата эне бир туугандарына саабыр берсин Аллахым.
04.05.2015. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу бир эле эмес эки адамдын омуру.
Кыргызстанда тороодон коркосун адам чындыгында кайдигер карашат кагып силкип анан да торот учурунда креслого чыгарбай мен кушеткада жатып торогом бешенеме куйом жанымда болчу андан да 2кундо абалын оор болсо 3кундо торот канадан чыгарып коет озуно жакшы келе электе эле бул окуяда менин оюмча медиктер куноолу болуп калды окшойт тороот учурунда созсуз бир жакын адамын коюшатго бирок корбогондон кийин бир деме деле айтуу кыйын.
05.05.2015. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жанната болсун.Мумкун дарыгерлер жакшы эле карагандыр ажал да.
05.05.2015. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
JOJdordo okup jurgondo oynop aylanip okushbayt andan kiyin da ishterini da tuzuk kila albay ushuntip adamdardin tagdirina balta chabishat.
Buga kim kunoolu albette okuu jaylari!!!
05.05.2015. 14:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чын эле ак халатчандар куноолуу себеби жаш болсон эгер кыйналып жатсан ушундай болот деп шылдындап сени бироо куйоого тий дедиби жапжаш эле дешет
05.05.2015. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Андан дагы анабашылардын колунда деп койгонун кантесин. Карганын козун карга чукумак беле? Аты аталгандардын бардыгына жаза беруу керек, керек десе айылдык Фаптын медиктерине да. Кардарынын ичиндеги бала олуу тируусун билбей эмнеси врач?
06.05.2015. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин синдими апам жанында туруп тороттум дейт, врач медсестра деген нерселер баланын башы чыгып атат десе дагы карабайт дейт, анан эле суйунчу деп врачынан санитаркасына чейин чыгып алышат, озу ушуларга контрол жок ушинтип кутуруп жатышат. Аллахым озу ыйман берсин медиктерге
06.05.2015. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жайы жаннатта болсун.Адамдан адам чыгыш оной эмес.
06.05.2015. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мындай корунуш коп азыр роддомго киргенде эле санитаркага,акушеркага ,детский медсестрага колуна акча карматпасан карабайт экен ,акча берсен жон эле озулору кошулуп туугудай болот мен бул нерсени келиним торогондо кордум ,акчан жок болсо олуп кете бересин болуп калыптыр
06.05.2015. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Myndai nerseler kop bolup jatat Kyrgyzdardy koboitboi ele azaityp jatatgo kiigen halaty ak bolboso ozdoru ak emes, bizdin chondordun kozun mai basyp kalgan eldin kyinalganyn korushpoit.
06.05.2015. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Allahim baaribizdi tuura joldon adashtirbasin.
06.05.2015. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azyrky vrachtardyn bilimi jok akcha para berip jumushka or nosh kind or.
06.05.2015. 14:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандында врачтарынын айлык акысы башка мемлекеттердей 1500$ дан жогору болсо пациенттрениен акча албай иштешет еле айына 5000сом алышат ал неге жетмек еле?
06.05.2015. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дарыгерлер шалаакы. Акчанын кулу болуп калышты. Бут акча менен бутушкон ЖОЖду. Адамдын омуру менен ойнобой, башка эле окууга окушса болмок. Саны бар сапаты жок.
06.05.2015. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аялым торогондо созсуз жанында болом чогу торотом коркуп калдым
06.05.2015. 20:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай окуяларды угуп күйөө тийгин келбейт кететда
06.05.2015. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын,врачтарды куноолоштун кереги жок мумкун чындап эле аракет кылышкандыр
07.05.2015. 06:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Menin ejemdin da balasy charchap kaldy,, ozun bir kudai saktady.
07.05.2015. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын ар бир аялды торот учурунда
07.05.2015. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Россияда чын эле жакшы карашат.бир тыйын акча толобой операция болуп жатып чыктым.орустарга ыраазы болдум аябай.Путинге айрыкча.орустар менен кошуп даже бизди да карап атат
09.05.2015. 08:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо кудайым озу сактасын ушундайдан. редкий случайларда амниотическая жидкость канга отуп кетет экен да ошондо эненин омуруно зыян келет. Бирок кудай сакта деш керек экен.
09.05.2015. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
albina, чогу кирсен дагы эч нерсе кыла албайсын мен дагы ошентип киргем 4 врач торойт ушинтип эле деп урушуп операцияга бербей 3 саат торотуп бала чарчап калды ошондо дагы бешинчиси жакшыраак врач келип торотту баары бир бала ичегилери узулуп чарчап калды
10.05.2015. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurdin-05, сабыр кылыныз.ар нерседен шектенбей озун болгонун жакшыда биз эч нерсе кылаалбайбыз Аллах кааласа алатда.
09.05.2015. 16:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шалаакылыгынан менин энемда даарыгердин колунда жан берген. Врач медсестраларга тамырга укол сай десе тамырын таппадам деп ийнени чыгарып кайра-кайра сайа бергенинен каны суюлуп кетип ошол жеринен кан токтот алышпай энем каза болуп калган. Туура айтат кээ бирки даарыгерлер ушундай шалакы келишет
10.05.2015. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен 1-баламды дал ушул Мейман эже тороткон кучтуу врач бирок аябай корс жаралуу жерге туз себет десем жарашат таптакыр карашпайт тазалык 0 эртен менен 20аялга 1чака маргансовка суу жетсе жетти жетишпегенин кала берет суйунчу корундук аларда кайдан жайдан торот учурунда катышпагандары да кас катар тизилип туруп алышат жакында келиним ушул торотканада тороду баласынын салмагы 4 500кг кесеровасы жок кадимки род менен торотушту бечара келиним 1-торошу кудай бир сактады аял кишилер тушунот
10.05.2015. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
текшерилуу учурунда салмагы ашкан аялдарды атайын даярдоо деген жокко эсе.мамлекет тарабынан козомолго алса жакшы болмок
10.05.2015. 23:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда аялымы Ала букада торотком аябай кыйнашты 10 саат жатты торой албай акыры туну врачты уйуно барып алп келип кесерва м' торогон
11.05.2015. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алабука менен Чаткал районун аялдары Алабуканын врачтарына ыраазы, себеби Кудайдан тилеп аран жетип келебиз, Кудайга шугур аман эсен коз жарып журобуз, обл-ка жетиш алыс, чакыруу кыйын, суйунчуну катар туруп сурагандарга бербей эле коюш керек.адамдарга сабырдуулук, ыймандуулук, чынчылдык каалайм.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо